Салижан Жигитовдун сабактары

(Башы)

— Демек, коркунуч сырттан келбейт экен, өзүбүздүн ичибизде экен да.
— Албетте. Ыраматылык совет өкмөтү элибиздин үчтөн бирин интеллигент кылып салды: бирок билимди чала берди, өз алдынча чачыратып ойлонгонго көндүргөн жок. Ошон үчүн биздин интеллигенция айылдык аң-сезимдин рамкасынан чыгалбай жатат. Оруска каршы ой айткандан, орус тилин сөккөндөн башка эчтемеси жоктор көп. Дүйнөнүн бардыгынан коркконго, сак болгонго ошолор үндөп жатат. КСЕНОФОБИЯ деп коёт орусча. Бүт эле баарынан корко берет: орус болсо орустан, кытай болсо кытайдан… Тескерисинче, биз еврейлерге окшоп эч нерседен коркпой, аракет кылып, арак ичкенди таштап окуп, аз эл экенибизди эске тутуп, бизге арак ичкенди, ашыкча ойноп-күлгөндү, үстөккө-босток той өткөргөндү ким койду деп иштесек, көп тил үйрөнсөк аздыр-көптүр оңобуз. Болбосо бир орус тилин чала билгенибиз көп көрүнүп жатпайбы. Тил билбегени жагынан биздин интеллигенция дүйнөдө биринчи орунда болуш керек. Түркиянын окумуштууларына жолуксам, үч-төрт тил билбегени жок экен. Ошону да аз деп, орусча үйрөнүп жатышат. Азыр ар бир гезит эле улуттук стратегия, улуттук идея, баланча-түкүнчө деп удургууда. Улуттук стратегия деген ушу: Орто Азиянын еврейи болушубуз керек, тың болушубуз керек, мисалы, ар бирибиз беш өзбек, төрт казактын ордуна иштешибиз керек. «Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет” дегендей биз аларга теңелсек, кызылдай мээнетибиз менен теңелебиз. Биздин элдин акыбалы, ооматы бир топ эле, ошол мээнетке келгенде аксай түшүп атпайбызбы. Америкадан жана Жапониядан үйрөнүп эмне кылабыз, биз арабызда турган дуңгандан эле үйрөнүшүбүз керек. Мына, дунгандардан Акаевди сөккөн, же совет өкмөтүн сөккөн, же турмушуна нааразы болгон, же өкмөттөн жалдырап тыйын сураган бирөөнү көрдүңөрбү?! Аларга социализм да баары бир, капитализм да баары бир, иштеп атат , орусуңду да, кыргызыңды да, кытайыңды да сөкпөй эле жанын багып атат. Килейген 2,5 миллион кыргыз: «тилибиз өчүп калды, маданиятыбыз өспөй калды” деп ыйлайт, ал эми 30 миң дунган кыргыз менен орустун ортосунда жүз жылдан бери туруп, тилин да, дилин да жоготпой, салтын да жоготпой, анан эң негизгиси, ыйлабай атпайбы. А биз болсо, Президентти сөгөбүз ушуга апкелди деп, өкмөткө өлүмтүк артабыз, «акча бер эле акча бер» деп. Анан ыйлайбыз: турмуш жаман деп. Дунган ыйлабайт. Мээнеткечтикти ушу дунгандан үйрөнүп, акыл-эстүүлүктү, куулукту еврейлерден үйрөнсөк, өркөнүбүз жакшы эле өсмөк…

Анан ийкемдүү болушубуз керек, башка улуттарды, өзгөчө аз сандагы улуттарды сыйлоо, алардын укугун урматтоо диндин деле, социализм менен капитализмдин деле, демократиянын деле негизги принциби да. А биз өзүбүзчө эле коржоюп, аралаш жашаган башка улуттарды бөлүп, өзүбүз да бөлүнүп атпайбызбы. Мына, Түкөмдүн, Түгөлбай Сыдыкбековдун 80 жылдыгы өттү, жазуучуну түрккө таандык эле, түрккө таандык деп, Казакстандан, Өзбекстандан койбой чакырдык, а арабызда чогуу жашап, ачуу-таттууну бирге таткан улуттарды унутуп койдук. Айрым уйгур, месхет-түрк, дуңган жолдоштор, мисалы, мага таарыныч айтышты: «капырай, ушу бизге деле айтып койбойсуңарбы!» Славян, уйгур, дуңган ж.б. маданий борборлору бар эмеспи. Орусту го орус дейли, ушу Түкөм орус тилинин убайын көргөн жок деп коёлу. Берки өзүбүздүн диндеш, дилдеш уйгур, өзбек, дуңганчы?..

Ушул сыяктуу мисал чачтан көп. Ошон үчүн республикада улут аралык тирешүү чыкканына “жаңы” демократтар, анан депутаттар чоң үлүш кошту деп айтар элем. ЭТНОКРАТИЯ деп какшап жатканым ошондон.

Ушуну менен экинчи маек бүттү. Түн кирип калыптыр. Үйгө келдим. Диктофонду уктум. Орус элинин чоң патриотторунун бири — улуу философ Николай Бердяевди барактадым. А киши жазып жатат: «ИСТИНА НЕ МОЖЕТ БЫТЬ НАЦИОНАЛЬНОЙ, ИСТИНА ВСЕГДА УНИВЕРСАЛЬНА…».

“Кыргыз маданияты” 8-апрель, 1993-ж.

 

ҮЧҮНЧҮ КҮН: БИР ЖАРЫКТАН ЧЫГАБЫЗ, БИРОК КАНТИП?

12-апрель. Жогорку Совет сессиясы башталды. Ак үй алдында адаттагыдай эле пикетчилер. Жаштары бар. Кыздары бар. Мойнуна “Баланчаев – консерватор! Кызматтан түшүргүлө!” деген плакат илип карыя  олтурат. Консерватизм жаштардын эле эмес, карылардын да көкөйүнө тийиптир. Туура. Клемансо айткан экен: 20 жашында социалист болбогондордун жүрөгү жүрөк эмес эле кесим эт, ал эми 40 жашында социалист болуп жүргөндөрдүн мээсинде бир мандем бар деш керек” деп. Кыздар турат кыргыз тил “душмандарынын” тизмесин  көтөрүп. Алар: “Т.Усубалиев, А.Муралиев, С.Жигитов…

А кишини редакцияга чакырганбыз. Колу бош экен, келди. Пикетчилерди көрүптүр, сүйлөшүптүр.  Сөзүбүз башкадан башталыш керек эле, коллективдүү (о, эсил кайран коллективизм!) Даярданып отурганбыз. Бирок сөз башка жакка ооп кетти. Ошентип…

-Эми мындай. Азыр демократиянын заманы болуп калбадыбы, ар ким өз билгенин айтат…

-Кечиресиз, сөзүңүздү бөлгөнүбүз үчүн. Мисалы, Россияда демократтар бар, улутчул-патриоттор бар. Биздин байкашыбызча,  ал экөөнүн кайнап каны кошулбай келет. Ак үй алдына кыргыз тил “душмандарын” “кармап” келгендерди демократ дейбизби же сиз айткандай этнократ дейбизби?

-Өткөн маекте айтпадыкпы, бизде демократия менен этнократиянын термин боюнча гана айырмасы бар деп. Болбосо экөөнүн маани-маңызы бир эле: ким биздин сөздү сүйлөбөсө, ошол душман! Большевиктердин ушунусу кыргызга аябай жагып, аябай жуккан экен. Дени сактык жукпайт, дарт жугат эмеспи. Ошон үчүн  мени кыргыз элинин, кыргыз тилинин душманы деп айтып, гезитке жазып, а тургай телевидениеден да жар салып жүрүшөт. Ошентип мен, жамандыр-жакшыдыр Кыргыз Совет энциклопедиясын чыгарышкан, андан да мактанып  айтсам, чыгарган, кыргыз маданиятынын, адабиятынын тарыхын изилдеп, кыргызча китептер жазган, айтор, кыргыз тилинин аркасы менен оокат кылып жүргөн – мен, кыргыз тилине каршымын да, кыргызча эки сөздүн башын курап жаза албагандар, жазса да тилдин кунарын кетирип, тантык кылып салгандар күйөрман.

Же мына бул Турдакун Усубалиевичти алалы. Ооба, ал мурда Москвага жагынып келген экен деп коёлу.

(Уландысы бар)

Алым Токтомушев, «Эркин-Тоо», 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий