Алижан НАСЫРОВ, кинорежиссер: «Айылым аркылуу ааламды чагылдырууга умтулам»

Толук аты-жөнү: Насыров Алижан Маликович
Туулган жылы: 03.04.80
Үй-бүлөлүк абалы: бойдок
Билген тилдери: кыргызча, орусча жана түркчө
Сүйүп жеген тамагы: шорпо ичкенден тажабайт
Устаты: Артык Сүйүндүков
Кичи мекени: Чоң Алай району, Жайылма айылы
Кызыкканы: кино көрүү, балык уулоо
Кино мен үчүн: кесибим жана жеген наным
Урааны: бардык нерсенин кайрымы бар

Алижан Насыров өзү жаш болсо да Кыргызстанга эмес дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө кинорежиссер катары төбөсү көрүнүп калды. Анткени анын «Кыштоо» аттуу даректүү тасмасы жыйырмага жакын эл аралык кинофестивалда биринчиликти бербей келет. Анын тасмаларынын өзгөчөлүгү жөнөкөйлүгүндө. «Кыштоо», «Суу», «Кара далы» жана «Ата» аттуу тасмаларынын аталыштарын окуп туруп эле өзөгүндө эмне жатканын боолголоп билсе болот. Баса белгилей кетчү нерсе,»Кыштоо» тасмасы Румынияда көргөзмө курал катары студенттерге көрсөтүлүп жатат. Мүнөзү тасмасынан өткөн жөнөкөй режиссерду кепке тартсак, ийгиликтин сересине жеткен, кыргыз жыттанган тасмалары тууралуу айтып берди.

17 жашка чейин айылымдан чыккан эмесмин
Балалыгым Чоң-Алай районундагы 15 чакты үй-бүлөдөн турган Кичи Жайылма айылында өттү. 2-3 чакырым алыстагы кошуна Чоң Жайылма деген айылга барып келип окудум. Кыштын ызгаарына, жайдын аптабына чыдап билим алдым. Кичине кезимде адабий китептерге абдан кызыгаар элем. Биздин айыл кичинекей болгондуктан китепкана да кичинекей болчу. Ошол китепканада мен окубаган китеп калган эмес. 11-классты бүткөнчө туулган айылымдан эч жакка чыккан эмесмин. Болгону Өзбекстанга бир жолу барып келгем. Ошол мен үчүн абдан чоң ачылыш болгон. Мектепти бүткөндөн кийин Кара-Балтадагы медициналык окуу жайга тапшыргам. Тиш доктур адистиги боюнча 2 жыл окудум. Кесибим боюнча жаңыдан иштеп баштаганда эле мага жакпай калды. Жумуш жеңил, акчасы жакшы болгону менен тиш доктурлук анчалык мени өзүнө тарта алган жок. Ошентип кайра Бишкекке келип окуу жайларды кыдырып жүрүп Бишкек гуманитардык университетинин саясат таануу факультетине өттүм. 3-курсту бүтүп практикага чыкканда саясат таануу мен үчүн эмес экенин даана түшүндүм. Анткени кечке эле кагаз тиктеп отурмай. Ошентип отуруп 23 жашымда республикалык тест менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өттүм. Бир эле учурда тест менен Арабаев университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнө да өткөм. Документтеримди биринчи «Манаска» тапшыргам, кайра сурасам бербей коюшту, ошентип ошол жакта калып калдым. Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү Кыргызстанда жаңы ачылгандыктан кийин эмне болуп чыгарыбызды билбей жүрө бердик.

Топоздордон эмнекино чыкмак эле?..
2-курс болгондо гана чыныгы кесибимди таптым деп ойлодум. Анткени бир кесипти окугум келип бирок эмне экенин өзүм да билчү эмесмин. Самаганым режиссерлук экенин кийин гана туйдум. 3-курска келгенде 5-каналга барып практика өтөп баштадым. Ошондо журналист болом деп абдан аракет кылдым. Анан эле дипломдук ишке кино тартыш керек болуп агайым Артык Сүйүндүковго киномдун сценарийин алып бардым. Негизи топоздор жөнүндө фильм тартуу идеясы Артык агайдан чыккан. Алгач топоздордон эмне кино чыкмак эле деген жаман ой кетти. Сценарийди көрүп эле агай дароо тарт деди. Малчылардын жашоосу мага жакын болгондуктан мен жазган сценарий агайга жакса керек. Бир жыл каражат жок тартылбай, дипломдук иштин айынан окууну бир жыл кеч аяктадым. Кудай жалгап кийинки жылы «Интерньюс» уюму каржылык колдоо көрсөтүп группалашым Алмаз Супатаев экөөбүз тартып келдик. «Кыштоону» тартууга айылдаштарым, жакын туугандарым аябай жардам беришти. Тасма тартканга жардам берип жаткан чабан биз менен жүрө берип он чакты кой-козусу сууктан өлүп калыптыр. Даректүү тасма болгондуктан монтаж 6 ай болду. Ошентип фестивалдарга жибере баштадык. Эң алгач Азербайжанда өткөн «Старт» деген фестивалдан сыйлык алдым. Алгач студенттик фестивалдарда жеңишке жетип отуруп кийин кино чеберлери катышкан абройлуу фестивалдарда баш байгелерди багынтты. Ушуга чейин «Кыштоо» даректүү тасмасы 20га жакын баш байгени жеңип алды.

Ойго салган токолдун тагдыры
Экинчи тасма катары 2010-жылы «Суу» көркөм тасмасын жараттык. Оператору Марат Эргешов болду. 20 мүнөттүк тасманы 33 күн тарттык. Айрым режиссерлор бир айда толукметраждуу эле чоң тасма тартып коюшат. Биздин каармандар жергиликтүү эле жашоочулар болгондуктан алар менен иштешүү биз үчүн аябай оор болду. Бирок «Суу» дагы ийгиликтүү башталды. Ушуга чейин 5 эл аралык сыйлыкка ээ болду. Эл аралык фестивалдардын дагы бир жакшы жери продюсерлер менен таанышуу. Орусиядан, Франциядан, Германиядан продюсерлер чыгып, кандай гана фильм болбосун каржылык жактан колдойбуз дешти. 2013-жылы кудай буюрса франциялык продюсер менен жаңы долбоордун үстүндө иштейли деп жатабыз. Германиядан келген продюсерге «Кара далы» деген тасмамдын сценарийи жагып калып 15 күндүн ичинде эле каражатын бөлүп берди. 15 күндүн ичинде продюсер режиссерго оңой менен акча бөлбөйт. Анткени кагаз иштерине эле үч ай кетет. «Кара далыны» эпилог деп койсок болот. Анткени анын уландысы да тартылат. Фильмдин экинчи бөлүгү «Токолдун тагдыры» деген аталышта тартылып, күйөө менен токолдун, токол менен байбиченин ортосундагы мамиле чагылдырылат. Негизи бул маселе айылда абдан көйгөйлүү. 60-70теги абышкалар 30-35 жаштагы турмушка чыга элек кыздарга баш кошуп жатышат. Мындай караганда ошол кыздардын тагдыры өтө эле аянычтуу. Экинчи жагынан ошол эле абышкаларга деле кыйын. Анткени алар деле көпкөнүнөн токол алып жаткан жок, алардын да жүйөлүү себеби бар. Кудай буюрса кийинки жылы чыгаралы деп жатабыз.

Сценарий дегенде эле айылым көз алдыма тартылат
Улуулуктун баары жөнөкөйлүк-төн башталат деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай менин тасмаларымдын ийгиликке жетишинин сыры анын жөнөкөйлүгүндө деп ойлойм. Мен деле убагында элдин табитине туура келген сценарийлер кантип жаралат болду экен деп көп ойлончумун. Мен негизи кино көргөндө дароо эле сценарийин элестете баштайм. Анан талдап чыгам. Ал эми өзүм сценарий жазып жатканда жөнөкөй нерседен дүйнөлүк бир көйгөйдү чагылдырганга аракет кылам.

Айылдагы үйүбүз суунун башында болчу. Анан бир кемпир келип суу жыгып кетсе мен болбой эле кайра бакчага тосуп алчумун. Кемпирди кайра-кайра убара кылуу мен үчүн кызык болсо керек. Тажаганда баягы кемпир сууну картөшкөсүнө салып коюп, суунун башында ийик ийрип отуруп алчу. Ошол кенедей маселе аркылуу дүйнөдөгү суу маселесин айткым келди. Анан ошол тасмада Чоң-Алайдын тоолорундагы мөңгүлөр байма-бай көрсөтүлүп, сууга бай Кыргызстанда ушундай маселе болсо суусу жок өлкөлөр кантип атты экен деген коңгуроону кагуу менин башкы максатым эле.

«Кара далы» деле ошол айылдаштарымдын айтып бергендеринен улам пайда болду. Айылдан бир аял күйөөсүнө мен төрөй албай калдым деп өз колу менен токол алып берет экен. Башында баары эле сонун болот. Күндүз жашоо өз нугунда кете берет. Балээнин баары жатаарда башталат. Анткени 20 жыл чогуу жашаган эркек аялынын көзүнчө эле башка аял менен жатып алса жүрөккө жаман тиет экен. Кызганыч сезиминен улам өзүм алып берген аялды өзүм ажыратып жибердим деген кызыктуу окуя эл арасында айтылчу. Дароо эле тасма тартууну ойлодум.

3 миң долларга кино тартып, андан 7 миң доллар жасоону гана көздөгөндөр
Негизи тасмалар коммерциялык жана автордук болуп экиге бөлүнөт да. Меники автордук тасмалар. Жалпысынан алганда Кыргызстанда кино тармагы өнүгүп баратат. Муну коңшу өлкөлөргө салыштырып туруп айтса болот. Анткени мен ошол өлкөлөргө барып байкап жүрөм. Өзбекстанда, Казакстанда автордук тасмалар бизден артта калган деп коркпой эле айтсак болот. Бирок биздин көрүүчүлөр алардын коммерциялык тасмаларын көрүп алып эле биздики артта дей беришет. Чындап келгенде Кыргызстан дүйнөлүк стандартка жооп берген тасмаларды тартып дүйнөнү дүңгүрөтүп жатат. Коңшу өлкөлөрдө жаштар 3 миң долларга кино тартып андан 7 миң доллар жасоону гана көздөп калышты. Алар андай тасма менен эч жакка чыга алышпайт. Айрым көрөрмандар суктанган өзбек кинолорунун ичинен байге алмак тургай эл аралык фестивалга чыкканын уга элекмин. Казакстанда деле ошондой көрүнүш. Ал эми коммерциялык тасма боюнча Кыргызстан коңшулардан арттабыз. Анткени бул багыт эми гана өсүш ала баштады. Ошентсе да Кыргызстандын кинотеатрларынын 30 пайызын биз өз продукциябыз менен камсыз кыла баштадык.

Даректүү тасма гана түбөлүктүү
Негизи мага тасма дегенде эле туулган айылым көз алдыма тартылат. Келечекте көптөгөн даректүү тасма тартам. Эл азыр жасалма нерседен тажап бүттү. Бардык нерсени реалдуу көз караш менен караш керек. Дүйнөлүк фестивалдардын 70 пайызы даректүү тасмаларга арналган. Даректүү тасманын канчалык даражада экенин ушундан эле билсек болот. Ал эми коммерциялык тасма тарткандар таарынбасын, бирок мага алар «одноразовый» тасмадай эле сезилет. Бир жолу көрөсүң ошол бойдон чаң басып калат.
Азыр көкбөрү жөнүндө документалдык тасма тартайын деп жатам. Ал оюндун техникалык жагын эмес, философиялык маанисин чагылдырып берүүнү пландап жатам. Каражат табылып калса ишке ашырам. Көкбөрү жөн гана оюн эмес, анда чоң философия жатат.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий