«Эриген из»

Шириналы Айылчиевдин чыгармалары биздин окурмандарга сексенинчи жылдардан тарта мезгилдик басма сөздөр аркылуу таанылып келе жатат. Ал ошо жылдардагы жаш акындардын республикалык бир нече фестивалдарынын жана семинар-кеңешмелеринин катышуучусу, алардан жакшы бааларды, лауреат деген наамдарды алган.

Шириналы өнүп-өскөн жер – айтылуу Кетмен-Төбө өрөөнү. Бул теңир даарыган жер кыргыз элине жанары жанган көптөгөн таланттарды тартуу­лаганы баарыбызга маалим. Абасы комуз күүсүндөй шыңгырап, чөптөрү да ырдап, суулары шаркырап турган мындай ажайып жаратылыштын койнунда төрөлүп жана торолуп жетилген кыз-уландардын көкүрөк дээри какыраган эрме чөлдө же суугу сөөк какшаткан Сибирь чөлкөмүндө жашаган адамдардыкына, албетте, окшобойт. Адамдын кулк-мүнөзүнүн, аң-сезиминин, баам-туюмунун, жан-жигеринин тарбияланып, түптөлүп-түзүлүшүндө аны курчаган табият негизги ролду ойноору бышык. Мен муну менен Шириналынын акын болушуна ушул өзү өскөн жер кыртышы да демөөр берген дегенди айткым келет. Ошон үчүн ал бир ырында:

“Кой кайрып, кечип барам гүл тулаңын,
Мен дагы келет гүлдөй буркурагым.
Сүйөмүн адамдыкты,
Ак эмгекти,
Сүйөмүн тоонун бийик чокуларын”,

– деп жазат. Анткени, бармактайынан ушул керемет табият койнунда мал багып, чөп чаап, араба айдап, эгин жыйнап, кийик уулап, балык кармап жетилген. Анын бул өмүр таржымалы ушул алгачкы жыйнагына топтолгон чыгармаларынан даана көрүнүп турат. Мындан анын көкүрөгү көңдөй эмес, абдан нык, токсон толгоо ойлорго жык экендигин, билимди да жетишээрлик алгандыгын, кенедейинен турмуштун ысык-суугуна каныгып, чайкамына көп чайканып, кайрагына көп кайралып, чаркынан өтүп,балта-чоту жанында болуп бышыккандыгын көрөбүз. Алдыга койгон ой-тилектери да мол, муну:

“Жерге житип, жерден чыгат көңүлүм,
Көңүлүмдөн бийик учкул ойлорум”

деген саптары далилдейт. Табияттын бейкүнөө наристеси, анын сүйгөн кулуну катары ага этиет жана урмат менен мамиле жасайт. Башка адамдарды да табият энеге ушундай ыйбаа менен мамиле жасоого чакырат:

“Жаратылыш бир жеринен кемисе –
Кемийт менин адам деген
баркым да”,

– деп бардык инсандарга табият алдындагы жоопкерчиликти сезе жүрүүсүнө нускоо берет.

Элибиз рынок заманына өтүп-өтө албай жаткан бул кысталыш учурда өзү эптеп тапкан каражатынан үлөштүрүп чыгарууга бел байлаган бул жыйнагынын атын “Эриген из” деп атаган. Жердеги тирүү организмдерге жашоо берип турган үстүбүздөгү аба мейкиндиги, муну жер атмосферасын же кислороддун үч атомунун кошундусунан турган озоносфера деп да атоого болот. Ушул озоносфера жердеги турмушка түздөн-түз таасир этет. Ал бузулса – тирлик да бузулат.

Шириналынын бул жыйнагында ырлардан сырткары “Мүрөк” жана “Узатуу учурундагы сөз” аттуу эки поэма бар. “Мүрөк” – “Сырдашуу”, “Гүл эненин жомогу” жана “Туюм” аттуу үч бөлүмдөн турат. Муну автор “илимий публицистикалык поэма” деп атаган. Илимий деген себеби – мында өзү туулуп өскөн жердеги, азыркы биздин муундун көбү биле бербеген көптөгөн чөптөрдүн, гүлдөрдүн нагыз кыргызча аталыштары, ар биринин өзгөчөлүктөрү жана дарылык касиеттери көркөм баяндалган. Муну ар бир кыргыз туюп, биле жүрүүсү парз. Дарыялардын, булактардын, тоолордун, жайлоолордун көрк-келбеттеринин сүрөттөлүшү да окурмандарды ыраазы кылбай койбойт. Поэманы окуганда Шириналы чынында да табияттын сүйгөн кулуну экенине ишенебиз. Ал эми “Узатуу учурундагы сөз” – автордун өз атасы Айылчынын кимдигине, эл аны кандай адам катары баалап, аркы дүйнөгө кандайча узатышканына арналган. Поэма кейипкерлердин – Айылчы аксакалдын замандаштарынын маркум жөнүндөгү пикирлери жана автордун өзүнүн сөзү аркылуу жазылгандыгы менен көркөмдүүлүккө жетишкен.

Шириналы өзүнүн чыгармачылык сапатынын алдында уч-кыйырсыз узун жол жатканына ишенет. “Миң чырак” аттуу ырында:

“Күйүп өлбөй көкөлөйүн, учайын,
Миң канаттуу турна болуп сызайын”,

– деп жүрөгүн албыртып, алдына чоң максат-тилектерди койгон. Биз Шириналынын ошол тилектерине ак жол каалайбыз.

Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, “Кыргыз Туусу”, 23.10.2012-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий