Кыргыз эл артисти Балбай Алагушев: “Мендеги 1000 сүрөт, 1000 сааттык үндөр таштандыга кетеби?”

Кыргыздын тунгуч музыка изилдөөчүсү, кыргыз тарыхында биринчи жолу музыка изилдөөчүлөрдүн ичинен Эл артисти наамын алган, ардактуу профессор Балбай Алагушев редакциябызга келип, ичинде кайнап-бышып жүргөн маселелерди ортого салды. Балбай агай кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу 4 томдугун чыгарды. Аларга Кайрылуулар, “Чыңгыз музыкада, театрда”, “Абдылас Малдыбаев музыкада” сыяктуу атактуу асыл адамдар киргизилген.

Бир кылымда бир жаралган Карамолдо

— Карамолдо Орозов жөнүндө 3 китеп жана 130 жылдыгына карата  “Карамолдо Орозов” деген чөнтөк китеп чыгардым. Молдокемдин өлгөнүнө 52 жыл болду. 1960-жылы 8-июлда жерге бердик.

Жерге бергенден кийин молдокемдин сөөгүн коюу боюнча комиссия Өкмөт башчысы Казы Дикамбаевге токтомдун долбоору менен кайрылышкан. Анда Пржевальск шаарынын бир көчөсүнө аты коюлсун, Ананьево, Кызыл бирлик, Корумду айылдары Карамолдо айылы болсун, айкели тургузулсун, Бишкектеги жашаган үйүнүн көчөсүнө ысымы берилсин, паркка, скверге айкели тургузулсун, эл аспаптар оркестрине, музыкалык мектепке ысымы берилсин деген сунушун беришкен. Ушулардын ичинен 52 жылдан бери бирөө гана убагында аткарылды – эл аспаптар оркестрине ысымы берилди. Андан башка иштин баары калды. Бул жөнүндө А.Атамбаевге, Б.Бабановго, А.Жээнбековго кайрылуу жаздым, эч нерсе чыккан жок. Январдын 15де Жогорку Кеңештин Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгын белгилөө боюн­ча токтому чыккан. Ал токтомдон кийин өкмөттүк комиссия түзүлдү. Төрайымы ал кездеги вице-премьер-министр Г.Асым­бекова болгон. Мен дагы ушул комиссияга кирип калдым. Май айына чейин бир дагы оту­­руму болгон жок. Майдын башында отурумга чогулганда жогорудагы аталган сунуштарды айтып, комузчулардын район­дук, облустук, шаардык, рес­публикалык сынагын өткөрөлү, бүгүнкү күнгө чейин комузчулардын сынагы өткөрүлө элек дегем. Эми 15-ноябр­да өткөрөбүз деп жатышат.

Молдокемдин туулган айылында ысымы берилгенде мен эки класска бекер музей уюштуруп бердим. Ал 10-15 жылча турду, кийин жаап салышты. Райондун акимине барып жүрүп мектептин коридорунан орун алып, ошого 162 экспонатты бекер берип, музейди уюштуруп келдим. Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында ачылышы болду.

Дагы бир күйгөн маселе, ысымы берилген мектепке “Карамолдо Орозов атындагы мектеп” деп тактасын илишкен жок. Ары чуркап, бери чуркап айыл өкмөтүнө барып жүрүп “Карамолдо Орозов атындагы жалпыга билим берүүчү мектеп” деп тактай илдирдик. Бишкек-Каракол борбордук көчөсүнө молдокемдин ысымы берилген менен адегенде эле “К.Орозов көчөсү” деп илинип калды. Окулганда “Корозов” болуп калат экен. Он чакты үйдө гана туура илинбесе, калгандары “К.Орозов” болуп илинген бойдон турат.

13-октябрда музейдин салтанаттуу ачылышы болуп, мендеги молдокем тууралуу 3 мүнөттүк тасманы көрсөтүү менен ачылды.  Чолпон-Атада ат чабыш, оодарыш ж.б. улуттук оюндар өткөрүлүп, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри барды. Ушул тойдо комузчулардын сынагынан жеңгендер барып, концерт беришсе молдокем тирилгендей болбойт беле. “Өлгөндү барктабай, тирүүнүн баркы болбойт”. Анан кыргыз улуттук китепканасынын тарыхында биринчи жолу көргөзмө уюштурдук. Өзүмдөгү болгон материалдарды койдум, абдан жакшы өттү, молдокемдин арбагы ыраазы болсун. Армандуусу мен кайрылбаган Президент калган жок. Өнөр музейи болсо, залкарлардын туул­ган, өлгөн жылы элге билинип турса жакшы болмок.

Молдокемдин арбагын урматтап, сыйлап, көлдүктөр марафон уюштурганын да көрдүм. Ошол кезде да молдокем боюнча чыккан токтом аткарылбай келатканын айттым. Мына Осмонкул, Муратаалы, Алымкул, Калык атындагы көчөлөр бар. Бирок 1935-жылы биринчи жолу эл артисти деген наамды алышкан Муратаалы Күрөңкеев менен Карамолдо. Биринчи жолу комузчулардын ичинен 1951-жылы Жогорку Кеңешке депутат болгон да Карамолдо Орозов. Ушундай асыл адамды унутуп коюш, кыргыз элин унуткандык. Бир кылымда бир келген улуу шайырды унутпайлы. Бирок аркасында киши болбогондон кийин кала берет экен, аты өчө берет экен.

Эл шайырларынын  өнөр музейи болгондо…

1960-жылдын ортосунда сүрөт­чүлөр союзунун төрагасы Гапар Айтиев чиркөөдө көргөзмө уюштуруп, ошондон соң искусство музейи жөнүндө Өкмөт токтом кабыл алды. Мен “Гапаке, сүрөт музейи болуп калбайбы?”– деп суроо бердим. “Жок, ырчы, бийчи, бардыгы болот”, – деди. Ушул жыйында Турдакун Усубалиевичтин байбичесин директор кылып дайындашты. Бүтө келгенде “Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейи” болуп калды. Андан кийин Тургунбай Садыков музыкалык-педагогикалык окуу жайынын имаратын алып, сүрөт академиясын ачты. Анан 9 гектар жерге сүрөт академиясын ачып, музей уюштуруп, өзүнүн атын койду, Баатыр болду. Ал эми Ала-Тоо аянтында сүрөтчүлөрдүн сүрөт сата турган жайы бар. А бүгүнкү күнгө чейин өнөр музейи жок. Андан кейиштүүсү филармониянын алдында “Пекин” деген ресторан бар. Мен аны “Эл шайырлары” деген музей кылбайсыңарбы деп айтып, жазып келдим, аны сатып жиберишиптир.

Эстелик  бир күндүк эмес,  миң күндүк  болуш керек

Мен бактылуу адаммын. 1949-жылдын 2-январында Муратаалы Күрөңкеев, 1949-жылы Муса Баетов, 1949-жылдын 20-декабрында Атай Огонбаев, 1953-жылы Калык Акиев каза болгон экен. Андан кийинки атактуу шайырлар менен бирге жүрүп бирине бала, бирине ини, бирине теңтуш боло өмүр өткөрүп келатам. Эми ошол улуу асыл адамдарды таптакыр унутуп баратабыз. Мына Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры бар, А.Малдыбаевге эстелик орнотулсун деген Өкмөттүн чечими бар, эстелик тургузулбады. Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театры бар, анын айкели жок. Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Токтогулдун эстелиги жок, эстелиги опера жана балет театрынын жанында турат. Орун бар, филармониянын алдына Токтогулдун эстелигин коюп койсо ар ким сыймыктанат эле. А.Токомбаев (Балка) ким? Эмне үчүн туулган жана өлгөн жылын жазып, эл акыны деп жазып коюуга болбойт. Мисалы, кечээ эле айкели коюлган Ч.Айтматовдун эстелигинде жазуу жок. Эстелик бир күндүк эмес, миң күндүк да. Туулган жылы, өлгөн жылы жазылып коюш керек эле. Эркиндик гүлбагында “Темиркул” деп турат. Ал ким, азыркы жаштар аны билеби? Мында да ким экени жазылбаган. Азыркы жаштардан “Чыңгыз ким?” десе, “ишкер” деп, “Темиркул ким?” десе “комузчу” деп жоо беришет. Ушундай маселелерди жазып, эгемендик алгандан бери журт башчыларына айтып, кайрылып эле келатам. “Кыргыз Туусу” аркылуу элге дагы кайрылайын. Эстелик бир күндүк эмес, миң жылдык болуш керек да. Молдокемдей адамдын салтанатын жакшы өткөрсөк болот эле. Ушундай адамдар унутта калды..

Кыргыздарга таң калам, менде залкар акын, ырчы, бийчилердин 1000ге жакын сүрөттөрү, 1000 саат­тык үндөрү, ырлары, сөздөрү бар. Не деген байлык. Мен деле “бойго” жетип калдым. Алар каякта калат, кайда ыргытылат? Таштандыга кетеби? Бишкек шаарынын мэрине да кайрылып көрдүм. Үн жок…

Жазып алган Бермет МАТКЕРИМОВА, ”Кыргыз Туусу”, 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий