АЙТМАТОВ албаган сыйлык

Өткөн айдын алгачкы жарымында Норвегиянын борбору Ослодо жана Швециянын баш калаасы Стокгольмдо  быйылкы жыл эсебиндеги Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды.

Салтка ылайык алгачкылардан болуп физиология жана медицина жаатындагы лауреаттардын ысымдары аталды. Сыйлык улуу британиялык Жон Гердон менен япониялык Синья Яманакага ыйгарылды.

Физика боюнча кванттык компьютерлерди түзүүгө жол ачкан 68 жаштагы франциялык окумуштуу Серж Арош менен америкалык Дэвид Уайнленд быйыл жыл эсебиндеги сыйлык ээлери болуп калышты.

Химия боюнча Нобель сыйлыгы америкалык илимпоздор Роберт  Лефковиц менен Брайан Кобылкага ыйгарылды.

Адабият жаатында лауреат катары кытайлык жазуучу Мо Янь аталды. Мо Янь Азия аймагынан сыйлыкка арзыган алтынчы лауреат. Ага чейин Нобель сыйлыгын латын америкалык  жазуучулар 4 ирет, европалыктар — 83, түндүк америкалыктар — 11, африкалык — 4, австралиялык — 1 жолу, алардын ичинде 11 аял, 94 эркек алышкан.

Ал эми, Ослодо тынчтык сыйлыгы Еврошериктештикке ыйгарылды. Быйыл бул сыйлыкка талапкерлердин саны 231ге жетти, 43ү коомдук уюмдар.

Экономика боюнча лауреаттык наам америкалык экономисттер – 61 жаштагы Элвин Рот менен 89 жаштагы Ллойд Стауэлл Шеплиге ыйгарылды. Альфред Нобелдин урматына швециялык Sveriges Riksbank тарабынан уюштурулган бул сыйлык 1969-жылдан бери ыйгарылып келет. Сыйлык өлчөмү 1,2 млн. долларды түзөт. 69 ирет ыйгарылган экономика боюнча сыйлыкты америкалыктар 50 жолу алышкан.

1901-жылдан 2011-жылга чейин Нобель сыйлыгы 853 адамга ыйгарылып, 549 ирет тапшырылган. Ал лауреаттардын 43үн аялдар түзүп, Мария Кюри сыйлыкты эки жолу алууга  арзыган. 1915-жылы Лауренс Брегг 25 жашында, 2007-жылы Леонид Гурвин 90 жашында Нобель сыйлыгын алышкан. Бүгүнкү күнгө карата лауреаттардын орточо курагы 59ду түзөт.

СЫЙЛЫКТАН БАШ ТАРТКАНДАР ДА БОЛГОН

Ар дайым эле расмий сыйлык алуудан качып көнгөн жазуучу  Жан-Поль Сартр 1964-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгынан да баш тарткан.

Вьетнам саясатчысы Ле Дык Тхо да 1973-жылы тынчтык сыйлыгын алуудан баш тарткан. Ал эми германиялык биохимиктер Рихард Кун, Адолф Бутенандт жана бактериолог Герхард Домагкты  фашисттик бийлик химия боюнча сыйлыктардан баш тартууга мажбурлаган. Анткени, 1936-жылы концлагердин ооруканасында жаткан антифашист Карл фон Осетцкийге тынчтык сыйлыгы ыйгарылгандан кийин герман бийликтери өлкөнүн жарандарына Нобель сыйлыгын алууга тыюу салган.

1957-жылы Нобель сыйлыгын алган Альберт Камю тарабынан лауреаттыкка сунушталган атактуу орус акыны Борис Пастернакты да коммунисттик бийлик 1959-жылы адабият боюнча сыйлыкты алуудан баш тарттырышкан.

Нобель фондунун катчысы А.Эстерлингден лауреат болгондугу жөнүндө телеграмма алган Борис Пастернак: “Чексиз ыраазымын, сыймыктанам, таңгалам, бирок, ыңгайсыз абалдамын” деп жооп жөнөткөн. Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнөн чыгарылып, болуп көрбөгөндөй басмырлоо менен  кысымга чыдабаган Пастернак 1960-жылы 30-майда көз жумган. Ал эми Нобель лауреаттыгынын диплому менен медалы 1989-жылдын 9-декабрында Пастернактын баласына тапшырылган.

СЫЙЛЫКТАР КАЧАН ТАПШЫРЫЛАТ?

Бардык тармактар боюнча лауреаттардын ысымдары аныкталган соң сыйлыктарды тапшыруу аземи адаттагыдай эле 10-декабрда,  швециялык ойлоп тапкыч, өнөр жайчы, лингвист, философ жана гуманист Альфред Нобелдин өлгөн күнүндө өткөрүлөт.  Быйылкы лауреаттар 1,2 млн. доллардан сыйлык алышат.

Сыйлыкка көрсөтүлгөн ар бир жылдын номинаттарынын толук тизмеси Нобель фондунун эрежесине ылайык 50 жылдан кийин гана ачыкталат. Эске салсак, өткөн жылы 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары казак президенти Нурсултан Назарбаевди ядролук куралдан баш тартууга кошкон үлкөн салымы үчүн тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына сунушташкан. Бул сунуш казакстандык “Ак ордо” кыймылы тарабынан колдоо тапкан. Назарбаевдин талапкерлигин түрк элдеринин Бүткүл дүйнөлүк Ассамблеясы да көрсөткөн.

Ал эми Казакстандын мусулмандар бирикмеси Роза Отунбаеваны өткөн жылдын эң мыкты мамлекеттик ишмери атап, аны тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүү ниетин билдирип, сунушту колдоо өтүнүчү менен декабрь айында Казакстандын мамлекеттик ишмерлерине, саясатчыларына жана жалпы коомчулугуна кайрылуу жасашкан.

Атай АЛТЫМЫШЕВ, «Эркин-Тоо», 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий