Мацуо Басё

Basho

Мацуо Басё (жапончо — 松尾芭蕉; 1644-1694) — жапон элинин даңазалуу акындарынын бири. Ал ыр жазуу өнөрүнүн теоретиги катары да маалым. Анын өз аты Мунэфуса болгон.

Жапон элинин улуу акыны Басё 1644-жылы Уэно деген провинциалдык шаарда анча бай эмес, бирок оокаттуу самурайдын үй бүлөсүндө үчүнчү бала болуп төрөлгөн. Анын ата-энеси, бир туугандары билимдүү кишилерден болгон.

Бир тууган агасы менен атасы Мацуо каллиграфиядан сабак беришчү. Ал кезде билимдүүлөр деп кытай классикасын мыкты билгендерди эсептешчү. Басё да кытай адабиятын окуп чоңойду. Анын сүйгөн акыны Ду Фу болгон. Басёну түшүнүш үчүн ал жашаган доорго да көз чаптыра кетүү зарыл. Басё Жапонияда гүлдөгөн феодализм доорунун аяктап бараткан мезгилинде, б.а., өткөөл мезгилде жашаган.

Басё поэзия окутуучулук менен да алектенген. Аны жолоочу акын десек болот. Өмүрүнүн көпчүлүгүн жер кезип өткөргөн.

Акындын чыгармачылык өмүрүндө чоң окуя анын Эдонун жанындагы Фукагава жерине келиши болот. 1680-жылы Басё шакирти Сугияма Сампу белек кылган Сумида суусунун жээгиндеги алачыкта жашап калат. Анын жанында банан, пальма дарагы отургузулуп, ал эми алачык «Банан алачыгы» деп аталган. Ошол себептен, ырларынын аягына өз атын эмес, Басё — «банан дарагы» деген адабий ат (псевдоним) менен жазган.

Ошентип, акындын өз аты Мунэфуса кийинчерек таптакыр унутулуп, Басё деген адабий аты эл арасына кенири таралып кеткен.

Басёнун дооруна чейин классикалык ыкмада жазылган беш сап ырлар (танка) үстөмдүк кылган.

Киотодо императордун сарайында беш сап ырлар боюнча акындардын жарышы жүрүп, элдик эски күүлөр ойнолчу.

Басё кылымдар бою келе жаткан поэтикалык салтка жаңы ыкманы, жаңы демди киргизген. Бул жаңычылдык — ал жазган үч сап ырлар (хайку, хокку) эле.

Үч сап ырлар, албетте, ага чейин эле жазыла баштаган. Бирок, Басёнун ырларынан кийин гана үч сап ырлар жапон поэзиясынан туруктуу орун алды.

Үч сап ырлар жанрынын түрү — «хокку» — Басё калтырган адабий мурастын орчун бөлүгүн түзөт.

Басёнун хоккуларынан ар кыл үлгүлөрү бир катар кыргыз акындары тарабынан кыргыз тилине которулган.

Алардын бири Акылбек Жуманалиев Басёнун ырларын 90-жылдары кыргызчалап, эки жыйнак кылып жарыкка чыгарган. Аны менен катар белгилүү акын Сагын Акматбекова жана Айтмырза Абылкасымов да которуп келет.

Уикипедиядан алынды

 

Негизи поэзияны которуу – оор нерсе. Жапон акындарынын ырларын которуу өзгөчө оор. Таңгалышыңар мүмкүн, эмнеге оорурак болушу керек, батыш ырларына караганда аз эле сап экен деп. Кеп, так ушу саптарынын аздыгында. Айтайын дегени көп, а бирок аны айтып берүү каражаттары, мүмкүнчүлүктөрү аз да. Мында ар-бир сапка, сөзгө болгон мамиле өзгөчө этият болуп, алар туюнткан ой, сезимдердин чыңалуусу бир катар жогоруу. Жапон акындары ушуну эске алып, анан да эч нерсени толук сыпаттап, түшүндүрүп, айтып берүү мүмкүн эмес экендигин, бир эле нерсе ар-бир адамда ар-башка ой-сезимдерди жаратаарын жакшы билишип, окурманды кошо авторлукка чакырышат. Канчалык поэзияны жакшы түшүнө билсең, канчалык поэзияны жакшы билсең жапон ырлары ошончолук сага ачылып, катуу таасир берет. Бир ыр башка ырды, бир салыштыруу башка салыштырууну, бир ой башка, кээде таптакыр карама-каршы ойду чакырат. Анан да Жапон тили омоним сөздөргө өтө бай экенин (жазылышы, окулушу бир, бирок мааниси боюнча башка сөздөр), жапон акындары аны кеңири колдоноорун айтып кетсек, жапон акындарын которуу кандай машакаттуу иш экенин байкайбыз. Бул жерде, бизге көп жагынан сырдуу, түшүнүксүз жапон элинин маданий өзгөчөлүгүн да эске алышыбыз керек.

Айтылган нерсени бир мисал менен көрсөтөйүн.

Басёнун “Эски көлмө” деген атактуу хоккусу бар.

Анын жапончосу мындай окулат:

古池や蛙飛びこむ水の音 (Фуру ике я / кавазу тобикому / мизу но ото)

Биздин акындар аны кандай которушту:

Ыргыды бака көлмөгө.
Чачылып кетти жымжырттык
Тунжурап жүз жыл турду эле.
Сагын Акматбекова

Эски көлмө.
Секирди сууга бака.
Чулп этти бейкут.
Акылбек Жуманалиев

Эски көлмө.
Сууга бака секирди.
Чулп этти бейпилдик.
Ранат Айталиева

Марат Токоев

 

Ырлар

Сагын Акматбекованын котормолорунан:

* * *

Улуу да, буруу ой басып,
Узун да, кыска жол басып
Улгайтып келген өмүрдү…

 

* * *

Кайгың менен тазарт акыл, эсиңди
Кайгың менен караңгыны жарык кыл,
Кайгы менен арууланткын өзүңдү.

 

* * *

Эски бак, бышкан алчасы,
Эсиме салды канчасын
Эзелки сууган күндөрдүн…

 

* * *

Көрсөтүп гүлүн алчанын
Көңүлүң ачып келейин,
Жүрөгой байкуш калпагым!

 

* * *

Саргайды баары. Сары күз.
Садагам бери карачы,
Мен дагы сени сагындым.

 

* * *
Ыргыды бака көлмөгө.
Чачылып кетти жымжырттык
Тунжурап жүз жыл турду эле.

 

Акылбек Жуманалиевдин котормолорунан:

КҮЗГҮ КЕЧ

Молойгон бутакта
Отурат жалгызсыраган карга.
Күзгү кеч.

 

ЭСКИ КӨЛМӨ

Эски көлмө.
Секирди сууга бака.
Чулп этти бейкут.

 

«МАЙМЫЛДЫН САМАН ЧАПАНЫ»

Бир күнү Басё жаанда калып токойго жашырынат. Бир бактан кичинекей маймылды көрөт. Мындан санаркоо, бүт тирүү жандыктарга боор ооруу, жөнөкөй көрүнүшкө, окуяга тереңдеп көңүл буруу сезилет.

Биринчи күзгү жаан.
Маймыл да каалайт,
Кичине саман чапан…

 

ТРОСТНИК МЕНЕН ЖАБЫЛГАН АЛАЧЫКТА

Шамалдан онтойт банан.
Челекке тамчы тамганын
Түнү бою угуп чыктым.

 

ФУКАГАВА ЖЕРИНДЕ КЫШКЫ ТҮНДӨ

Калактар шарпылдайт муз толкунда.
Жүрөгүм менин кысылат.
Түн анан көз жаш.

 

КАҢГЫГАН КАРГА

Каңгыган карга, сен кара!
Эски уяң кайда?
Өрүк гүлү бүт айлана.

 

ЖАЛБЫРАКТАР

Себеленет жалбырактар
Бүт дүйнө бир түстө.
Болгону шуулдайт шамал.

 

КАРГА СУКТАНАЛЫ ДЕП ТҮН ИЧИНДЕ ЧОГУЛДУК

Качан түшөт жаңы кар?
Күтөт чыдамсыздык менен баары…
Кокустан кышкы чагылгандын жарыгы.

 

Соц тармактар:

Мацуо Басё: 1 комментарий

  • 10.01.2013 в 23:09
    Permalink

    Майрамдык столдордо,
    Турат Чалап Шоро.
    Календарда 2013.
    ~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
    Чүй проспекти тайгалак,
    Ауэзовго барып такалат.
    Иште тормоз иште! иште ABS иште!

    Ответ

Добавить комментарий