«Бала кербезди» чыгарыш үчүн карызга баткан үч «апенди» жөнүндө икея

«Бала кербезди» чыгарыш үчүн карызга баткан үч «апенди» жөнүндө икея

Чыгармачыл чөйрөдө ийиндешип жүргөн айрым инсандар болот: кезинде кимиси эмне кылбасын, алардын эмгегинин баркы-баасын билбейсиң деле. Кадыресе жерпенделеринин бириндей тирлик кылып жүрүшкөнсүп эле сезилет алар.

Бүгүнкү заман, бүгүнкү коомдун түрүн карап, кээде жүрөгүң муздайт. Кээде шүгүр дейсиң: жүрөгүңдү жылытып, жүрөгүңө от жаккан айрымдар ушул түрү суук заманда жел тегирмен менен кармашкан Дон Кихот сыңары ыплас дүйнөнүн аруулугу менен жашап жүргөнүнө. Сыягы алар бу дүйнөгө түбөлүк түркүк болбосо да бирок дүйнөнүн түркүгүн солк эткизбей кармап турушат окшобойбу… Дүйнөнү аруулантып аластап тургандар да ошолор болсо керек.

Ушундан улам мен бүгүн үч замандашымдын бейнесин ачып берүүнү эп көрдүм. Үчөө тең балалык аруу дүйнө менен жашап келаткан чыгармачыл инсан. Кезинде үчөө менен тең бирге иштешип, туз даам татышып, жыргалды да, кууралды да бирге тартканбыз. Кепти адегенде кууралынан баштайын: Кууралды «Кербез» деген музыкалык гезитти, кийин журналга айланган басылманы чыгарганда көрдүк. «Кыргыз музыка тарыхында мурда жок саамалыкты биз баштадык» деген «апенди» кыялы менен азгырган Турдубек Чокиевди ээрчип Кыялбек Урманбетов үчөөбүзгө кийинчерээк Гүлмира Эсенгулова кошулду. Ал да жеткен бала кыял болуп чыкты, жедеп бөбөктөрдүн «Ак шоола» деген ыр-бий ансамблинин жетектеп жүрүп баладай баёо мүнөз жан болуп калыптыр. Мына анан «окшошконго мушташкан» дегидей Турдубек Чокиев, Кыялбек Урманбетов, Гүлмира Эсенгулованын ортосунда мен гана аз-аз куулук-шумдукту билген «акылдуу» болгон үчүн үчөөнүн идеясын анча бөлүшчү эмесмин. Үчөөнүн эрмеги башка, менин эрмегим башка…

«Бала кербездин» жарыкка келиши

Үчөө чыкты бир күнү: «Кыргыз тилдүү бала бакча, мектептерде бөбөктөрдү тарбиялай турган бир да китеп жок, биз мектептерге керектүү бир китеп даярдайбыз», – деп. Муну уккан мен четке чыга бердим, «кыргызга мындан башка деле эмгек кылам» деген дымак менен. Баарыбыз итке минген кедейбиз. Эл айлык акысыз иштебейт экен, а биз айлыксыз иштечүбүз. Себеби «Кербезди» алдыңкы басылмалардын катарына кошом деген куру кыялы менен басылма ээси Турдубек Чокиев болгон акчасынын баарын жалаң идеяга жумшап, карызга батып бүткөн кези. Ошентсе да басса-турса үчөөнүн тең санаасы «Бала кербез» деген китепте. Китепти жасалгалоо үчүн профессионал сүрөтчү керек (болгондо да балдарга арналган китепти сүрөтсүз чыгарууга болобу), бирок ошол сүрөтчүнүн гонорарын да төлөп бериш кыйынга туруп, Чокиевге бекер оокат кылып берген киши Кыялбек Урманбетов болгон. Кыялсыз жүрбөгөн Кыялбек байкебиз өзүн өзү минтип сооротчу: «Эгер орус адабиятында Лермонтов акын катары калбаган күндө да, сүрөтчү катарында калмак. Себеби ал сүрөттү мыкты тартчу. Карагылачы, мен да катыра тартып атам. Эгер акын катары калбасам, сүрөтчү катары калайын», – деп карсылдап күлүп, өзү тарткан сүрөттөргө абыдан маашырланар эле…

Албетте, Кыялбек байкебиз ал сүрөттөрдү профессионал сүрөтчүлөрдүн деңгээлинде тартпаса да, биз аны «молодец!» деп далыга таптап, шык берүүгө аргасыз элек. Арийне профессионал сүрөтчү болбой калганы деле жакшы болуптур, кеп балдардын жасалмасыз дүйнөсүн кагазга жасалмасыз түшүргөн кишиде экенин анын эмгектеринен бүгүн байкоого болот. Кептин баары: балдардын жүрөгүнө жакын сүрөттү балдардын өзүндөй тартышта тура. Болгону Кыялбек байкенин балакай кезиндеги сүрөтчүлүк жөндөмү ачылып келатып ачылбай калганы – «Бала кербезди» чыгарууда абыдан керегин тийгизди. Айтор, ошондогу үчөө китепке кирчү ырларды тандап, кээсин орусчадан которуп, сүрөтүн чийип, жасалгасын талкуулашып түнү менен редакцияда калат, а мен бойдок болгондуктан түнү бою кыз-келин уулап кетем. Маянабызды убагында бербейсиң деп Чокиевге менден башка киши тултуйчу эмес. Ошентип тултуюп жүрүп «Бала кербезди» даярдоого кенедей кол кабыш кылган эмесмин.

Эң кокую, «Бала кербез» бүткөндөн кийин башталды. Чокиев Билим жана илим министрлигинин эшигин жыртып, китепти жарыкка чыгарууга акча издеп убара болгону. Акыры ошол кезде «Учкун» басылмасын жетектеп турган Шайдин Исаков «Бала кербездин» 100 миң нускасын карызга чыгарып берип, бул карыздан кутулуу үчүн Турдубек Чокиевдин ичкени ирим, жегени желимге айланган. Бирок канткен күндө да Чокиев ошончо карызга батканы менен тарых үчүн опол тоодой эмгек жасаганын калыстык үчүн айтпай кетүүгө болбойт. Ошол тобокелчиликке барганы – билим берүү тармагындагы агартуу ишине эң керектүү китеп болуп, 15 жылдан бери «Бала кербез» мектептердин сүймөнчүлүгүнө айланды. Азыр мектептерде «Алиппеден» кийин эле балдардын сүйгөн китеби «Бала кербез» экенин ар бир ата-эне билет. «Бала кербездей» бөбөктөр сүйгөн таберикти чыгаруу акыркы жыйырма жылдан бери керек болсо Билим берүү министрлиги менен өкмөттүн да колунан келген жок.

Бүгүн эми ошол «Бала кербезди» издебеген киши жок, кыргыз мектептер түгүл орус тилдүү мектептерде таңсыкка айланып, пираттык жол менен басып чыгарып «оокат» кылгандар көбөйгөнүнө Чокиев бүгүн бир эсе күйүнүп, бир эсе сыймыктанып жүрөт.

Поэзия менен башталган иш план

Бир күнү Турдубек байкебиздин мурду барбайып, бир орунга туралбай калганын сездик. Редакцияда Кыялбек байке экөөбүздөн башка жан жок. Тукебиз ага чейин Гүлмира Эсенгулованы оозунан түшүрбөй калган. Биз анда ал экөөнүн чыгармачылык алакасынан башка эч нерсени ойлобосок керек. Ал күнү чычайып кийинип да алыптыр, шымынын кыры бычак мизиндей: мууздап кете турган. Мойнунда биз көрбөгөн галстук. Ага чейин шефибизди анчалык сылаңкорооз деп ойлогон эмеспиз, ал эмес күзгүгө каранбаган кишидей туюлчу. Бир убакта «адамга карыганда сүйүү келет деген ушул экен… Бүгүн Гүлмира экөөбүздүн «свиданиебиз» болот» дегенине Урманбетов экөөбүз ишенип-ишенбей катып калдык. Ал күнкү «свиданиесине» шашылыш кетти да, эртеси күнкү иш планыбыз күндөгүдөй эмес, таптакыр башкача башталды. Качан болсо оозунан иш жөнүндө гана план жаңырган редакторубуздун оозунан бермет шурудай поэзия чубуруп турду. Кайсы бир мыкты акындын арзуу саптарын жаттап алган экен десек, Кыялбек байке экөөбүздүн оозубузду ачырып, «бул саптарды өзүм жаздым» дебеспи.

Сөздүн кыскасы, ошондон көп өтпөй, экөө үйлөнүп алды. Үйлөнгөнгө чейин Турдубек байкебиз Эсенгулова менен бир түтүн булатыш үчүн катуу желпинди. Экөө тең өз бактыларын тапты. Жогоруда иштин кууралын кеп кылып тажаттым эди, эми жыргалын кыстара кетээрим ушул: ошондон бери кармашкан колдору ажырабай, «Алтын уя» аттуу буга чейин кыргыз музыка тарыхында боло элек опереттону авторлош болуп жаратып салышты. Турдубек Чокиев бүгүн 60ка, Гүлмира Эсенгулова 50гө толуп отурат. Куттуктайбыз!

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 12.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий