Бакыт Жунусалиевдин жаңы ырларынан

ТАҢКЫ ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫМ

Коюу түн тарап, короздор канат какканда,
Ажарын чачып, агарып таң да атканда,
Балбылдап неге жапжалгыз дайым каласың,
Жайнаган жылдыз жарыкка сиңип батканда.

Кызарган күн да кырлардан ары ашканда,
Көгөргөн көктү тумандын түсү басканда,
Күүгүмдү күндө жалгыздап тосуп аласың
Күткөнүң бардай күлмүңдөп чыкчу асманга.

Түнөрсө асман, жаркырап күчтүү жанасың.
Максатың көздөп бийиктеп улам барасың,
Жалгыздап чапкан ат күлүк, бирок, унутпа,
Кош жылдыз гана багынтат бакыт марасын…

«Кош жылдыз» дешет түгөйүн тапкан жандарды.
«Кош» болбой, арман, түгөйсүз калган жан жарды.
Түн менен келип, түбөлүк калып жаныңда,
Түшүнүп сени, түйшүгүң тартчу жан барбы?…

Күлгөнү менен күн сага чачпайт илебин,
Жандайсын айды, туруксуз ал да, билемин,
Жаныма жакын жарыгым, Чолпон жылдызым,
Жаныңды тапчы, жарыңды тапчы – тилегим!!!

ӨТӨ КЕЧ БИЛИППИЗ

Табышмак түйүнүн чече албай
Тагдырга сүйүүдөн жаздыкпы?
Ууз сүйүү кадырын сезе албай
Уурдаттык мезгилге жаштыкты…

Таң булбул үнүн бир угалбай,
Турмуштун тар жолун бастыкпы?…
Айтылган сөздөрдөн чыгалбай,
Алдаттык мезгилге жаштыкты…

Арзууга ширелген сезимдер…
Арнабай тартынып жүрүппүз.
Ал күндөр тез өтүп кетерин
Аттиң ай, өтө кеч билиппиз…

 

ТУУЛГАН ЖЕР

Жазда келсем жазда тосуп аласың,
Жагалданып жашыл көйнөк кийинип.
Жаңы ачылган гүлгө оронуп жан дүйнөм,
Жаш баладай калам мен да сүйүнүп.

Күздө келсем күздө тосуп аласың,
Күлгүн сары көйнөгүңдү кийинип.
Берекелүү кучагыңды жайасың,
Алма багың, өрүк шагың ийилип.

Кайсыл жакка кандай жерге барбайын
Жүрөгүмө жакын бойдон каласың.
Башка жердин бейишине алмашпайм,
Туулган жерим, гүл жыттанган Таласым!

ТАШТАБАЧЫ…

Бактылуу мээрман эне,
Болалбай кыялдагы,
Алдырып кур намыска,
Күнөөсүз наристени,
Таштоодон уялбадың.
Баланын ыйы менен,
Бир келген бул өмүрдө,
Бактыңды туялбадың.

Таштаба, таштабачы,
Каныңдан бүткөн жанды.
Дүйнөгө келбей жатып,
Таштанды атка конгон,
Таалайы тайкы жанбы.
Алаамат түн кылбагын,
Ал үчүн жаңы гана,
Агарып аткан таңды.

Кудайым менин ушул,
Күнөөмдү кечир дейсиң.
Кеч болуп калган кезде,
Кайрадан оңдоп жазып,
Тагдырды көчүрбөйсүң.
Өкүттө калып кийин,
Өзгөлөр кечирсе да,
Өзөгүң куйкаланып,
Өзүңдү кечирбейсиң…

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВГЕ

Талант эле тажабаган жазуудан,
Таштак жерден таскак салып басуудан.
Ордолуу журт бүтүн уксун – деп барып,
Отчет берген ак мөңгүлүү ашуудан.

Ашык болгон туулган жерге, тоолорго,
Ак кар баскан аскасына, зоолорго.
Кыргыз эмес, эриккенде Байдыкем,
Кырга чыгып ыр окуган койлорго.

Өзгө өлкөлөр алга кадам ташташып,
Өссө дагы Ай-жылдызга катташып.
Байдылдадай биринен да чыккан жок,
Жообун алган о дүйнөгө кат жазып.

Ийне менен түпсүз кудук казгандай,
Из калтырды ташка тамга баскандай.
Элдин саны көбөйсүн — деп энелер,
Эми бизге уул төрөйбү башка андай.

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ  БОЛОТ?

«Бар дүйнөсү» байлыкка толуп турса ,
Жан дүйнөсү жабыркап соолуп турса.
Сөздөрүнөн аптаптын илеби уруп,
А жүрөгү муз болуп тоңуп турса.

Тарыхына таш мылтык атып турса,
Таамай сөздөн баштарын катып турса.
Келечегин ойлобой урпактардын,
Ар намысын акчага сатып турса

Ыйман жетпей бирөөгө ыйлап турса,
Ынтымагы элимдин кыйрап турса.
Абийирдүү намыстуу адамды эмес,
Акчалууну урматтап сыйлап турса.
Канткенде адам уулу адам болот?

 

ТАНДОО

Тандоону берип келечек сага кол сунса
Тартынбай баргын, кайдыгер карап калбагын.
Өлкөнүн эми тагдыры сенин колуңда
Өткөндү эсте, өкүнчү жолго барбагын.

Кыйналдым дебе, антүүгө сенин акың жок,
Кыйчалыш кезде кыйшыгын жолдун тандасаң.
Баламдын күнү не болот дебе эртеси,
Акылың барда алкымың тыя албасаң.

Көтөрүп башты кайраттуу кадам таштагын,
Чечкиндүү барсаң чечимиң сенин так болот.
Акча үчүн берген сөзүңдү коркпой буза бер,
Абийир соту алдына жүзүң ак болот.

УЛАК ТАРТЫШ ОЮНУ

Кырчылдашып чаңды көккө сапырып,
Кызып аттар чуркайт кулак жапырып.
Удургушуп, ат артынан ат чуркап,
Улам бир топ коштойт ураан чакырып.

Улак кармап каруулар бек карышып,
Улам күчтөп чуркайт аттар жарышып.
Айыгышкан кармаш жүрүп ортодо,
Намыс үчүн кирип жатты кан ысып.

Үстү-үстүнө улам атты камчылап,
Үзөңгүгө тийип колдор жанчылат.
Аппак көбүк такымынан чачырап,
Ат үстүнөн тер аралаш кан чыгат.

Бетин койбой тебелешип түзөңдү,
Белди нукуйт кагылышкан үзөңгү.
«Андай тартпай мындай тарт» деп кыйкырып,
Акыл айтып жүрөт көбү биз өңдүү.

 

Бакыт Жунусалиевдин дагы ырлары

Соц тармактар:

Добавить комментарий