Өзгөндө ислам аалымы Ахмед Серахсинин күмбөзү

Серахси Өзгөндө 14 жыл зынданда жатып, оозеки шакиртерине айтып берип, ислам маданияты, филоссофиясы, адам укугу туралуу 30 томдук китеп жазган дейт окмуштуулар.

Кыргызстандын Өзгөн аймагында биздин замандын 11-кылымында жашап өткөн түрк-ислам дүйнөсүнө белгилүү укукчу жана аалымы Ахмед аль Серахсинин күмбөзү табылып, атайын архитекторлордун эмгеги менен кайрадан чоң күмбөз болуп жаңыртылды.

Серахси Өзгөндө 14 жыл зынданда жатып, оозеки шакиртерине айтып берип, ислам маданияты, филоссофиясы, адам укугу туралуу 30 томдук китеп жазган дейт окмуштуулар. Жүздөгөн жылдар боюу изиделип келген бул күмбөз мындан беш жыл мурун студент кыздын жардамы менен белгилүү болуп кийин түрк-кыргыз изилдөөчүлөрү таап, далилдеп чыгышкан.

Түркиялык окмуштуу Мехмет Гермез:

-Жалпы кыргыз эли менен биргеликте биз улуу ислам аалымы Серахсинин күмбөзүн ачып олтурабыз. Мындан 1000жыл мурун жашап өткөн бул инсандын эмгеги азыркы күнгө чейин күчүн жогото элек. Серахси зынданда жатып, күндүн ийнедей да жарыгы жок караңгылыкта жатып, жараткан эмгегинин нуру азыркы күнгө чейин ислам дүйнөсүнө жарыгын берип келатат. Өзгөндөн аны сөөгү койулган жер табылып келгенибизде ал кичинекей дөбөчө болчу. Эми бул жер кеңейтилип, күмбөз болду. Бул баарыбыздын милдетибиз эле деп эсептейм.

Серахси 1009-1090-жылдары жашап өтүп, ал өмүрүнүн акырын Өзгөндөгү зынданда өткөрүп, 14 жыл боюу шакирттерине оозеки кыйкырып жаздырып олтуруп, чоң эмгек жараткан экен. “Ал эмгеги азырга чейин чоң мектеп болуп келатат”-деп айтып берди Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев.

Өзгөндөгү тарыхый жайлардын бири 1112-жылы курулганы такталган. Экинчиси 1187-жылы тургузулган экен

-Дүйнөдөгү исламдын өзөгү болгон, айрыкча имам Аззам Абу Ханифа мектебинин эң чоң

маалымат китеби “Мабсут” ушул Өзгөндө жаралгандыгын билчүбүз. Ал китептин аягында ал өзү кайсыл зындан, кайсыл аймак экенин жазып кеткен.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, Серахсинин эмгектерин чечмелеп айтып берүүдө:

-Ислам дүйнөсүндө эки улуу инсан болсо, анын бири Ахме́д Ясави, экинчиси имам Серахси. Серахси Өзгөн шаарында жашап, жергиликтүү бийликтин туура эмес иштерине фетва (өкүм) чыгарганда зынданга ташташкан. Ал зынданда жатып, зындандын үстүндө турган шакирттерине оозеки кыйкырып айтып берип, 30 томдук эмгек жазган. Ал эмгектери ислам маданияты, укугу жөнүндө, чечмелеп, анализдеген. Бүгүн Американын, башка өлкөлөрдүн адам укугу жөнүндө декларациялары жазылып турган учурда, ал киши ошол учурда бул маселеге кайрылган илимпоз. Түрк боордоштор Серахсинин күмбөзүн миң жылдар боюу издеп келген. Бул күмбөз мындан беш жыл мурун студент кыздын жардамы менен белгилүү болуп кийин түрк-кыргыз изилдөөчүлөрү таап чыгышты. Имам-Ата мазары Өзгөндө жайгашкан деген маалымат кийин такталган. Мына азыр кайра бул жай жаңыртылыды.

«Өзгөн бир эле Караханийлер мамлекетинин борбору болбостон, кезинде ислам маданиятынын, илим-билимдин да борбору болгон»

Серахсинин эмгектери кыргызстандыктар үчүн анчейин тааныш болбогон менен ислам дүйнөсүндө өзгөчө орду бар дейт окумшутуулар. Эми бул анын күмбөзү турган тарыхый жайга келген зыяратчылар санын арттырат деп айтышууда.

-Өзгөн бир эле Караханийлер мамлекетинин борбору болбостон, кезинде ислам маданиятынын, илим-билимдин да борбору болгонун айгинелеп турат. Демек, Серахсинин эмгегин окуган, баалаган миңдеген мусулмандар бул жерге келип зыярат кыла турган, керемет жайга айланып олтурат,-деди Каныбек Исаков.

Ахмед аль Серахси өтө күчтүү эс-тутуму, жөндөмдүүлүгү менен таанылган экен. Ал азыркы мезгилдеги Мерв жана Мешхед шаарларынын ортосундагы Түркмөнстан менен Ирандын чекарасындагы, өткөн кылымдарда Хорасан эсептелген Серхас аймагында 1009-жылы туулгандыгы такталган. Бирок өмүрүнүн көп бөлүгүн Фергана өрөөнүндө, анын ичинде Өзгөндө өткөргөн экен.

Өзгөн шаары Кыргызстандын аймагында эң байыркы шаарлардын бири эсептелет. Ислам динин Борбор Азияга жайылткан деп айтылып жүргөн 10-13-кылымдарда жашаган Караханийлер мамлекети учурундагы бир топ тарыхый имараттар Өзгөндө биздин күндөрдө да күнү-күнкүдөй сакталып турат. Өзгөндөгү тарыхый жайлардын бири 1112-жылы курулганы такталган. Экинчиси 1187-жылы тургузулган экен. Өзгөндөн табылган Серахсинин күмбөзү Түркия тарабынан каржыланып, жаңыртылганын белгилеп кетсек болот. Кыргызстанда бул сыяктуу тарыхый жайлар, тарыхый эстеликтер көп болгон менен аны сактоо, аны жандандыруу жагы колго алынбай келатканын айткандар көп.

Айбек Абдылдаев, Би-Би-Си Кыргыз кызматы, 09.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий