Кыргыз мамлекетинин тагдырындагы улуу муун, орто муун, жаш муун

muunРЕДАКЦИЯДАН: Ушул акыркы жылдары улуу муун, орто муун жана жаш муун, тактап айтканда кыргыз интеллигенциясы улут тагдырын чечүүдѳ кандай жоопкерчилик ала алды, кандай чечкиндүү кадамдарды жасай алды жана эмнени жасай албады? Ѳлкѳнүн азыркы абалы үчүн ѳздѳрүн күнѳѳлүү сезе алышабы? – мына ушундай суроо менен «Кѳк асабанын» баяндамчыларына кайрылдык. Гезитибиздин бетинде коомдук ар кандай кѳйгѳйлѳрдү кѳтѳрүп жазып келатышкан бул адамдардын бүгүнкү пикири окурмандардыбызды кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз.

КЫРГЫЗ БОЛО АЛБАГАНЫБЫЗГА УЛУУ МУУНДУН КҮНѲѲСҮ ЧОҢ

Кенжалы САРЫМСАКОВ, “Кыргыз тили” төш белгисинин алгачкы ээси, журналисттердин мамлекеттик тил боюнча республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү 

Улуу муундагылар кимдер, кай курактагылар дегенде өткөн замандын, азыркы жашоо турмуштун өйдө-төмөн жактарын көргөн-билген, жетимишти ортолоп калган өз курагымдагылар жөнүндө айтканым жөндүү болор.

Заман-заманга тогошуп, оокат тириликтин өзөгү өзгөрүлүп атканы – тарыхый мыйзам ченемдүүлүк окшобойбу. Ондогон жылдар бою советтер союзу болуп жашадык. Тарыхты, чындыкты тана албайбыз, мүмкүн эмес. Ал кезде Ленин, Фрунзе атындагы заводдор, өлкөбүздүн түндүгүндө да, түштүгүндө да далай ири ишканалар иштеп, дыйканчылык өнүгүп, ирригация, мелиорация, жердин күрдүүлүгү, которуштуруп айдоо көздүн карегиндей сакталып, уяң жүндүү койдун саны 11 миллионго жетип, жумушсуздук деген эмне экендигин эл билчү эмес. Алыскы кыштоолордо, кой, сүт товар фермаларынын бардыгында электр жарыгы жаркырап жанып турчу, ал кезде. Азыркыдай жалп этип өчүп калган, өчүрүп салган учурлар болчу эмес. Азыркы Өкмөт үйү, Тарых, Сүрөт музейлери, миңдеген адамдарга оокат очогу – Ош базары жана башкалар ошол кезде курулган. Турдакун Усубалиевдин, Апсамат Масалиевдин уюштуруучулук жетекчилигин, опол тоодой эмгегин тануу, жокко чыгаруу эч кимдин колунан келбес жана антүүгө аракет кылуунун өзү – барып турган адепсиздик, пастык, тайкылык болуп калат.

Кыргыздарга кесепеттүү тескериликтер да болду. Эскинин калдыктары делип элибиздин миңдеген жылдар бою калыптанып өнүккөн далай каада-салт, нарк дөөлөттөрү үзгүлтүккө учуратылды. Советтик жашоо образы, түпкүлүгүндө бир тилдүү бир бүтүн, тарыхый жаңы жалпылык – совет эли деген эл болуп жашайбыз деген жасалма, азгырык идеология болушунча болду. Иш кагаздарынын бардыгы орус тилинде жүргүзүлүп, өтүнүчүн орус тилинде дурустап жаза албагандар кызматка алынчу эмес. Жалаң кыргыздар жашаган Нарын 1970-жылы кайрадан облус болуп уюшулганда бардык иш кагаздар орус тилинде жүргүзүлсүн делип, абдан кыйынчылык абал түзүлгөн. Коомдук, мамлекеттик иштердин бардык жактарын орус тили ээлеп, орусча сүйлөө, орусча жазуу кыя өтө алгыз зарылчылык болуп, кыргыз тилине кайдыгерлик күчөп, ошондой абалдан ошол кезден ушул кезге чейин арыла албай келебиз. Кыргызча сабаттуу сүйлөй албай, кыргызча-орусча чалмакей салгандардын катары дагы эле көбөйүүдө. Өзөккө түшкөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман. Кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз боло албаган жаман. Бүтүндөй бир элди ушундай абалга дуушар кылган абал жаман. 1980-жылдары жазуучулардын кезектеги чоң жыйынында муну академик Түгөлбай Сыдыкбеков улуттук трагедия деп атаган. Эгерде трагедияны кыргызча “каран түн” десек, анда ал караңгылыкка шоола чачкан азыркы аракеттердин жалпы элдик жана коомчулук тарабынан колдоого алынышы – тарыхый зарылчылык экендиги талашсыз.

Эне тилибиздин жетимсиреген абалга дуушар болушунда интеллигенция өкүлдөрүнүн далайы күнөөлүү. Кыргыз тилинин коом, мамлекет, илим, билим, иш кагаз иштеринде өнүгүшүнө жол бербеген тил саясатына каршы тура албаган улуу муундагы, айрыкча мамлекеттик кызмат, бийлик чөйрөсүндөгү интеллигенция өкүлдөрүндө күнөө чоң. Кыргызга, кыргыз тилине кыргыздардын өздөрүнөн башка ким күймөк эле. Элибиздин эне тили жагынан жылдан жылга татаалдашып, өтүшүп бараткан абалды оңуна келтирүү демилгелери, өлкөбүздө элибиз менен эриш-аркак жашап аткан орус элинин аттуу-баштуу адамдары тарабынан колдоого алынып, маалымдоо каражаттары аркылуу калыстык сөздөр айтылып турса, атаганат, абал азыркыдан таптакыр башкача болмок. Ыраазычылык сезимдер өз натыйжаларын бермек. А андай болбогон кырдаалда чечкиндүү күрөштөн, эне тил таламыбызды талаша билүүдөн башка арга жок.

Кыргыз интеллигенциясынын ушу тапта жетимиш таянган жана андан жогорку жаштагыларынын, элибиздин эне тил кызыкчылыгын көздөөгө алып жасаган маанилүү салымы – бул кыргыз тилинин мамлекеттик тил делип, Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам кабыл алынуусуна жетише алгандыгы. Бул жерде ошол кездеги парламенттин спикери Медет Шеримкуловдун эмгегинин, саясый ыкчылдыгынын үзүрү чоң. Бул кишинин ачууга алдырбагандыгы, ар дайым таамай, таасирдүү жүйө айтып, маселени оңуна оодара билгендиги өз натыйжаларын берди. Дүркүрөгөн, далайга созулган кол чабуулар менен коштолуп, бир добуштан мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынган. Ошол күнкү дем өчүрүлбөшү керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Мамлекет башчылыктар тарабынан көп тескериликтер жасалды. Кемеге башында кейиштен майнап чыкпас. Айтылчу арман сөз көп. Эми орто жана андан кийинки муундагылар сѳздөн ишке, чечкиндүү чараларга өткөнү жакшы. Улуу муундагылар кыргызды кыргыз кылып сактай турган элибиздин эне тил маселелери жагынан Жогорку Кеңешке, Өкмөт жана мамлекет башчыларына, кыргыз тилинин азыркы абалына жаны ачыбагандарга, эне тилине кайдыгерлерге, маселеге маани бере албагандарга айтар сөзүбүздү айтпай кое албайбыз.

Оюндагысын, сезим туюмун өз тилинде так, таамай, таасирдүү айта албаган адамдар канчалык көбөйгөн сайын, ал элден келечек ошончолук оолактай бере тургандыгы тарых жүзүндө тастыкталган чындык. Баары сөз таасиринен башталат.

ОРТО МУУН ЖООПКЕРЧИЛИКТИ МОЮНДАРЫНА АЛА АЛГАН ЖОК

Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу, коомдук ишмер

Эмне үчүн орто муундагы жалпы интеллигенция улут тагдырын чечүү маселесинде жоопкерчилик ала албайт?

Улут тагдырын чечүү маселесинде орто муундагы жалпы интеллигенцияга бирдей баа берүүгѳ мүмкүн эмес. Анткени, интеллигенция мүчѳлѳрүнүн бардыгы тең эле улут маселеси боюнча бирдей ой жүгүртѳ алышпайт. Себеби алардын кесиптик-адистик илим-билимдери, ээлеген тармактык кызматтары, улуттук-патриоттук маанайлары, дүйнѳгѳ болгон кѳз караштары окшош эмес. Ошондуктан, алардын кѳпчүлүгү улут тагдырын эмес, ѳзүлѳрүнүн жеке тагдырларын биринчи орунга койгондуктан, элдин келечеги, ѳлкѳнүн болочок тагдыры алар үчүн негизги мааниге ээ болбогондуктан, ѳзүлѳрүнүн турмуш-тиричилиги, кызматы, байлыгы, атак-даңкы биринчи орунда турат да, улут тагдырын ойлоого дараметтери жетишпейт. Нары жагында жок болгондуктан, андай касиет аларга Кудай тарабынан берилбегендиктен, аларды күнѳѳлѳѳгѳ мүмкүн эмес…

Орто муундагы интеллигенциянын кайсы тобу жоопкерчиликти ѳзүлѳрүнѳ жүктѳй алышат?

Улут тагдырын чечүү маселесин орто муундагы же кайсы бир муундагы интеллигенцияга жасалма түрдѳ жүктѳй салууга мүмкүн эмес. Эгерде «илим-билимдүү, интеллигент» деп эсептелген адамга же адамдардын тобуна улут тагдырын-жоопкерчилигин жүктѳй салса, алар улут тагдырын акчага, аялга, арзан атак-даңкка, кызматка, ж.б. нерселерге ойлонбой туруп сатып жибериши мүмкүн.

90-жылдардан кийин улут тагдырын чечүү маселеси негизинен интеллигенциянын ѳкүлдѳрү болгон бийлик башындагыларга, депутаттарга ж.б. жогорку, ортоңку, тѳмѳнкү звенодогу кызмат адамдарына жүктѳлдү да, алар бул маселени ар кандай деңгээлде аткарышты. Ошолордун ичинде ортоңку муундагы интеллигенциянын айрым ѳкүлдѳрү да бар…

Орто муундагы интеллигенциянын ѳкүлдѳрү болгон тарыхчылар кыргыздын байыркы, орто кылымдагы, кийинки тарыхын жазуу жѳнүндѳ демилге кѳтѳрүп ишти башташканы менен, кийинчерек материалдык-финансылык маселелерге туш келишип, улуттук-патриоттук духтары тѳмѳн болгондуктан иликтеп-изилдѳѳ иштерин солгундатышты же биротоло токтотушуп, мурдагы «булактардан» нары узай алышкан жок. Ошол эле маалда кыргыздын тарыхын казактарга, түрктѳргѳ, ѳзбектерге ж.б улуттарга тартырып жибербѳѳ үчүн жанталашып, жан күйгүзгѳн, кесиби тарыхчы эмес, бирок, тарыхчылар изилдей турган илимий булактарды изилдеп, архив аңтарып, жер кыдырып, китептен китеп окуп, бирин-бирине салыштырып, кыргызга тиешелүү маалыматтарды пайдаланып илимий эмгектерди китеп кылып чыгарышып, жалпы кыргызга ѳз тарыхын тааныштырган, элди ойготуп духтарын кѳтѳргѳн жазуучулар, журналисттер, маданий кызматкерлер ж.б. ар кандай кесиптин ээлери пайда болду. Бул процессти кѳрүп турган тарыхчылардын айрымдары ѳзүлѳрүнүн «жансыздыгы», улуттук-патиоттук духтары жок болгондуктары, ѳз милдеттерин аткара алышпагандыгы үчүн ботодой боздоп кыргыз элинен кечирим сурап ыйлагандын ордуна шылкылдап күлүп, «ѳлгѳнүңдѳ күл!» деген кыргыздын ачуу сѳзүнѳ бута болушту. Бул бир эле мисал…

Жогорудагы себептердин натыйжасында орто муундагы жалпы кыргыз интеллигенциясы улут тагдырын чечүү маселесинде негизги жоопкерчиликти моюндарына ала алган жок.

Улут тагдырын чечүү маселесинде колдорунан кѳп нерселер келбесе да жалпы элди ойготуп, жол кѳрсѳтүү, багыт берүүдѳ орто муундагы интеллигенциянын бир бѳлүгү ѳз моюндарына милдет-миссия катары жоопкерчилик кылып алгандарын билбей туруп да тил, тарых, каада-салт, Манас, жердин бүтүндүгү (сатылбоо керектиги) жѳнүндѳ кѳп чечкиндүү аракеттерди жасашты.

Чечкиндүү кадамдар ар кандай кырдаалда, ар кандай учурда жасалат. Бирок, ал ошол учурда маанисиз сыяктуу кѳрүнгѳнү менен жылдар ѳткѳндѳн кийин чоң баалуулукка айланышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын азыркы абалы үчүн ѳзүлѳрүн күнѳѳлүү сезишсе, анда мындай кырдаал жаралмак эмес. Ар бир адам: «Мен ѳлкѳ үчүн, эл үчүн эмне жасадым» деген деңгээлге жетишсе, анда мындай абал болмок эмес!…

ЖАШ МУУНДУН УЧУРДАГЫ ѲНҮГҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ КАНЧАЛЫК?

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, мекенчил жаштардын ѳкүлү

Соӊку 20 жыл ичинде калыптанган жаштардын бүгүн коомдук деӊгээлде активдүүлүгүн байкап келебиз. Ушул жылдардагы пайда болгон жаштардын коомдук-саясый аракети барган сайын күчөп, ачыкка чыгууда. Жаштар өз алдынча саясый күч катары калыптануу жолунда бышып келе жатат.

Алардын мындай кыймылынын өзөгүндө саясый-идеологиялык негиз жатат, бул демилге саясый бийликке жетүүнүн гана далалаты эмес, чынында системалык өзгөрүүгө алып келе турган ишмердүүлүк болуп саналат. Мындай багытка келүүдө жаштар маӊдай терисинен тамган аракети менен гана эмес, өздөрүнүн жандарын берүү менен кун жеткис курмандык кылышты. Ушул эгемендүүлүк тарыхыбызда жаштар чоӊ жоготууга дуушар болду. Биринчиден, мамлекеттин эӊ маанилүү стратегиялык булагы катары ордун алган жок, мамлекет жаш муунду руханий-идеологиялык коопсуздукка ала албады. Жаш муун сырткы ар кандай багыттагы таасирлердин майданында калды. Кыргызстан суверендүү өлкө катары мамлекеттин эӊ башкы функциясын — сырткы жана ички коопсуздукту жөндөй алган жок. Саясый элита деп саналган катмар менен интеллигенция көз карандысыз эгемендүүлүккө даярдыксыз келип калды, анын артынан калыӊ эл дагы жаӊы системанын алдында жөн гана алсыз, эч кандай эмоционалдык шыктануусуз түпөйүл ой, коркунуч менен кирди. Бизде жаӊы жашоо үчүн руханий жана саясый күрөш болгон жок. Биз адеп эгемендүүлүктү алган күндөн баштап утулуп калдык, анткени эркиндикке карай ой чабыттаганыбыз менен, элдин аӊ-сезимине эч кандай реалдуу программаны сала алган жокпуз. Бүгүнкү күнгө чейин улуттук-руханий идеологиялык база маалымат – интеллектуалдык көзөмөл коопсуздугу жетиштүү деӊгээлде калыптана элек. Кыргыз элинин улуттук эркин, ички руханий дымагын авангардка алып чыга турган күч эми гана борбордук тартылуусунун айланасында термелип баштады. Бүгүнкү жашообузду 91-жылдан баштап дүйнөлүк идеялык агымга салынган демократиялык баалуулуктар али дагы жөндөп турат. Бүгүнкү жашоо образы тагдырыбызга гегемон болду. Мындай кырдаалда жаш муун мамлекеттин келечегинин потенциалдуу күчү болуу менен бирге улутту жок кылуунун дагы күчүнө айланып кетиши мүмкүн. Эгер бизде үч муундун ортосунда идеологиялык-информациялык коопсуздуктун негизиндеги руханий байланыш такыр үзүлө турган болсо, жогоруда келтирилген божомол чынынан айланат. Ошондуктан, эгер ушул кырдан карай турган болсок, улуттук интеллигенциянын жоопкерчилик милдети жаштардын тагдырын аныктайт. Улуттук интеллигенциянын эӊ башкы озуйпасы — бул улуттук маданияттын мамлекеттин коомдук-саясый жашоосундагы гегемондугун орнотуу болуп саналат. Чыгармачылыктын саясат менен байланышы жок дегендердин улуттун руханий эрки менен байланышы жок. Жеке ырахатка багытталган чыгармачылыктын дегеле баркы болбойт. Улуттук интеллигенция өзүнүн эрки жана идеяларынын тирүүлүгү менен саясатка жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасирин бербесе, анда ал алсыз, коркок, жеке чыгармачылыктын ырахатынан чыкпаган объект катары жашап жүрө берет. Милдет, жоопкерчилик менен аныкталбаган эркиндик ар дайым коомдун бузулушуна алып келет.

Жаштардын азыр руханий плиталары жылышканы менен, идеялык биримдикке келүүнүн жолунда алар активдүү кыймылдап жатат. Бирок, чечүүчү ролду руханий-идеологиялык баалуулуктардын бир түрдүүлүгү, окшоштугу чечет. Азыр эми душман сырттан курал менен басып кирбейт, душман акыл-эсте баалуулук катары калыптанат. Ал эми ал баалуулукту бүгүнкү заманбап жашоо образы калыптандырууда (демократиялык коом, капиталисттик экономика). Азыр жаштардын дээрлик көпчүлүгүнүн акыл-эсине уу тамган. Биз бир эле убакта бир жерде бир максатты сүйлөшкөнүбүз менен, биздин түпкү көз караштарыбыз эчак бири-биринен кол жеткис аралыкка алыстап кеткен. Ар бирибиз эркиндикти ар бөлөк түшүнөбүз. Эркиндик көпчүлүк үчүн адамдын керектөө-муктаждыгын кандыруудагы тандоонун эркиндиги, кайсы гана сезимиңе негизделбесин, ал оюӊдун умтулуусу жана анын ишке ашуусу бүгүн мыйзам тарабынан корголгон баалуулук болуп саналат. Ал эми кыргыздын салттык түшүнүгүндө, эркиндик бул — эл астында жеке башыӊа элдин кызыкчылыгы үчүн милдет-жоопкерчиликти ала билүү. Себеби, жеке керт баштын арам кызыкчылыгынан жана айбандык азгырыктан бошонгон адам гана эркин жана ал эркиндик, милдет-жоопкерчилик элге кылган жакшылык менен ченелет.

Бир маанилүү нерсени эске туюп коюш керек, либералдык баалуулуктар жана капиталисттик экономика кыргыз улутуна эч качан жакшылык алып келбейт. Себеби алардын негизинде рух адилеттиги жок. Азыркы заманбап жашоо-турмуш бардыгыбызды бири-бирибиз менен болгон максатсыз куру жарышка түшүрүп койгон. Анткени, көпчүлүктүн түшүнүгүндө жеке умтулуу, жеке өсүш материалдык-информациялык байлык менен ченелет деген туюнтма бекем орноп калган. Материалдык баалуулук ден соолукту бербегендей эле, маалымат дагы адамга акылмандуулукту бербейт. Дал ушундай формула менен элдин улуттук аӊ-сезими жуулгандыгынын айынан азыр Кыргыз мамлекети учурдагы абалына келип жетти.

Соӊку эгемендик жылдарда душман арабызда калыптанды, себеби биздин коопсуздук улуттук салттуу маданиятка эмес, сырттан келген душмандын баалуулуктарына (адам укугу ж.б..) негизделген. Иммунитети начарлаган организмдей эле, азыр бизде акыл-эси, ой жүгүртүүсү рак клеткаларына айланган маӊкурттар көбөйдү. 21-кылымда эми кайсы гана улут болбосун, эгер жоголо турган болсо, анда ал өзүн-өзү жеп жоготот. Физикалык жактан эмес, акыл-эс, улуттук дээр, сезим жактан! Акыл-эске тамган уу канга жайылып кете турган болсо, ал адам кайткыс абалга түшөт, мына ошолор реалдуу коркунуч жаратып, же саясый, же диний экстремист фанатка айланат. Андайлар улуттун түпкүлүгүн, салттуу маданиятын, элдин баалуулугун уруп ойнобойт. Андайлардын көкүрөгүндө элге, мекенге болгон ыйык сезими өчүп калат.

Көпчүлүк жаштар ѳздѳрүн эмоционалдык деӊгээлде гана патриотмун деп эсептейт, турмушунда кабылган бир-эки окуядан кийин (м.: же сыртка чыккан, же улуттук басым жеген) мекенчил болуп калган жаштардан туруктуу, бекем эркке жана билимге негизделген чыӊ улутчулдук сезимдин жаралышын сейрек гана жолуктурууга болот. Жаштарды азыр мамлекеттик деӊгээлде кыргыз улутунун салттык, түпкү элдик кызыкчылыкка тарбиялай турган системасы жок. Ар ким ар кандай турмуштук кырдаал менен өз киндигин өзү кесүүдө. Албетте, эгер кыргыз баласы толук кандуу салттык тарбия көргөн болсо, абдан жакшы. Андайлар кудайга шүгүр аз эмес. Дал ушул жерден улуу муундун милдет-жоопкерчилиги ачык көрүнөт. Себеби муундардын ортосундагы милдет — бул мурас өткөрүү, башкача айтканда, улуттун жашоо программасын өткөрүү дегендикте жатат. Улуттук мүнөздөгү мекенчил катмарды түзгөн үч муундун активдүү өкүлдөрү бир идеологиялык базаны түзүүдө ички маалыматтык байланышты жолго коюш керек, адамдарды кабыл алууда алардын көз карашы менен жөнөкөй эле адамгерчилиги аркылуу бааланып каралышы туура болот..

Азыр бизге улуу муундардын кепилдик деми, улуттук интеллигенциянын жигердүү идеологиялык фронту керек. А биз жаштар авангард болуп беребиз. Белгилей кетчү нерсе, кайра жаралуунун кыймылы кыргыздын улуттук духуна, байыркы салттуу маданиятына гана негизделиши керек. Бул ишмердүүлүккө кандайдыр бир диний же саясый боек берүү тереӊ адашууга алып келет!

«Көк асаба» гезити

Соц тармактар:

Добавить комментарий