Ырлардын пири Низами

23-ноябрь күнү саат 15.00дө Дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү өкүлү, гениалдуу азербайжан акыны жана ойчулу Низами Гянжевинин 870 жылдыгына арналган адабий музыкалык кече Улуттук китепканада өткөрүлмөкчү.

Дүйнөдөгү эң кыялкеч, романтик акын Абу Мухаммед Ильяс ибн Юсуф Низами Гянджева 1141-жылы Гянджы шаарында мыкты кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Гянджы медресесинде билим алган. Жаш кезинде музыкалык ырларды көп жазган. 1173-жылы акындын талантын жогору баалаган Дербент падышасы Сейраддин Музаффар Аппак аттуу күң келинди белек катары тартуулап, Низами аны жан дилинен сүйүп калып, үйлөнөт. Ал жөнүндө жазылган ырлар муну далилдеп турат. Азербайжан феодалдык башкаруучусу – Атабековдордун хан сарайына жакын эле болгон, аларга арналган поэмасы үчүн азыраак жөлөк пулга канааттанып, эшик ырчы болуу сунуштарын четке каккан.

Акын катары эң акылдуу адам, чоң илимпоз катары жана кадыр-барктуу суфий катары аны шейх Низами деп аташкан. Перс тилинен которгондо гянджылык Низами дегенди түшүндүрөт. Ал илим-билимдин бардык тармактары менен кеңири тааныш болгон. Башкалардан алда канча алдыда турган. Билиминин энциклопедиялуулугу бүгүнкү бизди да таң калтырбай койбойт. Низами азербайжан тилинен сырткары жалпы эле түрк тилдүү элдердин тилин жакшы билип , араб, фарс тилдеринде ыр жазган. Менимче, ошол XI-XII кылымдарда перс тили поэзиянын тили катары бааланганын айта кетүүбүз абзел. Эгерде ал араб тилин билбегенде Кудай жөнүндө түшүнүгү болмок эмес, араб философиясына сүңгүп кирмек эмес.

Ошондой эле Ал-Фараби, Хорезм, Ибн Баджи, Абду Али ибн Сина, ибн Рушданын чыгармалары менен тааныша албай калмак. Маселен Лайли менен Мажнун дастанын жазганда араб легендаларын, булактарын пайдаланган.

Анын негизги чыгармалары “Керем жана Ширин” (1181), “Лайли менен Мажнун” (1188), “Жети сулуу” (1197), “Искендер Наме” (анын ичинде “Даңк китеби” жана “Бак таалай” кетеби) 1203-жылдары жазылган. Низаминин чыгармаларын туурап жазган жана ага жооп катарында ыр жазган залкар акындар көп. Маселен Амир Хосрев, Алишер Навои, Жамини атап кетсек болот. Низамиден-Хафиз, Руми жана Саадилер таасир алышкан.

* * *

Кыйынсынба, сен көөдөндү көтөрбө,
Коом, ааламга жалгашканың өтөлгө.
Үмүт, каалоо винолорду ичкин да,
Бул дүйнөнү тынч коё бер кеткенге.

Дос издебе ар кишиден жолуккан,
Той, майрамдан сүйүү болот оорукчан.
Чынчыл бол деп салба доско жаңжалды,
Бир абадан дем алганың жалганбы?

Башканы кой, кумурсканы таарынтпа,
Байкуштарга жардам бергин алыңча.
Эмир болсо дагы көрдө чыңырып,
Таарынткандар алат жаза муну ук.

Оо Низами, бийиктикке жеттиң сен,
Кумирди чаап төмөн таштап кеттиң сен.

Карбалас БАКИРОВ, «Эркин-Тоо», 20.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий