Самсак Станалиев: Көркөм чыгарма окугандар көбөйүп калды

Адабиятчы жана публицист Самсак Станалиев улуттук маданияттын кризиси, массалык маданияттын үстөмдүк таасири жана адабиятка болгон коомдук керектөөнүн деңгээли жөнүндө Би-Би-Си менен ой-пикир бөлүштү.

Гүлнара Касмамбетова: Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев Би-Би-Си менен болгон маегинде бардык нерсе майдаланып кетти, маданий жагынан алганда адамдын руханий дүйнөсүн байыта турган чыгармалар жокко эсе болуп баратат деп кайгырып жатат. Сиз ушуга кошуласызбы?

Самсак Станалиев: Мен негизинен макулмун. Мен көп жыл бою адабият жана маданият тармагында иштеген кишимин. Ушул заман башталганда биз “Кыргызстан маданияты” деп аталган гезитти кайра чыгарып баштадык. Бирок аны кызыгып окугандар абдан аз болгондуктан гезит бир жылга жетип-жетпей жабылып калды.

Андан кийин “Адабий Ала-Тоо” деп аталган маданият ишмерлери менен жазуучулардын гезитин алты жыл чыгардык. Нускасы бир жарым миңге араң жетти, алуучулар аз болду. Бирок бул маселеде жылдан жылга жылыш бар, классикалык үлгүдө чыгып аткан чыгармалар бар.

Гүлнара Касмамбетова: Ошол кайсы чыгармалар? Айрымдарын атап кетсеңиз.

Самсак Станалиев: 2000-жылдан беркисин эле айтайын. Өскөн Даникеевдин “Арман” деген чыгармасы, бул анын мурдагы “Көкөй кести” романынын уландысы, Мелис Абакировдун дагы “Көкөй кести” деген романы. Мындан башка мурда билинбей жүргөн дагы бир жазуучу чыкты Бакиев деген, өзүнүн кесиби боюнча юрист.

Гүлнара Касмамбетова: Сөзүбүздү массалык маданият деген түшүнүккө бурсак. Мындан качып кутулуу мүмкүн эмес, бирок анын деңгээлин кантип көтөрсө болот?

Самсак Станалиев: Массалык маданият азыркы шартта өзү эле өсө берет. Ал үчүн угармандын, окурмандын деңгээли болуш керек, кайсыл жагы кандай экенин талдай билген.

Мисалы “Манас” эпосун улуттук маданияттын туу чокусу деп тааныйбыз. Ал эми массалык маданият акырындап өзүнөн өзү кала берет. Мисалы элдик оозеки чыгармаларыбызда булвардык деп саналган оозеки чыгармалар болгон. Ал түгүл аны манасчылар да айткан. Чакан чөйрө үчүн тамаша иретинде айтылчу. Азыр массага тарап кетти. Ошондуктан андай нерселерден коркпош керек.

Гүлнара Касмамбетова: Глобалдашуу доорунда Интернет, уюк телефондор аркылуу жүрүм-турум таркап атат. Бул рынок менен жөндөлүшү керек эле. Жазуучу сапаттуу чыгармасын чыгара албай жатканда, рынокту массалык керектөөдөгү ыр, музыка, тасмалар менен толтурууда. Буга кандай карайсыз?

Самсак Станалиев: Мен буга анча кошула албайм. Себеби 90-жылдардын орто ченинде кино театрларда ушундай көрүнүш бар болчу. Аудитория менен сахнанын айырмасы жок калып, баары сахнага чыгып алган эле. Азыр андай көрүнүштөр азайды.

Ал эми классикалык чыгармаларга муктаждык өзүнөн өзү жаралып атат. Китеп басып чыгаруучулардын эсеби боюнча былтыркы жылы көркөм чыгармага керектөө деңгээли он бир пайызка өскөн.

Гүлнара Касмамбетова, ВВС Кыргыз кызматы, 05.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий