Улуу күчтөр менен кыялды канат кылган жазуучу

“Дүйнөдөгү улуу күчтөрдүн эң улуусу-адамдын ой жүгүртүүсү. Ал эми эң учкулу-кыял. Ушул экөөнү бел кылып алып чыгармамды жаздым”, – дейт эл жазуучусу Казат Акматов.

– Акыркы жылдарда кыргыз адабиятына “Архат” романы аркылуу ийгилик алып келген, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Казат Акматовдун 70 жаш кутман курагына арналган маараке салтанаттары улуттук адабияттын майрамына айланды. Залкар жазуучунун чыгармачылыгы советтик система менен эгемендүүлүк аталган эки доорду баштан кечирген, болгондо да демократиянын желаргысын өзү баштап келген тарыхый күндөрдөн кабар берет.

Учурунда ал Кыргызстан демократиялык кыймылын баштап, тең төрагалардын бири экендигин коомчулугубуз жакшы билет. Ооба, аты Казат аталгандай жетимчиликтин запкысы менен чоңойгон, таланттуу жазуучунун өмүр жолундагы татаал ашуулардан өткөн кыйынчылыктар, жазуучунун майтарылбас эрки, кажыбас кайраты жана Кудай берген өнөр көрөңгөсү чыгармачылык менен саясатта тизгиндеш келип, турмуштук далай чоң казаттарды жеңип келип, элдик тагдыр тапкандыгы тууралуу жазуучунун замандаштары, калемдештери сыймык менен айтып келишет.

Комсомолдун шинелинен өсүп чыккан Казат Акматовдун алгачкы чыйыры жооптуу кызматтардан башталды. 1970-жылдардын башынан 2000-жылдарга чейинки өлкөбүздүн башынан өткөн тарыхый окуялар менен канатташ жолдо “Кыргызстан” басмасында башкы редактордун орун басары, Кыргызстан КП БКнын сектор башчысы, телерадио комтитетинде улук редактор, Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик символдорду даярдоо комитетинин төрагасы, Президенттик Кеңештин мүчөсү, алгачкы демократиялык кыймылдын уюштуруучусу, теңтөрагасы, Кыргыз эгемен мамлекетинин Коомдук палатасынын төрагасы, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары кызматтарын аркалап келди.

Бирок, чыгармачылык Казат Акматовдун жүрөгүн ээлеп алган шыбагасы эле. 1971-жылы “Бала издеп жүрөм” аттуу аңгемеси “Литературный Кыргызстан” журналына чыккандан баштап узанып келет. “Эки сап өмүр” повести орус тилинде “Роман газетага” чыккандыгы союздук деңгээлде окурмандарга атын тааныткан. Ал чыгарма СССР Жазуучулар союзу менен ВЛКСМ Борбордук Комитетинин Островский атындагы сыйлыгына татыган.

“Мезгил” романы аркылуу кыргыз адабиятына романистикадагы жаңылык алып келген чыгарма катары окурмандардын табитин тарткан. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок саясый жалаа жабылуу менен сыйлык берилбей калган. Бирок, бул сыйлык К.Акматовдой таланттуу жазуучуну акыры өзү издеп таап, бир нече жылдардан соң “Архат” романына тапшырылды. Бул роман тууралуу чыгармачыл чөйрөдө кеңири талкуу болду. Конференция­лар өтүп, белгилүү жазуучулар, сынчылар, окумуштуулар чыгарманын жаңычыл көркөмдүк бийиктиги тууралуу ойлорун ортого салышты. Дүйнөлүк классика болуп түбөлүк өмүр менен жашап калган “Фауст”, “Дон-Кихот”, “Кыямат”, “Кассандра тамгасы”, “Доктор Фауст”, “Бесы”, “Бир тууган Карамазовдор” ж.б. атактуу чыгармаларга салыштырышты. Автор жаңы теманы алып чыгып, кайып дүйнөнүн филосо-фиялык сырын ачып, көркөм чыгармага айландырган. Аны кайрадан автор орус тилинде жазып чыкты, ал англис тилине которулуп, дүйнөлүк окурмандарга жетти. Кыргыз Рес­публикасынын Өкмөтү тарабынан “2007-жылдын бестселлери” деп табылды.

Буга чейин Казат аганын ондогон китептери жарык көрүп, кыргыз журтчулугунун сүймөнчүгүнө айланган. Алардын арасында “Мунабия” окурмандарга Айтматовдун “Жамийласынын” деңгээлиндеги прозадагы ырдай кабыл алынганы чындык. Бул чыгарма тууралуу пьеса, киносценарий да жазылды. Онго жакын китептери орус жана башка тилдерге которулган. Бир нече пьесалардын, киносценарийлердин автору.

Сөз чебери, атактуу жазуучу Казат Акматов 70 жаштын сыйлуу төрүндө кыргыз элинин чыныгы уулу катары урматка бөлөнгөн чагы. Эч качан отставкага чыга албай турган иш-чыгармачылык экендиги ырас. Казат Акматов дагы кыргыз элине жаратып бере турган чыгармалары алдыда.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий