Акындын «Кеч күздөгү мөмөлөрү»

Кыргыз адабиятына жана маданиятына зор салымын кошкон акын, драматург Ж.Садыков азыр экинчи өмүрүн жашап жатат. Ж.Садыков ар дайым изденүүнүн түйшүгүндө жүргөн акын эле. Анын ар түрдүү учурда жазылган классикаларынан 2007-жылы «Кеч күздөгү мөмөлөр» аттуу ыр жыйнак чыккан жана ал жаңы мезгилдин күүсүндө жазылгандыгы менен мазмундуу. Аты айтып тургандай эле, андагы чыгармалары автордун акыл сересине жеткен мезгилинде поэтикалык табылга, поэтикалык жетик ойлордон куралган.

Акын бүт өмүрүн Ата Мекенине кызмат кылууга арнаган. Мисалы, Ата-Журтка милдеттүүлүгү («Элиме»), азбы-көпбү мекенге кылган кызматы («Санаркоо»), мекенчил сезимдерин чагылдырып аткарган кызматы («Ыйык жер») лирикаларында орун алса, туулган жер-акындын бүт каны-жаны кыймылга келтирген чоң кан тамыр сыяктуу бүт тулкусуна сиңген өмүр шериги, таянары, жөлөнөөрү экендиги окурмандын алдына төгүп берет.

Акын мезгил ичинде болгон ар бир окуяга куштарланат, убакыттын учкан куштай тездигине тынчсызданат. Алар жыйнактагы «Келечекке ой жоруу», «Таң берүү», «Аягыла», «Өмүр жөнүндө», «Аргасыздык» жана башка лирикаларында орун алат. Акын «Аягыла» деген ырында өмүрдүн жазы, жайы, күзү, кышы бар экенин айтып келип, жаштыкты жазга салыштырат да, ал эми кыш – карылык экендигин айтат. Жыйнакта ушул ой андан ары тереңдетилип, «Өмүрүмө өтүнүч» деген ырында өмүрдүн кышын баскан соң, адамдын кайрылбай кете беришине өкүнөт, башкача айтканда, өмүрдү токтотуп калууга адам баласы алсыз экенин айтып, өмүрдү ак чач кышка салыштырат.

Бирок, адам баласынын жашоосу узагыраак болушун тилеп, Ж.Садыков ырларында адамдын инсандык касиетине токтолуп, анда чындыкты айтуу, сыр жашырбай ачылуу, ырларынын маани мазмуну боюнча изденип, аны поэзиясында көрсөтүүгө аракеттенет. Ырларында турмуш чындыгын көрсөтүүгө умтулуп ошону менен катар адам баласы кандай шарт болбосун, адам бойдон калуу идеясына басым жасайт:

Адамдарды бөрү кылса заманы,
Менин уулум бөрү боло алабы?
Адамдарды түлкү кылса заманы,
Менин уулум түлкү боло алабы?
Кимге пайда түлкү болуп кеткени,
Элин алдап тийип турса залалы?
Кой, кой уулум алдамчылык курусун,
Адам элек, Адам бойдон калалы.
Айрымдардын ачылганда арааны,
Айдан ачык бөрү болуп калаары.
Айрымдардын ашынганда амалы.
Айдан ачык түлкү болуп калаары,
Кой, кой уулум анткенибиз жарабайт.
Адал бойдон, Адам бойдон калалы!

Акын жүрөгүнүн тазалыгын, бийиктигин, өмүрүнүн аягына дейре туткан жолунан кайтпаган күрөшчүл, тайманбас, элдешпес мүнөзүн да көрсөтөт. Акын Садыков бир катар ырларында бул ойлорун башка өңүттөн карап, адамдардын моралдык, нравалык сапаттарын ашкерелеп, түз жолду тандап, таза жашаган адам гана бактылуу боло алат деген жыйынтыкка келет.

Жыйнакта ойчул акын Алыкулга арналган бир катар ырлар циклы жазылган. Алсак: «Алыкулду эскерүү», «Балалыктан бир сүрөт», «Айыл жактан бир сүрөт», «Иш үстүнө бир сүрөт, «Көл жээгинен бир сүрөт», «Соңку сөз». Бул ырларда чыныгы талант кайсы мезгилде болбосун өз ордун табарын, Алыкулдун акындык тагдырын таасын ачып берет:

“Кайран акын!
…Кайран ага – көсөмүм!
Ар бир башка келет дечи жеке өлүм …
Ал учурда байкай турган ким эле,
Тоодой акын,
Тоодой урап көчөөрүн?

Кайран акын!
… Кайран ага-көсөмүм!
Өттүң эрте бул дүйнөдөн өтөөрүн …
А болбосо «Боз ат минген отуздун»
Минбейт белең андан бери неченин».

Берилген ойдун тереңдиги, көркөмдүк күчү, таасирдүүлүгү, салмагы – мына ушул саптарда – «Тоодой акын, Тоодой урап көчөөрүн»; «А болбосо «Боз ат минген отуздун», Минбейт белең андан бери неченин» – деген сөз курамалар акындын табылгасы.

«Күн энеге өтүнүч» деген ырында акын белгилүү өлчөмдө өз башынан өткөргөн турмуш чындыгын адабий чындыкка айландырууга жетишет:

“Кетпечи, Күн эне кашыман,
Сылачы ак баскан чачыман.
Түнөрүп кабагың ачылбайт,
Түйшүктөр көп өтүп башыман…”

Жалил Садыковдун «Кеч күздөгү мөмөлөрү» окурман журтунун көркөм табитин кандырган, жүрөккө жакын жыйнакка айланып, канча мезгил өтсө да окула берерине ишеним бар.

Жыргал БЕЙШЕЕВА, филология илимдеринин кандидаты, «Кыргыз Туусу», 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий