Рыспайдын шакирттери

Редакциядан: Жакында жазуучу Бөкөнбай Боркеев түзгөн Рыспай Абдыкадыровдун 6 томдук китеби чыкканы турат. Анда Рыспай менен ыр дүйнөсүнө чогуу келген шакирттерине да өзүнчө орун берилген. «Тулпар — тушунда» демекчи, алардын кыргыз музыкалык маданиятына кандай чыгармачыл түйшүктөр менен салым кошконун кийинки муун биле жүрсүн дедик.

«Жакшы комузчу өз устатын мактап чертет» деп айтылат өнөр адамдарынын арасында. Чынында эле ошондой. Бул алмуздактан келаткан чындык. Аны өнөрдүн баркына жеткен адам гана айтат. Болбосо замандаш болуп, этегине эрмешип жашаганы үчүн гана «устатым» деп, ооз учунан күпүлдөп, «күрүчтүн аркасынан күрмөк суу ичет» дегендей, жанында чогуу жүрбөгөндөн кийин, кыйратып койгонсуп, «мен устатымдан муну үйрөндүм, муну жасап бердим» — деп, өзүн аны менен кошо көтөрө чалган «жалган шакирттерди» көрүп-билип эле жүрөбүз. Анан калса Рыспайдын атагы таш жарып турганда, аны тегеректеп жүргөндөрдүн баары эле шакирт болгон жок. Кээси болсо адегенде Рыспайдын чыйырына салып, кийин өз жолун таап, же аткаруучулук өнөрү менен эл оозуна илинип калганда, Рыспайды эскерүү кечелеринде саламга да жарабады. Алар эми учурунда басма сөздө айтылды. Аларды кийинки муун билип да кереги жок. Анткени экинчи өмүрү ырларында калган Рыспайдын урпактары анын кыргыз музыкалык маданиятына калтырган көөнөрбөс казынасы, изи тууралуу гана терең билип, көкүрөктөрүнө уялаган урмат менен жашашы керек.

Рыспай өзү элдик өнөрдө шакирт күтүү салтын жакшы билчү. Асыресе, залкар акындардын шакирттери тууралуу далай уккан, өзү айтып да жүрчү. Ошолордой болуп ээрчитип жүрүп таалим-тарбия бербесе да, жөн эле ээрчип, же жанында жүрүп эле тарбия алган шакирттери көп эле болгон. Анын жөнү бар. Анткени ал 60-жылдардын башында, асыресе, 1964-жылы «Түгөйүм» деген ыры менен ыр дүйнөсүнө даң салып киргенде, ошондо жаңыдан колуна аккордеон кармап, тамтуң кадам шилтей баштаган өнөрпоздор Рыспайдын кубаттуу толкунуна кабылып, анын шарында калгандар сүрмө тобуна кирип алып, жапатырмак ыр дүйнөсүн шаңга бөлөп ийишти. Адегенде алардын көбү Рыспайды тикелей туурап, аткаруу өнөрүндө мурда болбогон стилин, манерасын, вариациясын, мимика, дегеле койчу, бүтүндөй турпатын туурап, атүгүл обондору да окшошуп кетип жатты.

Рыспайдын керемети (феномени) — кийин «Рыспай мектебин» түзүп калар шакирттеринин бир эле мезгилде аны менен кошо ыр дүйнөсүнө жамырап кирип, андан башка, андан мыкты өнөрпоздор болсо да, анын тегерегине чимелидей үйүлгөнүндө, ал жөн гана кызыгуу, дилгирленүү эмес, ар бири өзүнүн келечек жолун ошол Рыспай салган чыйырдан бутактанарын көрө билип, өзүнүн өнөр башатын анын ырларына карата кынаптап, өзүлөрү да ага карап түздөнүп, Рыспай менен гана чогуу ыр майданга чыгуу алардын келечек тагдырындагы чоң мүмкүнчүлүк экенин тымызын туюшту. Тымызын дегеним — азыр ошол мүмкүнчүлүк менен Рыспай чыкпаган бийиктикке чыгып, Рыспай көрбөгөн урмат-сыйды (өкмөттүн) көрүп алып, «мен бул бийиктикке Рыспайсыз эле жеткем» — деп, сыртынан айтпаганы менен, ичинен Рыспай менен замандаш болуп, аны менен кошо жүрүп, анын жанында карапайым угармандарга көрүнүп калганы үчүн тагдырына ыраазы болгондор өлсө да чынын айтпайт. Анткени ошол «көрүнбөс устатынын» көзү өткөнүнө жыйырма жылга аяк басты, демек, бир муун алмашты. Ошолор менен чогуу жүрүп, ар биринин чыгармачыл чыйырынан баштап кийин калыптанганга чейинки жолуна сереп салып жүргөн менден башкалар оңою менен моюнга албайт. Анткени баары төрөлгөндө эле гений болуп төрөлгөн. Менин бул сөзүм керкакшык сыяктанганы менен, Рыспайдын аркасы менен (тикелей көтөрмөлөөсү болбосо да) киши болуп алып, болгондо да бакандай мансап сересине жетип алып, устатын унутуп калгандарга карата айтылды.

Виноградов: «кыргыз музыкасынын жаны — обон» деп айткандай, Рыспайдын керемети — жөнөкөй жагымдуу кайрыктарды ыргактуу тизмектей салуу гана эмес, анда сөз тизмегиндегидей эле ой жатарын, ал ойду сөз менен кошо кайрыктар аркылуу өнүктүрүп, экөөсүнүн ширелиши менен, аны кийин даана байкагандай, аткаруучулук өнөрү менен да бир бүтүндүктү түзгөн, салттуу музыкадагыдай, кыска сөз менен кыска ойду билдирген жеңил-желпи обон эмес, тексттеги ойдун толук кандуу бүтүндүгүнө өсүп жетүүчү музыкалык ойдун ырааттуу өнүгүшү менен ийине ишенимдүү жеткирип, угарманды лирикалык каарман менен кошо «ала жаткан» ынандыруучу касиетинде. Эгер салттуу ырларда ойдун аягына чыга албай жаткандай жакшы кайрыктар умсундуруп тим болсо, Рыспай сөз менен обондогу ойдун аягына чыкмайынча, өзүн да, угарманды да эзип отуруп, акыры анын жүрөгүнүн түпкүрүндө тымпыйып катылып, же уктап жаткан изги сезимди ойготконго чейин муютуп жүрүп отурат, башкача айтканда, романс деңгээлине көтөрүп чыкты. Ошон үчүн анын обонундагы ошондой татаал өнүгүүнү эзме кайрыктар менен кынаптап отуруп, карапайым угарманга адегенде жете бербегенден кийин музыка билермандары да анча кабыл алган жок, же кабыл алгысы келбеди. Анткени ал кезде Рыспай козуткан обончулар композиторлорго караганда элге кеңири таанымал эле да, мамлекеттин колтугунда турган композиторлордун сүрөөнчү музыка тануучулары «ичкен кудугуна түкүрбөй», бирок обончуларды алигидей атагынан чоочуп, «өз демдүү композиторлор» деген жасалма жагынууга чейин барышты. Ошол популярдуулук дал ушул Рыспайдын ыр дүйнөсүнө келиши менен башталды. Ал эми Рыспайдын обонундагы «ыр театрына» айланып бараткан татаалдашуу жаңычыл ойлордон тайманбай турган жаш обончуларды жаңыча ойлонуунун баскычына көтөргөнүн өзүлөрү да аңдабай калышты. Бирок анын этегине эрмешип келаткан күйөрман өнөрпоздор ошол жаңы, бирок татаал чыйырда бирге болуп, Рыспайдын жандүйнөсүн түшүнүүгө аракеттенгени аркылуу акыры шакирт болуп чыга келишти. Ал эми Рыспайга шакирт болуунун өзүндө башкача сынам, башкача дилгирлик бар эле. Ага баары эле түтө берген жок, анын жаңычыл жөрөлгөлөрүнүн түпкү маанисин азыр да жеткире түшүнө бербегендер бар. Рыспайдын жолунун татаалдыгы — жалаң тайманбай бетке айткан ачыктыгынан улам чоңдорго жакпаганынан гана эмес, обондору жакшы дешип, бирок ошол жакшылыгы эмнеден көрүнөрүн билбегенден, түшүнө бербегенден да болуп отурат. Азыркы муун да ошол ырларга экинчи өмүр берип, улам көбүрөөк ырдап жатканы менен, ошол жагымдуулуктун сыры эмнеде экенин толук ишенимдүү чечмелеп айтып бералбайт. Бирок бул алардын күнөөсү эмес. Ал — Рыспайдын ырларынын тереңинде жаткан сырларында. Ошол сырдын уюткусу алгач «Түгөйүм» деген ырына катылып, кийинки татаалдашкан обондорунун бүтүндөй тулкусун түзүп калган.

Бул чынында эле кыргыз музыкасында жаңылык, бурулуш эле. Ырас ага чейинки авторлор деле небир сонун обондорду жараткан. Атүгүл кийин батыштын классикалык үлгүсүнө ыктап кеткен композиторлор деле адегенде татынакай обондору менен таанылган. Ал эми Рыспайга чейин элдик мотивде обон чыгарган авторлор деле азыр кайра башатыбызга алып бараткан салттуу музыка өнөрүнө кыйла салым кошкон.

Рыспай да алгач мектепте тогузунчу класста окуп жүргөндө, 1959-жылы Аалы Токомбаевдин сөзүнө жазылган «Кыздын сыры», 1960-жылы Токтосун Тыныбековдун сөзүнө жазылган «Сагыныч» деген ыры ошол элдик салттуу ырлардан анча айырмаланган эмес. өзү айткандай, тогузунчу класста окуп жатканда, гармошка менен бир топ эле обон чыгарган экен, нота билбегенден улам көбү унутулуп калды. Анан ошол кемчиликти өзгөндө Мамат Оморовго жолуккандан кийин жойду. Рыспайдын ошол кишиден башка устатым бар дегенди уккан эмесмин. Чыныгы шакирт деп ушуну айтат: өлөр өлгүчө оозунан түшүрбөй, аккордеонду вариациялап ойногонду, нотага түшүргөндү, дегеле сахна маданиятын ошол Оморовдон үйрөнгөнүн узун сабак кеп кылар эле. Ошондо анын марш темпиндеги шаңкылдаган «Кара-Шоро», «Комсомолдук убада» деген ырларын дуэт, трио, атүгүл квартет да кылып ырдашып, ыр дүйнөсүнө жаңы дүбүрт келатканын туйдурушкан. Анан 1964-жылы 14-декабрда Жакшылык Алымовдун «Түгөйүм» деген ырына обон чыгарып, дал ушул ыры менен Абдыкадыров кыргыздын салттуу музыкасына бурулуш жасаган, башка эч бир обончу мактана албай турган «Рыспай мектебин» ачты да, аркасынан нечендеген шакирттерин ээрчитип, музыка дүйнөсүнө даң салып кирди.

Мен биерде Рыспайдын шакирттери тууралуу маалыматтар да урпактар үчүн маанилүү экенин, азыр баркына жетпесе да, кийин ошол «шакирт» деген бийик даражаны алып жүргөндөр тууралуу Рыспайдын тегерегинде топтолгон кенедей маалымат да жалпы музыкалык маданияттын таржымалында өз орду болгон, алар ХХ кылымдын акырында — ХХ1 кылымдын башында өзүнчө бир «Рыспай мектеби», «Рыспайдын шакирттери» деген катмар менен жашап калууга акылуу тарыхый болмуш экенин ырастаган, бир инсандын сөөлөтүнөн алганда, жаңычыл жөрөлгөнүн башаты, ал эми бүтүндөй музыка тарыхын алганда, улуттук көркөм дөөлөтүбүздүн төңкөрүшчүл доору катары жашап калат.

Бүтүндөй ыр дооруна шаң берип, солкулдатып кармап турган шакирттеринин ким экенин билген окурман устатын өзүлөрү баамдап алар деген ниет. Бирок айрым окурмандар Рыспай менен замандаш болгону менен, андан таалим албаган өнөрпоздорду деле кошо бериптир деши мүмкүн. Муну Рыспай 60-жылдардын ортосунда ыр дүйнөсүнө даң салып кирген учурдагы обончулук өнөрдүн улуу толкунун көрбөгөндөр, эгер ошол толкун болбогондо, азыркыдай жамыраган «жылдыздардын» чыгарын боолгой албагандар, табигый сыяктанган, бирок төңкөрүшчүл өнүгүүнүн «жылаңач баатырларынын» ана башында Рыспай турганын көрбөй калгандар, же көргүсү келбегендер айтышы мүмкүн. Анткени ал учурда улуттук өнөрдүн баары батышты, айрыкча орус маданиятына ыктатырып, кулдук уруп, жалпы «советтик искусство» деген чакырык менен жандүйнөсүн ошол жака биротоло аркандап берип келаткан.

Биз азыр эгемендикти саясый жана кертбашыбыздын эркиндиги деп түшүнөбүз. Ал эми 1991-жылкы эгемендик, 2010-жылкы инсандык эркиндик сымал чыгармачылык эркиндикти, башкача айтканда, «советтик» деген түшүнүктү «улуттук» деген түшүнүккө алмаштырган, ошол улуттун жүзү болгон өнөрдү өз нугуна бургандардын, ошонусу менен «Рыспай мектебин» түзүп кеткен (башка «баланчанын мектеби бар» дегенди уга элекмин) Чыңгыздай чыгаан уулдарыбыздын бири ушу Абдыкадыров болгондуктан, мурда совет маалында ар биринин көкүрөгүндө угуту бар, бирок уктап жаткан жөндөмдүү жаштардын жүрөгүнө от коюп, аларда обончулук өнөрдү ойготуп ийди. Ар биринин өз стили, багыты, темасы, аткаруу манерасы, чеберчилиги болгону менен, куду жатак мектептин (интернаттын) балдарындай болуп, ынтымактуу обончулардын жоон тобу мурда болуп көрбөгөндөй тездик менен жамырап чыга келди. Менин бул коюу боёктор менен шөкөттөп айткан сөздөрүмдү ошол улуу шаңдын, обончулук өнөрдөгү улуу таңдын күбөсү болгондор ырастай алат. «Ынтымактуу» деген сөздү бекер кыстарганым жок. Анткени алардын башын бириктирген, биринчи кезекте, обон, аткаруу чеберчилиги, өз чыйырын салуу, элдин жүрөгүнөн орун табуу деген бийик мурат турган. Ал убакта бир концерт алты, тогуз тыйын болчу. Аны да алгандар алып, албагандар Рыспайдын катарында жүргөнүнө курсант эле. Ошол кезде «обончу» деген короого киргендер Рыспай менен аралашып калганы, замандаш болгону, кээси керек болсо, Рыспайдын кыягын кармаганы, керек болсо көтөрүп жүргөнү, концертте тартканы (бир кезде Рыспай Экия Мукамбетовдун кыягын тарткандай), жакшынын шарапаты тийгени үчүн өзүлөрүн шакирт саначу.

(Уландысы бар)

Бөкөнбай Боркеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий