Жупуну жашоого умтулган алп Толстой

“Менин кетип калганыма капа болорсуң. Антпеске аргам жок. Акыркы күндөрү өз үйүмө өзүм батпай баратам. Ошондуктан өмүрүмдүн соңун көр тириликтен алысыраак өткөрөйүн дедим. Мени туура түшүн. Издебе. Баары бир айтканымдан кайтпайм. 48 жыл өмүр шерик болгонуңа ыраазымын, күнөө кылсам кечир, сенден чекилик кетсе баарын чын дилден кечирем. Эмики тагдырыңа баш ийгин”.

Ушул катты калтырган 82 жаштагы Лев Толстой 1910-жылдын кеч күзүндө жеке дарыгери Душан Маковицкийдин коштоосунда Ясная Полянадагы үйүнөн эч кимге шек алдырбай чыгып, башы ооган тарапка багыт алды. Болгарияга, болбосо Кавказга бараармын деген Лев Толстой жолдо баратып өпкөсүнөн кагынды. Аргасыздан азыркы Липецк областындагы Астапово бекетинде поездден түшүп калып, 20-ноябрда аталган бекеттин начальниги И.И.Озолиндин үйүндө жан берди. Андан бери мына бүгүн 102 жылдын жүзү болду.

Атактуу классик жазуучу Томас Манн сүрөттөгөндөй чыгармачыл көрөңгөсү түбөлүк эпикалуу, Гомердикиндей башаты бай Лев Толстойдун сөөгү 23-ноябрда балалыгы, өмүрүнүн жарымынан көбү өткөн Ясная Полянага коюлду.

“Согуш жана Тынчтык”, “Анна Каренина” өңдүү алп романдарды жараткан орустун эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги алп жазуучу 1828-жылы 28-августта Орусиянын Тула губерниясындагы Ясная Полянада жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөнүн төртүнчү баласы. Эки жашында энесинен, тогузунда атасынан айрылып, туугандарынын колунда өскөн. Бирок, теги дворяндардан. Энеси генерал, князь Николай Волконскийдин кызы эле. Мындан сырткары Лев Толстой ошол мезгилдин ак сөөктөрү княздар Горчаков, Трубецкойлор менен да туугандык жагдайлары болгон.

Лев Толстой 34 жашында москвалык дарыгер Андрей Густав Берстин 18деги кызы Софья Андреевнага үйлөндү. Кайын атасы Берстин дагы бир орус жазуучусу И.С.Тургеневдин апасынан Варвара аттуу кызы бар эле. Ошентип Софьяны алган Лев Николаевич И.С.Тургенев, ал гана эмес Александр Сергеевич Пушкин менен да туугандашып кетет.
Улуу жазуучу 48 жылга созулган никесиндеги алгачкы 17 жылда 13 балалуу болду. Сергей, Татьяна, Илья, Лев, Мария, Петр, Николай, Варвара, Андрей, Михаил, Алексей, Александра, Иван аттуу балдар, кыздарынын бешөөсү наристе кезинде эле чарчап калышты.

 Бүгүнкү күндө өлгөндөрү менен тирүүлөрүн кошкондо андан тараган урук-тукуму 300дөн ашты. Дүйнөнүн 25 өлкөсүндө жашашат. Жазуучунун 1869-жылы туулган үчүнчү уулу Лев Львович Толстой тукумдуу болду. 10 баланын атасы эле. 2000-жылдан бери Ясная Полянада жазуучунун урук-тукуму эки жылда бир чогулууну салтка айлантып келишет. Уулу Андрейдин кызы Софьяга орус адабиятынын дагы бир классиги Сергей Есенин үйлөндү.

Үй-бүлө күткөн алгачкы 12 жыл ичинде ал атактуу “Согуш жана Тынчтык” менен “Анна Каренинаны” жаратты.

Бала кезинде университеттен билим алсам деп ойлоду. Абдан даярдык көрдү. Бирок, окуунун аягына чыкпады. Тил үйрөнүүгө дилгир болгон экен – англис, француз, немец, италия, чех, серб, грек, латын, украин, татар, түрк, болгар тилдерин билген. Франция, Швейцария, Италия, Германия, Англия мамлекеттерин кыдырып, жаш убагында музыкага да абдан кызыккан. Бах, Гендель жана Шопен жазуучунун жактырган композиторлору болгон.

Чыгармачылыкта эле эмес Лев Толстойдун аскердик карьера жасоого да зор мүмкүнчүлүгү болгон. 1851-жылдан тарта аскерде кызмат өтөп, 1853-жылы Крым согушунда Севастопольду коргоого катышып, ыйык Анна ордени менен сыйланган.

Поручик чининде 1856-жылы отставкага чыккандан кийин чет өлкөлөрдү кыдырды. Жубайы Софьяга үйлөнгөн 1862-жылы башкырлардын Каралык жайлоосунда кой этин жеп, кымыз ичип 1,5 ай дарыланды. Каралык жайлоосуна он чакты ирет келип, кымыз менен ден соолугун чыңдады. Ак сөөк экенине карабай 50 жашында балдар менен жарышып ойноп, алтымышында отун жарып, устачылык, өтүкчүлүк кылып, меш салды. Араб тукумундагы азоо аргымактарды ооздуктап, ээрге олтурду. 1902-жылдын алгачкы айында жазуучуга оор кесел жармашты. Адегенде өпкөсүнөн кагынып, андан соң ич келте менен ооруду.

Лев Толстойдун Ясная Полянадагы жашоосунун акыркы күндөрүнө анын катчысы Валентин Булгаков күбө болду. Жазуучу 28-октябрда үйдөн чыгып кеткенде ал өз жанын кыюуга аракет жасаган Софья Андреевнаны өлүмдөн сактап калган.

Өмүр бою таза жана жупуну жашоону эңсеген ал жазуучу тууралуу жай баян мына ушундай. Ал өз мезгилинин эң чынчыл адамы болгон.

Атай АЛТЫМЫШЕВ, «Эркин-Тоо», 20.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий