Бабур жана тоолук кыргыздар

Захруддин Мухаммед Бабур дегенде дароо эле Улуу Моголдордун 16-17-кылымдагы зор империясы, башкача айтканда азыркы Индия, Пакистан жана Бангладеш эске түшөт.

Бабур деген атты укканда ал жанындай көргөн Фергана өрөөнү, ошол өрөөндө жайгашкан Анжиян менен Ош, Оштун чок ортосуна жайгашкан касиеттүү Так-Сулайман, андагы азыркыга чейин сакталып труган Бабурдун хужрасы, ротонда стилинде салынган эс алуу жайы эсибизге келет.

Ошону менен бирге Захруддин Бабур дегенде аны менен кошо Самарканга бир эмес, үч жолу жортуул жасап, аны үч жолу алып, бирок ошол кездеги өзбек ханы Шейбаниге алдырып жиберген биздин улуу жердешибиз, аны коштогон нөкөрлөрү менен нойондору, алардын арасындагы кыргыздар ойго түшөт…

Ошондуктан бул жолку кыска маегибизди Бабурдун эң улуу жортуулунан, атап айтканда бүтүндөй Индостан субконтинентин өзүнө каратып, кантип Улуу Моголдордун империясын түзгөнүнөн баштайлы.

Азыркы Индияны, Пакистанды жана Бангладешти ичине камтыган бул зор империя 1525-жылы азыркы Дели шаарынын жанындагы Панипат деген жерде Бабурдун 20 миңден ашпаган атчандары индиялыктардын 200 миңге жакын аскер күчүн, миңден ашуун атайын жабдылган пилдерин жалаң айла-амал менен жеңип алган учурдан башталган.

Түп бабалары Чыңгыз хан менен Аксак Темирдин жолун улап, Бабур бабабыз бүтүн Индостан субконтинентин бир бүтүн мамлекетке баш ийдирген. Ошол империя болжол менен 200 жылдан ашуун өмүр сүрүп, ошол убакыттын ичинде эң байыркы цивилизациялардын бири болуп эсептелген Индия зор ийгиликтерге жетишкен, айрыкча Бабурдун небереси Акбардын учурунда ошол кездеги бай мамлекеттердин бирине айланган.

Бирок ошол эки кылымдан ашуун жашаган зор империянын учурунда Индия маданиятына Борбор Азиянын, айрыкча биздин Фергана өрөөнүнүн маданияты абдан катуу аралашып, терең сиңген. Ушу азыр да палоо, самсы, чапаты нан, тандыр нан, шишкебек сыяктуу тамак-аштар Индияда негизги тамак-аштардын бири болуп эсептелет. Бул тамактар бизден, Орто Азиядан барган. Ошол Улуу Моголдордун доорунда Таж-Махал баштаган дүйнө архитектурасынын берметтери, көргөндүн көзүн тайгылткан нечен хансарайлар, атактуу Ред Форт чеби, Фатекпур Сикри сыяктуу храмдар курулган. Ошол маанилүү курулуштардын арасында мен мындан мурунку радиомаекте сөз кылган Алай дарбаза менен Алай минарет да бар…

Ошол Улуу Моголдордун көч башысы Захруддин Бабур ар дайым туулуп-өскөн Фергана өрөөнүн, анын бал татыган жер-жемиштерин сагынчу экен. Ич күптүсүн чыгарып, кусаланганын басыш үчүн нечен ырларды, казалдарды жазыптыр. Ош менен Акбууранын суусу уктаса түшүнө кирип, Так-Сулайман оюнан чыкпай, ал ортодо балалык кези эске түшүп, акыры Бабур падыша “Бабур-наама” деген эскерүү китебин калтырыптыр.

Китебинде Бабур Алайдын тоолорун аралаганын бир нече жолу эскерет; Өзгөндү кантип алганын, Мадыдагы чепти кантип басканын, Самарканга жортуул жасаарда аттын баркын билген тоолуктардан жоого минсе боло турган миңден ашуун ат чогултканын баяндайт. Бир жолу “Атка ылайык жарак-жабдыкты эч бир жерден таба албайсың, бул эмне деген эл?” деп Индияда жүргөндө катуу ачууланган жайы да бар… Айтор, өрөөндүү жерде туулуп-өсүп, хан сарайларда чоңойсо да, эки көзү жоого минчү аттарда, ак карлуу аска-тоолордо, күркүрөп аккан сууларда болгон киши экен.

Ошол “Бабур-наама” китебинде Бабур качан болсо жанында жүргөн, өйдө тартса өбөгү, ылдый тартса жөлөгү болгон ар бир жигитине, нойонуна баа берип, ар биринин атын атап, кайсы уруудан же кайсы жерден экенин баса көрсөтөт.   Маселен, эң ишенген нөкөрлөрүнүн бири Султан Малик Кашгари экен. Башкача айтканда, бул нөкөрү түбү Кашкардан, өз аты Султан, атасы Малик экен. Дагы бир нойону Мухаммед Дост Тагайи деген азамат болуптур. Биздин тилде айтканда, бул нойону тагай уруусунан чыккан Мухаммед деген жигит экен. Үчүнчү бир ишенген жигити Ибраим Саруу экен, башкача айтканда саруулардан чыккан Ибраим болуптур…. Турду Мухаммед Кыпчак дегени кыпчак уруусунан чыккан жан жолдошу Турду деген сөз эмеспи.

Индияга жете элек кезинде, Ферганада жашаган убагында артынан сая түшкөн өзбектерден качып, Бабур бир жолу Аксы тараптагы Кен-Кол деген капчыгайды пааналап жүргөнүн да китебинде эскерет. “Түшкө жакын Гава тараптан Аксы тарапты көздөй  бараткан Акмат Кушчу жана дагы төрт атчан көрүндү…” деп жазат император Бабур жогоруда аталган “Бабур-наама” эскерүү китебинде. Башына иш түшүп, тоо аралап качып жүргөн Бабур ханзааданы куугундан арачалап, Анжиянга кетчү жолду көрсөтүп, жакындан жардамын бергендер кушчулардын Акматы, жана да Кадырберди, Камабаралы деген жергиликтүү жигиттер экен. Айтса айтпаса Кен-Колду жердеп, Аксы тарапта жашап, Бабурга жол көрсөткөн жигиттер кыргыз болбогондо ким болмок эле?

Бабурдун кыргыздарга жакын адам болгонун, аларды абдан жакшы билгенин күбөлөгөн далилдер “Бабур-наамада” абдан көп. Маселен, Бабур копуздун күүсүн (б.а. комуздун күүсүн) укканды жакшы көргөнүн бир эмес, бир нече жолу эскерет. “Сайид Улакчы копузда жакшы ойноор эле…” деп жазат өзү да ыр жазып, китеп жазып, музыканы жанындай көргөн Захруддин Бабур “Улакчы” деген атка конгон дагы бир нойону тууралуу. “Улакчынын бабасы моңолдордон тарап, ал гана эмес кадимки Улугбек Мырзанын жакшы көргөн адамы болгон дешчү. Өзү комузда жакшы ойночу. Мен адеп Кабулга киргенде ошол Улакчы жанымда болду. Индостанга аскерлерим киргенде, Улакчыны Кабулга калтырдым, ошол жерде кийин а дүйнө салыптыр…”

Комузду Бабур бабабыз Индостанды багынтып, зор империяны мыкчып турган кезинде да эскерген жерлери бар. Маселен, Аградагы (Таж-Махал ошол шаарда жайгашкан) Ахмат Афшар аттуу казыначы жардамчысына кат жиберип, “комузда ойногон бирөө болсо мага жөнөтчү” деп буюурат.

Император Бабурдун кыргыздарга жакын болгонун күбөлөгөн дагы бир факты – анын улуу уулу жана мураскору Гумаюндун калпак кийген сүрөтү. Мисалы, Гумаюндун 1650-жылы тартылган эң эле белгилүү сүрөтүндө император кадимки эле калпак кийип тартылган. Гераттын өкүмдары Султан Хусейин Мырза жаны анын жанында турган Алишер Навоинин сүрөтүн карасак да, ал жерде бирин-экин ак калпакчан кыргыздар турганын көрөбүз.  Ак калпакчан кыргыздардын жолборско аңчылык кылганы, Смирна шаарын камаганда жоон топ ак калпакчан кыргыздар кудум чептин үстүндө жаа тартып турганы Шарафуддин али-Яздинин “Зафарнаме” деген китебиндеги миниатюраларда көп кездешет.

Кыскасы, Захруддин Бабурду коштогон кыргыздар, алар черткен комуз, алар кийген ак калпак, ал гана эмес Дели шаарынын чок ортосунда жайгашкан Алай дарбаза менен Алай минарет биздин бабалардын баскан жолу укмуштуудай узун, ал эми калтырган издери алыскы Индияда да терең экендигин күбөлөп турат.   Буга дагы бир жолу Улуу Моголдордун империясынын түзүүчүсү Захруддин Мухаммед Бабурдун “Бабур-наама” деген Охфорд университети тарабынан такталып басылган, түп нускасынан англис тилине аябагандай так которулган, 1997-жылы оңдоп чыгарылган китебин окуганда  өз көзүбүз менен ишене алабыз.

Осмонакун Ибраимов, «Азаттык», 15.11.2012-ж.
Сүрөт Азаттыктын сайтынан алынды 

Соц тармактар:

Добавить комментарий