«Хакасияда «Кыргыз жерин» ырдаганда залдагылар бүт ордунан турушту»

Биз Хакасияда сапарда жүрүп, байыркы кыргыздардын баскан изин көргөндөй жер кыдырып, Эне-Сайдын боюнда эс алдык. Андагы Кыргызстандан барып иштеп жүргөн жердештер менен жолугуштук, алардын турмуш шарты менен тааныштык. Алардын арасында жалаң гана иш менен эмес, тарыхка кызыгып, материал жыйнап жүргөн Мамырбек Садыков деген жигит менен аңгеме-дүкөн курдук, төмөндө аны окурмандарга сунуштайбыз.

– Мамырбек, бул жакка келгениңе канча жыл болду, өзүң Кыргызстандын кая­гынансың?

– Эки жарым жыл болду.Өзгөндөн болом. Буга чейин 8 жыл Красноярскиде иштеп келгем. Бул жакка келгенимдин себеби, өзүм тарыхчымын, тарых жагынан изилдеп, китеп жазсамбы деген элем. Кесибим боюнча маалымат топтоп жатам.

– Чыгармачылыкка оосомбу деген турбайсыңбы? Абаканда жашаган калкты да изилдеп жатасыңбы?

– Секинден изилдеп баштагам. Абакандын калкынын 81%ын орус­тар түзөт. 12%ы гана хакастар, бул акыркы жылдардагы статистика боюнча.

– Иштеп келген кыргыздар көппү?

– Эки жыл мурунку маалымат боюнча мында 8000дей кыргыз келип иштеп жатышат.

– Соода иштерин жасайсың-бы?

– Ооба, бирок сооданын психологиясын үйрөнө албай жатам, баа­ры бир кесибим башка экендиги билинет экен. Кыйналган мен сыяктуу кыргыздарды көп көрдүм. Ошолордун идеяларын чогултуп, кыргыздын менталитетине ылайык китеп жазайын дедим. Азырынча иштерим чачкын болууда, толук топтогондон кийин олуттуу киришем деген максатым бар.

– Красноярскиде бир топ жыл болуптурсуң, ал жактан да изилдөө иштерин жүргүзө алдыңбы?

– Красноярскиде бул жактагыга караганда психологиялык кырдаал оор. Дайыма, биздейлерди “черный” деп бөлүп турат. Ошон үчүн да ушул жакка келдим. Тарыхый жерибиз. Бир жерден экинчи жерге көчүп келиш кыйын экен. Ошого карабай үй алдым. Турмуш-тиричиликтеги маселелер да алыс­та жүргөндө ойдогудай чечилип турбаса, илим иштерин деле иштей албайт экенсиң. Эми, Кудайга шүгүр, шарт түзүп алдым.

Бир уул, бир кызым бар.

– Балдарды кыргыз тилинде сүйлөтөсүңөрбү же окуганына жараша орусча сүйлөп көнүп калыштыбы?

– Мен улутчулмун, эже. Анын үстүнө кыргыз тарыхын изилдеп жүрсөм, кантип балдарды орусча эле сүйлөтүп коё алам. Кыргыз тилин унтуп калбаса экен деп үйдө кыргызча сүйлөтүп, “Манас” эпосунан да окутуп, үзүндүлөрүнөн жатка үйрөтөм. Бирок өзүбүз иште көбүнчө орусча сүйлөшөбүз. Кайсы тилде нан чыкса, ошол тилде сүйлөйт экенсиң.

– Тарыхчы болсоң, бул жерде кыргыз тарыхын мыкты жазган окумуштуу Бутанаев бар, кесиптеш катары кабарлашып турсаң керек?

– Ооба, Бутанаев менен таанышып, иштешип калдым. Бири-бирибиздин мүнөзүбүз туура келип калдыбы, мамилебиз жакшы болуп кетти. Ал азыр Хакасия мамлекеттик университетинде археология жана этнология кафедрасынын башчысы болуп иштейт. Бүгүнкү күндөгү хакастардын интеллигенциясынын күчтүү өкүлү. Аны менен орус бийлиги да эсептешет. Улуттук маселелер болгондо бийлик ушул кишини угат. Орду, салмагы бар киши.

Эки жылга жакындап калды, бул жердеги театрда 65 жылдык мааракеси өттү. Ошого мени чакырып калды. Диаспорабыздын жетекчиси Азиз Чериков менен дагы бир аксакалыбыз кошулуп бирге бардык. Баягы эле салтыбызды сактап кыргыздын ак калпагы менен кементайын кийгиздик. “Кыргыз туугандарым келишти, булар ушундай салттуу, сыйкор, меймандос” деп кубанып калды.  Биз куттуктоо сөз сүйлөп, жакшы тилектерибизди айттык, эми шарт ошондой да. Анан күтпөгөн жерден Бутанаев айтып калды: “Мамырбек, кыргыз ырларынан ырдачы!” – деп.

Биринчи абдан кыйын абалда калдым. Негизи түзүк деле ырдап жүргөн эмесмин да. Бутанаев да өзү кыргызчаны жакшы билет, таза сүйлөйт.

– Виктор Яковлевич, мен сиздин мааракеңизде абдан көп жакшы сөздөрдү, жакшы тилектерди айткым келет. Сиз үчүн эмне тапшырма болсо да аткарам, ырда десеңиз ырдайм. Сизди буга чейин окумуштуу катары гана билип, урматтачумун. Көрсө, сиз идеолог да турбайсызбы, – дедим. Себеби, Хакасиянын сөздүгүн Манжурияга чейин барып, кыдырып, сөз чогултуп жүрүп, ушул киши түзгөн да. XVII кылымдын аягында манжурлар-калмактар булардын бир бөлүгүн чапкан. Кыйындарын жок кылышып, бей-бечаралары калган дешет. Ошол жакта сакталып калган сөздөрдү алып келген экен, сөздүк түзүү үчүн. Көп сөздөрү биздин тилге эле окшош. Мисалы, хакастарда биздин Ноорузга окшоп кеткен жаз майрамы бар. Өздөрү аны тунпайрам деп аташат. Ал майрам дегени. Хакастар биздеги “б” тыбышын “п” менен алмаштырып сүйлөшөт. Мисалы, баланы – пала, буканы – пука, булутту – пулут ж.б. сөздөрүн көп мисал кылсак болот. Анан, мен ошондо мындай дедим:

– Виктор Яковлевич, сиз чоң тарыхчы-окумуштуу, идеолог, жаңыртуучу экенсиз. Сиз кыргыз тарыхы үчүн көп эмгек жасадыңыз, аны кыргыз эли эч качан унутпайт, мен кыргыз элинин атынан ыраазылык билдирем, – деп койдум.

Муну укканда абдан сүйүнүп калды да, мени кыргызча ырдатуу­га дагы суранды. Анан ойлодум, Кыргызстанды даңазалаган, кадимки Саламат Садыкова созуп ырдап жүргөн “Кыргыз жери” деген ырды ырдайын дедим да баштап койдум. Бир маалда:

“Сулуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,
Улуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн!”

– деген жерине келгенде карасам залдагылар бүт ордунан туруп калышса болобу. Мен андан бетер толкунданып кеттим да ого бетер токтобой ырдап калдым. Бир ырдагым эле келет, кызык сезимге кабылдым да ошондо. Көрсө, алар Саламат Садыкованы да билишет экен. Анан Геннадий Константинович деген актерго жолугуп калдым, ал биздин “Ак илбирстин тукуму” деген кинофильмде ойроттордун башчысынын жардамчысы болуп ойногон экен. Светлана Чаптыкова деген аялы экен, Хакасиянын эл артисти. Ал үч кыргыз фильмге тартылгамын деди. Кыргызга боор тартып турушат экен.

Ошо Гена тойду алып баруучу болгон. Сөз берип жатып айтып калды: “Азыр кыргыз урпактарынын атынан физика-математика илиминин доктору Сергей Михайловичке сөз берилет”, – деп калды. Көрсө, ушу тапта дагы кыргыз деген уруу бар экен, тигил киши ошол кыргыз уруусунан келген өкүлү экен.

– Бутанаевди ал жердеги кыргыздар билишет бекен?

– Албетте, билишет, мамилелешип турушат. Ошол 65 жылдыгына кыргыздар жакшы жардам берди.

– Чет жерде жүргөн кыргыздарда жамандык-жакшылыктарда улуттук салттар унутулбай, колдонулабы?

– Бул жерде Кыргызстандагыдай эле салттардын баары колдонулат. Той-тополордо чогулмай, ырым-жырымдарды жасамай, катташмай ж.б. көп салттарыбыз унутулуп калган жок. 70-80-жылдардагы Бишкек шаарын элестетсе болот. Жакшы жер.

– Кыргызстанга кайтуу ойлондурабы?

– Албетте. Бирок Кыргызстанда дагы эле абал туруктуу болбой жатат. Эгер бийлик элдин талабындай мыкты, бекем болуп турса, бул жакта жүргөндөрдүн көбү кайра эле тууган жерге кайтсак деп турушат.

Мен китеп жазуудан аксап жатам. Идеям мындай, эмне үчүн кыргыз массалык түрдө жерин таштап чыгып кетти деп жооп издейм. Ошол эле мезгилде Кыргызстанда башка улуттардын өкүлдөрү барып иштеп, бизге караганда жакшы жашап жатышат. Биз эмне үчүн өзүбүздүн жерибизге батпай башка элдин жеринде көз каранды болуп иштеп жүрөбүз? Ушул суроо мени көбүрөөк кыйнайт, тамырын издеп көрдүм. Биздин кыргыздар көчмөн эл болуп жүрүп капиталисттик элементтерди билбейбиз, соодага үйрөтпөптүр, өнөр үйрөтпөптүр улуу муундагылар бизге. Баарыбызды чоң болот деп жапырт чоң окуу жайларга окутуп, бүтүрө бериптир да бир мезгилде. Мисалы, күндө эксковатор, трактор, бульдозер айдаган адистерге жарыя чыгат. Мен тарыхчымын, ал иштер колдон келбейт.Ошондой өнөрлөрдү кесип катарында балдарга үйрөтүш керек экен.

– Тууган жерди сагындыңбы?

– Аны айта көрбөңүз, жүрөгүбүздө Кыргызстан жашайт да, ар дайым сагыныч менен жашайм, эже. Андан көрө бизден Кыргызстанга, улуу-кичүүнүн баарына, “Кыргыз Туусу” гезитинин жамаатына салам айта барыңыз.

– Болуптур, ишиңер ийгиликтүү болуп, жогорудагы айткан чоң максаттарга жете бер.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 13.11.2012-ж.

Соц тармактар:

«Хакасияда «Кыргыз жерин» ырдаганда залдагылар бүт ордунан турушту»: 1 комментарий

  • 16.11.2012 в 17:45
    Permalink

    Соонун интервью алып чыгыпсыздар, рахмат сиздерге! Мамырбек байкедей изилдоочу, адамдык сапаты бийик жана патриот адамдар коп болсо экен тилеймин…

    Ответ

Добавить комментарий