Мушрифаддин Саади. Айрым масалдар

(Башталышы өткөн санда)

Бул насаат падышага адилеттүү көрүндү да, ал адамды өлүм жазасына тарттырган жок.

***
Эки бир тууган болгон экен. Бири султанда кызмат кылат да, беркиси өз билек күчү менен нан таап жейт. Бир жолу байыраагы томаягына минтип айтты:
-Ушул азаптуу оор эмгектен көрө эмне үчүн сен деле султанга кызмат кылууга өтүп албайсың?
Тигиниси минтип жооп берди?
-Султанга кызмат кылуу кемсинүүлөрүнөн кутулуш үчүн неликтен сен өз алдынча эркин эмгектенүүгө өтүп албайсың? Акылмандар да минтип айтышат эмеспи: «Жалтаңдап жашагандан көрө, кызматтын алтын кемерин белге тартып, өз наныңды жеп тынч жашаган артык!
Колуңду сал жылаңачтап, кайнап турган акиташка, моюн бурба,
А бирок хан астында кошоматтуу кол куушуруп кызмат кылба.
Ак өмүрдү өткөрөсүң көңүл уулап, убай жеп,
«Жайдын күнү эмне жеймин, кышта эмне кием» деп.
О, кеңкелес кара курсак! Күн көрсөң да кабыкты жеп,
Ийбе белиң, ак урунуп, жерде бийлик астына жүгүнөм деп.

 

***
Бир нече аалым окумуштуулар Хосров падышасынын жанында отурушту жана кандайдыр өтө маанилүү маселени талкуулап жатышты. Бирок да, окумуштуулардын арасынан эң атактуусу Бузурджмихр негедир үнсүз да, тыптынч да отурду. Ошондо андан сурашты:
-Сен эмне үчүн биз менен талашка катышпайсың?
Анда ал айтты:
-Окумуштуу деген доктор сыяктуу, а доктор болсо дарыны оору адамга гана берет. Менин оюмча, силердин чечимиңер туура, андай болгон соң, менин сүйлөп отурушумдун кажети жок.
Табылган соң, менсиз чындык учугу,
Сөз айтсам не, болмок кандай утугу?
Эгер сокур келатса,-алдында аң,
Анда күнөө, эскертпей, үнсүз калсам.

***
Качан гана Египеттин падышачылыгы Гарун-ар-Рашидге тийгенде, ал минтип билдирген:
— Ушул хандыкты жеңип алгандыгына сыймыктанып, өзүн кудай кылып көрсөтүүгө аракеттенген уятсыз падышага өчөшүп, мен Египетти эң жек көрүмчү кулга сыйлыка кармата беремин.
Анын Гусейб аттуу бир негр кулу болгон: дал ошого Египет хандыгын сыйлыкка берет. Ал негр, деп айтышат, ушунчалык «акылдуу» жана «баамчыл» , «сергек» жана «көрөгөч» болгон экен, бир жолу ага бир нече египеттик фаллахтар (дыйкандар) келишип, жазда айдоо жерлерине пахта эгишкендиктери, бирок мезгилсиз учурда жамгыр көп жаап, баарын кыян жууп кеткендиги тууралуу арыз-армандарын айтышса, анда берки минтип жооп берген экен:
— Жүн эгишиңер керек эле да!
Эгер элге токочту берсе билим,
Ачтан өлмөк билимсиздер салып тилин.
Бирок алар кем эмес бак-таалайдан,
Акылман карап туруп, калат аң-таң.
Билебиз, оор тагдыр кээде тийип,
Акылдуу кемсинтилет, акмак бийик,
Алхимик ачтан өлөт, илим жазган,
А акмак табат алтын таштандыдан

***
Искендерден минтип сурашкан:
-Батыш менен Чыгыштын өлкөлөрүн багындырдың бай, эмненин жардамы менен туш келди сенин бактыңа тагдыр мындай? Сенден мурунку падышалардын сеникинен көп байлыгы да, аскери да болгон, бирок алардын бири да мындай жеңиштерге жетише алган эмес.
Искендер жооп берди:
-Мен Букараны ыза кылганым жок жана урмат менен атадым-даргөйү улук зор кудайдын жардамы менен , тактысы мага берилген падышалардын аттарын. Кыязы, ушундан го деп ойлойм ийгиликтердин баарын.
Конмок эмес эч бир жан улуу атка,
Азаматты акмак деп тартса паска.
Утурумдук бул дүйнөдөн баары өтөт, бил муну:
Байлык, такты, байлоо-согуу жана бийлик укугу.
Өлгөндөрдүн жакшы атына көө сүйкөбө пас кылып,
Келечекки замандардан күтөм десең жакшылык.

***
Египетте эмирдин эки баласы болот: бири илим жолун жолдойт, экинчиси колуна байлык топтойт. Аягында алардын бири өз доорунун бийик билимин, илим даңкын алат, а экинчиси болсо Египетке падыша болуп калат. Бир жолу байы окумуштуусун теңсинтпей минтип сүйлөйт:
— Мен минтип падышпачылыкка жеттим, а сен болсо далее жакырчылыкта куурап жүрөсүң!
— О бир тууганым, -деди беркиси, — кантсе да, мага кылган жакшылыгың үчүн, мен жаратканга-ылайым анын аты ардактуу болсун!-көбүрөөк ырахмат айтышым керек. Анткени мен пайгамбарлардын мурасын-билимин алдым, а сен болсо Фараон менен Амандын мурасын-Египет падышачылыгын алдың.

Мейли, мен кумурскамын, кимдир бирөө басып кеткен.
Кантсе да аары эмесмин, уусу бар, коркунучу титиреткен.
Теңирди бүт өмүрдө мактаймын аябастан жүрөк күчүн,
Бербеген мага бир күч, башканы басып, кыйнап эзиш үчүн.

***
Бир жородо урматы улуу бир төрөдөн мактоолорун аяшпады, ар кимиси анын татыктуу асыл сапаттарына урматтап баа беришти. Бул мактоолорго жооп катары ал баш көтөрдү да, минтип айтты:
— Мен өзүмдү жакшы билем!

Сен мени капа кылдың, асылсың деп аша мактап,
Сырт түрүмдү гана көрдүң, а ичимди билбей байкап.
Ырас, сулуу сыртым менин, көзгө жакын, токтомдуу,
Ишен, бирок, чын сыр айтам, ичимде бар заардуу уу.
Таус кушту мактайт баары, кооз дешип куйругу,
Бирок начар анын буту, өзүн кыйнайт ич бугу.

***
Улукмандан минтип сурашкан экен:
-Адептүү сыпаалыктын жолдорун сен кимден үйрөнгөнсүң?
Анда ал айтат:
-Тарбиясыздардан үйрөнгөнмүн, анткени мен алардын жоруктарындагы, өз оюмча адепсиздик деп эсептеген нерселерди кылуудан дайыма өзүмдү өзүм токтотконмун.
Эки сөздү айталбайсың тамаша үчүн, билсең өзүң,
Акылман маңыз табар, ичин чагып, ойлоп жөнүн…
Китепти окуса да акыл айткан нечен жүз сөз,
Түркөйлөр бута болот шылдыңдарга көрүнө көз.

***
Сириялык бир шейхтен минтип сурашат:
-Суфизмдин маңызы эмнеде?
Ал жооп берет:
Суфий мурда сыртынан үрпөйүп көрүнүп, а ичтен ыкластуу болгон, ал эми азыр болсо, сыртынан ыкластуу, а ичинен булганч!

Эгер жүрөк желептенсе бирде учуп, бирде тек,
Кантип намаз окумаксың, ыкыласың болуп бек?

***
Бир жолу аялым тилин кайрап жатып, мына минтип айтты:
— Менин атам он динар төлөп, сени франктардын туткунунан куткарып алганы жалган беле?
— Ооба,-дедим мен жооп берип, -он динар берип мени туткундан бошотуп алды, ал эми жүз динар төлөп, сенин туткунуңа айлантып койду.

Бир нөкөр хан ишинде кызмат кылган,
Бир койду куткарган ал карышкырдан.
Кечинде бычак кайрап өзү чыккан,
«О жүзсүз! -дейт байкуш кой, көз жашы аккан:
Куткардың, бөрү оозунан, пайда кандай?
Болгон соң өзүң бөрү, канкор мындай,»

***
Ардашир Бабакандын өмүр-турмушу жазылган китепте минтип айтылган, качандыр бир жолу ал араб акылманына собол берет:
-Бир күндө канча оокат жесе болот?
-Жүз дирхем салмактагы!-деп жооп тиги.
-А ошондон канча күч аласың?-деп сурайт Ардашир.
-Мындай салмактагы оокат сени көтөрүп жүрөт,-деп жооп берет араб, — ал эми анын үстүнө кошумчалагандарыңды сен өзүң көтөрүп жүрөсүң.
Бул мындай дегенди билдирет: сен өз боюңду тике алып жүрүүгө жарар болсо, ошонун өзү жетет. Ал эми мунун үстүнө кошуп жегениңдин баары ашыкча, аны бекерден буттарың менен көтөрүп жүрүүгө туура келет.

Биз жейбиз жашаш үчүн-адамдык милдетти ак өтөш үчүн,
Ойлойсуң сен кыязы, турмуш ал-жеш үчүн деп тынбай күн-түн.

***
Мен өзүмдүн жер кыдырып, тынымсыз саякатта жүргөнүмө өкүнгөн эмесмин жана кабагымды эч бир бүркөгөн эмесмин. Муну оомал-төкмөл тагдыр жолум ушинтип атат деп эсептегенмин. Бир жолу гана буттарым жылаңайлак болуп, өтүк сатып алууга мүмкүнчүлүгүмдүн жоктугунан улам, ичимдеги ачуум менен, Куфа шаарындагы эл көп чогулган мечитке кирип барганмын. Мен ал жерден эки буту жок адамды көрдүм… Ошол замат жараткандын мага кылган жакшылыгына ырахмат айтып, келме келтирдим жана бутумдун жылаңаяктыгына шүгүрчүлүк кыла баштадым.
Ток курсак жан пендеге карайт салкын, камырабай көңүл суз.
Куш эти эмне, келет ага дасторконго келген сымак пияз, туз.
Кайнатылган шалгамды айт, шордуу жанга алмаштырат куш этин.
Өмүрүңдө көрбөгөн соң, жакшы оокаттын, токчулуктун бир четин.

***
Мен бир досума минтип айттым:
— Мен өзүмчө, кепке көп аралаша бербей, токтомдуу болуу артык деп эсептеген себебим, ар кандай кепте, эреже катары, жаман да, жакшы да сөздөр болушу мүмкүн. А душмандын көзү болсо жаман нерседен башканы көргүсү келбейт.
Душманың жакшы ишиңди көрсө дагы,
Жаман ишке болжолдоп, жоруйт аны.
Душман көзү эрдигиңди көрөт,
Жаман кемчилик деп кемитип,
Мына Саади, кооз роза,
А душмандар тикенек дейт демитип…
Бүт дүйнөгө күн нур чачат-амандык,
Жарганатка мунун баары — жамандык.

***
Кайсы бир соодагер миң динарын жоготуп жиберет да, уулуна минтип айтат:
— Бул тууралуу эч кимге эч нерсе айтпагын.
-О ата, -деп таңданды беркиси, -эрк өзүңдө, мен эч нерсе айтпайын, бирок да минтип жашыруунун кандай пайда экендигин мага түшүндүрүп коюшуңду каалар элем. Бу шартты сыр кылып жашыруунун кимге кереги бар?
-Бул балакет эки эселенбесе экен дейм: акчабыздын жоголгондугунун үстүнө адамдардын табалоосу да кошулбасын.

Душманга сыр айтпагын, ичсең да уу,
«Кудай жалга» деп кубанып, салышат чуу.

***
Гален бир жолу көрсө, кандайдыр бир акмак белгилүү бир аалымды жакадан алып, оозуна келгенинен кайра тартпай, боктоп сөгүп жатат. Гален өкүнүч менен унчукту:
-Эгерде ушул аалым чыныгы окумуштуу болгон болсо, анда түркөй адам менен чатакташып, ушундай чекке, ушундай маскарачылыкка чейин жеткирбейт эле.

Эки акылман чыр чыгарбай тарашат,
Кайсы акылман наадан менен талашат?!
Наадан ачса бок оозун, сөгүп-ноолоп,
Жаагын басат акылман алдап-соолап.
Намыс кымбат акылдууга, барат ыкка,
Акыл болсо умтулат сылыктыкка.

***
Мен бир жолу бир үйдү сатып алууну чамалап, келишимге келсемби-келбесемби деп ыргылжың болуп турган элем. Кандайдыр бир иудей мага минтип айтты:
-Менин үйүм да ушул жакта. Эгер билгиң келсе, бул үй абдан жакшы үй, муну менден жакшы билген кишини таба албайсың. А менин айтарым, сатып ала бер, бул үйдүн эч жаман жагы жок.
Мен ага жооп бердим:
— Ырас, сен кошуна болуп калганыңдан башка бардык жагы жакшы.
Эгер болсо жаныңда мындай кошуна,
Он дирхемге-арзан бул үй татыйт зорго.
А сен өлсөң, кошуна үйлөр соодасы да,
Ашат бийик көкөлөп миң сомдорго.

***
Жылдыз санап, адам тагдырынан бал көргөн бир адам, үйүнө кайтат да, аялы менен бир чоочун адам отурган экен, үстүнөн чыгат. Жылдыз эсепчи каарданып, бейтааныш адамды аябай боктоп сөгө баштайт. Аягында мушташ чыгып, чуу көтөрүлөт. Бул окуянын баарына күбө болуп отурган бир акылдуу адам, өкүнүч менен минтип айтат:

— Не билесиң, кыймылынан жылдыздын чоң,
Өз үйүңө ким келгенин билбеген соң?

«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий