Лу Синь. А-кьюнун чыныгы тарыхы

ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турган Лу Синь (1881-1936-жылдар чыныгы аты Чжоу Шужэн) – азыркы кытай адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, кытай адабиятында эпикалык кичи жанрды өнүктүргөн жазуучу, акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Ал солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан Мао Цзедун өмүр өткөнчө Лу Синдин күйөрманы болгон. 1909-жылы өзүнүн бир тууга-ны экөө «Чет элдик аңгемелердин” эки томдугун Токиодо басмадан чыгарып, ага А.Чеховдун эки аңгемесин («В усадьбе», «В ссылке») киргизген. Лу Синди орус синологдору А.П.Чеховго окшоштурат.

1996-жылы корголгон Ван Дандын «Чехов и Лу Синь: историко-генетические и типологические аспекты» аттуу диссертациясында мындай салыштыруу бар: «Россияда Лу Синди кытайлык Чехов атагандар бар, алардын чыгармачылыгындагы жана адамдык тагдырындагы окшоштуктар таң каларлык: экөө тең медицинадан адабиятка келген реалист-жазуучулар, экөө тең жөнөкөй адамдардын керемет образын жогорку чеберчиликте жараткан, кыска сюжеттүү аңгемелерди жазышкан, кылдат психолог болушкан; экөө тең иронияга жакын, сюжеттик лаконизмди сүйгөн. Ал гана эмес, экөө тең учук оорусу менен ооруган». Лу Синь 1918-жылдан башталган «кытай адабиятындагы революцияга» катышып, «Жаңы жаштык» аталган журналга Лу Синь деген жашыруун ысым (өз энесинин фамилиясы) менен чыгармаларын жарыялай баштаган. Лу Синге натуралисттик-импрессио-нисттик сатира таандык. Анын «А-кьюнун чыныгы тарыхы» (А Q Чжэнчжуань), чыгармасы – ханзу элинин жан дүйнөсүн чагылдырган, ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабиятта жеткен бийиктиктердин бири эсептелет.

Анда, урматтуу окурман, тогуз кыска бөлүмдөрдөн турган бул аңгеменин «Киришүүсү» сиздин назарыңызда.

Мына бир нече жылдан бери А-кьюнун чыныгы тарыхын жазганга камданып, бирок аны аткарганга даабай келем. Ушунун өзү менин «өз сөзүнө темирдей бекем турган» адамдардан эмес экениме далил. Турмушта боло келчү мындай нерсе бар: өлбөстүктү өлбөс-өчпөс калем жазат; өлбөс чыгарманын касиети аркылуу адамдар өлбөстүктүккө жетишет; өлбөс чыгарманы өлбөс адамдар гана жарата алат. Эми ким кимге көз каранды экенин, эмне эмнеге байланыштуу экенин эр болсоң, түшүнүп ал. Ошентсе да, А-кьюнун өмүр баянын жазуу үчүн калем кармоого мени шайтан сайып туруп алды.

Бирок, мен бул утурумдук баянымды жазуу үчүн калемимди колго аларым менен колдон келбес кыйынчылыкка кабылдым. Биринчи – баян­ды кандай атоону билбей кыйналдым. Илгери эле Конфуций айткан: «Эгер туура аталышты таба албасаң, сөздө күнөө жок». Буга өзгөчө көңүл бурууга туура келет. Өмүр таржымалды баяндоону максат кылган эмгек үчүн аталыштар деле жетиштүү: өмүр баян, расмий өмүр баян, автордук өмүр баян, жеке өмүр баян, расмий эмес өмүр баян, кошумча өмүр баян, үй-бүлөлүк өмүр баян, кыскача өмүр баян; өкүнүчтүүсү алардын бири да менин баяныма туура келбейт. «Өмүр баянды» алсамбы? Ага менин баяным арзыбайт, анткени мен аны улуу адамдардын өмүр баяны менен катар коё албайм жана ал династиялык тарыхка да кирбейт. «Автордук өмүр баян» дегенге да болбойт, себеби мен А-кью эмесмин да. «Расмий өмүр баян» же «расмий эмес өмүр баян» да жарабайт. «Расмий эмес өмүр баян» адатта ыйык кишилерге жазылат, менин А-кьюм таптакыр ыйык эмес. Жөн гана «Расмий өмүр баян» дейин десем, А-кью Республиканын Президенти жарлык менен бекемдечү мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон эмес. Англиянын тарыхый летописинде «оюнчулардын өмүр баяны» жок экендигин айтып жүрүшөт, ага карабай, белгилүү жазуучу Диккенс «Оюнчунун жеке өмүр баянын» жазып салбадыбы. Бирок атактуу жазуучуга берилчү андай мүмкүнчүлүк мен сыяктуу жазуучу сөрөйгө такыр эле мүнөздүү эмес. Андан кийин «Үй-бүлөлүк өмүр баян» деген бар. А менин болсо А-кью менен ата-тегимде жалпылык бар же жок экенин билбейм, анын урпактары да менден анын өмүр бая­нын жазуумду суранышкан жок. Балким, мага бул баянды «Кыскача өмүр баян» атаганым туура болор? Ан-тейин десем, А-кью «Толук өмүр баяндын» ээси. Анда «Генеалогия» болот го. Бирок мен баяндоочу мазмун менен каарманымдын көчө соодагерине таандык одоно тили менен стили мындай атоого да жол бербейт. Адатта, үч диний мектепке (даосизм, буддизм, конфуцианизм), тогуз философиялык агымга таандык эмес жазуучулар мындай дешет: «Салтанаттуу сөздөр жетишет, чыныгы тарыхка келели!». Мына мен да өз баянымды «Чыныгы тарых» атоону чечтим. Эгер кимдир бирөө бул теманы «Каллиграфиялык искусствонун чыныгы тарыхы» деген сыяктуу башка жанрлардын аталыштары менен чаташтырып алса, анда айла жок.

Экинчи кыйынчылыктын төркүнү баянымдын салттуу баяндоого туура келбегендигинде. Адатта мындай баяндар «Ал кайсы бир жерде, кимдир-бирөөнүн үй-бүлөсүндө…» деп башталат. Мен болсо А-кьюнун фамилиясын да билбейм! Бир жолу мага анын фамилиясы Чжао болсо керек деген ой келген, кийин анын анык экенинен шектене баштадым. Анткени мындай болду: атактуу Чжаонун баласы сюцай илимий даражасын алууга жетишкен эле, бул маалымат бүт айылга тараган. А-кью болсо, өзүнө эки чөйчөк винону куюп алып, колун сербеңдете көтөрүп, ардактуу Чжао менен бир фамилияда болгону үчүн сыймыктанарын жар салып кирсе болобу. Эгер туугандык байланышты жакшы талдай билсе, бул сюцай даражасынан үч даражага жогору турмак. Мындай жарыядан кийин А-кьюнун тегерегиндегилер аны кадимкидей сыйлоого өтүштү. Ал байкуштар кийинки күнү эле айыл башчысы А-кьюну ардактуу Чжаонун үйүнө чакырарын жана ошондо ардактуу Чжао калпычы А-кьюну көргөндө ачуусу келгенинен өңү кызарып-татара:

– Эй, айбан А-кью! Сен биздин фамилияга таандыкмын деп мактанган турбайсыңбы? – деп кыйкырарын билишкен жок.

А-кью үнсүз турду.

Атактуу Чжао ушунчалык жаалдана ордунан тура калып ага кыйкырды:

– Калп айтууга кантип оозуң барды? Мен сени менен кандайча бир тукумдан болом? Сенин фамилияң Чжаобу?!

А-кью эптеп кутулуунун айласын издеп, унчукпай турганда, Чжао жакын басып келди да, жаактан ары тартып жиберди.

– Чжаонун тукумунан имиш! Сен мындай фамилияны алып жүрүүгө татыктуусуңбу?! Тырмакка тең келбейсиң!

А-кью «чынында эле фамилиям Чжао болсо кантейин!» дегенге жарабай, болгону унчукпастан жаагын сүртүп койду. Акыры старостанын узатуусунда көчөгө чыкты. Бирге келген старостадан тиешелүү көңүл жубатууга ээ болгон соң, ага виного ылайык тыйын берип, ыраазычылыгын билдирип коштошту.

Муну уккандын баары оозуна келгенин сүйлөй берген А-кьюга чала болот, кантип эле анын фамилиясы Чжао болсун; болгон күндө да ардактуу Чжао бул айылда жашап жатканда аны бабырап айтып эмне кылат? – дешкен болду. Ушул окуядан кийин А-кьюнун фамилиясына эч ким деле кызыккан жок. Ошол бойдон А-кьюнун фамилиясы белгисиз бойдон калды.

Үчүнчү кыйынчылык – А-кью деген ысымдын кандай жазыларын билбегендигимде. Тирүү кезинде аны эл А-кью атачу, өлгөн соң бул ысымды эстеген деле киши жок. Аны мен «бамбукка же жибекке жазылган байыркы жазмалардан» издемек белем.

Бул баянды А-кью жөнүндө жазылган биринчи баян дегенге болот, ошол себептен да, албетте, мен дагы бир кыйынчылыкка дуушар болдум. Дал ушул А-кью кандай жазыларын көпкө ойлонуп жүрдүм: «А-гуй» деп, «гуй» иероглифи менен жазганда, ал «ай жана гүл» деген сөздөрдүн түшүндүрмөсүн бермек, же «А-гуй»,  «гуй» иероглифинин экинчи мааниси «белгилүү» деген сөздүн маанисин түшүндүрмөк. Эгер аны «Юэ-тин» атаганда, анын мааниси «айлуу павильон» дегенге төп келмек, а эгер «гуй» гүлдөгөн август айында туулса, «ай дарагы» дегендин ордуна «ай гүл» деген сөз маанисине таяна «А-гуй» деп жазмакмын. Бирок анын өзүнө таандык тергеме же кошумча аты да жок эмеспи (болсо да аны эч ким билбейт). Жазуучуларда өз каарманынын туулган күнүнө бир нерсе жазуу милдети болбогондуктан, анын кайсы күнү туулганы да белгисиз, ошондуктан А-кьюну «ай гүл» маанисинде «гуй» иероглифи менен жазуу мага эркиндик берет. А-кьюнун «А-фу» – «байлык» маанисин берүүчү ысымды алып жүргөн агасы же иниси болгондо, мен «гуй» иероглифинин экинчи  «белгилүү» маанисин алмакмын. Тилекке каршы, анын туу­ганы да жок болгондуктан, андай жазууга негиз жок болчу. Бул тууралуу эмнегедир ардактуу Чжаонун баласы сюцайга кобурап жибергем. Тилекке каршы, жогорку билимдүү эсептелген ал адамдын менин суроом боюнча маалыматы жок экенин ким билиптир.

Чынында, ал мени кызыктырган маселени изилдөө мүмкүн эмес экенин, анткени Чэнь Ду-сю чыгарып жаткан «Жаңы жаштык» журналы чет элдик тамгаларды көбүрөөк жазуу үчүн күрөшүп, биздин мада-ният өзүнүн өзгөчөлүгүн жогото баштаганын белгилеген. Ошондо мен акыркы каражатты пайдаланып, өзүмдун бир жердешиме А-кьюга байланыштуу соттук документтерди изилдөөнү тапшыргам. Сегиз айдан кийин ал мага ал документтерде мындай ысым жок экен деп жооп берди. Билбейм, чын эле мындай ысым ал документтерде катталган эмеспи же жердешим аны тапканга кудрети жеткен эмеспи, айтор, аныгын билүүгө менде башка каражат калган жок. Мен үчүн анын атын кандай жазууну биле албай жатканым уят эле иш, а бирок сюцай кайсы иероглифти жазууну билбеген соң, меники кечиримдүү десе да болот. Бир гана коркконум, кытай тилинин фонетикасы дүйнөгө кеңири таанымал эмес, ошондуктан менин таянганым элге белгилүү тамгалар: А-Quei, анын кыскартылганы A-Q. Бул атты туура жазуу аракетинде мен таанымал англис транцкрипциясына жабыштым. Анткеним, «Жаңы жаштык» журналын сокур туурагандай көрүнүшү анык экенине абдан өкүнөм, бирок туура жазууну сюцай мырза билбей жатса, мен бул абалдан кантип ийгиликтүү чыга алам?

Төртүнчү кыйынчылык – А-кьюнун ата мекени жөнүндө. Чжао фамилиясын алып жүргөн соң, аны эски салт боюнча туулган провинциясы менен байланыштырып, «Фамилиянын провинциялык жазылмалары» аркылуу ишти жөнгө салганга болмок, мисалы, Ганьсу провинциясынын Тяньшуйунда туулган дегендей. Тилекке каршы, фамилия А-кью белгисиз болгондуктан, анын ата мекенин да аныктоо мүмкүн эмес. Ал көбүнчө Вэнчжуан айылында жашаганы менен андан башка жактарда деле турмуш кечире берчү, демек А-кьюну вэнчжуандык атоо да кыйын. Аны Вэнчжуанда туулган дейин десем, мунум тарыхый методго төп келчүдөй эмес.

Менин көңүлүмдү жубаткан бир гана нерсе, «А» мууну туу­ра жазылды, андан эч кандай ката табууга болбойт, аны билермандарга коркпой сунуштай берүүгө болот. Калган кыйынчылыктарды (менин эрудициямдын төмөндүгүнөн) жеңүү мүмкүн эмес. Бир гана үмүтүм, Ху Ши мырзанын окуучулары сыяктуу «тарых менен текстологиянын күйөрмандары» бул маселе боюнча көп жаңы нерселерлерди таап чыгышат. Бирок ал мезгилде «А-кьюнун чыныгы тарыхы» боюнча менин баяным унутулуп калабы деп корком.

Жогоруда айтылгандардын баа­рын киришүү деп эсептөөгө болот.

Которгон Үмүт КУЛТАЕВА, филология илимдеринин доктору, «Кыргыз Туусу», 13.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий