«Сахна менин өмүрүм, дүйнөм, жашоом»

j_tolokovaНарын райондук Муса Баетов атындагы маданият үйүнүн деректири Жумагүл Төлөкова менен маек.

Чоң мааракелер, салтанаттуу кечелер бул айымсыз өтпөйт. Кичи пейил, адамгерчиликтүү сапаты менен эле эмес кубулжуган үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Жумагүл Төлөкова өзүнүн чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу биз менен ой бөлүштү.

Комузчулук өнөрдү атамдан, кол өнөрчүлүктү энемден алып калдым

Балалык күндөрүм өзүм туулуп өскөн Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылында өттү. Ата-энем чабан болгондуктан ушундай ажайып кооз Ак-Сай, Арпа, Муз-Төр, Көк-Өзөн деген жайлоолорунда таза абада тайга минип, кой айдап чоңойдук. Улуу агам ага удаа жети кыз, анан эң кичүүбүз иним болгондуктан атама жардам берген жалаң кыздар болдук. Атка бала кезимден жакынмын. Ошондон болсо керек тойлордо кыз куумайга түшүп калам.

Бала күнүмдөн ырга жакын болчумун. Бирок кыялымда мугалим болсом деп эңсечүмүн. Атам Жантайбек мукам үнү бар, комузда кол ойнотуп чертип, ырдачу. 10 бир туугандын баарына эле үйрөттү. Бирок 6-классымдан баштап комузду кармап, өнөрүн алып калган мен эле болдум. Апамдын жанында жүрүп оймо ойгонду, шырдак жасаганды, кол өнөрчүлүктү үйрөндүм.

Мектепте окуп жүргөндө ыр жазчумун. Атам ыр жазчу. Комузчулук, ыр чыгарган өнөрүн алып калдым десем жаңылышпайм. «Кыргызстан пионери» газетасына ыр, макала жазып жөнөтүп ийип, почта менен 3 рубль гонарар алчумун. Ага көп нерсе келчү. Ошо бала кезде эле өзүмдү-өзүм каржылачумун. Студент кезимде «Курбума» дагы 2-3 ырга обон жазгам. Кийин турмушка чыккандан кийин турмуштук ар кандай жайдайлардан ыр жазбагандыктан бүт баары калды.

Мектепти бүткөндө музыкалык жактан билим алгым келип Караколдо Ыбрай Туманов атындагы училиңада окудум. Аны бүткөндө Кыргыз улуттук консерваторияда комузчулук боюнча окуп, Самара Токтакунова, Калыбек Жекшенович өңдүү белгилүү комузчулардан сабак алдым. Эмгек жолумду Жүмамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинде мугалимдиктен баштагам.

Биринчи турмушумдан жаңылдым, бирок азыр бактылуумун

Кыз кезимден аркамдан чуркаган балдар аябай көп болчу. Бир чети өкүнөм, бир чети сыймыктанам. Өкүнгөнүм Караколдо окуп жүргөндө жигиттерди армияга узатмай деген бар эле. Эч жакка баспай, андай жерлерге барбай, окуу гана оюмда болчу. Жанымдагы кыздар балдар менен көп сүйлөшүп жүрүшүп, кандай күйөөгө тийиш керек экенин билип калган окшойт. Жакшы мырзаларга турмушка чыгышты. Мен окуунун аркасынан жүрүп 2-3 жерге ала качып, төртүнчү жерге ала качканда туура эмес отуруп калып, биринчи турмушумдан жолум болгон жок. Көп жигиттер аркаман чуркаса, «бирөө турат да» деп жүрүп жеке турмушума маани бербептирмин. Мен чыныгы сезимдин даамын азыр татып жатам. Сүйүү 35 жаштан кийин күчөйт деп коёт экен го. Мага эми таза сүйүү келип, күчөп жатат. Экинчи жолдошума жолукканым үчүн өзүмдү бактылуу сезем.

Тамада болом деген оюмда жок эле

Салтанаттуу иш чараларда алып баруучу болуп жүрөм. Тамада болом деген эч оюмда жок эле. Тааныш эже бир жолу тоюма тамада болуп бер деп калды. Тамадалыкты билбейм десем болбой эле чакырды. Салтанаттуу кечелерде кагазды кармап алып, дикция менен окуп коюп туруп каласың да, тойдо элди күлдүрүп, ойнотуп, иши кылса шаңдуу алып барышың керек. Башында ашыкча сүйлөбөй, тос берип коюп унчукпай туруп калган күндөр болду. Кийин байкасам алып баруучулук менен тамадалыктын чоң айырмасы бар экен. Бир нерсени майын чыгара иштешим керек деген башынан калыптанып калган мүнөзүм бар. Ошондон көжөлүп жүрүп көнүп кеттим. Азыр тойлорду тамада болуп алып баргандан кийин «Жумагүл жаман алып барып койдуң» деген сын пикирлерди уга элекмин.

Чыгармачылыкта оор учурлар да, жакшы күндөр көп болот

Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүнө жетекчи болуп 2005-жылы келдим. Ага чейин «Мээрим» фондуда иштечүмүн. Мен келгенге чейин Табылды Актанов жетектеген «Манас руху» деген элдик театр бар экен. Ошол маалда «Кыргыз руху» болуп уюшулуп, Бишкекке кетишиптир. Келсем чыгармачыл жамаат калбаптыр. Анан концертке шаарга, районго бирден номер бергиле дейт. Ага келгенде бизден ырдай турган эч ким жок болуп калат. Чыгармачыл адамдарды кайра жыйнап топтоюн десем жумушка алуу, бошотуу боюнча деректирдин эч кандай функционалдык милдети жок. Анын баарын бөлүм башчы аткарчу экен. Баланчаны алып келейин десем эле ошо кездеги бөлүм башчы албайт. Мындайча айтканда чыгармачыл чөйрөдөн алыс киши экен. 1 жыл аябай кыйналдым. Деректир деп креслого отурганың эле болбосо каржы, жумушка алуу, бошотуу бардыгын бөлүм башчы тейлейт. Кетким келип жүрдү. Анан «сен ушул жерди көтөрүп бер» деп ишенип алып келгенден кийин өзүм аябай намыстанып, чуркап жүрүп деректирдин иш алып баруу тартибин, милдетин бөлүм башчыдан бөлдүрүп өзүмө алып, чыгармачыл жамаатты чогулттум. Үстү түшөйүн деген имарат ремонттолуп, азыр өзүбүздүн сахна залыбыз бар.

Эл алдында күлүп ырдап жүрсөң эле мунун кайгысы, муңу, түйшүгү жок деп ойлошот. Сахнада турганда кейигениңди, санаа тартып жатканыңды унутуп, жаркырап күлүп ырдап чыгып кетесиң. Негизи чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү таза, назик, жаш баладай болот. Эч кимге жамандык каалабайт. Жамаатыбызда улуу-кичүү дегенди билбей чогуу бирдей мамиле жасайбыз. Анекдот айтышып, өзүбүздөн бирөөнү каарман кылып, тамашалашып, чарчаганыбызды унутуп калабыз. Ушундай жакшы күндөр бизде көп болот.

Бирөөнүн даяр эмгегин пайдаланганды жактыра бербейм

Бир ырды ырдаш үчүн ага аранжировка жаздырасың. Кээ бир жерлерден фонограмма менен ырдоого туура келип, үнүңдү жаздырыш керек болуп калат. Баары акча. Мына жакында жеке концертимди берерде Бишкекке барып тааныштан тааныш салып жатып, 1 ырды 5,5 миң сомго жаздырдым. Анан 1000, 1500 сомдон үнүңдү жаздырасың. Ошону менен 1 ыр 6-7 миңге чыгып кетип жатат. Көп ырчылар жалкоолукка салып даяр минусовка менен сахнага чыгып жүрүшөт. Мага жакпаганы даяр минусовка менен ырдаганды жактыра бербейм. Ал дагы бирөө эмгектенип жаздырган аранжировкасы да. Аны даяр алып ырдай берүүнүн кажети жок. Мисалы «Он сегиз жаштын» минусовкасын баары эле ырдап жүрүшөт. Ким ырдаса ошонун деңгээлине жеткире ырдай албасаң, элдин жүрөгүнөн түнөк табалбайсың. Андан көрөкчө эмгектенип өзүң аранжировка жаздырып алып каалашыңча ырдай бер. Чыгармачылык үчүн мен кийимдеримдин баардыгын тең өз акчама тиктирем. Өз акчама ыр жаздырам. «Ошол акчаны 1 ыр жаздырганга короткончо балдарды бакпайбызбы»-дегендер чыгышы мүмкүн. Андай биздин үй-бүлөдө жок.

Чыгармачылыгың менен байлык топтоп алыш ар кимдин өзүнөн. Ырчылар театрда эмгектенген актёр, артисттерге караганда тойлорго барып болсо да ырдап акча таап жашоосу жогору. Алтынай Нарбаева өңдүү көп ырчылар менен жолугушуп иштешип калдым. Бир күндө 10 тойго заказ алгандар бар экен. Бир тойдон 2 же 3 ыр ырдап 200 доллар алат. 1 күндө эки миң доллардан 10 миң долларга чейин тапкандар бар. Акчанын аркасынан түшүп жүргөндөр бар. Бул халтура болуп, баягы эле ырды ырдай берип элди тажатып, чыгармачылыктын өспөй калуусуна таасир этиши мүмкүн. Бир ырды 200 долларга жаздырса, аны канча тойго ырдайт.

Эч кимдин көңүлүн калтыра албай, тойлордо жүрө берип катуу оорудум

Мурун өзүм ырдачу эмесмин. Окуучуларга комуз үйрөтүп, расписание менен сабак өтүп, үйгө кетип калчумун. Анан бул жерге келгенде жамаатты ырдатып, ырдашың керек экен. Ошону менен өзүм кошулуп ырдап жүрүп ырчы болуп кеттим. Буга өкүнбөйм. Канчалаган ийгиликке жетиштим. Талантымды элге көргөзүп таанылдым, канча адам менен тааныштым. Жеке эле Нарынга эмес башка аймактарга да кичине жүзүм таанылып калды десем болот. Үйдө энесиң, жумушта жетекчи, сахнада ырчы болуп баарына чыдап, жетишип келе жатабыз. Эң башкысы жолдошум мага ишенип колдоп турганы чоң күч берет. Чыгармачыл чөйрөгө аралашкандан бери көп нерсени таптым. Жалаң гана ийгиликке жетишип келе жатам. 2 балам бар. Уулум Бишкек шаарында студент, кызым Чкаловдо 5-класста окуйт.

Эч кимдин көңүлүн калтыра албаган мүнөзүм бар. «Тойго тамада болуп бер, концертке алып баруучу болуп бер»-десе баарына макул болуп, өзүмдү аябай жүрө берип, катуу ооруп калдым. Көрсө көп күч жумшап коюптурмун. Уйкудан калып чарчап, депрессиялык абалга жеткенге чийин барып калган экенмин. Дарыгер «өзүңө күч келтирбей кара»-деп айткандан кийин өзүмдү кичине аяп калдым.

Таланттуу, билимдүү жаштар айылга келбей жатат

Мурун жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз болчубуз. Ушул жылдын январынан баштап, республикалык бюджетке каратып коюп тартыш боло баштады. Жергиликтүү бюджетте турганда кийимиңе, аспаптарга, телефон, командировкадан бери бүт баарына өз-өзүнчө акча бөлүнүп берилчү. Азыр ушулар жок кыйын болуп калды. Эми момундай заман келе жатат. Залыңды арендага бересиңби, концерт коюп, ырдап барып, акча табасыңбы өзүңдү каржыла, өзүңдү-өзүң бак-дегенге баратабыз. Акырындык менен ошого өтөт окшойбуз.

Улуттук консерваторияны, искусство институтун бүткөн таланттуу балдар айыл жергесине келбей жатат. Бул жөнүндө кайрылып эле жатабыз. Бирок ишке ашпай келет. Айла жок айылда билими башка ырдап жүргөн шыгы бар балдар клуб башчылары болуп жүрүшөт. Башка жакты айтпай эле өзүбүздүн маданият үйүндө 20 адам болсок, анын 20 пайыздайынын гана музыкалык билими бар. Калгандарынын баары эле башка кесиптин ээлери. Бирок талантынын аркасы менен чыгармачылыкка аралашып иштеп келе жатышат.

Эмгектин аркасы менен ушул даражага жеттим

Аракет кылсаң бирдеме чыкпай койбойт. Алладан адам баласына 5 пайыз талант берилсе, калган 95 пайыз эмгек менен келет. Эмгектин аркасы менен ушул даражага жеттим деп ойлойм. Үнүмдү тарбиялап жүрүп, бир жыл болгондо чыгармачылык концертимди берип, аябай жакшы болгон. Бирок азыркы ырдаганга караганда үнүм пас жакшы эмес болчу. Андан бери алты жыл өтүптүр. Жакында эл алдында отчёттук концертимди бердим. Ушул кызматка келгенде кийгенге форма жок болуп, биринчи жолу кыргыз кийимдерин тиккем. Андан кийин көптөгөн заказдар болуп, тигип берип койчумун. Алар өздөрүнүн менчиги болуп калгандыктан көптөрүн кайра чогулта алган жокмун. Ошол өз колуман жаралган кыргыз кийимдердин коллекциясын көрүүчүлөргө жеке концертимде тартууладым.

Устат катары көп балдарды тарбиялап чыгардым. Кыргыз балдары эле эмес, япон волонтёрлору дагы келип үйрөнүп кетишкен. Мисалы Атсуши менден комузду үйрөнүп кеткен. Булар эмгекчил болот экен. Мен кандай чертсем ошондой чертип коёт. Аркамда көп жакшы окуучуларым бар. Марат уулу Асылбек төкмө катары да таанылып жүрөт. Өткөндө концертимди алып барып берди. Комузду менден үйрөнгөн.

Ушул маданият үйүндө Жумамүдүн Шералиев, Сагыйпа Чечейбаева, Тамара Жумакаева жана башка атактуу адамдар иштеген. Мен дагы ушул жерде эмгектенип калганыма сыймыктанам. «Дарак бир жерден көгөрөт» дейт сахна менин өмүрүм, дүйнөм, менин жашоом. Мен дагы ушул жерде эмгектенип, элге болгон өнөрүмдү тартуулап, кызмат кыла берем…

«Теңир Тоо» гезити, 17.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий