Алайлык экинчи Алыкул

Былтыр Сооронбай Жусуевден кат келиптир. Анын артынан папке, анын ичинде машинкеге басылган ырлар келди. Сокеме чалдым, папкенин акыбетин билейин деп. Акын менен көпкө сүйлөштүм. Анан акырында папкедеги ырлар алайлык акын Абдиламит Арзиевге таандык экенин айтты.

Кыскасы, А.Арзиев 1931-жылы Кара-Суу районунда туулуп, жаштайынан айыкпас ооруга чалдыгып, 27 жаш курагында Оо дүйнө аттаныптыр. Бизге билингени ушул. Биздин колубузга тийген ырлар 1950-жылдары жазылганы байкалып турат. Ошондо 19-20 жаш курагында болсо, Ошто окуп, Сокем сыяктуу улуу акын-жазуучулар менен чай ичишип, кат жазышканын ырларында баса белгилейт.

Аттын кашкасындай таанымал акын Карбалас Бакиров белгилегендей, ырларынын өмүрү түбөлүктүүлүккө жакын, мааниси терең, жан дүйнөгө сиңимдүүлүгү жогору. Алайлык акындын ырлары кантип, кандайча сакталып калганы зор окуя. Эмне болсо да, ырлар Сокеме тийгенде ал киши 1991-жылы дагы бир алайлык акын, таланттуу диктор Улукбек Мамытовдун колуна тапшырыптыр. Улукбек ака басмаканага тапшырса да, кандайдыр бир себептер менен чыккан эмес.

Учурда Алайдын Бүлөлү айылындагы мектеп Абдиламит Арзиевдин атын алып жүрөт. Алайдын көз жоосун алган Бүлөлүсүнөн не деген гана кыргыздын уул-кыздары чыккан жок. Дегеле кыргызда таланты таанылбай, багы ачылбай, тагдырдын жазмышына эртелеп баш ийип кеткен инсандар арбын эмеспи. Биз менен бирге өлгөн акындын сөөгүн агарталы, жыйнакты чыгаралы дегендер редакцияга кайрылышсын. Жыйнак “Эркин Тоонун” архивинде турат.

Манас ОСМОН

 

ТАЛАНТ ӨЛБӨЙТ

Темирден коргон салып бекитсең да,
Таш менен, болот менен торосоң да.
Таптакыр жарык көрбөй, чыкпасын деп,
Тор кылып нак зым менен торосоң да.
Талант өлбөйт — өнүгөт,
Таалай андан көрүнөт.

Асманга жете турган мунар кылып,
Асканы түбү менен койсоң алып.
Атагы бүт дүйнөгө желдей сызып,
Апанык тура берет болуп жарык.
Талант өлбөйт жаркырап,
Нур берчүсү барчылап.

Суу менен чирип, өлүп, жоголсун деп,
Түбүнө океандын чөктүрсөң да.
Дайыны эч бир чыкпай жоголсун деп,
Топурак миң-миң тонна төктүрсөң да.
Талант өлбөйт түбөлүк,
Таш үстүнө гүл өнүп.

 

ЫРЫМ МАГА КАБАР КЫЛ

Тагдыр мени тар кыядан ашырып,
Турмушумду туурасынан үзөрдө.
Дүйнө менен коштошом көз ачылып,
Душманымдай көр оозуна түшөөрдө.
Калсаң ырым артымда,
Мени ээрчип, улуп, талпынба!

Эл колунда балапандай багылып,
Эчен күндү, эчен жылды көрөсүң.
Жаш баладай колдон-колго алынып,
Жаңы доордун тепкичтерин тебесиң.
Өскөндө, ырым, карыбай,
Калбагын мени тааныбай.

Угуп койгун, сени тууган энең – мен,
Узун ойлоп, жүрөгүнөн жараткан.
Чыны менен чыгарбастан эсиңден,
Өлсөм дагы элим, өлкөм тараптан.
Ырым мага кабар кыл,
Менин болуп кабарчым.
1954-жыл.

 

СООРОНБАЙ АГАМА

Ардактап бердим саламым,
Билсем деп агам кабарын.
Талыкпай окуп жатабы,
Сугарып ырга каламын.
Кечирип койсун катасын,
Кат жазган мендей баланын.

Бир нанды бөлө жешкенбиз,
Ой-максат бирге дешкенбиз.
Талкуулап ырдын неченин,
Кемчилик кимде дешкенбиз.
Одоно, сылык сүйлөшүп,
Окуп да жүрдүк Ошто биз.

Шахтаны бирге тергенбиз,
Тарттырып бирге бергенбиз.
Бир тууган ага-инидей,
Бир үйдө жашап келгенбиз.
Калемин ырга кайраган,
Күнөстүү кыргыз элденбиз.

Бир алсак дагы билимди,
Баркыбыз эми билинди.
“Ата, “Апа” деген бөбөктөй,
Чыгардым ырга тилимди.
Жардамың берчи аябай,
Жетелеп мендей иниңди.

Ыр жазбай жүргөм анда мен,
Ышкысын койбос бала элем.
Элимдин эркин жарчысы,
Акындын баркын билбеген.
Алгалап азыр ар дайым,
Алышып жатам ыр менен.
1954-жыл.

 

КАЙСЫНЫСЫ ЖАКШЫ

Кызыл айтат: “Мен жакшы,
Кыздар кийип кубанган”.
Жашыл айтат: “Мен жакшы,
Жайлоо көркүн чыгарган”.

Сары айтат мындай деп:
“Сансыз эгин бышырам”.
Дагы сүйлөйт кара, көк:
“Биз жакшыбыз баарынан”.

Ак сүйлөдү шашылып,
“Ардактуумун, жакшымын.
Алтын нурлар чачылып,
Ачат көркүн бактыңын”.

Чечалбадым туугандар,
Чынын айтып бергиле.
Кимисинде пайда бар,
Кептин данын тергиле!

 

БИЛГЕН БИЛЕР

Кекиликтей өз атымдан чакырбайм,
Кемчиликтин кымындайын жашырбайм.
“Ийгиликтин эч убакта кечи жок”,
Илгерилеп атак-даңкка шашылбайм,
Бирөөлөрдүн өзү тапкан бактысын,
“Берчи мага ушундан” деп асылбайм.
Билген – билер мүнөзүмдү, өзүмдү,
Бүт денеме шат-кайгыны ашырбайм.

 

ЭКЗАМЕН

Келсең дегем,
Калыс-сынчы экзамен.
Сабагымдан белек камдап “беш” деген.
Кана, кана,
Каарыңды төк сен мага,
Тогуз айда алган билим бепбелен.

Кантмек элең
Күрөшү күч экзамен.
Кубатыңдан,
Кулап түшчү мен белем?
Канча жолу
Кол кармашып сен менен,
Азгыруучу
Айбатыңа тең келгем.

Көркөмүңдү,
Көрмөк үчүн дегдегем,
Күттүрбөстөн
Кирип келдиң экзамен.
Корсулдагын,
Кабагың сал, баары бир,
Сени жеңем,
Сүйгөн досум “беш” менен!

 

БҮЛӨЛҮ СУУСУ

Шарпылдап,
Алга карап, бууракандап,
Жалтылдап,
Октос берип, агып жатат.

Көрүнүп,
Балыктары сүзөт ойноп.
Көбүрүп,
Самын өңдүү, агат сойлоп.

Киринип,
Терең жерге жүрөт балдар.
Ийрилип,
Акса көркүн берет талдар.

Толкундайт,
Өркөчтөнөт кай бир жери,
Солкулдайт,
Чие, кайың, четиндери.

Копкоюу
Күн көрүнгүс бак-дарагы,
Токою,
Көк шибери, арчалары.

Эркелеп,
Соккон желге чачын тарап,
Энтелеп,
Дүйүм чөптөр салам салат.

Каккандай,
Тынчтыктын добулбасын.
Жаткандай,
Жыргал ырын ырдап бачым.

Үндөрү,
Токтогулдун күүсүнө окшоп,
Гүлдөрү,
Жыпар жыт сээп, черди козгойт.

Аккандай,
Аалам кезип сансыз кылым.
Айткандай,
Барган жанга терең сырын.

Агызат,
Астындагы нечен ташты.
Тамызат,
Кубангандай “көздөн” жашты.

Оштонот,
Үн кубултуп сайрачудай.
Октолот,
Душман сүрүн айдачудай.

Жаркырат,
Жээгиңе Ильич шамын,
Калтырат,
Шарың менен душман жанын.

Сугаргын,
Арпа, буудай эгиндерди.
Чыңалсын,
Дүйүм жемиш жеримдеги.

Денеге кубат болуп бардык күчүң.
Ага бер,
Мүрөк суусу БҮЛӨЛҮНҮН.

 

ЧЫЙЫРЧЫГЫМ

Чыйырчыгым,
Жасадым уя.
Келсең мына,
Коно бер.
Чыйырчыгым,
Түнөп күндө,
Жаңы “үйдө”,
Боло бер.
Чыйырчыгым,
Дароо келип,
Куртту терип,
Тоё бер.
Чыйырчыгым,
Чегирткенин,
Туш келгенин,
Жоё бер.

«Эркин-Тоо», 20.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий