Болотбек НАЗАРОВ, төкмө акын: «Устаттарыбыздын жетеги менен элге таанылып атабыз»

— Болотбек мырза, жаш төкмө акындардын арасынан таскагыңыз катуу чыгып баратканын байкап атабыз. Кичи мекениңиз кайсы жер болду экен?
— Тоолору көккө тирелип, тоосунан мөңгү, кар эрип, торгойдун үнүн укканда, толукшуп турган жан эрип дегенчелик бар Нарындын Таш-Башат деген айылында өстүм. Учурда Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда актерлук билим алып атам.

— Сиздеги төкмөлүк өнөрдүн көрөңгөсү кайдан, кимден келген?
— Чоң атам Назар куюлуштура сүйлөгөн, санжырачы киши болгон. Кезинде чоң атам сүргүнгө айтылуу Боогачы Жакыпбек уулу менен бирге айдалып, анын жанында көп болгон экен. Ошондон улам ал Боогачынын ырларын көп билер эле. Чоң атам ырдаганда айрым ырларын жаттап алганга тырышчумун. Кыскасы, а кишини 2-классыма чейин ээрчип калдым. Ошонун таасиринен уламбы окуучулук кезимде курбуларыма кер какшык менен келиштире ыр жазып тийишчү элем. Бирок ырдагандан тартынып кой жайып чыкканда бугумду чыгарчумун. Азыр «жондордо да ырдагам, адамдардан уялып койлорго да ырдагам» деп балалыгымды эскерип калам. Төкмөлүккө аралашканыма экинчиден таята, таякелеримдин сөзмөр, чечен болушу да себепкер болуп калды окшойт.

— «Алгачкы чыгып сахнага, боюмду баскан калтырак» дегендей сизде деле болсо керек?
— Чынында сахнага, эл алдына биринчи жолу чыгуу өтө оор болот экен. Мен алгач филармониянын сахнасынан Жыпара Кожекеева деген акын эжекебиз менен айтышкам. Ошондогу сүрдөп, толкунданганымды азыр сүрөттөш кыйын. Андан бери «Айтыш» коомдук фондунда бир айда үч жолудан айтыш болуп атып, аз болсо да такшалып калдык окшойт. Ошентсе да эл деген эл, ким болбосун эл алдына чыкканда сүрдөйт. Таланттуу адам ошол сүрдү жеңе билиш керек.

— Актерлук билим алып атыпсыз, мунун төкмөлүккө жардамы тиеби?
— Курама темир курч болот дегендей экөөнү жуурулуштуруп, акындыктан актерлукка, актерлуктан акындыкка эргүү, энергия алса болот. Мисалы, мен окуган факультетте сүйлөө сабагы бар. Башында чулдурураак элем, бул сабактын так сүйлөгөнгө көп жардамы тийди. Институтта ар кайсы классикалык чыгармалар менен таанышып, кругозоруң кеңейет экен. Мунун өзү кайра төкмөлүккө шыралга-шык болуп берет. Кыскасы окуум менен төкмөлүк өнөр бири-бирин толуктап атат.

— Айтышта сиз айткандай кругозор кең болбосо чукугандай сөз таап кетүү да кыйын. Ал үчүн болочок төкмө акындар көп окуш керекпи же көп эл аралаган жакшы жемиш береби?
— Менимче колдон келсе ар бир төкмө акын башты көтөрбөй китеп окуп, китепти сүйүшү керек. Керек болсо акын гезит-журналдарды да окуп, эл арасындагы маалыматтын жакшы-жаманын иргеп, адабият, маданиятка жакын болгону дурус. Эл турмушун, залкарларыбыздын накыл кептерин, тарыхыбызды билбей туруп төкмөлүккө аралашуу «чала молдо дин бузат» дегендей эле кеп.

— Төкмө акын кайсы бир айтышка барарда атайы даярданабы же бара көрөрбүз деп өзүнө ишенеби?
— Биз азыр «Айтыш» фондундагы үйрөнүү процессиндебиз. Адам бир нерсени сүйлөрдө сөздү таразалап, ойлонуп туруп сүйлөйт эмеспи. Анын сыңарындай акындарда ой топтоо деген болот. Мисалы, эртең айтыш болот деген күнү ой топтоп, өзүбүздү даярдайбыз. Айтыш убагында ар кандай жагдайлар болот. Ошого жараша акын ийкемдүү болуп, өнөгүнө жараша айтышып, элдин черин жазууга аракет кылат.

— Угушумча кыргыздыкына салыштырмалуу казак төкмө акындары чабалыраак келет дешет. Муну өз тажрыйбаңызда байкай алдыңызбы?
— Мен төкмөлүккө аралашканы казак-кыргыз айтышы боло элек. Бирок биз айтыш боюнча Алматыдагы эл аралык фестивалга барып катышып келдик. Байкаганым, казактарда төкмөлүктү шоу катары карашат экен. Ал жакта айтыш боло турган болсо ким ким менен айтышары күн мурунтан белгилүү болот. А бизде эртең айтыш болсо ким менен айтышарың айтылбайт. Төкмө болсоң ким чыкпасын ошол жерден төгүп ырда. Анткени, төкмөлүк бул Кудай берген улуу касиет. Кыргыз эли илгертен төкмөлүктү, чечендикти улуу касиет катары баалаган. Менимче кыргыздын улуулугу да ушунда болсо керек.

— Айтышта көбүнесе устат менен шакирттер бетме-бет чыгып, шакирттин чектен чыгып кеткен учурлары да болот. Бул алдын-ала ушундай сүйлөшүлөбү же кандай?
— Биз үчүн өзүң теңдүү менен айтышка чыккандан көрө устат менен чыккан жакшы. Анткени устаттардын катуу айта албасын билип, каалаганыңдай тамашалашасың. Муну устаттар өздөрү да түшүнүп, айтышты кызыктуу кылыш үчүн бизге жем таштап беришет. Башкача айтканда, устаттын этеги, жетеги менен шакирттер элге да алынып, такшалып алышат. Устат менен шакирт айтышып калганда шакирттерге жеңил, устаттарга оорураак болот. Себеби, устат эл көзүнчө биз менен тамашалаша албайт. Кокус тамашалашып кетсе эл бул айный баштаптыр деп чыгат. А биз кичине эле бирдемени таап айтып кетсек, «оуу, тиги жаш бала кыйын экен» деп калышат. Ошондуктан шакирттер кээде устаттарды устуканча мүлжүп ийген убагыбыз да болот. Муну алар туура түшүнүп бизди дайыма кечиришет.

Мелис СОВЕТ уулу, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий