Кыргыз сарттары, аркалыгы, калмагы…

Сарттар

Сарттар – оң канаттагы ири уруулардын бири. Адигине уруулук тобуна кирет. Бул энчилүү ат менен кыргыздын төбөй уруусундагы чакан урук белгилүү. Этнонимдердин параллелдери бүгүнкү алтайлыктардан (алтай-кижи, теленгиттер) «сарт», тувалардын курамынан «сат» формаларында кездешет.

Этникалык аталыш Кытайдын Тан династиясынын жыл баяндарында (VII-IX к.к.) Ша-то формасында батыш түрк урууларынын бири болгон чигилдердин (кытайча чу-юе) Ин-Со-Юлдуз дарыяларына туташ байырлаган бутагы катары баяндалат.

Сарт – байыркы санскрит тилинде «Sartga» — «соодагер» дегенди түшүндүрөт. Махмуд Кашгаринин «Сөздүгүндө» бул терминге жогорудагыдай эле мааниде аныктама берет. Мындан сырткары, кыргыздар Чыгыш Түркстан, Орто Азиянын өрөөндүү аймактарында отурукташып жер иштетишкен, соодагерлик кылган түрк, иран тилдүү калкын жалпысынан «сарт» деп аташканы маалым. Болжолу, байыртадан көчмөндөр тарабынан отурукташкан иран-түрк тилдүү элдер жалпысынан ушул термин менен аталып келет.

Арийне, бул этникалык аталышка башка маанидеги да аныктама берүүгө болот. «Сарт» бүгүнкү саха-якуттардын тилинде «ылаачын, шумкар» дегенди аныктайт. Этнонимдин уңгусу «сар» (-т монгол тилдүү элдерде көптүк маанини аныктоочу сөз жасоочу мүчө) кыргыз, калмак, чагатай тилдеринде «айры куйрук», монголчо «кулаалы», алтай, туваларда «сары», татарча «сарыша» шумкарды туюнтат. Демек, этноним (сар+т) өзүнүн байыркы маанисин сактап калып, «шумкарлар, ылаачындаро уруусу» дегенди түшүндүрөт. Байыркы Чыгыш тарыхый булактары кыргыздардын жырткыч куштарга (мисалы, бүркүт, ылаачын) тотем катары сыйынышкандыктарын баяндашат. Буга Гардизинин, Рашид ад-Диндин берген маалыматтары далил боло алары шексиз. Этникалык аталыштын алтайлыктарда, туваларда сакталып келерин эске алганда, сарттар уруусун кыргыздардын курамындагы эң байыркы этнокомпонент катары кароого негиз бар. Хакас профессору В.Я.Бутанаев соңку мезгилде жарыялаган фундаменталдуу сөздүгүндө бүгүнкү хакас-сагайлардагы «сартха» терминине «атканда үн чыгаруучу жаанын жебеси» маанисинде аныктама берет.

Аркалык

Аркалык – мунгуш уруусунун курамындагы урук. Аркалык – бүгүнкү кыргыз тилинде «сырт», «түндүк» маанисин билдирет. Тувалыктардын тилинде «аргалык» — «токойлуу жер», «тоо» маанисин туюнтат. Ушул эле элдин тилинде адамдарга карата «айлакер», «акылдуу» дегенди да түшүндүрөт.

Калмак

Калмак – саяк, тейит, багыш, чекир урууларынын курамдарындагы уруктар. Этнонимдер кыргыздардын курамына калмактардын таасири менен келип кирүүсү мүмкүн. Бул мезгилди XVII-XVIII к.к. Чектери деп атоого болот. «Калмак» этникалык аталыш катары монгол тилдеринин бир деалектисинде сүйлөшкөн ойрот урууларынын биригүүсүнүн натыйжасында калыптанган. Мындан сырткары, бул энчилүү ат менен жер-суу аттары белгилүү. Мисалы, Калмак-Кырчын, Калмак-Ашуу ж.б. Белгилүү илимпоз С.М.Абрамзондун изилдөөлөрү боюнча этноним параллелдери «калмакы» формасында жору, сары багыш, суу мурун урууларынын курамында чагылдырылат.

Калмак – кыргыздар

Калмак – кыргыздар – Кытай Эл Республикасынын Шинжаң автономиялуу областындагы Эмел-Гол Монгол автономиялуу округунда жашашат. Саны 1000 адамдан ашуун. (XXк. 60-70-жж. Маалыматтар боюнча) калмак-кыргыздардын курамын сары багыш, мундуз, баарын, ханзу (кытай), тува, казактар түзөрү аныкталган. Турмуш-тиричилиги, каада-салты моңголдордукуна окшош. Буддизмдин бир тарамы болгон лама динин тутунушат. Лексикасынын басымдуу бөлүгү С.М.Абрамзондун белгилөөсүндө казак, айрым элементтери кыргыз тилинин каражаттарынан куралган. Өздөрү ата-бабаларынын бул аймакка мындан 300 жыл мурда келгендигин белгилешет. Бул этнографиялык топ XVII-XVIII к.к. калмактар (ойроттор) тарабынан сүрүлгөн түрдүү этникалык топтордун аралашуусунан улам келип чыккан.

Олжобай Каратаев, Кыргыз этнонимдер сөздүгү,
«24.kg» MA, 01.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий