“Айтматовдун буту басып кирген жерге жакшылык кошо кирчү”

(Башталышы өткөн сандарда)

Сооронбай Дыйканов менен маек.

aytmatov_24-Москвада Айтматовду коштоп жүргөнүңүздө ал кишинин келип-кетиши, жайгашы жагынан проблема деле болбосо керек?
-Чыңгыз Айтматовдой улуу инсандын Москвага келиши эч байкалбай калчу эмес. Москва дүйнөдөгү ири илимий жана маданий борборлордун бири. Аны ким болбосун тосуп алып, сыйын көрсөтүүгө даяр болчу. Бирок, кайрадан эле баягы кыргыздар Айтматовду барктап-баалабаганын мындан билиңиз: Айтматовго Москвадагы элчиликте конуп кеткенге жакшы бөлмөнү да аяшкан. Ошол эле учурда казактардын, армяндардын, грузиндердин санай берсе бардык эл Айтматов үчүн люкс номурду даярдап, машинасын белендеп, ресторандын бир бурчунан 15 адамга орун даярдап, күн келеби, түн келеби, «конокторуңузду ушул жерден тосуңуз, сиздин биздин элчиликке келип кеткениңиз биз үчүн чоң сыймык» дешип, бардык шартты түзүп күтүшкөн. Бирок, Чыкем бир дагы элчиликке барчу эмес. Мен жанында коштоп жүрүп таң калчумун. Чоң патриот экенин ошондо сездим. Соке, Айтматовду издеген киши биздин элчиликке келиши керек. Кыргызстандын желеги илинип турат, ошону таанып-билип калсын деп өзүбүздүн элчиликке келет. Жатканга жай сураса жок, баары ээленип калган десе, Чыкем да жаш баладай адам да: макул, капыстан келип калса биз бошотуп беребиз. Азыр берип турбайсыңарбы деп суранат. Макул, эгерде келип калса бошотосуздар да дейт, макул деп ал бөлмөгө Айтматовду алып барабыз.

-Мен Айтматовго ушундай мамиле жасалганына ишенбей жатам.
-Ишенбесеңиз дагы бир мисал айтайын. Мына, Айтматовдун фонду 2002-жылы бул жакта түзүлгөн. Бирок ушул кезге чейин фонд имаратка ээ боло албады. Чыңгыз Төрөкулович өзү да бийликтен фонд жайгашчу жай сурап ала алган эмес.

-Айтматовго Москванын бийлиги кандай карачу эле?
-Абдан жакшы болчу. Мисалы, Москвадагы Айтматов фондун ачаарда юридикалык маселелерди чечиш керек болуп калды. Көп кагаздарды жасаш керек экен. Айтматовго айтсам, ал кезде юстиция министри Юрий Чайка болчу, Сооронбай андай болсо Чайкага чал, мен кайрылып көрөйүн деди. Кабылдамасына чалып, “Чыңгыз Төрөкулович азыр Москвада, баланча күндөн баланча күнгө чейин болот, ушул күндөрү убактыңыз болгон мезгилде Айтматовдун сиз менен сүйлөшө турган маселеси бар, кабыл алып коюңуз” – деп маалымат калтырып койдум. Жарым сааттан кийин ал жактан бизге чыгышты: министр жарым сааттан кийин кабыл алганга даярмын дептир. Россиянын 89 субъектиси бар эмеспи, ар бир маселе боюнча министрге алдын-ала 3 ай мурда кабыл алууга жазылат экен. Айтматов чалгандан кийин жарым сааттын ичинде кабыл алды. Анан кирдик, текчесинде Айтматовдун 7 томдук жыйнагы турат. «Жумушумдагы болгон кыйынчылыктарды чечерде мен сиздин чыгармаларыңызга кайрылам. Сиздин “Саманчынын жолу” чыгармаңызда жазгандардан кийин биздин алдыбызда турган проблема проблема эмес, кыйынчылык кыйынчылык эмес. Кимде-ким өзүнүн турмушуна нааразы болсо, сиздин чыгармаңызды окуп чыксын. Мен муктаж болуп калсам чыгармаларыңызды кайта окуйм, анан алдыдагы маселелерди өз ирети менен чечип коём», – деди министр. Чайкага кирип чыккандан кийин бүт маселени 2 күндө чечип берди.

-Улуу жазуучубуз элчилик кызматын өткөрүп келгенде кыргыз бийлиги кыртышы сүйбөй, кысымдарды жасаганда Москвага эле кетип калса болмок экен.
-Бул жактагы сый эмес мамилени түшүнүп, Москавага кетүүнү деле ойлоду. Соке, эгер сен Москвага кайра кетип жашайм десең мен сени менен кетем. Биз ал жакта туруп деле элибизге жакшы иштерди жасай беребиз – деп, бир жолу айтып калды. Мен минтип айттым: Чыңгыз Төрөкулович, мен сизди жаныңызда коштоп жүрүп абдан көп таалим-тарбия алдым, руханий байлык алдым. Сиздин Кыргызстанга келип калганыңызга жалгыз эле мен эмес, бүтүндөй Кыргызстан сүйүнүп жатат. Себеби сиздин акыл-насаатыңызды, бай тажрыйбаңызды жаштарга бере турган мезгил келди, бүт ааламга таратып жүргөн акыл-насаатка бүгүн Кыргызстан да муктаж. А-а, эгер сен андай десең макул, мен калайын, бирок эсиңе тутуп кой, эгерде Россияга кайра кете турган болсоң анда мен сени менен барам деген эле. Мен улуу адамдын Кыргызстанда жүргөнүнө сүйүнүп, бирок жан-дүйнөсүнүн кыйналып жатканын сезбей калганыма чоң өкүттө калдым. Балким Москвага кетсек, өмүрүн узартат белек деп ойлоп, кээде өзүмчө кыжаалат боло берем.

-Бул кайсы мезгил эле?
-2007-жылдын аяк чени болсо керек эле, андан көп деле узабай улуу адамыбыз кайтыш болуп калбадыбы. Акыркы күндөрүнө чейин эле көрүшүп, сүйлөшүп турдук. Апрелде ооруп калды. Чыңгыз Айтматов дагы адам, тымызын кысымдарга ичтен сызып, бул ден соолугуна терс таасирин тийгизди окшойт.

Бегим ТУРДАЛИЕВА, “Эрикн Тоо”, 25.12.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий