“Манасты” кимдер, кантип сактап калышты?

1952-жылы “Манасты” жок кылуу, кыргыз эли үчүн өзүнүн улуу дүйнөлүк маанидеги шедевринен айрылып калуу коркунучу турган болчу. Ошондо “Манас” корголбой калса, мүмкүн “Манастын” китеби өрттөлүп, ошо бойдон Манас колубузда жок болуп калууга чейин бармак. Ошол учурдагы Манастын тагдырын чечкен конференцияга быйыл 60 жылдын жүзү болду.

“Манас” эпосунун сакталып калышы – руханий кыргындан сакталып калуусу. 1952-жылы жазуучулардын жоон тобу өзгөчө жигердүү аракети менен “Манастын” маанилүүлүгүн, өзгөчөлүгүн белгилеп, анда эч кандай ислам, эч кандай пантюркист, улутчулдук жок деп элдик чыгарма экенин айтып чыгышкан.

Манасты муундан-муунга өткөрүп, кыргыз деген сапатыбызды, руханий байлыгыбызды сактоо маселеси, элдүүлүгүбүздү сактоодо Манасты алып калганыбыздын өзү кыргыз элин сактап калуу менен барабар болчу. Биз Манасты сактап калуу менен руханий тирегибизди, кыргыз эли деп мындан ары тарыхта калчу тамырыбызды сактап калдык. Мына эми биздин “Манас” деген дүйнөлүк даражадагы улуу чыгармабыз бар деп айта тургандай, аны туу тутуп карообуз керек”, – дейт Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков.

Албетте, ал конференцияда Манаска чыккынчылык кылган адамдарыбыз да болгон. 1952-жылдын июнь айы чукул бурулуш болгон. Себеби, ага чейин СССР деген бирикменин ичиндеги биздин далай боордош элдерибиздин эпосторуна, тактап айтканда, казактардын “Кобландасына”, түркмөн менен азербайжандын “Дадакоркутуна”, өзбектин “Алпамышына” тыюу салынган. Кезек “Манас” эпосуна келген. Беш күнгө созулган талкуунун катышуучулары үчкө бөлүнүп кеткен. М.Ауэзовго үчүнчү күн дегенде гана сөз берилет. Анын сүйлөгөн сөзү чукул бурулуш болду.

“Учурда “Манастагы” өзөктүү окуялардын доору жөнүндө эң бир туура эмес маалыматтарды айтып келе жатабыз. Кээ бирөөлөр “Манастагы” окуялар XVIII кылымда болгон дейт. VIII-IX кылымдан кийин кыргыз жеринде ислам халифаты үстөмдүк кыла баштаган. Андан кийин Чыңгыз хандын, монголдордун доору келген. Кийин орус менен кытай империясы Кыргызстанды экиге бөлүп кеткен.      Манастын өзөктүү окуяларынын доору бул кылымдарга, баатырдык доорго тиешелүү. Себеби, батырдык доордо тынымсыз, 500 жыл бою Алтай менен Кытайдын ортосунда согуш жүрүп келген. Демек, биздин доорго чейин миңдеген жылдар бою Ата Мекенди коргоо үчүн күрөшүп келген. Муну эч ким далилдей элек. Манастагы окуялардын баары тарыхый чындык эмес, жомок деп келишет. Манаста “Жарымы төгүн, жарымы чын. Жарандардын көңүлү үчүн” деп айтылганы бекеринен эмес. Ар кандай эпос, жомоктордо да тарыхый чындык болот. Биздин милдетибиз Манастын тарыхый чындыгын тактап, келерки муундарга калтыруу”, – деди коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев Манас китеп бетинде калса, өлүү болуп калаарын билдирди.

“1952-жылдагы конференциянын мааниси өтө зор. Анткени, “Манас” эпосунун тагдыры оң чечилген. Конференцияга чейин “Манас­ка” каршы Б.Нуров, Ж.Самагановдун макалалары чыккан. Аларды окуп алып, ташка алгыбыз келген. Андан кийин конференцияны кабарлардан угуп турдук. Жакшы жыйынтык чыгып, элдик, пайдалуу деп чечилгенде элдин төбөсү көккө жеткен.

Биз манасчыларыбыз бар деп эле 5-10 мүнөт айттырып жыргап жүрө бериптирбиз. Манасты узак айтып, ошондо гана чыныгы манасчыларыбызды даярдай алабыз. Манасчылык өнөрдү өнүктүрүш керек. Болбосо Манас китеп бетинде калып, өлүү Манас болуп калат. Мына “Иллиада”, “Одиссея” бүт дүйнөгө тарады. Бирок булар өлүүнүн эпос­тору. Себеби, айтуучусу, ырдоочусу жок. Биз мындай акыбалга келбешибиз керек”.

Акыркы эки жылда “Манас” эпосунун тегерегиндеги Жайсаң Үмөт уулунун, Бүбү Мариамдын варианты боюнча көп талкуу болду. Жайсаңдын варианты “Манас” эпосунун варианты боло албасын филология илиминин кандидаты Аскар Медетов белгилеп өттү.

“Манастын шар аккан суудай, шаркыратмадай төгүлүп турган салттык өзүнүн ыргактары, формалары, техникасы бар. Манас ошол боюнча айтылат. Эки саптан турган бейит же мутакарит формасында деп коёт. Ал байыркы мезгилден берки поэзияда жок. Түрк поэзиясында мутакарип формасын биринчи жолу түрк элдеринен Жусуп Баласагын колдонгон. XI кылымда “Куталчу билим” поэмасы мутакарип өлчөмү менен жазылган.

Мына ушундан эле Жайсаңдын “Манас” бизге VII кылымдан бери жөнөтүлүп жатат”, дегени жалган экени далилденип турат. XX кылым эпикалык мезгилдин, эпикалык чөйрөнүн эң аягы болгон. Ошол мезгилде “Манас” эпосу өзүнүн эң бийик чокусуна өсүп жеткен. Азыркы манасчыларда андай чөйрө жок. Жаңы манасчылар XX-XXV кылымда деле жарала берет деп айтып жатышат. Албетте, таланттуу манасчылар чыга берет. Бирок, эпикалык чөйрө, эпикалык аң-сезим болуш керек. XX-XXV кылымдын адамдары такыр башка мезгил, башка заман болгондуктан, Манас XVII-XIX кылымдагыдай эпикалык агым менен өнүгө албайт”.

Улуттук илимдер академиясында болуп өткөн бул конференцияда Кыргыз эл жазуу­чулары А.Жакшылыков менен Б.Жакиев келерки 2013-жылды “Манас жылы” деп жарыя­лоону сунуш кылышты.

Бермет НУРУБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”, 13.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий