Улуу поэзияны улаган акын

Боордошубуз, авар классик акыны Русул Гамзатов: «Мени дүйнө эли акын катары тааныганы менен, тоодогу тепкедей айылымдын эли тааныбаса, дүйнө элинин баасы бир тыйын» деген экен. Анын сыңарындай мен  кеп кыла турган таланттуу акын, чыгаан публицист маркум Кудайберген Жуманазаров, тепкедей айылынын эли туу туткан, сыйлаган, Куке дешип идеал туткан адамы экенинде шек жок. Акын Кудайберген Жуманазаров таланттардын «Меккеси» болгон Кетмен-Төбө өрөөнүндө чыгышынан Тогуз-Торо, түштүгүнөн Кызыл-Үңкүр, Арсланбап менен чектешкен, асман тиреген, чокусунан ак кар, көк музу кетпеген тоолордун этегинде жайгашкан Жетиген айылында 1937-жылы 5-июлда туулган. Айылдагы жети жылдык, Үч-Теректеги М.Горький атындагы орто мектепте билим алган.

1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

К.Жуманазаров өзүнүн апгачкы эмгек жолун Фрунзедеги айыл чарба машиналарын жасоочу заводдо престөөчү болуп иштөөдөн баштаган. 1960-жылы шаардагы өндүрүш мекемелер комбинаты да азыркы үй куруу комбинатта бетончу болуп иштеп жатканда редакциянын чакыруусу менен келип, «Ленинчил жаш» газетасында иштей баштаган. Алгач газетанын комсомолдук турмуш бөлүмүнүн адабий кызматкери, кийин 1961-1963-жылдары Ош областы боюнча өз кабарчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп сегиз жыл эмгектенген. 1969-жылдан тартып маданият, адабият жана искусствонун очогу болгон «Кыргызстан маданияты» газетасында иштеди.

1984-жылдан бери газетанын жооптуу секретары, редакциялык коллегиясынын мүчөсү болуп эмгектенген.

Акындын «Жаз» деген туңгуч ыры 1955-жылы «Ленинчил жаш» газетасында жарыяланган. 1963-жылы ВЛКСМдын 45 жылдык юбилейине карата жарыяланган республикалык конкурста «Комсомолдук путёвка» деген поэмасы биринчи сыйлыкка татыктуу болгон. Анын ырлары менен поэмаларынан турган алгачкы жыйнагы «Кара-Көл оттору» (Лениндик, комсомол сыйлыгына көрсөтүлгөн) деген ат менен 1969-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн.

1970-жылы ал СССРдин жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Ошондон бери «Ат жалындагы ыр», «Тогуз кайрык», «Ак жол», «Токтогулдун ыры», «Тайгадагы көч», «Көгүлтүр жылдыздар», «Струны комуза» (орус тилинде), «Жазгы жамгыр», «Чолпонум» (маркум кызы Чолпонго арнаган), «Алтымыштын ашуусунда» деген ондон ашык поэтикалык ыр китептери жана Токтогул ГЭСинин курулушун баяндаган «Улуу акындын жергесинде» деген публицистикалык очерк китеби жарык көрдү.

Ушул эскерүү макаламды жазып жатып Кудайберген агам менен (пендебиз да) сыйлык, наам жөнүндөгү айткан кептери эске түшөт.

-Кудайберген аке! Ага досуңуз С.Жусуев, ини досуңуз, шакиртиңиз Ж.Мамытовдордун (Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары) колдоосу менен сыйлык, наам алып албайсызбы десем, а Анарбек иним, сыйлык, наам алышты эч ойлобойм, андан көрө элим окуй турган жети-сегиз нак ыр жазсам, жаратсам, ошол менин сыйлыгым наамым деп менин оозумду ачырып, өчүргөнүн эстеп жатпаймынбы, окурман. Ал ага досу Кыргыз эл акыны С.Жусуев менен үй-бүлөлүк катышта жүрүштү. А Жолон Мамытов экөө койун колтук алышып бирин-бири бир азга көрүшпөй калышса, кучакташып көрүшкөн достордон болушкан.

Москвада адабият институтунда окуучу эмес беле. Москвадан Фрунзеге келгенде түз эле Кукендин үйүнө келип, экөө бир, эки күн мини поэзия кечесин өткөрүшкөнүнө көп эле жолу күбө болгом. Акын К.Жуманазаровдун поэзиясына курч публицистикалык, назик лирикалык, ыкма-касиет мүнөздүү. Ал мезгилдин күрөө тамырын кармай билген акын болгон. Мезгилдин агымы, шары менен жашаган.

Акын өз замандаштарынын реалдуу, романтикалык эмгегин даңазалоого бүт акындык талантын арнаган. Алгачкы китеби (Кара-Көл оттору) Токтогул ГЭСинин курулушуна арналса, «Тайгадагы көч» кылым курулушу аталган Байкал-Амур темир жол курулушунда иштеген кыргызстандык жаштардын эпкиндүү эмгегин, турмушун чагылдырган, а «Жаз жамгыры» китебинин негизги бөлүгүн Кыргызстандын кайраткер чабандарына арнаган «Чаткалдын бүркүтү» деген поэмасы ээлейт. 1999-жылдын 5-ноябрында 62 жаш курагында тиги дүйүнөгө узап кете берди. Адебей ай жаркын агабыздын о дүйнөгө сапар тарканына 13 жыл болуптур. Быйыл Куке 73кө чыкмак. Артында чолпондой болгон төрт кызы, куржун-куржун ырлары, опол тоодой эскере турган эли калды.

Мекендештер! «Айылымдан эки метр жер сурайм» деп жүрүп, айылынан топурак буйруган эмес экен, тагдырдын жазмышы, Чүй боорунан түбөлүк жайын тапты.

Алыкулдун салыштыруусу боюнча жүрүшү, чыгармачылыгы «Шырдакбектин жоргосундай» акыныбыз Жоомарт Бөкөнбаеден кийин Кетмен-Төбөдө акындык өнөрдүн учугу үзүлгөндөй болуп калган (отуз жылдан кийин) мына ушундай поэзиянын жымжыртыгында дүбүрт менен жаңырыкты чыгармачылык кубаттуу, дүрмөттүү көркөм сөз менен 1970-жылдары классикалык адабиятка өз үнү, стили менен жердешибиз Кудайберген Жуманазаров болчу. Ошондо уучубуздун куру эмес экендигине жана «аккан арыктан суунун ага беришине» дагы бир жолу ынанганбыз. Кетмен-Төбө өрөөнү  түшкөн.

К.Жуманазаров кыргыз поэзиясында ортон колдой болгон, мезгилдин, сындын элегинен өткөн, өзүнүн таланты аркылуу адабияттын чеберчилик сын боюнча туруштук бере алган классикалык акын болчу. Ал эки тизгин бир чылбыр дегендей таланттуу акын эле болбостон калеми курч, портреттик очерктин да, устаты, чыгаан публицист да болгон. Акын агабыздын чыгармачылыгы бүткүл кыргыз жерине, элине арнаган. Ал жазбаган Кыргызстанда эч бир жер калбаса керек.

Кетмен-Төбө өрөөнү өзү туулуп өскөн Жетиген айылы (атам да сен, энем да сен…) акындын ар дайым жүрөгүндө болуп, сезим ыргагында көптөгөн поэтикалык саптар жаралган. Азыр Кудайберген агабыз жок. Бирок анын таланттуу, поэзия жыттанган ырлары, чыгармалары калды. Тепкедей айлынан сыйлуу кадырман адамы экен, анын канаттуу поэзиясын туу туткан айылдаштары акындын ысымын айылдын негизги көчөлөрүнүн бирине, айылдык маданият сарайын анын ысымы менен атап алышкан. К.Жуманазаровдун ысымын алып жүргөн айылдык маданият сарайында акындын Кыргызстанды түрө кыдырып ырдалып жүргөн «Ыр кесеси», анын сөзүнө жазылган обондуу ырлары нечен жолу жаңырат дейсиз?..

Сиз өлгөн жоксуз Куке! Сиз биздин арабыздасыз! Сизди ар дайым жүрөгүбүздө сактап жүрүү биздин адамгерчилик да, пендечилик да парзыбыз.

Анарбек КЫДЫРШАЕВ, Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты, Токтогул району,
“Эркин Тоо”,
27.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий