Кыргызстан Кытайдын экономикалык эмес, маданий таасиринен коркот

Айрым серепчилер, кытайдын экономикалык үстөмдүгүнөн дагы маданий экспанциясы кооптуу экенин белгилешет. Кытай соңку кездери Кыргызстанда бир катар билим берүү, агартуу долбоорлорун ишке ашырып, таасирин күчөтүүдө.

Кытай тарап Бишкекте кытай тилин тереңдетип окуткан мектеп ачуу ниеттин билдирип, мунун кыргыз бийликтери колдоого алган эле.

Кытай тилин окуткан курсттар Бишкекте жыл санап көбөйүүдө. Барган сайын кытай тилине болгон суроо-талап күч алып, англис тилинен кийинки эле орунга чыккан. Көпчүлүк бул тил менен келечегин байланыштырат дейт Бишкектеги тил үйрөтүү борборунун өкүлү Зулфия:

“Бизде көпчүлүгү студенттер. Алар Кытайга кетүү үчүн тил үйрөнүшөт. Мындан тышкары соода тармагындагылар, кытай компаниялары менен иштешкендер келишет. Азыр керек болсо кээ бир жумуштарга сөсүз түрдө кытай тилин билген адисттер талап кылынып калбадыбы”.

«Мен бул жакта калгым келет. Анткени бул жакта өзүндү эркин сезесиң. Кытайда болсо киши көп, ал жакка кайра баргым келбейт. Азыр бул жакта кытайлар аябай көбөйдү. Көчөгө чыкканда көп эле көрөм»

Ше Юте

Ше Юте мырза кыргыз жаштарын кытайча сүйлөтүүдө. Ал азыр Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде студент. Кыргызстанда кытайлар көбөйүп жатканын айтат:

“Мен бул жакта калгым келет. Анткени бул жакта өзүндү эркин сезесиң. Кытайда болсо киши көп, ал жакка кайра баргым келбейт. Азыр бул жакта кытайлар аябай көбөйдү. Көчөгө чыкканда көп эле көрөм”.

Чынын менен эле кытай тили, кытай жүзү кыргыздарга өөн учурбай бара жаткандай. Кытайлык ССТV каналы Кыргызстанда орусча сүйлөп, кытай ашканасы, кытай медицинасы кеңири жайылууда. Билим берүү жаатында ири долбоор иштеп, жогорку окуу жайларда кытай таануу факультеттери бар.

“Маданий экспанция экономикалык үстөмдүктөн алда канча опурталдуу. Бүгүн кытайлашып жаткан кыргыз жаштары эртең эле саясатка аралашып, жер орто державанын кызыкчылыгын жакташы мүмкүн”, — чыгыш таануучу Айзатбек Бешов.

«Маданий экспанция экономикалык үстөмдүктөн алда канча опурталдуу. Бүгүн кытайлашып жаткан кыргыз жаштары эртең эле саясатка аралашып, жер орто державанын кызыкчылыгын жакташы мүмкүн»

Айзатбек Бешов

Соңку жылдары ошондой эле миңдеген кытайлыктар Кыргызстанга агылып келүүдө. Айрымдары кыргызга күйөө бала болуп, Кыргызстандан түбөлүк орун-очок алууда.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда чет элдик мигранттарга бөлүнгөн он жарым миң жумушчу орундун дээрлик алтымыш пайыздан ашуунун кытайлыктар ээлейт.

Бирок эркин эксперттер Кыргызстандагы кытайлардын саны 250 миңге жеткенин айтып, керек болсо жакынкы келечекте Борбор Азиядагы кытайлардын саны сегиз миллионго жетээрин болжошууда.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы, 08.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий