Даанышман таалими

(Академик Азиз Салиевдин эстелигине)

Жакында кыргыз коому, анын илимий жана маданий чөйрөсү орду толгус оор жоготууга учурады: көпкө созулган сыркоодон соң чоң окумуштуу, көрүнүктүү коомдук ишмер, академик Азиз Абдыкасымович Салиев 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Мени терең өкүнткөн нерсе – бүгүнкү күнүмдүк турмуштун оорчулугунанбы, же улам тамырлап бараткан кайдыгерликтин кесепетиненби, же дагы башка себеп-жагдайлар болдубу, айтор, бул оор жоготууга калың коомчулук, расмий бийликтер, атүгүл А.Салиев өмүр бою аздектеп, астейдил эмгек өтөгөн илим, адабият, көркөм өнөр дүйнөсүнүн өкүлдөрү да анча маани беришпеди. Натыйжада анын сөөгү катардагы бир окуя, демейде боло берчү иш катары Тоңдо – өзү туулган жеринде азгантай адамдын, негизинен, жердештери менен жакындарынын катышуусунда коюлду. А чынында бул адамдын кайталангыс тагдыры, элге, мекенге кылган кызматы, калтырган мурасы башкача мамилеге, урмат-сыйга муктаж эле. Кеп ушул жөнүндө болмокчу.

«Бала начальник»

Менимче, А.Салиевдин өмүр жолунда өзүнчө бөлүп көрсөтчү маанилүү үч жагдай, үч мерчем бар. Биринчиси – анын өтө эрте жетилип, өзгөчө зээндүү болушу. Карап, байкап көрүңүздөр: ал педагогикалык институтка 15 жашында кирген, 17 жашында өз ыктыяры менен Ата Мекенин коргоо үчүн кан майданга аттанган.

Экинчи жагдай А.Салиевдин адабий-коомдук ишмердигине байланышкан: согуштан катуу жарадар болуп кайтып келген соң, ал адегенде институттагы окуусун улантып, тил жана адабият адистигин алат, анан Москвада СССР илимдер Академиясынын философия институтунун аспирантурасында окуп, 1951-жылы кандидаттык илимий даражага ээ болот. 1952-жылдан тартып адабий сынчылык талантын көрсөтүп, көптөгөн курч жана кызыктуу макалаларды жазат, 1953-жылы Кыргызстан жазуучулар союзун жетектейт. Ошондо ал бар болгону 28 жашта эле. Эмне үчүн жана кантип ушундай болуп калган? — деген суроо өзүнөн өзү туулбай койбойт: айтсак-айтпасак, ал учурда кыргыз адабиятынын аталары аталып, Союзга эле эмес, алыскы чет өлкөлөргө тааныла баштаган А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Баялинов, К. Жантөшев, Т. Үмөталиев, К.Маликов бар эмес беле? Эмнеликтен алар эмес, “бала начальник” деген атка конгон А.Салиевдин жазуучуларга жетекчи болуп калышынын эки-үч себеби болсо керек деп ойлойм.

Биринчиси – ошол мезгилдин идеологиясы. Анда СССРде, анын ичинде Кыргызстанда сталиндик-ждановдук саясаттан улам өткөндүн маданий мурасына, атап айтканда, “Манаска”, тарыхка, “буржуазиячыл, феодалчыл” маанайга, “космополитизмге” каршы катуу чабуул жарыя­­ланган эле. Мындай ур-токмокту биздеги Ж.Самаганов, Г.Нуров, П.Балтин деген сынчылар аёосуз колдонгон. Натыйжада “Манасты”, Молдо Кылычты изилдешкен Т.Байжиев, З.Бектенов, Х.Карасаев, Т.Саманчин камалып кетишкен.

Экинчиси – ал убакта биздин аттуу-баштуу акын-жазуучуларыбыздын арасында өз ара ынтымак, чыныгы чыгармачылык кырдаал түзүлгөн эмес: А.Токомбаев менен Т.Сыдыкбеков, Т.Үмөталиев менен К.Маликов ичтен да, сырттан да азуулашып турган чак эле.

Мына ушундай кыйын кырдаалда (бул үчүнчү, чечүүчү жагдай) жазуучуларга калыс, таза, эч бир топко кошулбаган, билимдүү, чечкиндүү жаңы жетекчи керек болчу. Дал ушул талаптарга А.Салиевдин жашы, билими, кесиптик камылгасы (адабиятчы, сынчы, философ), жетекчилик тажрыйбасы (ал буга чейин республикалык партиялык мектепте кафедра башчысы болгон) абдан төп келген, ушундан улам ал жазуучулар Союзун 1959-жылга чейин ийгиликтүү башкарган.

А.Салиевдин 1950-жылдары кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган көп сандаган макалалары, жасаган баяндамалары көркөм табитинин дааналыгы, теориялык деңгээлинин жетиктиги, идеялык-эстетикалык чен-өлчөмдөрүнүн тактыгы аркылуу айырмаланат. Эгерде кыргыз адабий сыны 1920-1940-жылдарда кантсе да үйрөнчүк же ашкере идеологиялык-саясий мүнөздө болуп келсе, 1950-жылдары А.Салиев, К.Асаналиев, Т.Үмөталиев, К.Бобулов, М. Борбугулов, С.Жигитов, К. Артыкбаев, К. Укаев ж.б. аракеттери менен жаңы – профессионалдык сапатка көтөрүлүп “кыймылдагы эстетикага” (В.Белинский) айланат. Бул процесстин көч башында А.Салиев турганын баса белгилегенибиз эп.

«Ырлардагы  турмуш…»

Андан соң А.Салиев өмүрүнүн акырына чейин (53 жыл) бир гана жерде – республиканын Илимдер академиясында ар кандай кызматта (сектор башчы, институттун директору, вице-президент, кеңешчи болуп) иштеди. Бул үчүнчү, сейрек кездешчү жагдай. Дал ушул жерде анын изилдөөчүлүк таланты, даанышмандык (философ) касиети кеңири жана түгөл ачылды. Эгер ал мурда республикалык деңгээлде гана макалалар жазып, баяндама жасап келсе, 1960-жылдардын башында эмгектерин “Литературная газета”, “Литературная Россия”, “Дружба народов” сыяктуу Москвада чыкчу кадыр-барктуу гезит-журналдарга жарыялап, советтик белгилүү акын-жазуучулар, сынчылар, философтор менен чыгармачылык талашка чыкты. Бул жеке эле анын өзүнүн эмес, жалпы кыргыз эстетикалык-сын ой-пикиринин жетилгендигинин күбөсү болду.

Ошол жылдары А.Салиев дагы бир алгылыктуу иш кылды: кыргыз авторлорунун ичинен биринчи болуп асылдык теориясы – эстетика боюнча “Ырлардагы турмуш. Поэзиянын эстетикалык табияты тууралуу пикирлер” деген аталыштагы китеп (орус тилинде) жаратты. Тарых үчүн тастыктап кетиш керек: ага чейин атүгүл советтик эстетика илиминде да мындай эмгек болгон эмес. Себеби поэзия негизинен адабият таануунун гана алкагында каралып, тар мааниде түшүндүрүлүп келген. А Салиев болсо поэзияга кеңири, философиялык-эстетикалык жана социологиялык өңүттөн мамиле жасап, ушул мааниде дүйнөлүк эстетика илиминде Аристотелден тартып Гегелге чейин иштиктүү уланып келаткан салтты тереңдеткен. Ошол себептен анын мазмундуу изилдөөсү борбордук басма сөздүн мактоолоруна арзыган.

Көркөм элестин тереңдеги тек жа­йын ачуу, анын жаралуу жана жашоо мыйзам ченемдерин аныктоо аракети бара-бара А.Салиевдин туруктуу темасына айланып, бирин-бири уланткан, бири-бирин толуктаган эмгектердин өзүнчө тизмегине жол ачты. Алды 1970-жылы жарыяланып, акыркысы 2000-жылы жарык көргөн ал эмгектер төмөнкүлөр: “Ой деген эмне?”, “Ойлоо­­ну сис­тема сыпатында кароо”, “Ис­кусство жана адам психологиясы”, “Акыл-эс дүйнөсү жана көркөм элес”, “Адам дүйнөгө аралашат”, “Акыл-эс жана мезгил”, “Ой жөнүндо окуу”.

Көпчүлүгү орус, айрымдары кыргыз тилдеринде чыккан бул китептерде, аттары эле айтып тургандай, фундаменталдуу мүнөздөгү татаал маселелер каралат жана жетик түшүндүрүлөт. Бул үчүн А.Салиев коом­дук, табигый жана гуманитардык илимдердин жетишкендиктерин ыктуу пайдаланат жана зарылдыгына жараша көрүнүктүү, белгилүү окумуштуулар менен да талашка чыгат. Бөтөнчө анын И.П.Павлов, И.М.Сеченов сыяктуу улуу физиолог, Л.С.Выгатский, А.Н.Леонтьев, Д.И.Узнадзе, С.Л.Рубинштейн, Б.Г.Ананьев, А.Р.Лурия өңдүү дүйнөгө таанымал психологдор менен тең ата талашы сыймыктануу сезимин жаратпай койбойт.

Айрыкча белгилеп кетчү нерсе – А. Салиевдин теориялык мүнөздөгү китептери азыркы илимдин эң жаңы жана келечектүү ыкмасына (системалык — структуралык) таянганында.

Анын сүйүүсү  музыка эле

Албетте, А.Салиев жалаң эле академия­лык илим менен алпурушпастан, коомдук турмуштун ар түркүн жактарына, атап айтканда, көркөм маданияттын көп салалуу абалына кызыгып, өз пикирлерин айтып да, жазып да турган. Анын ар кайсы жылдары жазылган макала-эсселеринен куралган “Акыл-эс дүйнөсү жана көркөм элес”, “Адам дүйнөгө аралашат”, “Ой жөнүндө окуу” деген китептери буга айкын мисал боло алат. Бул китептер теория менен публицистиканын ширөөсүнөн бүткөн десек болот. Айрым учурларда атүгүл лирикалык маанай да жарк эте жана калат. Бул өзгөчө Мекен, касиеттүү Ысык-Көл,”Манас”, С.Каралаев, кыргыз музыкасы, асыресе комуз, ада­бият, кино, сүрөт өнөрү, бий, А.Токомбаев, А.Малдыбаев, Ч.Айтматов, Т.Садыков ж.б. чыгармачылыгы тууралуу бөлүмдөргө, ой толгоолорго мүнөздүү. Ал эми автордун “Ой жөнүндө окуу” деп аталган акыркы фундаменталдуу китебинин коомдогу (мейли социалисттик, мейли капиталисттик болсун) ар кандай жарамсыз, терс көрүнүштөрдү ашкерелеп айыптаган, башка элдердеги алгылыктуу жактарды үлгү катары өздөштүрүүгө чакырган тиркемелер бөлүгү өзүнчө бир керээз катары туюлат.

Философия, психология, социология, эстетика сыяктуу татаал илимдерди терең билип, ал тармактарда өзү да таланттуу эмгектерди жараткан А.Салиев искусствонун бардык түрлөрүн жакшы көргөн жана талдай билген. Бирок анын жандай көргөн сүйүүсү – музыка эле. Ошол себептен ал радио аркылуу элге музыка тууралуу талбай маек курган, музыка таануучу А.Кузнецов менен бирге республиканын мектептеринде музыкалык сабатты көтөрүү, аны эстетикалык тарбиянын маанилүү очогуна айлантуу боюнча көп иш жасаган, ушул максатта өз айылында үлгүлүү мектеп уюштурган.

Кыскасы, А.Салиевдин кыргыз илимине жана искусствосуна кошкон салымы өлчөөсүз зор болгон. Баарынан мурда анын мейли философия, мейли психология, мейли эстетика жана искусство таануу, мейли адабий-көркөм сын болсун, бул тармактарда кыргыз жана орус тилдеринде жазган эмгектери теориялык бийик деңгээли менен баалуу. А мындай деңгээлге ар бир эле илимпоз же адабий-көркөм сынчы көтөрүлө албайт. Ошондуктан А.Салиевдин эмгектери өзүнүн өйдө сапаты, бийик даражасы, көп тармактуу мүнөзү менен кыргыз философия илимине, эстетикалык-көркөм ой-пикирине аби­йир алып келет, окурмандарда болсо илимдин жана искусствонун татаал кубулуштарын туура кабылдоо жана түшүнүү маданиятын көтөрүүгө көмөк берет. Ушул мааниде А.Салиев кыргыз илиминде жана маданиятында кайталангыс, уникалдуу адам эле.

Сөөгүмдү Ысык-Көлдү каратып койгула

Анын өмүрүнөн өрнөк алчу дагы бир олуттуу жагдай бар: А.Салиев нукура интеллигент-илимпоз, накта даанышман катары улуу Сократтын жолун жолдоп, жалган атак-даңкка, кур намыска, ыксыз аш-тойлорго, бекер белек-бечкекке кызыккан эмес, бар күчүн, болгон жөндөмүн пайдалуу ишке, чыгармачылыкка, чындыкты издөөгө арнаган. Ушул себептен ал өз сөөгүн азыр ар ким эле акча төлөп койдуруп жаткан Ала-Арча көрүстөнүнө эмес, киндик каны тамган жерге, касиеттүү Ысык-Көлгө каратып койгула деп керээз калтырган. Балдары, жакындары, жердештери анын керээзин аткарышты. Ал жерге барган азгантай адамдардын арасында мен да урматым болсун деп узатуу зыйнатына катышып, мүрзөсүнө топурак салып кайттым.

Албетте, А.Салиевдин өмүр жолун, жасаган иштерин, жазган эмгектерин өңчөй эле кызыл боёк менен боёп, телегейи тегиз сыпатында кароого болбойт. Ар бир эле улуу-кичүү адам, чыныгы чыгармачыл инсан катары ал кишиде деле адашып-жазуулар, өйдө-төмөн окуялар болсо керек. Мен аны менен такай аралашып, жакындан жетелешип жүрбөгөн соң, бул темада атайын сөз кыла албайм. Ал эми эмгектери менен тааныш адам катары мына бул нерсени ачык айта алам: А.Салиев да өз заманынын-социализмдин туундусу, перзенти болгондуктан, жаштайынан кан-жанына сиңген марксчыл-ленинчил идео­­логиядан, материалисттик көз караштан сыртка чыга алган эмес. Анан калса өз доо­­рунда бекем тартылган темир тордун айынан Чыгыш менен Батыштын башкача, идеалисттик деп айыпталып келген илими менен терең тааныша албаган. Ошол себептүү анын эмгектеринде азыр кызуу талкууланып жаткан Кытай, Индия философиясынын, Фрейд, Юнг, Адлер, Хорни, Фромм сыяктуу классик-психологдордун башкача өңүттө айтылган жоболоруна кайрылуу, алар менен талашып-тартышуу жетишпейт. Бул эми анын эле эмес, жалпы совет илиминин шору эмес беле.

«Ой түбүнө жеткен барбы?»

Ошентип, сөзүмдү жыйынтыктайын: деги А.Салиев ким эле? Сөз жок, ал даанышман, болгондо да азыркы кыргыздардын арасынан чыккан алгачкы даанышман эле. Арийне, СССРдин убагында би­йик даражалуу, расмий атак-даңктуу философтор көп эле, бирок алардын арасынан нак­та даа­нышман аталгандары бийик наамдары жок А.Лосев, Ф.Асмус, Э.Ильенков, А.Зиновьев, М.Мамардашивили болчу. Ал сыңары бизде да даражалуу философтор аз эмес, бирок алар А.Салиевдин деңгээлине жете алдыбы? Менимче, А.Салиевдин кан кечип келген өмүрү да, көздөн майып болгон тагдыры да, эмгектеринин сапаты да алардыкынан башка, нак­та даанышмандарча. Ушул жагынан ал кайсы бир даражада мен жогоруда санаган советтик даанышмандарга, эмгектери социализм убагында бизге жетпей келген Батыш ойчулдары Х.О.Гассет, К.Ясперс, М.Хайдеггер ж.б. окшош. Айталы, Батыштын акыркы улуу даанышманы аталган, соңку кырк жылын жалгыздыкта өткөрүп, акыркы китебин “Ойлонуу деген эмне?” деп атаган (А.Салиевдин китептеринин аталыштарын эстеңиз) М. Хайдеггер да 87 жашында дүйнө менен коштошкон.

А.Салиевдин “Ой деген эмне?” деген айтылуу китеби кыргыздын: “Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы?” деген белгилүү сөздөрү менен ачылат. Аны мындайча чечмелесек да болчудай: “Ой учугун тапкан барбы, ой түбүнө жеткен барбы?”

Ооба, ойлоо, изденүү, иштөө бүтпөйт. А.Салиевдин өрнөктүү өмүрү, эмгектери, калтырган изи ушуну күбөлөйт. Биз муну даанышмандын таалими деп түшүнсөк туура болчудай.

Абдыганы Эркебаев, КР УИА академиги,
«Кыргыз Туусу», 30.10.2012

Соц тармактар:

Добавить комментарий