ХХI кылымдын тирүү Гомери

Мендеги маалыматтар боюнча “Манас” эпосунун баалуулугун билишкен чек аранын аркы тарабындагы Жүнгө (Кытай) өлкөсүнүн компартиясынын үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн тапшыруусу менен 1959-1964-жылдары “Манас” жыйноо боюнча атайын адабиятчылардан турган топтор Жүнгөдөгү кыргыз райондорун кээде ат менен, кээде жөө-жалаңдап дегендей, баш-аягы эки жолу эл ооздорунан чогултушкан. Албетте, эки жолкусунда тең алар баарысынан көп билген Жусуп Мамайдын оозунан жазып алышкан. 1964-жылдагы Жүнгөдөгү маданий революция улуу эпосубузду айланып өткөн эмес. “Манас” эпосу “уулуу чөп” деп хунбейвиндер аташкан адабияттардын катарына кирип, манасчы Жусуп Мамай күнөөлөнүп, эл душманы катары оор эмгекке чегилип, мамлекеттеги айыпталган адамдар үчүн кийгизилүүчү темир калпакты бир нече жыл кийип жүрүүгө туура келген.

Адам чыдабаган оор эмгектин аркасында, тагыраак айтканда, кыштын суук күндөрүндө жылкы бактырып, жайында талаачылык жумуштарына салган. Натыйжада беш-алты жыл эки буту баспай калып, кийин эптеп өзүнүн аракети менен айыккан. Азыркы учурга чейин бул залкар манасчы эки бутунун азабын тартып келет.

Деги эле Кытай Эл Республикасында жашап жатышкан бир ууч боордошторубуздун тилин, дилин жоготтурбай, өз эне тилинде окуу үчүн мектептерди ачууга, гезит, журналдарын, өз адабияттарын чыгарууга, радио теле көрсөтүүсүн уюштурууга, ал гана эмес “Манас” эпосун жыйноодо жана аны басып чыгарууда атайын каражат бөлүп берип келген Жүнгө өкмөтүнүн эмгегин да айтпай кетүүгө болбойт. “Силердин “Манасыңарда” биз жөнүндө бир ооз жакшы сөзүңөр жок экен”, – деп бул тарапта жашап жаткан кыргыздардан улуу эпосубузду чогултууга, басууга уруксат берилбесе, ошол бойдон, аны билгендердин көздөрү өтүүсү менен жок болуп кетет эле. Тагыраак айтканда, Жусуп Мамай аксакалдын ичинде калмак. Он сегиз томдук китеп кылып, бир гана Кызыл Суудагы кыргыздарга эмес, аны ханзу тилине которуп, башка дүйнө элдеринин тилине которулуусуна шарт жагдай түзүлүп жаткандыгына да ыраазы болбой койбойсуң. Айтмакчы, Кытайда кыргыздар сыяктуу элүүдөн ашык этностук улуттар жашашат. Алардын арасынан аз сандагылары кыргыздар. Бирок ошондой болсо да башка улуттарга салыштырмалуу кыргыздар үчүн жогоруда сөз арасында белгилеп кеткендей, өз эне тилин жоготпоосуна кеңири шарттар түзүлүп берилген. Мындай мүмкүнчүлүктөр мындагы кээ бир башка улуттар арасында жок экендигин угуп, билип жүрөбүз.

Кытай кыргыздарынын арасынан чыккан залкар манасчы Жусуп Мамай аксакал  быйыл 95 жаштын чайын ичип жатат. Аксакал өзү туулуп өскөн Ак-Чий ооданынын борборунда жашап жатыптыр. 95 жаштагы манасчынын эс акылынын тунуктугу, албетте, бизди таң калтырбай койгон жок. Мүмкүн Манастын касиети болсо керек. Кыргызстандан  барган ондон ашык адамдын кызыктырган суроолоруна жооп берүү менен акырында коштошуп жатып, эли-журтубузда биринчи иретте ынтымак-ырашкерлик болуусун тилек кылып, батасын берди.

Бир нече жылдан бери Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда Манас фес­тивалын өткөрүп турууну Жүнгө мамлекети салтка айландырып келет. Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат районунда 4-ирет эл аралык “Манас” фестивалы өткөрүлүп, ага республикабыздын дээр­лик облустарынын өкүлдөрү өткөрүлгөн фес­тивалды өз көздөрү менен көрүп келишти. 10 миң адам катышкан театрлаштырылып өткөрүлгөн фестиваль, ага карата даярдалган иш-чаралар коңшу өлкө кыргыздын бул улуу эпосуна кандай мамиле жасап жаткандыгын да илгиртпей түшүндүрөт. 10 миң киши манас айтуучулардын  кайырмаларына кошулуп, Манас! Манас! деп ураан чакырышканда толкунданып көздөн жаш тегеренгенин да сөз арасында белгилей кетүүнү туура көрдүм.

– Эң эле өкүнүчтүүсү, Жусуп Мамай аксакалыбыздын бир чети жашы өйдөлөп, экинчи жагынан жолдун алыстыгы болуп калды. Болбогондо мындан мурдагы ушул сыяктуу фестивалдардын бет ачарын өзү ачып берип келген, – деди бул күнү мага Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун мамлекеттик жооптуу кызматкери, учурда Жусуп Мамай манасчынын эмгектерин ханзу тилине которуп жаткан Жумак Кадыр уулу. Ооба, айрыкча биз тарапта Жусуп Мамайды жазма манасчы катары карап келишет. Же болбосо агасы Балбайдын жазгандарын кайра жазып чыкты деген да туура эмес түшүнүктөрдүн бар экендигин кээ бир кезде уга калып жүргөндөрүм  бар.

Алдын-ала эле айта кетейин, Жусуп Мамай жазма манасчы эмес, ал убагында күндөп-түндөп күпүлдөтө Манас айтып, Жүнгөдө жашаган кыргыздардын арасында чоң манасчылардын бири катары таанылган. Атасы Мамайдын 40 жашка чейин Манас айтпа деген насаат кебине карабастан ичине улуу эпос батпай жүрөт. 1940-жылдары Совет-Жүнгө-Бедел соода таш жол курулушунда катчы болуп иштеп жүргөндө жол курулушунун жетекчилери иштеп жаткандардын арасынан Манас айткан кайсы бир-экөөсүн күндө жомок айттырып, эрмек кылышат. Бирок, алар көп билбегендиктен, айрым күндөрү кайра-кайра кайталай бергенде, ансыз да уктап жатса да түшүндө Манас айтып жүргөн 22-23 жаштардагы Жусуп бир күнү баягылар токтогон жерден андан ары улап күпүлдөтүп таңды таң аткыча Манас   айткан.

… Мен эс тарткан сайын атам менен энем агам Балбай чогулткан китептерди түндүн бир далайына чейин окутуп угушар эле, – деп эскерет Жусуп Мамай аксакал. Кээде китеп окуп жатып уктап калган күндөрүм да болучу. Мен он бирге караган жылы атам Меккеге кетти. Ал кайра жетинин айында (июлда) келди. Кээ күнү атам менен энеме күндүз да китеп окуп берер элем. Бир күнү китеп окуп жатып дагы уктап кетсем керек. Чочуп ойгонуп туруп, чуркап кетиптирмин. Көзүмдү ачып карасам атам энеме айтып жатыптыр «Көрдүң ээ кемпир көрдүң ээ… – Эшикти карачы, бирөө жарым жүргөндүр козу-корпо деле алыс кетпей короодо калгандыр. Кетип калса, бирөөңөр жибер түлөөгө бирди алып келсинчи» – деп   калды.

Энем эшикке чыгып, коңшу-колоңдордун бирөөнү чакырып малга жиберди окшойт. Атам ажыдан келгенине бир айдан ашып калган. Ажыга учурашабыз деп келген тааныштарга арналып бирден мал жок дегенде күн сайын союлуп жаткан. Биз менен кошуна турган Мамаке деген тууганыбыз бар эле, түштөн кийин козуга чаптырганын көрүп үйгө келип калды. Атама: “Ээ Мамай аке, келген киши-кара деле көрүнбөйт. Бүгүн эмне болуп кетти, чаламандын чак түшүндө дагы мал союп, Ажыга кетерге, жолго деп туугандарың, тааныгандарың алып келишкен малды уулуң Балбай өзүң кетээриң менен «Өзүбүздүкү өзүбүзгө жетишет», – деп, кайра ээлерине бүт бойдон таратып берип салды. Күндө бирден  союп жатып, малыңдын аягына жетип алба, – деп бакылдады эле, анда атам ага “Короодогу малым өзүмдүн таман акы, маңдай теримден чогулткан малым. Кудайга шүгүр малды керек кылалы деп багабыз. Болгон ишти кийин айтаармын”, деп  койду.

Анан алынып келинген козуга бата кылынып, бүт бойдон казанга салынды. Эт бышканга чейин атам мага эч нерсе деп айткан эмес эле. Эт бышып, кошуналардын баарысы келишип тамак жеп кеткенден кийин, атам мени жанына чакырып алды. “Балам жана түш көрдүң. Түш көргөндө да башкача түш көрдүң окшойт. Манас, Манас! – деп туруп чуркап кеттиң. “Түштүн мойну кылдай башы казангаптай болот. Түштү кандай көрсөң, ошондой кылып айтып бер. Түштү бузуп айтсаң болбойт” деп калды. Азыр да ошол түшүм көз алдымда турат, – деди Жусуп Мамай аксакал.

Ооба, компьютерден кем калбаган эс тутуму, адабий чыгармачылык таланты бар манасчы Жусуп Мамай жеке эле улуу эпосубуз “Манасты” эмес, ондогон элдик оозеки чыгармалардын сакталып калышына, алар жалпы эле кыргыз элинин баа жеткис маданий казынасына айлануусуна эбегейсиз салым кошконун да сөз арасында белгилеп кеткенибиз оң болоор.

Аксакал “Манас” эпосунан сырткары да жалпы эле элибизге белгилүү болгон “Курманбек”, “Эр Төштүк”, “Жаңыл Мырза”, “Кыз Сайкал” сыяктуу чакан эпос­тордун башка варианттарын басмага сунуштап, бастырып чыгарууга жетишкен. Бир сөз менен айтканда, Жусуп Мамай аксакалдын эмгегин карап отуруп, кандай гана зор иштерди аткаргандыгына таң бербей койбойсуң. Анын бул эмгегине менимче, кыргызстандагылар дагы да болсо тиешелүү деңгээлде баа бере албай келе жаткандайбыз.

Сөзүмдүн башында белгилеп кеткендей, бир жарым миллиард калкы бар бүтүндөй Жүнгө мамлекети ХХI кылымдын тирүү Гомери деп атаган залкар манасчы Жусуп Мамай аксакал быйыл 95ке чыкты. Мындай жашка чанда бир эле киши чыкпаса, баары эле чыга бербейт. Демек, баштап алган сөзүмдү андан ары жалгай турган болсом, биз Кыргызстандын эли бул кишинин алдында дагы эле болсо карыздарбыз деп ойлойм. Андыктан мени колдой тургандар табылса залкар манасчынын көзү тирүүсүндө жок дегенде «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген жогорку наамды ыйгарып коюшса деген илгери тилек билдирип кетет элем.

Барктабас БЕЛЕКОВ, журналист, Нарын облусу, “Кыргыз Туусу”, 30.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий