Александр Македонскийдин мугалими Аристотель болсо, Шер Манастын биринчи тарбиячысы ким болгон?

Же улуу эпостогу баланы эркин тарбиялоо даанышмандыгы

(Башы өткөн санда)

Ал көзүн чоң ачып, айлана-тегерегине салкын кандуулук менен карап, алды-артын ойлоп, бардыгына сары эсеп салып турган киши. Мына ушундай эсепчил мүнөзүнөн улам ал Алтайда 40 миң жылкы күтүүгө жетишип, бай Жакып атанып отурат. Өзгөчө ал Алтай аймагындагы күнкор кыргыз менен «кара курттай кайнаган» үстөмчүл калмак-манжуунун ортосундагы мамилелерге келгенде бөтөнчө сак. Эки ортодо эптеп-септеп сакталып турган ипичке, назик балансты кыргыз тараптын алабармандык менен бузушу кандай кесепетке алып келерин Жакып алдын ала эсептеп көрүп турат. Мына ошондуктан тентек Манас калмак-кытайдын 80 баласын жанагинтип «чымындай жандан түңүлтүп», чыркыратып токмоктоп, тымтыракайын чыгарганда, мунун арты кандай болорун Жакып баласы менен байбичесине төмөндөгүчө өкүрүп-бакырып түшүндүрүп жатат:
«Куу балам, жетет экенсиң,
Капкайдагы түбүмө!
Уулуң бала кырды деп,
Уятты калмак кылбайбы.
Уулум, сенин айыңдан,
Ушул турган кыргызды,
Такыр кырып салбайбы!»

Чынында, бухгалтерчесинен эсептеп караганда Жакыптыкы туура. Ырасында эле, ансыз да шылтоо таппай араң турган каардуу жоо Алтайдагы бир ууч кыргыздын күлүн көккө сапырып, 8 жашар Манасты тирсегинен илип, же «жол үстүнө сүйрөтүп, даңгыттарга жардырып» ташташы толук мүмкүн.

Мына ушундай реалдуу түрдө мүмкүн болуучу кесепеттүү натыйжадан алдын ала сактануу үчүн Жакып кандай да болсо уулунун бейбаштыгын «ооздуктоо» зарыл деген аргасыз логикага келип такалат. Айланадагылардын ушак-айыңынан жана алды жактан күтчү жамандыктан чочулап корккон эсепчил Жакып, уулуна өкүм күч менен чукул чараларды көрүүнүн, Манасты тентек эмес, жөнтөк кылып жолго салуу үчүн таасир кылуунун күчкө таянган буйрукчул-өкүмчүл амалдарын колдонуунун кезеги келип жеткендигин туюнат. Бирок мындай тарбия усулун ишке салууга Жакыпка Чыйырды менен Акбалта жолтоо болушат (бул жөнүндө алдыда сөз болот).

Жогору жакта айтылгандай, ичинде пассионардык энергия кайнап, кызыл чок болуп күйүп, токтоналбай турган Манаска карата Жакыптын күчкө негизделген авторитардык өкүм усулу кызматка чегилсе, ал тентек чүрпөнүн тарбиясы үчүн оң натыйжа берет беле?
Айтмакчы, дегеле тарбиядагы зордукчул-авторитардык амал-усулдун белгиси эмне, колдончу аспабы кандай? Мүнөздөмөсү неде? Айта кете турган болсок, тарбиядагы акимчил-авторитардык стилдин колдонгон мүнөздүү аспабы — бул диктат, буйрук, бир жактуу монолог, тирмийип тиктеген көзөмөл, таңуулоо, басынтуу, мокотуу, баланы субъект эмес, объект катары гана эсептөө, анын өз алдынчалыгына жана эркин ой жүгүртүүсүнө чыдабоо, тейлеп-тескеп башкаруу, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткартуу ж.б. Педагогикалык психология мындай күчкө таянган буйрукчул, текшерип-тескегич, кишиге «керегени басып көктөгөндөй» (Талып Молдо) үстөмчүл мамиле жасаган тарбия усулунун баланы жөнтөк кылмак түгүл, тескерисинче, аны психикалык жактан травма кылып, жан дүйнөсүн жабырлантып, кээде тарбиялануучунун агрессивдүүлүгүн күчөтөөрүн далилдеген. «Эгер баланын кичинекейинде эле коркутуп-үркүтүп, жүрөгүнүн үшүн алып койсо, жалтак болуп чоңойсо, анда ал канчалык алп болбосун, жаратылыш ага канчалык багалчак дене, бука моюн, казан төш, күржүйгөн булчуңдарды бербесин, жаш баатыр жоого каршы айкырып чаба албайт. Анткени «музоосунда сүздүрүп койгон». Музоосунда сүздүрүп койгон макулук сүзүп койгон жандан өгүз болгондо да качып турат» (Б.Исаков, Айкөл Манастын калыптанышы — Б. 2009-ж., 101-б.).

Мына ушул айтылган ойлордон улам маселени кеңитип караган момундай бир жалпы илим корутундусун да кыстырып билдире өтөлү. Социология жана саясаттаануу илимдери административдик-буйрукчул, авторитардык-тоталитардык система узакка орногон мамлекеттерде адамдын мындай бир социалдык тиби калыптанып каларын бир ооздон тастыкташат. Андай адамдык типтин социалдык мүнөзүнүн белгилери төмөнкүлөр: өз алдынча багынычсыз эркин ой жүгүртүүнүн чукактыгы, конформисттик жүрүм-турум, жалтактык, бийлик алдында «ляппай» деп жүгүнүп туруучулук, өз бетинче демилге көтөрүүдөн айбыгуучулук, өзүнө ишенбөөчүлүк, бардыгын чоңдордон үмүт кылуучулук, патерналисттик маанай ж.б. (Бул жөнүндө караңыз: Д.В.Кухарчук, Социология — Москва, 2010-ж., 91-92-б.)

Ушундан улам ой туулат. Турмушта кай бир кырдаалдарда керекчилиги болсо да, бирок, түпкүлүгүндө адамга авторитардык үстөмчүл, өкүмчүл мамиле үй-бүлөлүк деңгээлде болобу, мамлекеттик деңгээлде болобу, айрыкча, таалим-тарбия ишинде баары бир пайдасынан зыяны көп, акыр аягында терс натыйжага алып келе турган кубулуш экен. Демек, «Манастагы» Жакыптын бала Манасты тыюу, «ооздуктоо», «жүгөндөө» жолу менен теске салуу жөнүндөгү педагогикалык логикасын кабыл алуу кыйын. Манаска күч менен акимчилдик кылуу алоолоп жанган отко капыстан муздак суу бүркүп, очокту түтөтүп быкшыткандай, терс натыйжа берип, баланын психикасына доо кетириши же жогоруда психолог-педагогдор айткандай, тетирисинче, анын агрессивдүүлүгүн күчөтүшү, тентектигин ого бетер ашынтышы мүмкүн.

Демек, «Манастан» Жакыптын позициясына карата альтернатива караштырышыбыз керек. Ал бар болду бекен?

Бар демекчибиз. Ал педагогикалык альтернатива Манастын энеси Чыйырды менен Алтайдагы кыргыздардын руханий лидери, Акбалтанын образдарында «жүрөк кагып» турат. Тентектигине териси тырышып, баласына ар качан «капаланып түктүйүп, каарын төгүп үксүйүп» турган Жакыптан айырмаланып, Акбалта Манаска жаркын оптимизм менен карайт. Жакыптын үй-бүлөсүндө алп мүнөздүү, пил мүчөлүү, «көрүнгөндү жуткудай, ажыдаар болсо туткудай» бөлөкчө түрү бар баланын төрөлүшүнөн Акбалта өзүнүн көрөгөч туюму менен кыргыз эли үчүн кандайдыр бир бөтөнчө жакшылык жышаандын келгендигинин белгисин сезип, жайытта жүргөн Жакыпка чаап жетип: «карыганда байбиче, кабылан тапты сүйүнчү! Жоголоордо байбиче жолборс тапты сүйүнчү!», деп барбалаңдап, терисине батпайт. Ушул бала аман-эсен чоңойсо агарып таңыбыз атабы, жаркырап күнүбүз чыгабы деген үмүтү тутанып, Акбалта «киндик кесип, кир жууган, жерди табат экенбиз, паана берип жараткан, элди табат экенбиз» деп чечекейи чеч болот. Ушундан улам Акбалта мындай «ажыдаар болсо туткудай» баланы алды жакта күтүп турган калайык-калктын боштондугунун улуу мүдөөсүнүн урматы үчүн «билбегенин билгизип, туйбаганын туйгузуп», астыртан асырап-сактап тарбиялоо жөнүндөгү чечимге бекийт. Жогоруда айтылгандай, анын бала Манаска жаркын оптимизм менен карап тургандыгынын бир орчундуу мотиви ушундай.

Акбалта балага карата өзүнүн тарбиячы катары педагогикалык мамиле-усулун жана позициясын Манасты алдыда турган элдик боштондук күрөшкө даярдоо максатынан чыгып аныктайт. Акбалтанын тарбия-таалим позициясы — бул Манасты эркин тарбиялоо идеясы. Экинчи жагынан Акбалта мындай тарбия жолун тутунууда бала Манастын өзүнүн сейрек кездешкен кайталангыс жекече өзгөчөлүгүнөн чыгат.

Маселен ал баланы «кабылан» деп атап отурат. Бул ал үчүн жөнөкөй гана көркөм эпитет эмес. Бала Манас Акбалта үчүн чынында эле адамдын кабыланы. Ал эми кабыланга күчүк кезинен тумшугуна кемээч салып, төрт бутуна чынжыр байлап, темир торго камап баккан мамиле жарашабы? Кабылан эркин болгондо гана кабылан болуп өсүп, өзүнүн атын актай алат. Акбалта Манасты тарбиялоо процессинде балага түшүнө билүүнүн жогорку өрнөгүн көрсөтөт. Баланын ченемсиз тентектигинин, «чоң жиндилигинин» анын тышкы дагы ички дагы теңир тартуулаган кабыландыкындай, арстандыкындай ашып-ташкан укмуштуу күчүнөн чыгып жаткандыгын терең туюнуп, Манастын жүрүм-турумуна эсепчил Жакыптын тартипти талап кылган бухгальтериясынын турнабайы аркылуу кароого болбостугун айкын-ачык көрүп турат. Акылман карыя Манасты өзүнө өзүн таандык кылып, жайына койгондо гана, анын ички кудурет-таланты тоскоолдуксуз гүлдөй жайнап ачыларына жана кулунчакты улам жазалап, улам тизгинин кага берүү бала арстандын жан дүйнөсүн туттуктуруп, мизин кайтарып, кызарып ысып турган болот темирди муздак сууга малгандай шаабайын суутуп, ийрин жандырып, кайра чыр, чыргоо тентекке айланышына алып келерине өзүнүн сергек педагогикалык интуициясы аркылуу көзү жетип турат. Ошондуктан Акбалта «Бул тентек Манас баланы, кыргыз бүткөн чогулуп, эркелетип көрөлү» деп Жакыпка кайрылып, жаш Манасты табияты кандай болсо, дал ошондой кабыл алып, аны эркин өстүрүү оюн жарыялап отурат. Жарыялап гана жөн болбой, бул гумандуу идеяны жүзөгө ашырууда активдүү позицияны ээлеп, баланы жазалап жабыркатып, жинкинин кууратуудан коргоп, «эркек бала шок болсун, мал багар уул болгончо, бар болгончо жок болсун», деп Жакыпка насыятын айтып, уулунун тентектигине сабырдуу кароого, өсүп бараткан чүрпөнү өксүтө турган катаал кадамдарга баруудан сак болууга чакырып, «туягынын» келечегине кең акыл менен кароого үндөп, кээде Жакыпты «жылкың менен жерге кир, балам малды чачаар деп, азыр болдуң макулук» деп тилдеп, Манастын шер бала экендигине, эселек эсен болсо, элине өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк болоруна ишендирип, ачуулуу атаны жоошутуп, кайраттандырып, ойлондуруп, жаш «туйгундун» эркин «чабыттап», көңүлү чүнчүбөй, руханий саламатчылыкта жетилиши үчүн элеп-желеп болуп мээнет кылат.

«Маңдайда баргек тынарым, балбылдап күйгөн чырагым!», деп Акбалта Манасты өз баласынан артык көрөт. Патриот карыя үчүн Манас — кыргыз элинин үмүтү. Манас — калк азаттыгына бир келген кайталангыс мүмкүнчүлүк. Бул үмүттү өчүрүүгө, бул мүмкүнчүлүктү өткөрүп жиберүүгө түк акыбыз жок деген терең ишенимде.

Калкынын мекенинен ажырап, кулчулукта калышын өлүмгө тете иш катары санап келген Акбалта («Артыңа колуң байланып, бери карай айдалып, чыккан күнү өлгөнбуз, өлгөн эмей эмне, өңгүрөп өксөп жүргөнбүз») Манастын өмүрүн элдин мындан аркы өмүрү катары эсептеп, «ушул Манас бала үчүн, ажал жетсе өлөлү», деп тобокелге салып, жаш «кабылан» үчүн — боштондуктун үмүтү үчүн тикесинен тик турат.

Акбалта ошол кездеги тарыхый кырдаалдын өзгөчөлүгүн жана муктаждыгын кылдат туюп тургандыгы менен айырмаланат. Кулчулуктан кутулуу жана чачылган кыргыздардын кайрадан биригүү кардарчылыгы, эркиндик үчүн күрөштүн зор жана татаал милдеттери элдик лидердин жаңы тибин талап кылып турган болучу. Ошол кырдаалда өз элинин теңчилигин, азаттыгын талашып, калмак-кытайдын каардуу, кубаттуу империясы менен «азуулашууга» бир жагынан караңгыда көз тапкан гениалдуу, экинчи жагынан эч нерседен тайманбаган, «ажыдаар болсо туткудай, айбаты катуу, заары күч», кара башын тобокелге салган, өлөр-тирилерине карабай, түз качырып кол салган какжал шер гана жарай алат эле. Ошондой эрди Акбалта «күйүп турган чок болуп, мүлдө кыргыз ичинде, кара кытай, манжууда мындай тентек жок болуп» чыккан бай Жакыптын «Чоң жиндисинен» көрүп турат. Ошон үчүн кадырман карыя Манастын жаман тарбиядан улам басынбай, мокобой, жалтанчаак адат күтпөй, ыгы жок кысмакка алынбай, жанагындай жалындаган бойдон, кандан — бектен кайра тартпаган өткүр бойдон (12-жаштагы Манастын калмактын канжарколун жана кыргызды кыйратам деп келген Кочку баатырын тайманбай талкалагандыгын эске түшүрөлү), эркин өсүп чоңоюшуна өзгөчө куштар.

Акбалта бала Манастын тулкусундагы азоо күч-кубат бара, бара акыл менен айкалышарына ишенет. Анын «бул тентек бала оңолот» деп Жакыпка айтканы бекеринен эмес. Манастын бешиктен бели чыкпай жатып эле «кыргыздап» ураан чакырып чыгышы баланын акыл жагынан да оңой эмес экендигин күбөлөп турат.

Акбалтанын Манастын балалык табияты кылдат туюп турган, анын эч кимге окшобогон жеке өздүк бөтөнчөлүгүн терең түшүнүп кабыл ала билген, «жерде жаткан жумуртканын асмандап учкан куш болорун» алдын ала көрө билген педагогикалык керемет касиетинен улам бүгүнкү кыргыздын чыгаан окумуштуу — педагогу Исаак Бекбоевдин төмөнкүдөй бир ою эске түшүп жатат. И.Бекбоев минтип жазат: «Көп учурда биз баланы кандайдыр акылга сыйбаган аракеттерди жасай берүүчү акылы токтоло элек жан катары кабылдайбыз да, аны тезирээк эле акыл-эсине келтирүү керек деп эсептейбиз. Чындыгында бала акылсыз эмес, анын акылы башкача түзүлгөн. Ошондуктан, баланын көз карашында, анын ою боюнча биздин жасап жаткандарыбыздын көпчүлүгү сандырактык болуп саналат. Бирок, эгерде муну түшүнө албасак да, биз эч болбогондо баланын акылга сыйбагандарды жасоого укугу бар экендигин моюнга алабыз». (И.Бекбоев «Педагогикалык процесс. — Бишкек, 2005,ж 19-бет) «Балдардын кыйкырык-чуусу, баш бербегени — бул алардын тарбиячыга, турмуш нормаларына карата түздөн-түз негативдүү мамиле жасаганы дегенди али түшүндүрбөйт. Баланын шумдуктуудай болуп кийинип алганы, же болбосо таңгаларлыктай жүрүм-туруму анын эси жоктугун жана ээнбаштыгын дайым эле күбөлөй бербейт» деген орус педагогу Н.Е. Щуркованын сөзүн да эске түшүрө кетели.

Тарбиячы Акбалта Манастын жаратылышы, акылы башкача түзүлгөндүгүн таанып, анын балалык өзгөчөлүгүн чын жүрөгүнөн урматтап, И.Бекбоев айткандай, анын тентектик кылууга, «акылга сыйбагандарды жасоого укугу бар» экендигин моюнга алып, Жакыптын уулунун тентектигине даанышмандык бийиктиктен кечиримдүүлүк менен, мурутунан жылмаюу менен карап, анын тентектигин балээ катары көрүп, ар бир кыймылынан кыйкым таап, кыбыр этсе, «кыңк» этсе куйкаларын куруштуруп, бардыгына темирдей тартиптин, норманын көзү менен карап, «урушчаак бөдөнөдөй чукчуңдап» турган көзөмөлчүлөрдөн Манасты ар дайым коргоп, энесинен ажайып төрөлгөн баланын жалындаган табиятын зордобой, (азыркыча айтканда, импульсивдүүлүгүн, спонтандуулугун тебелебей) балалыгын кордобой эркин өстүрүп-өнүктүрүүнүн камын күн-түндөп көрдү. Акбалтанын мындай гуманисттик акылман педагогикасы терең урматтоого жана өрнөк алууга татыктуу.

Айтмакчы, Акбалта таалимчинин үлгүсү дүйнөлүк гуманисттик педагогиканын улуу идеяларын эске түшүрүүгө түртпөй койбойт. Илгерки Ж.Руссодон, Я.Коменскийден баштап залкар педагог-ойчулдар таалим-тарбия ишиндеги казенщинага, колу-бутту кенен сундурбаган ар кандай директивалык көрсөтмөлөргө, чүрпөнү чүнчүтүп, кысмакка алган авторитардык-рецептуралык педагогикага дайыма каршы чыгышып, кичинекей адамдын МЕНин урматтоону, баланы балалыгынан ажыратпоону, баланын бала болууга укугун моюнга алууну, анын табияты менен эсептешип, ага мүмкүн болушунча көбүрөөк эркиндик берип тарбиялоону насыятташып, жеткинчектин тула-боюнда бугуп жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн «канат-бутагын» кенен жайып ачылышына шарт түзүүнүн зарылдыгын тастыктап келишкен. Улуу ойчулдарга таазим кылып жатып, башыбызга момундай бир ой келет. Идея туптуура жана улуу. Бирок ушундай улуу гуманисттик педагогикалык философия жалаң эле Европанын табылгасы беле? Биздин оюбузча жок. Мындай педагогикалык гуманизмдин түпкү тамыры батыш менен чыгыштын элдик педагогикасында жатат дээр элек. Акбалта менен Чыйырдынын эркин тарбия философиясы гумандуу педагогиканын башаты алда качан эле «Манастан» башталгандыгын күбөлөйт.

Эми Чыйырды эненин тарбиясына келели. Чыйырды да чүрпөсүнүн тарбиясына кенен карайт. «Көк жал Манас сени мен, күрөш үчүн атадым», дейт даанышман эне. Эне кулунун: «Калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым!» — деп эркелетет.

Баласы Манас Чыйырды үчүн — бүркүт. Айтмакчы, кичинесинен бозүйдүн ичине туурга отургузулуп, томого кийгизилип багылган, тапталган бүркүттүн балапаны чыныгы бүркүт боло алабы? Томого ар дайым тоскоолдук кылып, кендирди кесип турат. Манас — бүркүттү эркин коё берүү керек. Чыйырдынын кызыл чок болуп күйүп турган өрт баланын жаратылышына жараштыра тапкан тарбия амалы ушундай. Бул жагынан Чыйырды Акбалта менен пикирлеш, максатташ, тилектеш. Ошон үчүн Чыйырды Акбалта менен бирдикте Манасты ар дайым ар кандай өчүрүп-өксүтүүчү, кемирип-кесүүчү тартип чараларынан, тарбия «томоголорунан» коргоп, канаттуунун кагуусунан, тумшуктуунун чокушунан, туяктуунун тебишинен сактап, «Кара ала барчындын» эркиндигине кымбат мүлк катары карап турат. Ал Манастын тентектиги түпкүлүгүндө «Телибайдын тентектиги» эмес экендигин, ичтеги жанар тоодой күчтүн булкунуп, баланы чайпалтып, нугунан чыгарып жаткандыгын жакшы түшүнөт. Ал жакыпчылап уулунун тентектигинен трагедия жасабайт. «Бул балаңды тый катын» дегенине моюн толгоп, кайра Жакыпка: «уулум тентек чыкты деп, абышкам, мынча муңайба, кайгырбагын малыңа, кайрат бергин балаңа, аман болсо Манасың, атамдан калган мурас деп, Кең-Кол, Талас жер табат, айланып кыргыз эл табат», — деп жубайлык акыл-кеңешин айтып, «кара ала барчындын» канатын кайыруунун ордуна, кайра ага кайрат берүүгө чалын шыктандыруунун аракетин кылат. «Тентек уулу Манасы, дегеле көзүнө жаман көрүнүп» турган атасын болочокту көрө билүүгө чакырат. Кээде Жакып уулуң «кайнатмак болду шорумду, чечтирмек болду тонумду», деп жер тепкилеп бейжайланганда, Чыйырды «оорсуп калган экенсиң, сен эми өлгөндө көргөн баланды», деп абышкасына булкулдап («бөдөнөдөй кайран көз, бөлөк-бөлөк жаш кетти, карагаттай кайран көз, камчы бою жаш кетти»), тентек Манасты көз жашы менен да коргоп чыгат. Чыйырды эне Бектур Исаков жазгандай «баланы суу жүрөк, коркок, жалтак кылып, жүрөгүн түшүрүп, нервин чагып өстүрүүдөн, оболу момун жоош кылып тарбиялоодон» аябай чочуп турат. Анын акылман натурасы мындай «педагогикага» түп тамырынан жат. Ал Акбалта сыяктуу эле эл-жерин душмандардан коргой турган «эркек бала шок болсун, мал багар уул болгончо, бар болгончо жок болсун» деген ишенимде.

Энеси дайыма баласын көтөрмөлөп «кайраты ашкан жолборссуң, кайнап турган бозосуң» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, кайрат берип, ага психологиялык жагымдуу маанай тартуулап турат. Манастын апасынын мына ушундай тарбиячылык өзгөчө касиетин байкап, Бектур Исаков ал жөнүндө төмөндөгүдөй деп туура жазган: «Кыргыз педагогикасынын кан жолун баштоочу каарман — Чыйырды. Чыйырды — улутубуздун өз кыртышында жаралган, элдик педагогиканын туусун көкөлөтө көтөргөн инсан. Ошол эле учурда аны кыргыз педагогикасынын Умай энеси деп баалоо да аша чапкандык болбойт».

«Манаста» Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок. Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, боз ала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү соонун айдайым» деп, уулуна эбедени эзилип турат.

Бир сөз менен айтканда, Манастын адам катары жаралышында энеси Чыйырдынын күндөй чачырап төгүлгөн мээриминин мааниси ченемсиз.

Кыскасын айтканда, МЭЭРИМ — бул бала тарбиясынын пайдубалында жаткан улуу жаратуучу кудурет. Манас баатырды мээрим жараткан. МЭЭРИМ — кеңири айтканда, кыргыздын залкар педагогу И.Бекбоев жазгандай, «педагогиканын башкы кыймылдаткыч күчү». Мээрим менен тарбиялоо — «Манас» эпосунун улуу гуманистик педагогикалык философиясы.

Жыйынтыктаганда, Чыйырды менен Акбалтанын мээримдүү жана зордукчул эмес (ненасилие) тарбия акылмандыгы, башкача айтканда, экөөнүн баланын кайталангыс жаратылышын кылдат түшүнүп турган жана аны эркин өстүрүүнүн зарылдыгын сергек туюна билген көрөгөчтүгү Манастын инсан жана баатыр катары калыптанышында орчундуу роль ойногон. Алтай жергесинен калмак-манжуунун каардуу Кочку баатырын женген жаш Манасты өз көзү менен көргөн кытайдын Тагылык аттуу тыңчысы Бээжиндеги падышасына кыргыздын жаш баатырынын көрүнүшүн төмөндөгүчө сүрөттөп берет:
«Улук экен, шер экен,
Уйпаланган буруттун
Уулу Манас эр экен.
Манастын түрүн карасаң,
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаачу булуттай,
Каар жүзүнө айланган.
Мунун жүргөнүнөн чаң чыгат,
Добушунан жан чыгат».

Айтыңызчы, бул не деген тарбиянын жемиши? Эгерде кокус Акбалта менен Чыйырды да Жакып менен бир ой-пикирде болуп, туш-тушунан тыйып, чогулуп кысмакка ала беришсе, балким бала Манастын да «ичинде алоолоп күйүп турган жалыны өчүп», ал жүрө-жүрө буураныкындай булчуң күчүнө карабай калмактан жалтанчаак, кытайдан коркончоок, атасы сыяктуу сагызгандай сак, эсепчил, стандарттуу жан болуп калат беле. Бирок тилекке жараша, Акбалта менен Чыйырдынын акылман акыл-эсине жана жан-жаратылышына, дагы айталы, мындай тарбия усулу жат.

Манастын эмелеки Тагылык сүрөттөгөндөй жалтанбаган түрү жана «жүргөнүнөн чаң чыккан, добушунан жан чыккан» мүнөзү Чыйырды менен Акбалтанын баланын жалындап күйгөн жан болумушун жабыр тарттырбаган, тентектигин тебелеп-тепсебей, астыртан акыл-эсин бүчүрлөнткөн, «кабыланды» кабылан бойдон өстүргөн гумандуу эркин тарбиясынын натыйжасы. Алар баланын ичиндеги отун өчүрмөк тургай, кайра факель сыяктуу алоолонтуп жандырышты.

Демек, кыргыздын океандай «Манас» эпосу өзүнүн тереңинде баланы эң жогорку баалуулук (высшая ценность) катары саноо, анын өзүнчөлүгүн урматоо, аны мээримге бөлөп, эркин тарбиялоо аркылуу кулунчактын ички көрөңгө-мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жөнүндөгү дүйнөлүк деңгээлдеги гуманисттик педагогикалык философияны көтөрүп жүргөндүгү менен улуу.

Советбек Байгазиев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий