«Манас» эпосу Кытайдагы кыргыздардын дили менен тилин сактап калат

m.mambetakunЖакында кытайлык кыргыз окумуштуусу, манастаануучу  Мамбеттурду Мамбетакун Кыргызстанга келген күндөрү Кыргыз билим берүү академиясында болуп, академиянын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясынын кызматкерлери менен таанышып, кеңири маек куруп берди.

Өз маегинде окумуштуу Мамбетакун мына буларды маалымдады:

– Кытайда 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын 13үнүн гана өз тилинде жазуусу бар жана мезгилдүү басылмалары, китептери чыгып, мектепте эне тилдеринде окушат. Мына ошол океандай чалкыган элдин арасында жоголуп кетпей, рухун-духун өчүрбөй, «кыргыз» деген атын сактап, бир ууч кыргыз эли жашап келет. Азыр 200 миң кыргыз барбыз.

Экономикасы өнүккөн улуу өл­көнүн таасири жана дүйнөлөшүүнүн капшабы учурда бир ууч кыргыз калкына өзгөчө таасир тийгизип баратат. Шаар жери биякта калсын, алыскы айыл жериндеги кыргыздар жашаган аймактагы бала бакча менен мектептерде кытай тили милдеттүү сабак катары кирип, балдар кытай тилин жапырт окууга киришкен. Кытай тилин билүүгө, ал тилде сабаттуу болууга артыкчылык катуу берилет. Демек, кытай тилин билген адамга билим алуу жана ишке орношуу жеңил. Ошондуктан, кыргыздар дагы балдарын кытайча тарбиялап, мектепте  жана жогорку  окуу жайларында кытай тилинде окутууга басым коюшууда.

Мунун өзү кыргыздар арасында кыргыз тилине бара-бара кош көңүлдүктү жаратпай койбойт деп ким кепил боло алат? Туурабы? Ушундай шартта кыргыздардын тилин жана дилин сактап калуу жолун издөөдөбүз. Анын ачкычы  бир гана улуу дастан «Манас» эпосу гана боло алат. Анткени «Манастын тили–кыргыздын тили!».

Ушул багытта «Манас» эпосун сабакта жана сабактан тышкаркы учурда окуп-үйрөнүүнү өркүндөтүүнү көздөп, мен атайын долбоор жазып, утуп алгамын. Өткөн жылдан бери ошол долбоор боюнча иштеп жатабыз. Буга бир канча  окумуштуу­лар, педагогдор катышып жатат. Мектеп үчүн окуулуктарды жаздык. Окуу жайларда Манастаануу сабактарын  киргизгенбиз. Эмки максат бала бакчадан тартып, 1-класстан 11-класстарга чейин «Манас» дастанынын тилин, керемет сөздөрүнүн  тарыхын үйрөтүүчү, анын маани-маңызын  сездирүүчү,  кыргыз дилин билдирүүчү, элибиздин үрп-адат, салтын таанып-билдирүүчү, макал-ылакаптарын талдап үйрөтүүчү китептерин түзүүнү ойлонуп жатабыз. Мына ушинтип, мектепте да жана сабактан тышкаркы убакта үйдө да өз алдынча окуу куралдары болгондо гана кыргыз балдарынын тили менен дилин сактап калабыз, – дейт Мамбетакун мырза.

Окумуштуу бул багытта биздин академиянын тил жана адабият  боюнча кызматкерлерин, окумуштуу-усулчуларды кызматташууга чакырды. Анын өтүнүчү боюнча мамлекеттик тил лабораториясы менен бирдикте атайын келечектүү дол- боор түзүү  да макулдашылды.

Кыргыз боорубуз, Кызыл-Суу кыргыздарынын белгилүү окумуштуусу Мамбеттурду Мамбетакун  1965-жылы Кызыл-Суу жеринде туулган. Ал 1988-жылдан 2004-жылга чейин Щиңжан коомдук илимдер акаде-миясында  изилдөөчү болуп эмгектенген. Щинжан жаштар академиясына мүчөлүккө шайланган.  1996-жылдан тартып Щиңжан жазуучулар союзунда төраганын орунбасары да болгон. 2000-жылы Щиңжан боюнча илимге эмгек сиңирген ишмер наамын алган. 2005-жылдан тартып Щиңжан педагогика университетинде профессор жана аспиранттардын жетекчиси болуп эмгектенип келүүдө.

Мамбеттурду Мамбетакундун «Өзүбүздү унутпайлы» (1994), «Кыргыз адабият тарыхы» (1996),  «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык»,  «Хейлонжиян кыргыздары» (Гундулла Салк менен биргелешип чыгарган, 1998), «Кыргыз эл ооз адабиятынын памир мектеби» (2009)  аттуу китептери жана мындан башка, кыргыз, уйгур, ханзу жана казак тилдеринде 50дөн ашуун илимий макалалары чыккан.

Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илиминин доктору, профессор,
«Кыргыз Туусу», 11.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий