Кыргыздын жылдыз уулу

Актыгы жанган инсан, улуттун сыймыгы, агартуучу окумуштуу, мамлекеттик ишмер, кыргыз алфавитин түзүп, “Кыргыз Алиппесинин ээси”  аттуу китебин жазган И.Арабаев “Эркин Тоо” газетасынын редактору болгон. Анын “Алип бээ жаки төтө окуу” – “Букварь или обучение скоростному чтению” деген кыргыз тилинин саамалык жазмасы (азбука) Уфадагы “Шарк” басмасынан 1911-жылы 53 бет көлөмүндө жарык көргөн. 1912-ж. жазган “Жазуу өрнөктөрү” (“Основы и правописания”) деген китепчеси Оренбург шаарындагы Пахит басмасынан жарык көргөн.

Ал бала кезинен эле чыйрак болуп, башталгыч билимди өз айылынан алган. 17 жашында мектеп ачып, бала окуткан. Өзүнүн ишине канааттанбай, жашынын өтүп баратканына карабай алыскы шаарларга барып окууну чечкен. И.Арабаев кыргыз элинин оозеки чыгармаларын алгачкы жыйноочулардын биринен болуп саналат. Ал “Манас” эпосун эл оозунан жыйноодо биринчи демилгечилерден болуп Сагымбай уулунан жазып алууну уюштурган.

Илгери кыргыз эли көчмөн калк болгондон кийин ар кайсы жерге көчүп жүрүшчү экен. Ошондо чоң атам өзүнүн туугандарын, элин-жерин чогултуп, Ысык-Атада Четинди деген айылды уюштуруптур.

Уюштуруу абдан кыйынчылыкты алып келиптир. Ошонун баарына туруштук берип, өз максатына жетиптир. Көптөгөн мектеп ачып, элинин сабатын жоюуга, маданий-агартуу иштерин өркүндөтүүгө Кытайда калган качкындарга жардам уюштуруп, ата-мекенине алып келүүгө салым кошкон экен.

Март айында улуттук китепканада чоң атамдын 130 жылдыгына карата конференция болуп өттү. Ошол жерден Миргүл Эсенгулованын баяндамасын угуп ушунчалык суктанып, сыймыктанып отурдум. Ишеналы Арабаевдин урпактарынан болгонума сыймыктанам.

Майрамкан АРАБАЕВА, небереси, «Эркин-Тоо», 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий