Тарых соодага түшүп, тарых жазуучуларга миллиондор сайылды

«Чыныгы тарых өз өтмүшүн жоготту. Аны тарых жазуучулар өз улутун улуу кылып көрсөтүүгө, жеке адамдардын кызыкчылыгына бурмалап отурушуп жөө жомокторго айлантып салышты. А, чыныгы тарых летописттик кол жазмаларда бекилген бойдон калууда. Бирок бир айтаарым, бурмаланган тарых президентти дагы, тарых жазуучуну дагы эртедир-кечтир жөн койбошуна кепилдигим бар. Себеби, чыныгы тарых өтмүшүндө не деген инсандардын каны-забалы жатат. Ким болбойлу ушуну унутпашыбыз керек!».

Тарых өтмүшүн каалагандай калчап, өз кызыкчылыгына бурмалап, жок нерсени бар кыла желектей желбиреп, адам баласы ушинтип жашаган деген куру кыйкырык алабарман заман ушу азыр да дооранын сүрүүдө. Албетте мындай акылга сыйбаган кылмыш эртедир-кечтир чыныгы тарых алдында тизе бүгүп жаңылып, жазгандар өз жазаларын алышары бышык. Аны эртеңкиге салават таштай туралы.

Айтор, айтаар ойдун эң кызыгы мына ушунда болуп жатпайбы. Ушу көз ирмем кудум эле Кокон ханы Кудаярдын өзүнүн урпактары жөнүндө тарых жаздыруусун эске салып, күлкүңдү келтирип жатпайбы. Алаңгазар, акылсыз ордо жакшылары эки жолу тарых жаздыртышкан экен. Биринчиси, Кудаяр хан араптардын ак сөөк шейхтеринен делинсе, экинчи жаздырган тарыхында Кудаяр хандын бабалары «Алтын бешик» урпактарынан болгон Бабурханга алып барып, жанагы Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» Алтын-Бешик тукумдарынан делинет го. Көрсө, Төлөгөн Касымбеков Кудаярдын жаздырган экинчи тарыхын окуп, ошого негиздеп жазганы көрүнүп турат. Мындай маскарачылыктын акыры Кудаярды эл шылдыңына апарып такайт. Мындай маскарачылыкка ууккан Кудаяр үчүнчү жолу тарых жаздырууга ордо тарыхчысы Зыябидин Максумга табыштайт. Бирок Зыябидин Максум жазган тарыхта Кудаяр хан окууга үлгүрбөй тактан куулуп, кийин тарых жазуучу Кудаярдын бул китепке кызыгуусу деле калбагандыгын, тарыхчыга окутпагандыгын эскерет. А чыныгы Кудаярдын түпкү теги кайдан экендигин Зыябидин Максумдун тарыхынан окуп, ал Түркия Кутбуканасында сакталгандыгы менен баалуу болуп жатпайбы.

Мына эми ошо алаңкасар Кудаяр хандын жок жерден жоно койгон үч жолку жаздырган тарыхынын кайтарымы биздин күндөрдө кайталанып, чыныгы тарых өтмүшү соодага түшүп жаткандай. Азыр эми жок нерседен бар кылмай жеген наныбыздай эле болуп калбадыбы. Айтор, бир эле кыргыз тарыхы эмес коңшулаш өзбек, казак тарыхы деле биздин жазган тарыхты сын көз менен карарлык деңгээлде эмес. Болбосо 175 жыл кыргыздын нойгут уруусунан чыккан Абдырахманбектин урпактары бийлик жүргүзүп, акыры Кудаяр хан менен аяктаган хандыкты жокко чыгарып, жок жерден таба койгон Шахрукбегини пеш кылып, Кокон хандыгын өзбектер башкарып, өзбектер негиздеген деп жазып салышпадыбы. А Шахрукбек дегени Абдырахманбектин экинчи уулу Шоорукбек болуп жатпайбы. Бул эми жакынкы жылдардагы. А өткөн Чыңгызхан тукумдары болгон өзбектердин даңазалуу Амир Темиричи. А чыныгы тарых чындыгына барсаң көрөгөч Темир дегенибиздин түпкү теги түрктөшкөн монгол болгон Чыңгызхандын Самарканды башкарган уулу Чагатайдын урпагы болуп жатпайбы.

Бул эми өткөн доорлор дейли. А кечээки совет доорундагы бурмалоолор канча. Өзбек элине доо кетет деп Өзбек Республикасынын биринчи президенти Жолдош Ахунбаевди өзбек тарыхынан сүрүп салып, азыркы күндө үй музейлерине дейре жаптырып салган. Көрсө, Жолдош Ахунбаевдин улуту уйгур болгондугу үчүн ошондой жаап-жашырылган иштерге барышыптыр.

Ал эми өзбек элинин белгилүү шайыры Хамза Хакимзаде Ниязи жөнүндө айтаар кеп башка. Неге ал даңазалуу шайырды өзбек туугандар оозго албай калды десе, акыры жүрө-жүрө тарых чындыгы кадамжайлык жазгыч акын Молдо Нияздын кокондук өзбек аялынан уулу экендиги тастыкталып, бул дагы өзбек тарыхынан сүрүлүп калып жатпайбы. Айтор, тарых чындыгы бир эле биздин түрк элдеринде гана бузулуп жатабы десең, мындай бурмалоо орус тарыхында деле, ал тургай дүйнө тарыхында деле кездеше калып жатпайбы. Болбосо, бир доордун муктаждыгынан жаралган орус революциясын “Жок, бул жаңылыштык, болгондо да мамлекеттик чыккынчы В.И.Лениндин жаңылыштыгы» деп чыгышпадыбы. Мындайлык деген тарыхты да жакшы-жаманга, ак-карага бөлгөндүк болуп, келечек муундарыбызга тарыхты да оңоп-түзөп көрсөтүүгө жанталашып жатпайбызбы.

Ал адам канчалык жаман болсо да ошо заманда, ошо доордо жашап, колдон келген жакшыбы, жаманбы, канкорбу, эл үчүн күйүп бышкан адамбы тарыхта жашап өттү. Аны тарых сен андайсың, сенин ордуң-тарыхта жок дешке эч кимдин акысы жок. Дүйнөлүк тарыхта танса, Атилланы, Чыңгызханды, Напалеонду, Гитлерди, Сталинди танып, тарыхта буларга орун жок деп сызып салбайт беле. Буларсыз дүйнөлүк тарыхтын чындыгын элестетүү мүмкүн эмес.

Айтаарым, соодага түшө аттын башындай алтын сайыла жазылган тарых тарыхпы? Менин баам туюмумда азыркы жазылчу кыргыз тарыхынын өйдө-ылдый мүчүлүштөрү көп болот. Кыргыз атуулдарынын баары эле баатыр боло берип, баатырдыктын да баркын кетирип салышпадыбы. Дегеле мындай жөн адам калбагандай. Эстелик тургузмай бүтүндөй Бишкек шаарын каптап, кийинки чыкчу баатырларыбызга орун калбагандай. Эмне үчүн менин баатыр уулум тарыхыңарга кирбей калды дегени али алдыда.

Айтаарым, жазмакер тарыхчылар ушуга да даяр болуулары керек. Болбосо, жазган тарыхтары бир пулга арзыбай калаары турган сөз.

Кантсе да, чыныгы тарых өтмүшү калыстык менен болгону болгондой, өткөнү өткөндөй эч бир бурмалоосуз так жазылышы керек. Али бир коктуда жашаган сасык байдын союлун чаап жүрүп, эл оозунда «паланча баатыр» атыккан баатырларыбыз кыргыз тарыхында жайнап кетпедиби. Мына ушу жагдай да билип-билбеген тарыхчы сөрөйлөрдү дүрбөлөңгө салып, неге тарыхтан орун берилбеди деп чыгышаары турган сөз.
Айтор, тарых чындыгына калыстык менен кароо, жазууда эң бир жоопкерчиликти талап кылынарын унутпашыбыз керек. Мындай ишке албетте эң таланттуу, билими жогору, көптү билген, эч бирөөнүн кызыкчылыгы дебеген маданияттуу тарыхчылардын шыбагасына туш келер бекен деп эртели-кеч тилегеним ошол.

Мурзапар ҮСӨН, жазуучу «Муз-Булак» коругу,
Баткен облусу
, «Эркин-Тоо», 20.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий