Кыргыз мурасы: кылымдар тереңинен кылымдар кыйырына

aiperiАкыркы 20 жылда кыргыз улуту өзүн-өзү таанууга аракет жасап, ата-бабалар мурасы болгон салт-санааларыбызга, кол өнөрчүлүгүбүз менен буюм-тайымдарыбызга кайрылып, барктай баштадык. Бул бизге эгемендик берген эң башкы белек десек болот.

Кыргыз улуту эң байыркы элдердин катарына кирерин бүгүн окумуштуулар бир ооздон айта башташты. Мындан он жыл мурда «Кыргыз этнонимине 2200 жыл» аттуу темада эл аралык симпозиум болуп, анын ишине Россия, Франция, Түркия жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн көрүнүктүү окумуштуулар катышкан болчу. Симпозиумдун учурунда бир катар атактуу окумуштуулар менен кыска маектерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон элем.Ошондо бир түрк окумуштуусу кыргыз улуту каада-салт, үй-бүлөлүк мамилер үлгүсүн атадан-балага, муундан-муунга жоготпой өткөрүп жүрүп отурганы менен уникалдуу калк. Кыргыздар мындан 2000 жылдар мурун деле туура эле ушундай салт-санаа менен жашаган. Ушундай эле кол өнөрчүлүк, ушундай эле кийиз буюмдары байыркы кыргыздардан жашоо-тиричилигинин негизин түзгөн. Булар бүгүнкү кыргыздарда деле сакталып калган деп айткан эле. Жакында эле «Эркин-Тоо» гезитине ардагер журналист Мамен Арстанбеков Напалеон Боннапарттын «түрк элдеринин жашоо мыйзамдары, турмушта тутунган эрежелери кагазга жазылбайт. Бирок элдин мыкты сапаттары атадан балага,энеден кызга салт катары өтүп тургандыгы менен бул элдер күчтүү» деп айтканын жазды.

Демек, башкаларды таң калтырып, суктандырган ата-баба мурасы кылымдар тереңинен, кылымдар кыйырына таралышына бүгүнкү муун да өз салымын кошушу керек. «Айыл деми» гезити ушул максатта мындан ары «Улуттук мурас» аттуу туруктуу рубриканын алдында материалдарды жарыялап турмакчы.

“Айгине”- улуттук салттарыбызды айгинелейт

Коомдук уюм катары түзүлгөн бул маданий изилдөө борбору 2004-жылы филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаеванын демилгеси аркылуу ачылып, Аида Алымбаева менен Мукарам Токтогулова аттуу кыргыздын жакшынакай кыздарыбыздын катышуусу менен элдик салт-санаалаларыбызды изилдөө, билим берүү жана руханий, табигый мурастарыбызды сактоо жана коргоо багыттарында изилдөө иштери менен алектенип келет.

“Айгиненин” негизги максаттары кайсылар?

1. Кыргызстандын табигый жана маданий мурастарын изилдеп, сактоо.

2. Табият жана маданият  көрүнүштөрүнүн ачыла элек кырларын ачуу.

3. Сырдуу дүйнө менен илимдин, табият менен маданияттын, салттуулук менен жаңычылдыктын, Батыш менен Чыгыштын жана башка кездешүүчү карама каршылыктардын шайкештигин изилдөө.

Коомдук уюмдун  алгачкы аткарган чоң иши – республикадагы ыйык жерлерди таануу жана коргоо боюнча эмгектери. Ыйык жерлерди таануу жана коргоо багытында “Айгине” 2002-жылдан тартып эле долбоорлорду жазып, дүйнөлүк байыркы маданияттарды коргоо уюмдарына сунуштоо аракеттерин баштаган. Учурда Ош,Баткен,Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы ыйык, мазарлуу жерлерди изилдеп, АКШнын “Кристенсен” уюмунун колдоосу менен китептер басып чыгарылды. Азыр Нарын, Чүй өрөөнүн изилдөө иштери жүрүүдө.

Гүлнара Айтпаева – «Айгине» коомдук уюмунун жетекчиси: Биздин элдин нукура салт-санаалары, табият менен байланышкан ырым-жырымдары, мазарлуу ыйык жерлери чынында дагы ар тараптуу изилдөөлөргө татыктуу. Айталы, жерлердин, мазарлардын аталыштары жөн жерден аталбаган, ар бири өзүнчө сырдуу дүйнө сыяктуу. Андыктан “Айыл деми” газетасы менен кызматташууга даярбыз, эгер мүмкүнчүлүк болсо ыйык жерлер туурасында туруктуу рубрика аркылуу элибизге, өзгөчө жаңы муунга жер-сууларыбыздын каситеин таанытып турсак жакшы болмок.

Албетте, тирилиги табият менен тамырлаш жашаган көчмөн рухтуу кыргыз элинде байыркыдан калган ырымдар, мазарга сыйынуу, табигый баалуулуктарга өзгөчө мамиле жасоо алдыңкы орунда болуп келген. Бул багытта “Айгине” коомдук уюмунун алдына койгон асыл максаттары арбын экенине кубандык.

«Айыл Деми»

Соц тармактар:

Добавить комментарий