Түрк тилдерин өтө кылдат жат кылган Махмуд Кашкарлык-Барсканий

Кашкарлык Махмуд (толук ысымы – Махмуд ибн Хусейин ибн Мухамед) «Дивани лугат — ат — түрк» («Түрк сөздөрүнүн жыйнагы») деген эмгеги менен дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошту. Махмуд түрколог тилчи-лексикограф, этнограф, фольклорчу, тарыхчы, географ катары жогорудагы эмгегинде өзүнүн талантын ар тараптуу көрсөтө алган.

Кээ бир маалыматтар боюнча анын атасы Хусейин ибн Мухаммед Юсуф Кадыр хан Ысык-Көлдүн тескей тарабындагы Барскан шаарын жана Узбанды жерин башкарган өкүмдар болгон экен. Болжолу 1029-1032-жылдар ортосунда туулуп, 1126-жылы каза табат. Бала чагы Ысык-Көл боюндагы айтылуу шаар Барсканда (азыркы Барскоон айылы) өтүп, эр жеткенде адегенде Кашгарда, Бухарада, андан соң Багдадда билим алат. Абдан билими жогору экени эмгегинен байкалып турат. «Мен түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын уйкаштыкка келтирилген жандуу сөздөрүн акылыма түйдүм. Ушул түрдө өтө узак изилдегенден жана изденүүдөн кийин мына бул китепти эң жатык тилде, барып турган көркөм үлгүдө жаздым», — деп жазат ал «сөздүгү» тууралуу. Ушуга караганда ал сөздүгүнө өтө көп материал издеп, эл кыдырып, көп окуп, анан гана көшөрө отуруп жазган сыяктанат.

Анын эмгеги – түрк элдеринин байыркы убактан бери колдонулуп келе жаткан педагогикалык салттарын да баяндап бергендиги менен биз үчүн баалуу. «…Мен өзүм алардын (түрктөрдүн) тили өткүр чеченинен, айтары ачык жетигинен, көөдөнү эң тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуу менен бирге, түрк, түркмөн-огуз, чигил, ягма, кыргыздардын калааларын жана талааларын изилдедим, алардын тилдерин жана акыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, жыйнаганымдын тартибин өтө сымбат кат кылдым»… «… Ушул китебимди Алла Тааланын көмөгүн көксөө менен түбөлүккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып бүттүм, ага «Дивани-лугат-ат-түрк» («Түрк сөздөрүнүн жыйнагы») деген атты туттум…», — деп түшүндүрөт ал өз мээнетинин акыбети тууралуу.

«Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» 1072-1077-жылдар арасында жазылгандыгы белгилүү

Ошол кездеги Борбор Азияны мекендеген чигил, йагма, карлук, кыргыз, огуз, тухси, уйгур, кыпчак жана башка түрк тилдерин изилдеп, аңтарып көрүп, алардын 7500дөй сөзүн ушул китепке киргизген, сөздүн арабча котормосун да сунуш кылган. Сегиз бөлүктөн турган сөздүктүн бир катар сөздөрү айрымдары кыска, бир кыйласы кеңири түшүндүрүлөт да, айрым учурда ошол сөзгө байланыштуу макал-ылакаптар, элдик оозеки чыгармалар берилет. Жалпы ушундай макал-ылакаптардын саны эки жүздөй, ырлар, табышмактар, дастандардан үзүндүлөр жүздөй.

«Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» – жалпы түрк элдерине орток мурас жана анын авторунун Ысык-Көлдө туулгандыгы ошол кезде биздин жерде илим-билимдин өскөндүгүн даңазалоочу көрүнүш. Китеп жоголуп, кийин гана 1266-жылы 1- августта Абу Бекер аз-сави ад-Димашкы көчүргөн нускасы менен бизге тарады. Бул Түркиянын Стамбул шаарындагы улуттук китепканада сакталып келген.

Сөздүктү бул же тигил сөздөрдүн лексикалык маанилери ачылуу менен бирге эле тарбиялык салттар, адамдарды нравалык жактан жетилдирүүнүн жолдору да көрсөтүлөт. Мисалы, мындай делет: «Кыргыз, йабаку, кыпчак жана башкалар бирөөгө касам ичиргенде, же аны менен келишим түзгөндө, кылычты кындан сууруп чыгышат да, тигинин алдына тосуп, мындай деп айтышат: «бу көк кирсүн, кызыл чыксун». Мааниси: «бул темир ылайым көк бойдон кирип, кызыл чыксын, башкача айтканда, эгерим алиги убадагы каршы чыкса жана бузса ал канга боелсун» дегени. Ал адам темирден өлүп, демек, темир андан өч алат. …алар темирди өтө аздектешет». Демек, мында жогорудагы түрк тайпаларынын убадага бекемдиги, касам ичирүү аркылуу адилет, таза, эр жүрөк болуу адаттары көрсөтүлөт.

Айрым сөздөргө комментарий берип жатып элдик этикалык эрежелер тууралуу айтып кетет, элдин педагогикалык маданияты, тажрыйбасы жыйынтыкталат

Мисалы, «түтүн кобурса ышланур. Мааниси: кимде ким көп түтөтсө, ага чакабай койбойт. Муну менен козголоң кылган ар бир адамга анын азабы тийбей койбосу көңүлгө туттурулат. «теш йер аны катурды» — деп айтылат, чет жер аны катырды, башкача айтканда аны тажрыйбага эгедер жана сыноодон өткөн адам кылды дегени. «Миң» – санактын миң саны. Макалда айтылган: «Бириң-бирин миң болур, тама-тама көл болур». Мааниси: бирин-сериндеп жыйылып отуруп миңге жетет. Ошондой эле тамчы дагы биринин артынан бири тамса үзгүлтүксүз чогулса, көлчүктү толтуруп коёт. «Арслан – арстан. Бул (сөз) менен бийлик эгелерин аташат. Макалда айтылган: «Алын арслан тутар, күчин сычган тутмас» Мааниси: Айла менен арстанды тутууга болот. Күч менен чычканды тутуп болбос» (Тынчтыкбек Чоротегиндин котормосу).

Бардык жагынан жетилген инсан болуу идеалын М.Кашкарлык-Барсканий мындайча көрөт: билим издеген жана илим алууга умтулган; акылмандыкты тандаган; улуулукка жетүүгө аракет жасаган; биликтикте жолдош болгон; бабалардын адеп-ахлак насааттарын карманган адам.

Махмуд Кашкарлык-Барсканийдин «…сөздүгүнөн» өтө көп макал-ылакаптарды кездештиребиз, алар негизинен түрк урууларында колдонулган жана балдарды тарбиялоодо кызмат кылган ата-бабалар насааты болуп эсептелет.

Сөздүктөгү макал-ылакаптар

• Баатыр майданда, аалым аңгемеде сыналар.

• Күздүн келери жаздан белгилүү болор.

• Кут белгиси – билим.

• Адептүүлүктүн башаты – тил.

• Арыстан картайса чычкан ийнин күзөтөр.

• Кылыктана билсе кызыл киер, жагына билсе жашыл киер.

• От түтүнсүз болбойт, жигит жазыксыз болбойт.

• Куш канаты, эр аты менен.

• Жаза атпаган мерген, жаңылбаган жаак болбойт.

• Бөрксүз баш болбойт, башчысыз түрк болбойт.

• Курук кошок оозго жакпайт, курук сөз кулакка жакпайт.

• Бычак канчалык курч болсо да, өз сабын кеспейт.

• Адам аласы ичинде, жылкы аласы сыртында.

• Сөөксүз баш болбойт, башчысыз түрк болбойт

• Көккө түкүрсө, көзгө түшөр

• Айтылган сөз – атылган ок

• Кош кылыч бир кынга батпайт

• Элчиге өлүм жок

• Сыр идиштин сыры кетсе да, сымбаты кетпейт

• Эмгек этесең эмээрсиң

• Таш баш жарар, эмгек таш жарар

• Башкага ор казба, ага өзүң түшөсүң

• Билимдүү болом десең, даанышмандын айтканын тыңда ж.б.

«М.Кашкаринин педагогикалык ойлорунун негизин дидактика маселелери курайт, — деп жазат К.Сарбасова (Сарбасова Қ. Казирги казак педагогика гылымындагы ал-Фарабидин, Ж.Баласагунидин, М.Кашкаридин таалим-тарбиелик идеялары – Педагогика гылымдарынын докторы гылыми даражасин алу үшүн дайындалган диссертациянын авторефераты. – Караганды, 2008. – 26-б.), — аалым атайын «дидактика» терминин колдонуп, аны педагогика илиминин бир бөлүгү болгон окутуу теориясы катарында аныктабагандыгы менен анын эмгегинин өзөгүндө дидактикалык мазмун айкын көрүнүп турат… М.Кашкаринин дидактикасын эки деңгээлде караштырууга болот: жалпы дидактика жана жеке дидактика. Жалпы дидактика өңүтүнөн алып карасак, биринчиден, ал билим берүү, окутуу, үйрөтүү сыяктуу дидактиканын негизги категорияларына аныктама берген, экинчиден, билим берүүнүн мазмунун, окутуунун принциптерин, методдорун жана каражаттарын айкындаган. Билим берүүдө аалым адамзаттын жыйнаган тажрыйбасын, заттар менен кубулуштарды, жаратылыш менен коом мыйзамдарын таануу натыйжасы деп билип, ага ылайык бардык материалдарды өз эмгеги аркылуу өткөргөн».

Кашкарлык Махмуддун эмгегинде лингвистикалык, этнографиялык материалдар Х-ХI кылымдардагы түрк элдеринин этикалык баалуулуктары жана жүрүш-туруш нормалары менен синтезделип берилген. Түркология илимине салыштырма метод жана тарыхый мамиле кылуу менен негиз салып, энциклопедиялык деңгээлде ариб тартиби менен тексттерин макал-ылакаптар, саждалар (жорго сөз), ырлар, ражаза (аскерий темадагы ырлар), карасөздүн үзүндүлөрү, уламыштар, аңыздар менен шөкөттөп олтурат. Анда орто кылымдардын педагогикалык эрежесин камтыган 400дөй макал-ылакап, учкул сөздөр колдонулган, алар «бир жагынан, фольклордон, экинчи жагынан, жазма булактардан келип чыккан», «улам-улам кудайга кайрылуу, адамды нравалык жетилүүгө чакыруу «Дивани лугат-ат түрк» ырларына жана сентенцияларына мүнөздүү белгилер» (Эркебаев А. Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. – Б.: 2004. – 76-б.) болуп эсептелет.

Насыят тобундагы айрым ойлору менен таанышып көрөлү

Сараң үй ээси мейманын ууру тутар

Бергенин милдет кылып, жүзгө урар.

Аябагандай ачка болгон карга музду бузар

Көңүл бурбай тузакты көздөй тумшук созор.

Күн ордуну түн басар.

Ызаат көрсөт конокко

Даңкыңды жайсын алыска.

Бузулду бул замандар,

Күч алды көп жамандар.

Илим, билим жоголду,

Азайды мыкты адамдар.

Такыр айтпа суук сөз,

Кара ниет, бетпак сараңга

Элчиге өлүм жок.

Кош кылыч бир кынга батпайт.

Карганын карысын, кишинин көңүлүн ким белет? ж.б.

Мына ушундай учкул сөздөрдүн, акыл-насааттардын азыркы күнгө чейин колдонулуп келе жаткандыгын, элдик акындардын санат-насыят, терме ырларынан орун алгандыгын айтсак эле Махмуд Кашкарлык-Барсканийдин түрк элдик жана илимий педагогикасындагы тарыхый орду таасындалат.

Абдыкерим Муратов, «ZAMAN Кыргызстан» гезити, 19.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Түрк тилдерин өтө кылдат жат кылган Махмуд Кашкарлык-Барсканий: 1 комментарий

Добавить комментарий