Токтобек Үсөнов. «Экөө»

(новелла)

Адам дайыма бараткан өмүрүндө бир багытта, бир тарапты карап гана жашай берет. Эгерде ал бир аз абайлап, айланасын каранса, миңдеген жаңы багыт, алда-канча көп жашоо боекторун көрө алмак
(Автор)

Ал бүгүн дагы бул жерде калууну чечти. Колдору компютердин клавишасын тыкылдата терип, агент аркылуу келген каттарга жооп жазат.

Бирине жооп берээри менен экинчи бирөөнөн кат келип, агенти күйүп-жана баштайт. Көнгөн колдору шыпылдатып жооп жазат. Андан кийин блокко жазылган сөздөрдү окуп кирет.

Nykyrakurguz/@.mail.ru:

Салам достор, баарыңарга бактылуулук каалайм! Эч качан сүйүңөрдөн кем болбогула… СПОКИ… НОКИ…!

Ал мыйыгынан шылдыңдагандай, кекээр аралаш күлүп койду: «Кайдагы сүйүү?..» — «күңк» этти. Жүрөгү кысылып, «эски» күндөрү эсине түшүп кетти. Колдору клавиатурадан алынып, башын мыкчып көпкө отурду. Жер карап бир аз талып турган соң, тердеп кеткен чекесиндеги терин арчыды да, жыбырап толуп калган каттардын бирин ачып окуй баштады. Улам бир катты ачып окуп, эч кимисине жооп жазган жок. Кайдыгер гана окуган каттарын улам жаап салып, жаңысын ачат. «Болбогон сөздөр,» — деди оюнда. Бардык жашоо ага калптан куралгандай сезилип кетти. Блокко жазылган акылдуу сөздөр да ал үчүн, мурдагыдай дем бере алган жок. Тескерисинче, аларды жазып жаткан, интернеттин аркы жагында отурган адамдарды өзүн акылдуу кылып көргөзгүсү келген жалганчы адамдардай сезип турду. Өзүнүн да эч нерсе жазгысы келген жок.

Башка убактарда жалгыз ушул интернет, виртуалдуу жашоо гана аны куткарып тургандай, блокко бир нерселерди жазып, өңү-тъсън али көрө элек агенттин ары жагында,  дүйнөнүн кайсы  бир бурчунда отурган достору (анын чыныгы жашоодо достору жокко эсе болчу) менен маектешип өзүн дарылап алчу.  Бул жолу тескерисинче виртуалдуу жашоонун «бактылуу» адамдарынын жазган сөздөрү анын кыжырын келтирип жатты. Бул жакка келгенине өкүндү. Мындай болоорун билгенде, бүгүн бөлмөсүндө эле калып, эртеңки сабактарга даярданып, эртең менен эрте туруп алып, университетке барса болмок. Дагы бир катты ачты: Leila_принцеса@mail.ru: “Салют! Жаңы жаңылыктардан уктуңбу? Расул девушкасы менен урушуп кетиптир. Эмнеге дебейсиңби? Кыздын боюна бүтүп калыптыр, прикинь! Байкуш кыз ыйлап жүрөт дейт. Дура да, жакшылап сактанбайбы. Эмнеси болсо да мага жол ачылыптыр. Сен мен үчүн тилек тилеп кой, э? Өзүңдө не жаңылык?”

Жооп жазгысы келген жок. Чындап иренжип кетти. Адамдардын баары, бирин-бири алдап, биринин көзүн бири тазалап жаткандай сезилди ага. Айланасы бүтүндөй жамандык менен чулганып, келечек бозоруп, көрүнбөй калгансыды. «Эмнеге ушундай?» — деген суроосу кайрадан башында тегерене баштады. «Неге адамдар бири-бирин алдайт? Аялы күйөсүн, күйөсү аялын. Дос досту, жигит кызды, перзент ата-энесин, ата-эне өз учурунда перзентин. Же балким калпсыз, алдоосуз  жамандык менен жакшылыксыз (Инь, Янь сыз)  жашоо кызыгын жоготмоктур?…Бардыгы, бардыгы алдамчы…»

Мына ушул айлампада ал өзүн жалгыз калгандай сезди. Баары гармонияда болуп, жалгыз айлампадан адашып, кудум орбитасынан чыгып чексиздикте калкып, белгисиз жакка сүзүп бараткан планетадай, багытын да айрып биле алган жок.

Чексиз дүйнө, чексиздик жана жалгыздык…

Интернет бетин жапты да, кассага барып акчасын төлөдү. Мындан ары ал «алдамчы» адамдар менен бирге отуруп, агентте сүйлөшө алмак эмес. Жанында отурган «агентчилер» ага көңүл да бурушкан жок. Баары күйүп-жанган агенттеринде баш көтөрбөй отурушат же кыз ойлогондой алдап отурушат бири-бирин.

Эшикке чыгып, билегиндеги сааты карады. Саат түнкү 3:35 болуптур. Чоң жолдун ары жагына өтүп, жатакана тарапты көздөй жай басты. Шашыла турган жери жок, жатакананын эшиги түнкү саат он бирде эле жабылып, эртең менен алтыда ачылат. Ошондуктан ал колтугуна илинген кичинекей сумкасын эки манжасына илип алып жай басып кете берди. Түн ага бардык адамдардан жакыныраактай сезилди. Кудум сырдаш-курдашындай, тагдырлаш жакынындай, түн дагы кызга окшоп толгон табышмактуулук менен сырдуулук, ошону менен бирге эле муздак жалгыздыкты боюна сиңирип, катып тургандай. Ушул түн гана аны түшүнүп, ага болгон сырын, арманын жашырбай айтып, төгүлүп алгысы келип жатты.

Көйнөгүнүн этеги батыштан соккон айдарым желге сапырылып, баскан сайын жоон сандары көрүнө калып жатты.

Анда-санда гана түнкү кафелердин жанынан өтө бергенде топ-топ болуп турушкан жаштар көрүнөт. Түнкү көпөлөктөр кафелердин, аллея четинде күйгүзүлгөн агыш фонарларды айланып “учуп-конуп” жүрүшөт.

Адамдардын эч кимиси ага көңүл бурган жок. Кыз дагы эч кимди карабады. Тек гана узун, ичке мойнун бир аз кыңайта кол менен бир секирип жетип алучудай болгон жымыңдаган жылдыздар жанып турган, жамгырдан кийин чайыттай ачылган асманды караган бойдон, өзүнүн оюнан чыга албай кете берди. Кечээги секелек кезин эстеди. Андан бери деле көп убакыт өтө элек, ошентсе да ал бүгүн жашоону толук түшүнүп калган, көптү көргөн аялдай сезди өзүн. “Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” деген сөздү жон териси менен сезди.

***

Чын эле, анда эч нерседен капарсыз кези экен. Жапар да жанында болчу. Экөө ушул көчөдө, так ушундай маалда канча сейилдешпеди. Анда ушул эле кафелерден чыккан музыка дагы жагымдуу болчу. А Жапары болсо, кыз сезгенди сезбегендей, жай басыгында бир нерселер жөнүндө божурап кете берээр эле. “Жаным,- дечү кыз жалынып, ушундай бактылуу экенине өзү да ишене албай. — Божурагым…»  Анын колтугуна ичке назик  колун киргизип, жаңы эле чечип жаап берген жылуу күрмөсүн ийнине жаап алып, колдору менен бек кармашып кете беришчү. Анын жумшак ийнине башын жөлөп алып, жагымдуу, бир аз чылым жыттанган жытын жыттап, бакытка мас, дендароо болчу. Анан кафелердин бирине киришчү…

Кыз Жапар экөө дайыма келчү кафенин жанына келип токтоп калды. Бардыгы ошол бойдон турат. Андан бери эч кандай өзгөрүү болгон жок бул тегеректе. Бир гана өзгөрүү — кыз гана бул жерге жалгыз келип калган. Бир азга кыйылып турду да, кафенин кире беришиндеги атайын кооздолуп, жасалган тепкичке бутун койду.

Кафеге кирип өз ордуна отурган соң, дагы кимгедир жинденди. Эми ал Жапарын жаман көрүп жатты. «Ушунун баарын кылган ошол! “Сен күнөөлүүсүң баарына! Мени неге кыйнайсың?!»  Көзүнө жаш буулуп, тамагына бирдеме такалып калгандай ызаланып чыкты. Колдонуп, анан керектен чыгып ташталып калган керексиз буюмдай сезди өзүн. Жаагы тырышып, кыжырдангандыктан тиштери кычырап кетти: «Мен эмне күндү көрөм?» Келечеги туңгуюк болуп, эч бир жакшылык элестете албай койду андан. Жакшылыктын ордуна апасынын жер карап, не дээрин билбей күйүп отурганын, калбаат атасы да не иштээрин билбей, кабагынан каары төгүлүп  апасын каарып, жеп ийчүдөй карап жатканы элестелди. Анан кошуналар, туугандар чубашып келип, бири: «Ии-й кокуй!» — деп бетин чымчып, алаканын шак чабып, көрө албай жүргөндөр калп кейимиш болуп, ичтен табалап жаткандары көрүндү. «Абийрисиз, акмак» — деп мына бүтүн айылы урушуп жатат. Өзү эмне дээрин, не деп шылтоо айтаарын билбей, жер карап, көзүнөн жашы куюлуп, кайдадыр кетип баратат…

***

— Салам? — деген анда Жапар колунан кармап, бетинен өбөөрдө. Жаны жыргап, анын эрди тийген жер ысып чыгып, кызарып кеткен.

— Кандай?

— Кана бүгүн кайда барабыз? – адатынча жигит көздөрүн ойноктотуп.

— Сен кайда десең ошол жака, — кыз да жароокерленген.

— Анда, биз эч ким билбес бир жака барабыз, макулсуңбу?

Жигит көзүнө тигилет. Кыз анын ушул карашына эле туруштук бере албай балкый түшүп, башын ийкейт. Анан жигит кыздын көзүн таңып, колунан жетелеген. Жолдо катар кыз эч нерсени көрбөй жигитинин алып баруусунда келген да, өзүн укмуштуудай бактылуу сезген. Өмүр бою ушинтип анын колун кармап, көзүн жумуп жашай бергенге да макул эле анда. Өзүн алсыз сезип, Жапарын баатыр көргөн. Анын колунда ага кандай коркунуч болсо да коркпойт эле. Ошентип экөө жетелешип, парктын караңгы эл көрбөгөн жерине келишкен. Жигит кыздын көзүн ачып, оозунан эркелете соргон. Ансыз да бактысына ишене албай турган кыз асмандап көкөлөп учат. Көздөрү тунарып, айланада эмне болуп жатканын сезе албай, белгисиз сезимден денеси балкып, каалгып учуп кайдадыр бара жаткан. Ошондой элдир-делдир убакта кыз болгон күчүн жумшап, бир-эки курдай токтогонго аракет кылып, жигитинин төшүнө ойноп кирген колдорун түртүп, каршылык көрсөткөн. Эртеңкисинен корккон. Бирок, жигитинин жалындуу сөздөрү, ысык эрини анан мусаапырдай болгон суранган көздөрү аны эркинен ажыратып, энелик сезими ойгонуп, боору ооруп, өзүн кое берген. Жигит да муну сезгендей бат эле чөпкө басып жыгылган. Кыз калкып учурган белгисиз сезим менен кошо келген коркунучтан эсин жоготуп ийген да көзүн ачып, жигитинин күйпөктөп жаман болуп тургандайбы, же өзүн жек көрүп тургандай болгон түрүн көргөн. Ошондо гана эмне болуп кеткенине эми көзү жетип, ыйлап жиберген…

***

В жизни не так уж много побежденных, гораздо больше таких которых не пытались боротся
(В.Вишнеков)

Жигит мотоциклинин моторун өчүрүп, каскасын рулуна илди да,  кафенин терезесинин ары жагында  жалгыз отурган кызды көрдү. Башында көргөн көзүнө ишенген жок. Колдорун бир аз калтырак басып, көздөрү сагынычтан жалжылдап кетти. Жаны жыргап, денеси нымшып, муздак абадан кере-кере дем алды. Жүрөгү лакылдап согуп, кудум ошол биринчи жолу көргөндөй катып, кыймылдай албай калды. Ушундай абалда бир аз турган соң колун сумкасына жиберип, фотоапаратын алып чыкты да, көзүнө алып келип, ушул учурду жоготуп ийбейин дегендей аярлык менен сүрөткө тартып кирди. Бир нече кадр жасаган соң өзүнө ыраазы боло жылмайып алып, мотоциклин от алдырып жөнөп кетти.

Бет алды урган муздак аба ичиркентип жатса да, ал сезбеген кишидей кете берди. Чоң жолдун так ортосуна чийилген ак сызыкты көзү менен ээрчип, бир калыпта бара жатты. Ошондо да ушул өтүмсүздүгүнүн айынан кеч калган. Артынан жете барып,  кызды колдон кармап сөз баштайын деген. Бирок, сүрдөгөнүнөн буту тушалып, баса албай токтоп калган да, ага арнаган бардык сөздөрү, ой-тилектери, сүйүүсү максатына жетпей тамагында такалган бойдон калган. Кыз болсо паркты аралай, өз кыялында кете берип, аны сезген эмес. Деги эле анын ушул жашоодо бар экенин, кызды ушунчалык сүйөөрүн тээ алгач көргөндөн баштап, анын ысмын келмедей айтып, элесин жан-дүйнөсүндө кир жугузбай таза, аяр сактап келе жатканын туйган да эмес. Балким сезсе ушунча азапка кабылбас беле?… Кыздын муңдуу турушуна, жаштуу көздөрү үчүн өзүн күүнөөлүү сезди. Ошондуктан эми ал эмики жолу жакшылап даярдана келип, кыздын алдына сөзсүз барууну өзүнө убада кылып атты.

Ал кызды биринчи жолу колуна фотоапарат кармап, сүрөтчү болууну чечкен күнү көргөн. Алгач көргөндө да жанакы абалга туш болгон. Мына ошондон кийин ал кызды акмалап, ушул парктан күтчү да, анын ар бир кадамын билгизбей сүрөткө тартып, бөлмөсүндө дубалга илип койчу. Күн санап көбөйгөн сүрөттөргө карап өзүн абдан бактылуу сезээр эле. А түгүл акыркы күндөрү сүрөттөргө келечектеги ой-максат, тилектерин айтып берип, сүйлөшө баштаган. Сүрөттөгү кыздын ар бир көз карашы, ар бир жылмаюсу күңүрт бөлмөсүн жарык кылып, жан берип тургандай, ал эми ар бир кадамы күндөн-күнгө ушул бөлмөнү көздөй келе жаткансып, ушинтип көбөйгөн сүрөттөр менен кошо бир күнү эшикти шарт ачып кирип келүүчүүдөй сезе берчү. А түгүл ишенчү.

Анан бир күнү ал кыз белгисиз бир жигит менен келди. Экөө ээрчишип басып көпкө жүрүштү.

Ал күнү кызды сүрөткө тарткан жок. кызды саткынчыдай жек көрүп кетти да, мотоциклин от алдырып бет алды кетип калган. Ошол түнү таң аткыча пиводон күчүн чыгарган да, таң агарганда араң уйкуга кеткен. Эртеси түш оогондо гана башы ооруп ойгонгон. Андан кийин эки күн үйүнөн чыккан жок. Ичкен да жок. Тек гана катып калган эстеликтей телевизордун алдында кыймылдабай отура берген. Күн-түн дебей отургпн. Акыры жамбашы да талып, минтип жашай бербөөгө болбосун түшүнгөн да ордунан туруп, баарына өзү күнөөлүү экенине ынанган. Кызды издөөгө өзүнө убада кылган.

Ошондон бери издеп жүрүп, кызды мына бүгүн тапты.

Бир аз мурун гана тартып алган сүрөттү тазалап, иштеп чыкты да, даяр сүрөттү жайык табакта турган сууга малып алып, башка да каршы-терши илинип турган толгон сүрөттөрдүн арасына илип, жылмая тиктеди. Өзүнө ыраазы болуп турду. Анан үнүн бекем, ишенимдүү чыгарып: «Эми кечикпөө керек!» — деди.

toktobekТ.Үсөновдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Токтобек Үсөнов. «Экөө»: 1 комментарий

Добавить комментарий