Ормон хан доору – кыргыз тарыхындагы маанилүү мезгил

Быйыл биз кыргыз  элинин карт тарыхындагы эң бир көрүнүктүү инсаны, чыгаан мамлекеттик-саясий ишмер, чебер дипломат жана даңа-залуу колбашчы Ормон хан Ниязбек уулунун 220 жылдыгын белгилейбиз. Анын элибиздин тарыхында өзгөчө орду бар экендиги эч талашсыз.

Эң оболу, Ормон кыргыз коомчулугуна даңкы чыккан тектүү ата-бабанын нарктуу жолун жолдогон, XIX кылымдын биринчи жарымында бытырандылыктын азабын тартып жаткан кыргыз элинин башын кайрадан бириктирип, алардын байыркы мезгилдегидей борборлоштурулган бирдиктүү мамлекетин калыбы­на келтирүүдө, зор ишмердүүлүгүн көрсө­тө алган инсан катары «Эл уулу, эл башчысы» деген атакка адилеттүүлүк менен арзыган. ХХ кылымдын башында Алдаш молдо Жээнике уулу Ормон хандын тарыхын алгачкылардан ырга салып:

«… Эптеп айткан иш эмес,
Эсенгулдун Ормон хан,
Эстелбей калчу киши эмес»,
деп даңазалаган экен.

Белгилүү улуу казак аалымы Шокан Уалиханов XIX кылымдын ортосунда эле кыргыз элинин тарыхындагы ошол мезгилге «Ормон хандын доору» деген аныктамасын берген. Көрүнүктүү этнограф-тарыхчы Саул Абрамзон да муну ырастап, өз эмгектеринде “Эпопея Ормон хана” деген  күчөтүлгөн үлгүдө колдонгон. Алардан кийин 1944-жылы кыргыз тарыхчысы, болочок академик Бегималы Жамгырчы уулу Ормон хандын тарыхына атайы дыкаттап изилдөө жүргүзүп, жогорудагы жагдайды кайталап белгилегендиги үчүн Совет Өкмөтүнүн аткаминерлери тарабынан (1955-ж.) ыгы жок жемеге алынган.

Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал эрте эрезеге жетилгенден баамчылдыгы артып, ошол мезгилдеги коомдогу аймактык бытырандылык, уруулар аралык жаңжалдар, түбү бир элди ажырым кылган куру намыскөйлүк, тегерегиндеги бөтөн мамлекеттердин өз кызыкчылыгына жан тарткан саясаттарынын көз карандылыгында калуу сыяктуу көйгөйлүү маселелер аны кыйла ой толгоолорго алып келген жана аларды кыргыз элине ыңгайлуу жагдайда чечилишине багытталган чечкиндүү кадамдарды жасоого түрткөн эле.

Бул багытта, Ормон алгач өзүнүн замандаш кыргыздын журт башчылары менен мамилени жөнгө салып, жолдош-жоро, куда-тамыр күтүү менен бирдикте, коомдук иштерге жигердүү катышып, жогорку абыройлуулукка жеткен. Андан соң, 1841-жылы, Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Токойдогу (Тармалсазда)  кыргыз элинин элитасынын Курултайында (Топто) өзүн бүткүл кыргыздардын ханы деп көтөрүлүшүнө жетишкен. Саул Абрамзондун маа­лыматы боюнча анда Жангарач, Медет, Балбай, Жантай жана Кыргызстандын түштүгүнөн (Кокон ханынын өкүлү катары) да бийлик ээлери катышышкан, профессор Кушбек Усенбаев буларга кошумча Боронбай, Муратаалы, Аалыбек Кетрекей уулу, Шорук бий, Ажыбек жана Алымбектердин да катышканын белгилейт.

Жакында Ормон Ниязбек уулунун хандык бийликке  келиши тууралуу архивдик документтен өтө маанилүү маалыматтар табылды. 1861-жылы 15-сентябрда сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Ырыскулбек Ниязбек уулу, Ажы Ниязбек уулу (Ормондун инилери – Д.С.), Адыл Субан уулу жана Калыгул Алыбек уулу орус генералы Г.А.Колпаковскийге жазышкан каттын түп нускасын которуп окуганыбызда, төмөндөгүдөй сүйлөмдөр келтирилген: «Йене де Сизге айткаман, ханыкылыни (б.а. кыргыздарды башкарып хан бийлигин жүргүзүүнү – Д.С.) бизге берингиз. Кече амирни вактинде (сөз Бухара эмири Нас­рулла 1841-жылдын күз айларынан 1842-жылдын жаз мезгилине чейин Кокон хандыгын басып алып турган учуру жөнүндө болуп жатат – Д.С.) хэм сураб алганмыз, кече кыпчакни вактынде (Кокон хандыгынын башчылыгында жаш хан Худаярдын кайын­атасы кыпчак уруусунун  өкүлү Мусулманкул 1844-1853-жылдарда аталык даражасында башкарып турган учур – Д.С.) хэм сураб алганмиз. Сиздан хэм сурадым. Көнглүмүз йакындан ханыкылыни бизге бериңгиз». Мындан көрүнгөндөй, жогоруда айтылган мезгилде, Бухара мамлекетинин эмири Насрулла Кокон ханы Мадалинин (1822-1841-жж. бийликте болгон) башын алып, жазалоо менен бул мамлекетти өзүнө каратып, убактылуу жойгону белгилүү. Мүмкүн ушундай кырдаалда, Бухара эмири чыгыштагы кыргыздардын өз алдынча борбордоштурулган мамлекетинин кайра жаралып, чыңдалышына колдоо көрсөткөн. Демек, бул Ормон Ныязбек уулунун кыргыздарга хан болушу мурун айтылып жүргөн 1842-жыл эмес, 1841-жыл экендигине дагы бир далил десек болот.

Кызыл-Токойдогу хан которуу аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, «хан» деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (С.Абрамзондун маалыматы боюнча – чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын  жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле. Ошол мезгилдеги түзүлгөн орус архивдик документтерде бул даража алардын баамында  “Главный манап кара кыргызского народа” – “Кара кыргыздардын башкы манабы” делип сыпатталыптыр.

Ормон хандын негизги саясий ишмердүүлүгүнүн багыты – уруулар арасындагы ынтымактын бекемдөө жана күчтүү борборлоштурулган кыргыз мамлекетин кайра түзүүгө багытталган эле. Ал эң оболу кыргыз коомундагы мыйзамдуулукту орно-тууга киришип, бекем тартипти сактоо иретинде байыркы үрп-адатка негизделген жаңы мыйзамдарды иштеп чыгып, чоң түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал элдин эсинде  «Ормон окуу» деп сакталган.

Ушуга ылайыктуу мамлекеттик башкаруу аппарат жаңыча түзүлүп, анын атрибуттары жанданган эле. Ормон хандын алдында чоң жана кичи кеңеш курамы уюшулган. Биринчисинде: Калыгул Бай уулу, Жангарач Эшкожо уулу, Жантай Карабек уулу, Шамен Куттуксейит уулу, Миңназар,  Ажыбек, Жаманжээн жана башкалар болгон. Кичи кеңеште: Мудербек менен Минназар туруктуу­лукта көбүнесе сот иштери менен алектенип, аткаруучулук багытта иш алып барышкан. Аскер башы, ички жана тышкы иштерди тейлөөчү башкаруучулар (азыркыча министрлер) дайындалган. Алардын бири, алгачкы аскер башылыгына (Коргоо министри) Аалыбек Кетирекей уулу, кийин Ормондун жакын инилеринен Төрөгелди баатыр  дайындалган. Тышкы иштер минис­тринин милдетин Байсерке  аткарган. Атайын ыйгарымдуу элчилери катары Саза жана Байгабыл деген адамдар эле. Ормон хандын өздүк мөөрү жана туусу болгон, булар эгемендик мамлекеттин атрибуттары экендиги белгилүү.

Ормон хан мамлекетти башкарууда элибиздин түпкүрлүү бай тарыхый салттуулугуна зор маа­ни берип, атайы билимдүү адамдарга кыргыздардын өткөн тарыхын «Жооп-наме» деген эмгекке түшүрткөн. Өзү да элинин өткөн тарыхын терең билүүгө умтулган жана элдик нарктуу каада-салтты бекем туткандыгы менен айырмаланып, олуя — көсөмдүк сапаттарга да ээ болгондугу элдин эсинде айкын сакталган.

Ормон хандын чечкиндүү борборлоштуруучулук саясаты өз алдынчалыкка көнгөн уруу башчыларынын каршылыгына алгач тымызын, кийин ачыктан-ачык кабыла баштады. Албетте, ал ар кандай өзүнүн дооруна жараша башкаруу көбүнесе салттуулук ыкмаларды колдонгон, кээде катуу кыяматтыкка барганы да эл оозунда «Ормон опуза» деген ылакапка айланганы белгилуу. Ормон хандын саясий ишмердүүлүгү тууралуу орус окумуштуусу Александр Бернштам 1945-жылы эле жазган эмгегинде: «Ормон хандын тартынбай адепсиздикке баруу менен тоскоолдуктарды жеңиш үчүн бардык ыкмаларды колдонуп, кыргыз урууларын борборлоштуруу аракети жекирүүгө эмес, аны алкоого арзыйт, анткени, ал Россия тарыхындагы Иван Грозныйдын заманын чакан мерчеминде кайталады», – деп  белгилеген. Ошентсе да, бул жердеги “борборлоштуруу аракети”, деп иштин өтөөсүнө чыккан эмес деген сыяктуу бул окумуштуунун оюна биз макул боло албайбыз. Анткени, кыргыз борборлоштурулган мамлекетин калыбына келтирүүдөгү формалдуу жагы, жогорудан көрүнгөндөй, 1841-жылы эле аягына чыгарылган. Ал толук кандуу мамлекет катары Ормон хандын башкаруучулугунда 14 жыл болсо, андан соң анын уулу Үмөтаалынын жетекчилигинде дагы 12 жыл болгон. Демек, кыргыз борборлоштурулган мамлекети бардыгы 26 жыл бою өмүр сүргөн жана 1867-жылы Россия империясынын басып алуусу менен зордоп жоюлган.

Ормон хандын эл башкаруучулук вазипасынын алгачкы үзүрү жана кыргыз мамлекетинин күчү, анын алтынчы жылында даана көрүндү. Бүткүл казак хандыгын калыбына келтирип, он жыл бою (1837-1847-жж.) орус оторчулугунан бошонууга аракеттенип, Россия аскерлеринен жеңилбеген Кенесары Касым уулунун кошуунунун 1845-1847-жылдары кыргыз жергесине келип өкүм-зордук көрсөтүүсунө каршы Май-Төбөдөгү 1847-жылдагы анын акыркы салгылашуусунда кыргыз жоокерлеринин үстөмдүккө жетишүүсү болгондугу баарыбызга жакшы белгилүү. Бул окуяда Ормон хандын кыраакы мамлекеттик колбашчы, көрөгөч жана акылдуу саясатчы экендиги даана далилденген эле.

Ошол мезгилдеги татаал эл аралык ахывалдын ыргагында Ормон хан өзү түптөгөн кыргыз мамлекети коңшу мамлекеттер менен тең ата саясат жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Ал 1847-жылдын 22-августунда Копал шаарында, Россия империясынын өкүлдөрүнүн ортомчулугунда, кыргыз-казак тынччылыкта достошуу келишимин иш жүзүнө ашырып, алар менен чек ара маселелерин чечүүнүн үстүндө болду.

Жогорудагы келишимде түзүлгөн докумунттерди баамдасак алар ошол кездеги эл аралык мамилелерде колдонулган укук ченемдерине  толугу менен жооп берет. Келишим эки бөлүктөн турат, биринчиси, кыргыздарга таандык, экинчиси, казактарга. Өзгөчө биздин көңүлдү бурганы, бул келишимдердеги биринчи жана экинчи беренелеринин мазмундары. Анын кыргыздарга тиешелүүсүндө, «1. Россия мамлекетинин төбөлдөрү болгон Улуу жана Орто жүз казактары менен достукта жана тынччылыкта барымта, каракчылык жана өлүм жаратуучулукту жасабоого милдеттенебиз, ортобуздагы маанилүү эмес талаштарды биздин талаа мыйзамдарыбыздын негизинде эки тараптык макулдашуулукта чечишип канааттандырышабыз.

2. Бул келишимдердеги шарттарды ыйык сактоого кепилдик беребиз жана аны биз бузбайбыз, эгер биз кичине эле жерден аларды аткарбасак, анда Кудайдын каарындагы жоопкерчиликте болобуз», – деп аяктайт. Демек, бул жагдай, мындан башка да тарыхый маалыматтардан көрүнгөндөй эле, кыргыз элинин ошол тапта, Кудайдан бөлөк эч кимге көз каранды эмес, эгемендүү көчмөн мамлекетке эгедер экендигин айдан ачык күбөлөндүрөт.

Сөз болуп жаткан келишимдин демилгечиси жана анын иш жүзүнө  ашырылышына ортомчулукту аткарган Россия империясы, кыргыздардын Ормон хан Ниязбек уулу башкарган эгемендүү борборлоштурулган мамлекетинин болгондугун жана алардын Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелерде толук кандуу субъектиси катары дааналап тааныгандыгын ачык айкындайт.

Демек, Ормон хан Казак, Кокон, Бухара хандыктары жана Россия, Цин (Маньчур-Кытай) империялары менен тең даражадагы мамиле түзүүгө жетишкен десек жаңылбайбыз.

Албетте, Ормон хандын кыргыз мамлекетин борборлоштуруп башкаруусундагы алгачкы ийгиликтери менен кошо, андан кийинки кадамдарындагы кетирилген орчундуу катачылыктардын айынан жана өзгөчө, тышкы саясаттагы алгылыктуу иштери, өзүнүн эле үзөңгүлөш дос-тамырларынын көз артышына алып келген. Алардын ичинен, кыргыз жерин басып алууга умтулган өгөй мамлекеттердин азгырык убадаларына жетелегендери да чыгышкан. Мындай чыгаан инсандарыбыздын ийгиликтерине кыянаттык кылуу, тайыз ойлуулукка жол берүү кыргыз элинин келечегинин кендирин далай ирет кыркып келгени өкүндүрөт. Азыркы учурубузда да мамлекеттик ишмерлерибиздин арасында мамлекеттик асыл ой, аруу максаттарыбызга кедерги болуп жаткандар жок эмес, алар тарых сабактарынан  таалим албаган сыяктанат.

Ушул мезгилге чейин, менимче, борборлоштурулган кыргыз мамлекетин он төрт жыл башкарган Ормон хандын өлүмүнүн (кээ бир китептерде жана интернет булактарында жада калса, өлгөн жылы да ар кандайча 1853-1854-жж. же 1855-жыл деп берилип жүрөт – чынында акыркысы анык) жагдайлары жана анын бийлигин мурастаган уулу Үмөтаалынын ишмердүүлүгүнүн жагдайлары да адис тарыхчыларыбыз тарабынан жаңы деңгээлде, дагы да кылдат изилденип, ынанымдуу жана акыйкаттуу өз баасын ала элек десек жаңылбайбыз.

Айтмакчы, Ормон хан өлгөндөн кийин, анын уулу атасынын бийлик ордун мурастап ээлегендиги жөнүндө жакында архивден табылган Үмөтаалынын ысыккөлдүк кыргыздардын башчыларына 1861-жылы жазган катынын мазмунунан билсек болот. Анда, Үмөтаалы өзүнүн замандаштарына, «Дөөлөтимүз (б.а. мамлекетибиздин – Д.С.) журт жакшылары көчмөндөргө алекиме дувай салам» айтып, мындайча буйрук бериптир: «Мусулман уулу болсо Кудай бар, Расул Пайгамбарды ак билсе, анда кошуун жигитлерине жигиңизди бузбай камчы болуп, аспап жана жарагыңды түздөтүп туруп, мусулман кылычын  чабып, кафрга ок атып, хан хазретиме чын көңүлүң менен өзгөчө кылып кызмат кылгын…. Эл болсоң, элчиңи жибер урдага  мага хан хазретимизге алып берип арысыхлас пенделик сөзүн айтсын. Эгер жок десең мага дайын болсун», – делген.

Жыйынтыктап айтканда, Ормон хандын жана анын уулу Үмөтаалынын мамлекеттик ишмердүүлүгү – кыргыз мамлекетинин тарыхындагы дагы бир маанилүү жана орчундуу мезгил (1841-1867-жж.) экендиги талашсыз. Ошону менен бирге бул трагедиялык чындык, кыргыз элинин эгемендүү мамлекеттүүлүгүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнүн колдон кетирилген учуру катары да, кайталанбагандай ачуу сабак экендигин да унутпасак. Менимче, мындай ата-бабабыздын тарыхындагы кыйчалыш мезгилиндеги окуяларды тагыраак ачыктап алып, андан ынанымдуу жыйынтыктарды чыгарып, андан тажрыйба, таалим-сабак алып, элибиздин келечеги болгон мамлекетибиздин бекемделишине ак эмгек кылсак, дүйнөлүк мамлекеттердин катарында тең тайлаша, алга кадам шилтешибизге көмөкчү болоор эле.

Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,
КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери,
«Кыргыз Туусу», 30.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Ормон хан доору – кыргыз тарыхындагы маанилүү мезгил: 4 комментария

  • 08.12.2012 в 06:59
    Permalink

    Dolotbek Bekish uulu Sparaliev, sizge chong rahmat ushundai maanilyy maalimat jazip bizdi Omor xahdin baskan jolu jana kyrghyz eline kylgan kizmati, tarixta kaltirgan taasiri jana izi menen kenenireek taanyshtirganyzga. Men Esengul atamdin tukumdarinan (Ormondun inisi Subandin)bolom. Bizdin ata-babalardin basip otkon jolu tuuraluu kop nerselerdi bilgim kelet. Menin e-mail adresime ata-babalar tuuraluu sanjira bilseniz jiberip jiberesizbi. Sizge chong raxmat.

    Ответ
    • 20.10.2013 в 22:21
      Permalink

      Карындашым Эсенгулова.
      Ата тегин жонундо кызыксан мени менен кабарлаш, сага мен жакын тууган боломун.
      Ишенбек Садыков

      Ответ
  • 22.12.2012 в 23:10
    Permalink

    Демек, Ормон хан Казак, Кокон, Бухара хандыктары жана Россия, Цин (Маньчур-Кытай) империялары менен тең даражадагы мамиле түзүүгө жетишкен десек жаңылбайбыз. !!!

    Ответ

Добавить комментарий