Токтобек Үсөнов. «Жеңе»

(аңгеме)

Кечээтен бери эмнегедир өзүмдү жеңил сезип, бактылуу болуп, жүзүмдө күлкү уялап, көздөрүм жадырап, кыймыл аракеттерим да шайдооттонуп, кубанып жүрөм.

Үйгө майда-чүйдө алайын деп, жумуштан соң капысынан эле “Народныйлардын” бирине кире калгам. Өзүмө керектүү нерселерди алып бүтүп, эсептешкени кассага келип, көргөн көзүмө ишене албай туруп калдым. Аны көргөндө, адегенде мурункудай чуркап барып мойнуна асылып, ошол кездегидей ойноп кетким келип кетти. Бирок, элден тарткынчыктадым, анын өзүнө да билгизбей абай салып, ыңгайлуу учурда учурашып, атүгүл кучакташып көрүшүп, ушуга чейин мурдумдан кете элек жытынан жыттап алгым келди.

Ал мени байкаган жок. Ак жуумал жүзү ал кездегиден да жакшына, сулуу болуп кетиптир. Карагаттай көздөрү гана бажырайып баягыдай. Мен аны суктана карадым. Билбейм, ошол кезде ушунчалык сулуу беле? Балким, мен кичинекей болгон үчүн көп байкабасам керек, же ошондогу капалуу жүргөнү, анын ажарын толук чыгарбай катып жатты бекен? Эмнеси болсо да, мен анын ошол бойдон чүнчүп калбай, ачылып кеткенине кубанып турдум. Мына, эми чуркап барып, адатымча эркелеп мойнуна асыла кетейин дегенимде, ары жактан шыңга бойлуу, кара тору, сулуучумак жигит келип, экөө дүкөндөн эрчишип чыгып машинеге отурушту да, жүрүп кетишти. Адегенде мен не дээримди билбей, же артынан: “Токтогула!” — деп чуркап бара албай, туруп калдым. Жолукпай калганыма бир аз капалана түштүм. Бирок, анын бактылуу экенин көргөнүмө каниет кылдым.

Кубанганымдан, алар кеткен тарапты карап кыйкыргым келди. Атүгүл кыйкырып ийсем да керек, дүкөндө соода кылып жаткандар мени аңырайып карап калышыптыр.

Үйгө барганда да кубанычымды жашыра албай жаттым. Кирип келип эле  апамдарга чалдым. Чуркап келгендиктен аптыгып, сүйлөй албай жатым:

— Апа, кандайсыз? Мен аны көрдүм, — дедим сүйүнчү айтып жаткансып.

Апам чочуп кетсе керек:

— Кимди көрдүң? – деди ал да шашып.

— Аны көрдүм, апа, ал ушунчалык сонун болуп калыптыр, мурдакыдан да сулуу болуп кетиптир, апа. Мен аны көргөндө чуркап барып мойнуна асылып ойноюн дегем, бирок, анын жанында жигити бар экен.

Демигип, көргөнүмдүн баарын шашып-бушуп, абадан аптыга жутуп алып, айтып берип жаттым. Апам да мен эмнени айтып жатканымды эми түшүнүп: “Ий, анан?” — деп сурап ийди. Эмне болгонун, кайжерден көргөнүмдү, анан мен мына барайын дегенде алар машинеге түшүп, кетип калышканын айтып бердим. Апам да шашпай угуп, шыпшынып: “Эми кантсин, байкуш? Ошентип бактысын тапсын,” — деди. Апам да баары жакшы болгонуна кубанып: “Ошондой эле болсун!” — деп Кудайды алкап жатты.

Телефонду коюп, телевизорду иштетип коюп, тамак жасаганга кириштим. Оюм дагы эле жеңемде болуп жатты.

***

Жаз айлары эле. Мен анда акыркы экзамендерге даярданып жүргөм. Байкем армиядан келгенине эки жыл болгон. Кыштата үйдөгүлөр байкемди үйлөнтөбүз деп кам көрүп чыгышкан. Байкем башында каршы болуп жүрдү. Акыры эмнеси бар экен, үйлөнсө үйлөнөйүн дедиби, макул болуп кыз издеп калды. Күндө бир туугандарыбыз, апамдын, атамдын тааныштары кай жерге барышпасын бизге келин болчу кыз таап келишет. Күндө бири келип: “Ай, баланчанын баланча кызы бар экен, оокатка тың экен,” – дешет. Апам күндө байкемдин кулак, мээсин жейт:

— Жанагы Сатарбектин бойго жеткен кызы бар экен, оокатка тың, оор басырыктуу кыз дейт. Ошону көрүп, таанышып көрсөңчү, балам?

Байкем да өзү укмуш болуп кеткенсип, дулдуңдап:

— Эке, анын кара кызын мен эмне кылам? – дейт жактырбай.

Апам чочуп:

— Ок, антип айтпа. Бирөөнүн алмончоктой кызын. Эптеп көнүшүп алсаңар, анан калганын Кудайдын айтканын көрөсүңөр, — дейт.

Байкем болбойт, шаардык кыз алам дейт, тырчып. Апам айылдын кызын алып бергиси келет. Кээде атам да экөөнүн талашын угуп ачууланат:

— Ой, кандай Кудай урган немесиңер? Оңураак чай ичирисиңерби силер, ыя? – байкеме жинденет, — Сен да апаңды карыганда калдаңдатпай, өзүң эле таппайсыңбы! – дейт. Байкем жер карайт. “Мен үйлөнгөндө өзүм эле кыз таап үйлөнөм”, — деп ичимден сөз берем аларды угуп.

Ошентип, мен да акыркы экзаменимди берип, үйгө жайдары келдим. Эми буюрса, шаарга барып окууга тапшырам. Облустун борборунда  окуу жайлар деле бар, аларга деле тапшырсам болот. Бирок, самаганым шаар. Эптеп шаарга жетип окууга өтүп алсам, анан калганын көрөм да. Кээ бир түндөрү ушундай ойлорду ойлоп алып уктабай чыгам. Апам да каршы эмес: “Шаарга барып, эл баскан жерди сен дагы бас”, — дейт эркелетип. Ал эми атам аныма каршы: “Малчынын баласы малчы эле болгону жакшы. Сен ал жакта окуп чилистен болот белең? Баары бир кайра эле келесиң. Сен бизди багышың керек, кичүүсү болгондон кийин. Ушу сен бизди бакпайт окшойсуң!” — дейт жинденип. Мен да эмне кылаарымды билбейм. Айылда кала берсем, өмүр бою ушул айылдан чыкпай каламбы деп корком. Шаарга барайын дейм, бирок кайра эле айылга келишим керек болот. Атам менен апамды багышым керек.

Атам өмүр бою фермада жылкычы болуп жүргөн киши. Союз тарагандан кийин бир аз жылкыны бөлүп алган. Эми ошол жылкылар көбөйүп, короодо бир топ мал бар. Апам болсо саанчы, анан айылдын эң мыкты уз-чебери. Ал гана эмес аркы айылдан бери апамдын алыстан атын угуп келип кийиз жасатып, шырдак шырытып кетишет.

Короодон кирип эле күйпөктөгөн апамды көрдүм. Апамдын абысындары да жүрүшөт. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калдым. Жайлоого көчкөнү калдыкпы? Азыр эрте го, эч ким чыга элек. Бутумду чечип, ашканага кирдим. Мага эч ким көңүл бурган жок. Казанды ачып, чөмүчү менен эле бозо ичтим.

Жеңемдер күйпөктөп оокат жасап жүрүшөт. Булар качан келген? Аңгыча апам ашканадан бир нерсе алганы келип, мени көрүп:

— Ай, тур, эмне жатасың? Байкең аял алып келатыптыр, — деди бир нерсе издеп жатып. – Тур, аркы уй кепеден отун алып кел, боорсок жасаганга. Бол, ылдамыраак.

Апам шашып кайра чыгып кетти.

Байкем мурда күнү достору менен шаарга кеткен. Негизи күзүндө, мал семирип, жайлоодон келгенден кийин үйлөнмөк, ошондой сүйлөшүлгөн. Шаарга барып жакшы кыз көрүп калса керек, алакачып келатыптыр.

Кийинип чыгып, кепеден отун жарып келдим. Бир аздан кийин кошуна келиндер келишти. Бир тобу боорсок бышырып, бир тобу үй жыйнап, дасторкон даярдап, байкемдер мал союп, эт бышырып, үйүбүз күүлдөп эле калды. Апамдар өзү теңдүү кемпирлер менен жүктү ачып, көшөгө тартышып, жоолуктарын камдап төркү үйдө. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, тойго камылга да бүттү. Күүгүм талаш Чынтемир байкемдер келишти. Байкемдин кызуу достору музыка коюп, жыргай башташты. Аялдар болсо, кызды отургузуп, жоолук салышты. Келгичекти эле кыздын шайы кеткен окшойт, башында бир аз жулкунуп, болбой жатып, аягында ыйлап отуруп калды. Ал күнү таң аткыча музыканын үнү басылбай, бийлеп чыктык. Эртеси молдо келип нике кыйды. Ошентип той бир жумага созулду. Күндө бир алыскы туугандарыбыз, атам менен апамдын достору келип, келин көрүп кетишет. Акыры киши аягы суюлуп, биз да эс алып калдык.

Көп өтпөй окууга тапшырганы шаарга кеттим. Жарым айдай жүрүп, өтпөй калдым. Кайсы окуунун барып эшигин түртпөйүн, же толуп калган болот, же балым жетпей калат. Айла жок, уялсам да айылга кайтууга туура келди. Атамдар эбак жайлоого көчүшкөн. Келип эле эртеси жайлоого чыгып кеттим. Ырайымды көрүп, апам башыман суу тегеретип: “Эч нерсе болбойт, эмки жылы деле тапшырасың”, — деп сооротуп койду. А атам болсо окууга өтпөй калганыма сүйүнүп жүрөт.

Жайлоонун ошентип, окшош күндөрү өтө баштады. Күндө таң заарда туруп, жылкы айдап келем. Ал кезде апам менен жеңем уй саап атышкан болот. Атам токуп койгон быштыны минип жатып, аттын алдынан жеңемди карай берем. Чынтемир байкем ал кезде кой жайып кетет. Жылкынын айдап келгенден кийин күн ачык кезде дасторконду сыртка жайып, чай ичебиз. Түштө музоолорду карамай, кээде отунга барып келем. Байкем болсо өзү теңдүүлөр менен карта ойногону кетет. Апамды да күндө бир үй чай ичкенге чакырат. Атам койдо жүрөт кечке. Түш ченде бир канистир кымыз, нан алып алып, атама жеткирип берем. Андан башка менде иш жок. Жеңем экөбүз эле үйдө калабыз. Бирок, экөбүз эрикпейбиз. Ал күйпөңдөп эле бир нерселерди кылып жүрө берет. Сүт тартат, каймак жуурат, айран уютат, сүзмө куят, күндө эле баягы, жаны тынбайт. Жайлоодо эркектер эле эс албаса, аялдардын түйшүгү түгөнбөйт. Мен болсо кээде жеңеме жардамдашып, сүт тартып берем. Кичине эс алып алса дейм. Ал болсо жоолугунун астынан чыгып калган саамай чачтарын улам кайра киргизип коюп, камыр жуурат.

— Жеңе, кичине эс албайсызбы? – дейм кээде боорум оруп. Ал адатынча жылмайып коет да:

— Кой, — дейт чочугансып. – Апам келгиче бүтүрүп коелу.

Сүт тартып бүтүп, жанында карап отура берем. Жеңем мени карап жылмайып коюп, оокатын жасай берет.

Күн ысыганда көлмөгө барам. Муздак сууга чумкуй калып, жыргай түшөм да, кумга жата калам. Дүрбүнү дайыма жаныма ала чыгам. Кумда жатып жеңемди карайм. Адатынча жеңем бир нерсе кылып жүргөн болот. Ак жоолугу желбиреп, мага сулуу көрүнөт. Ал дагы менин карап жатканымды билет. Анда-санда кол булгалап, “кандай” дегенсип коет. Мен да кол булгалайм. Ошондон кийин көпкө чыдай албайм, үйдү көздөй, жеңемди көздөй чуркайм. Жеңемдин аты  — Жаңыл. Он тогуз жашта болсо керек ошондо. Азыр ойлосом менден эки эле жаш улуу экен. Бирок жеңем мен үчүн чоң кишидей, өтө эле улуудай сезилчү.

Жок, бети бырыш баскан, карыган экен деп ойлобогула. Көптү билгендей көз карашынан, оор басырыктуу баскан-турганынан, бош учурда айтып берген жомокторунан, ырларынан мен анда адамдардын көбүнө окшобогон улуулук бар экенин сезчүмүн. Ошон үчүн ортобузда эки эле жаш айырма болсо да, ага тең тайлашып, тамаша айтып, анын айткандарын укпай койчу эмесмин. Тэскерисинче кээде байкем жумшаса тоң моюн болуп аткарбай, көгөрүп койчумун. Андайда байкем жинденип кетет, кээде: “Тур, бар деп койчу”, — деп жеңемди ортого салат. Жеңем бир нерсеге жумшаса, аны чын дилим менен аткарып, кубанткым келе берчү. Апам да ушундай жакшы келинге туш болгонуна жетине албай күнү-түнү Кудайды алкап, жеңеме жалынат. Жеңем эшикке чыгып кеткен кезде апам байкемди жемелеп кирет:

— Ботом, аялым экен деп кичине ойнотуп, бир жактарга алып барып келсең боло. Келгенден бери эле ушинтип оокат эле жасап жүрөт байкуш. Бала эмеспи, тажап кетпесин.

Апам шыпшынат, жеңемди бизге мактап кирет. Байкем болсо аны уккусу келбейт. Кыязы жеңем андан жакшыраак болуп калганына ичи күйсө керек.

— Жайлоодо аны кайда алып бармак элем? — деп кагып коет апамды.

Ошондон бир ай өтпөй эле, байкем күндө үйгө кечигип келчү болду. Ар күнү  карта ойнойм деп үйдөн чыгат, ошол бойдон кечинде мас болуп келет. Биз, апам, атам болуп  өзүнчө чоң боз үйдө жатабыз, а байкемдерге атайын даярдап жүргөн апамдардын эски үйүн тигип бергенбиз.

Жайлоонун кечки таза абасында баары тунук угулат эмеспи. Алгач аттын дүпүлдөп басып келгени угулат. Апам да башын көтөрүп тыңшап калат шыпшынып, келди тиги дегендей. Мен уктамыш болуп жата берем. Аңгыча жеңем чыгат. Аттан алып түшөт окшойт, байкем “өөх” деп барып “дүп” эте жерге түшөт.

— Акырын, — дейт жеңем шыбырап. – Үйдөгүлөр уктап атышат, угуп калбасын.

Байкем “Эк” деп кекирип алып, былжыраба дегендей унчугат:

— Укса, уга беришсин. Тур, атты кой.

Ошондон кийин байкем коңурук тартып уйкуга кетет. Жеңем шылдыратып, аттын ээрин алат да, ошол жерге тушап, кое берет. Бир аз дымып туруп калгандан кийин жеңемдин: “Үф” – деп чыракты үйлөп өчүргөнү угулат да дабыштары чыкпай калат. Андан кийин апам шыпшынып уктай албайт. Келинин аяйт, Кудайга жалынып жатат. Менин да жеңеме боорум оруйт.

Жеңем алгач келгенде мүнөзү жайдары эле. Тагдырдын маңдайына жазганына көнүп, аны чын дили менен көтөрүүгө макул болгондой көрүнчү мага. Бирок, күн өткөн сайын жеңемдин кабагы бүркөлүп, суз жүргөнүн көп көрчү болдум. Ансайын ага боорум ооруйт. Эптеп эле шылтоо таап, көңүлүн көтөргөнгө аракет кылам. Үйдө эч ким жок кезде атайы булактан суу көтөрүп келип, чачып жиберип качып кетем. “Ай!” — деп кыйкырып алып жеңем артыман чуркайт. Экөбүз ошентип булакка чейин кубалашып барабыз, мен көтөрүп жыгып алам. Сууга башын улам чумкутуп каткырам. Ал дагы улам сууга чумкуп, улам башы чыга калган сайын кыйкырып, каткырат. Жеңем каткырса мен өзүмдү жакшы сезип кетем. Жеңем болсо ыгы келген учурда мени да сууга басып жыгылат. Мен да кээ бирде атайы эле жыгылып берем. Назик колдору менен ал мени чумкутуп жатканы жагат мага. Ошентип суй жыгылып, жатып калабыз. Аркыл үйдөн апам чыгып калса жеңем качып үйгө кирип кетет. Апам мени урушат:

— Суук тийет. Ирбийген жеңеңди оорутасың, -дейт жинденип.

Бирок мен туруп, кийим которгону кирип бара жатканымда апамдын жылмайып турганын көрөм. Кийинчерээк, сууга чылашканыбызды койдук. Анткени, бир окуядан кийин жеңем, мени менен суу чачышып, ойнобой калды.

Ал күнү да үйдөгү оокаттарды жасап бүтүп коюп, бээ сааганы баратканбыз. Адатымча жеңеме асыла кеттим, жеңем дагы жулкуша кетти. Темир чакалар тоголонуп, торпоктор жыттап жүрүшөт тегеретип. Биз болсо жулкушуп, күрөшүп ойноп, сууга кирдик. Алгач мен жеңемди басып жыктым да, сууга башын сала баштадым. Ал чаңырып каршылык көрсөтүп, күлүп жатты. Андан кийин мен жыгылып бердим. Жеңем: “Ий, кандай экен?” — деп мени  улам-улам чумкутуп жатты. Мен да жыргап күлүп жаткам. Бир кезде жеңем “селт” эте токтой калды да мени кое берип, үйгө чуркап кирип кетти. Түшүнбөй калып, тура калдым. Тиги жээкте байкем карап туруптур. Коркуп кеттим, бирок кайра чыйрала түштүм. “Эмне, башкалар деле жеңеси менен ойноп жүрүшпөйбү, эмне болот экен?” — деп ойлодум. Байкем да унчуккан жок. Шашпай бастырып берки өйүзгө өттү да, мени жон талаштыра камчысы менен берип калды.

— Эмне кылдым?! – дедим мен да жинденип. Үйдөн атамдан башка мага эч кимдин колу тийчү эмес. Арданып кеттим. Байкем унчуккан жок. Балким иниси эмес, чоочун болгонумда, аты менен кубалап,  камчылап урмактыр.

Бүгүн эрте келиптир. Негедир кабагы суз. Мен да эч нерсе дебедим, андан кийин. Жонума камчынын изи түшүп, ачышып жатты. Жеңемди аяп турдум. Кыялы чатак неме бир нерсе кылбаса экен деп корком. Байкем жеңемдин артынан кирип кетти да, бир топтон кийин кайра чыкты.

Ал күнү үйдө эч ким бири-бири менен сүйлөшкөн жок. Жеңем да берки үйдөн чыкпай койду. Байкем болсо, адатынча жоголуп кетти. Атам кой айдап, мен апама жардамдашып, уй саап, караңгы киргенде  араң жумуштарды бүтүрдүк. Бир заматта жеңемсиз жашообуз оорлоп кеткендей болду. Кечки тамак да жасалбай калыптыр. Ар кимибиз ар кай жерден эптеп өзөк жалгамыш болдук да жатып калдык. Апам кымыз, каймак нан кылып алып, жеңем жаткан үйгө кирип кетти. Көпкө чейин “күңк-мыңк” этип, үндөрү жакшы угулбай жатты. Канчалык кулак төшөп, эмне болгонун билгим келсе да уга албадым. Бир топтон кийин гана апам чарчагандай үйгө кирип келди да: “Өх,” – деп отуруп калды. Атам да унчуккан жок. Апам адатынча күбүрөп-шыбырап, Кудайга жалынды да чыракты өчүрүп жатты. Көпкө чейин уктай албай, өзүмдү жеңемдин алдында күнөөлүү сезе бердим. Үйдөн чыкпай атканына караганда, байкем сабаган окшойт. Бети-башы соо болсо экен деп тилеп жаттым. Байкем ал түнү келген жок. Катуу ичип келе албай калса керек.

Эртеси эртең менен жылкы айдаганы турганымда, жеңем уй саап жүрүптүр. Бирок, көңүлү суз. Мени карабай койду. Барып учурашаарымды билбей, же кечирип коюңузчу деп айта албай кыйнала бердим. Жеңем эч нерсе болбогон кишидей гана апам менен сүйлөшүп, иштерин кылып жүрө берди. Кымыз ичкени өтүп бараткан чоочун кишилер келип калса гана бетин жашырып, берки үйгө кире каччу болгон. Анткени байкем чаап ийгенби, бети шишип, көгөрүп калган.  Ансайын мен өзүмдү анын алдында күнөөлүү сезип, жаман боло бердим.

Жылкы айдап келип, байлагандан кийин чогуу отуруп чай ичтик. Атам кабагын салып эч нерсе деп сүйлөгөн жок. Жалгыз гана апам ортону толтуруп, улам ардемелерди айтып берип, баарын артка калтырып, мындан кийинкисин жалаң жакшы болсун дегендей көңүлү ачык. Жеңем болсо чай куюп, жер карап отурду. Мен да эч нерсе дей албадым.

Түш ченде апамды дагы бирөө: “Шырдак жөрмөгөндү көрсөтүп койчу,” — деп чакырып кетти. Кайрадан жеңем экөөбүз калдык. Окуп жаткан китебим башыма кирбей, кыйнала бердим. Китепти таштап көлмөгө бардым. Сууга түшкүм келген жок, көк чөпкө чалкаман жаттым. Эки чакасын көтөрүп, жеңем суу алганы келди. Башымды көтөрүп карап турдум. Суу алып бүтүп, үйдү көздөй басканында чуркап жетип, чакасын көтөрүп алдым. Жеңем эч нерсе деп унчуккан жок. Кечээки окуяга ал өзүн күнөөлүү сезип жүргөн окшойт, жер карап көзүмдү карабай койду. Чакаларды жеткирип, эми кечирим сурайын дегенимде, ары жактан байкемдин карааны көрүндү. Жеңем үйгө кирип кетти, мен ары бастым.

Максатсыз эле ары-бери басып жүрө бердим кечке. Кеч курун гана музоолорду айдап келип короого камадым. Апам келип, байкемди урушса керек, дүңкүйүп жатып алыптыр. Апама бээ саадырып, жылкыларды агыттык. Жеңем болсо  келген уйларды бирден саап атты.

Андан кийин тамак учурунда атам байкемди урушту. Байкем унчукпай жер карап отурду, экинчи кайталанбайт деп сөз берди.

Бирок, ал жеңемден такыр кечирим сураган жок. Тескерсинче аны-кагып силкип, урушчу болду. Эртеси да мен жеңем менен сүйлөшө албадым. Атама түшкү тамак жеткирээримде жеңем ээрчип алды. Экөбүз тоону айланып чыктык. Жеңем адатынча жылмайып коюп, алдыда баратты. Уялып, эч нерсе дей алган жокмун. Жолдун жарымына жетип, эс алып отурганда гана жеңем:

— Кенже, — деди.

— Ии, — дедим жер карап.

— Сен мага сүйлөбөй койбочу, сен сүйлөбөсөң ичим бышып кетет экен.

Кечирим сурап ийдим:

— Жеңе, мени кечирип коюңузчу.

Жеңем унчуккан жок, тек гана ага мен күнөөлүмүн дегендей башын чайкап, анан ордунан ыргып тура калып:

— Кана,  атама ким биринчи жетээр экен? – деп чуркап жөнөдү.

Ошентип, экөбүз кубалашкан боюнча атама жеттик. Атам бизди көрүп, келинин көңүлү ачылганына сүйүндү окшойт, ал дагы жайдарылана түштү. Алып келген тамагыбызды шашпай жеди да, жеңемди алкап, батасын берди. Кайра келе жатып, дагы кубалашып ойноп келдик. Бизди көрүп, байкем дагы жиндене, акырайып жеңемди карап: “Кир үйгө,” – деп урушуп койду.

Күндөр өтө берди. Жеңем менен байкемдин ортосу уламдан-улам алыстап, ажырап бара жаткандай сезиле берди мага. Жеңем да аны сезгендей, бош боло калганда мени жакынсынып, издеп калат. Акыркы күндөрү болгон сырларын да мага айтып бере баштаган. Эгерде көңүлү ачык болсо, окуган ырларынан, кызыктуу жомокторунан айтып берет. Андайга жакын жаным, жата калып угам. Мага баарынан да жеңемдин “Деңиз менен шамаалдын сүйүүсү” деген жомогу жакчу. Жомогун баштаар алдында, анын кара көздөрү коймолжуп, жадырап кетчү. Кудум ошол жомокто жүргөнсүп, үнү да өзгөчөлөнүп, бирде шамаал сымал үнү алыстан ышкырып келип жаткансып, бирде деңиз үнүндөй буркан-шаркан түшүп кетээр эле. Мен ансайын элестетип, кирип кетем ичине.

“Илгери, илгери, – деп баштайт ал жомогун дайыма. — Илгери-илгери  адам баласы биле элек, буту жетип баса элек, алыскы-алыскы деңиздердин биринин жээгинде, деңизге ууга чыгып балык кармап, башка уруулардын кемелерин талкалап, деңиздин үстүндө үстөмдүктү миңдеген жылдар бою эч кимге бербей, эч кимге башын ийип таазим кылбаган баатыр эл жашаптыр. Ал элдин ар бир чыккан эр азаматы баатыр атанып, беттешүүгө эч ким даачу эмес экен. Мына ошол элде, Деңиз деген баатыр болгон экен. Ал акылдуу, кең пейил, эр жүрөк баатырдыгы менен башкалардан айырмаланып, өзү жалгыз бүтүндөй океан, сууларында бийлигин жүргүзчү экен. Күндөрдүн бир күнүндө анын алдына жигиттери, кезектеги согушта колго түшкөн, ай десе айга, күн десе күнгө тең, бир сулуу кызды алдына тартыптыр. Баатыр сулуу кызды көрөр замат ашык болот. Кыз да өмүрүндө, канча нечендеген баатырлар келип, колун сураса жибиген эмес экен, ал эми Деңизди сүйүп калыптыр. Экөөнүн сүйүүсү эч качан бүтпөчүдөй, бирисиз биринин күнү өтпөй, абдан ысык болуп жашашат. Бирок, алардын ушундай ысык жашоосу көпкө созулбайт. Анткени Деңиз баатыр, эли үчүн кызмат кылуусу керек эле. Ошол элдин салты боюнча ар бир баатыр эли үчүн океанда он жыл кызмат өтөмөк. Мына ошентип, баатырдын да убактысы келип, кемесине түшүп, сапарга кетет. Кыз дагы он жыл күтмөккө сөз берип, кала берет. Күндөр — айга алмашып, айлар  — жылга жалгашат. Кыздын сулуулугуна ар ким суктанат. Атагы алыска кетип, кыз жөнүндө кабар падышага жетет. Элдин айтуусун угуп эле падыша кызга ашык болот да, аны тезинен ордого алып келүүсүн буюрат. Кызды алдырып, көрөөрү менен падыша акылын жоготуп, ага үйлөнүүнү чечет. Айласыз ар кандай шылтоо айтып качса да болбой, акыры падыша кызды зордоп эле үйлөнмөкчү болот. Качайын десе кача албай, кыз не кылаар айласын таппайт. Акыры үч күн, үч түн Кудайдан суранып жатып, кыз шамалга айланат да ордодон учуп кетет. Мына ошол учурда, баягы Деңиз баатырдын убактысы бүтүп, кайтып келип калыптыр. Кемесин токтотуп, шаарга кирип барат. Күтүп чыккан сүйгөнү жок. Баатыр каарданып, сүйгөнүн издейт. Анын каарына бүтүндөй шаар туруштук бере албай, баатырга: “Сүйгөнүң качып кеткен”, — деп калп айтышат. Мына ошондо күйүтүнө чыдабаган баатыр жүрөгүн кесип алып, океандын түбүнө катыптыр да, кемесине түшүп, дайрадан — дайрага өтүп, сүйгөнүн  издеп жашап калыптыр. Ал эми кыз болсо : “Мен мындамын!” — деп сүйгөнүнө айта албай, деңиздин үстүндө куюн болуп, азыркы күнгө чейин уңулдап ыйлап жүрөт экен…”

Жеңем унчукпай, тунжурап калат.

А мен болсом, кыялымда ошол баатыр болуп, сулуу кызды жеңем кылып элестетип алып, оюмду жеңем окуп алгансып кайра уялып кетем. Анымды жеңем сезгендей, ылдамыраак башка сөзгө бурганга аракет кылат. Өзү чыгарган ырларын окуп берет.

Бир күнү атам ооруп, апам экөө айылга доктурга көрүнгөнү түшүп кетишти. Үчөөбүз эле калдык. Байкем адатынча карта ойногону кетип, мас болуп келет. Анысы менен биздин ишибиз жоктой оокаттарды жасап, кээде ойноп кетип жүрө бердик. Бир күнү байкем катары менен эки күн үйгө келбей калды. Үйдө жеңем экөөбүз тамак жасап, байкемди уктабай күтөбүз. Түн оогондо жеңем аркы үйгө, мен берки үйгө жатам.

Үчүнчү күн дегенде анан байкемди издеп чыктык. Бардык достору байкемдин кайда экенин билишпейт экен. Муну уккандан кийин, чындап башыбызга ар  кандай ой келип, коркуп кеттик. Ушундайда атамдар да жок. Отурган элди бүт кыдырдык. Эч жерде жок, айлабыз түгөнүп, не кылаарды билбей кайтып келе жатканыбызда Кудай жалгап, алдыбыздан төмөнкү айылдык байке чыгып калды. Учурашып, ал жайды сурашкандан кийин байкемди сурап калдым. Балким төмөнкү айылда жүрбөсүн? Ал киши боор ооругандай жеңемди, анан мени карап, байкемди дүкөнчүнүн үйүнөн көргөнүн айтты. Улам бир жаман ойлор келип, коркуп жаткан жаным бир чети сүйүнүп кеттим. Атты ылдамдатып бастырып, төмөнкү айылга кирип, түз эле Бүбүнүн үйүнө кирип бардык. Бүбү былтыр күйөсү менен ажырашып кетип, үйүндө кичинекей дүкөн ачып күн көргөн жубан болчу. Биздин кирип келээрибизди күтүшпөсө керек, биз дагы ушундайды көрөбүз деп ойлобогон жаныбыз аңырайып, көргөн көзүбүзгө ишенбей туруп калдык. Байкем дырдай жылаңач, тигинин төшөгүндө уктап жатат. Бүбү бизди көрүп коркуп кетти. Мен жеңемди аяп, нес болуп турдум. Байкем биздин келгенибизди сезбей, мас болуп уктап жатат. Жеңемдин өңү кумсара түшүп, ушунчалык жек көрүү менен Бүбүнү, анан мени карады да, чыгып кетип калды. Жеңем экөөбүз бир атка учкашып келген элек, мен жөө калдым. Байкемди ойготкон жокмун.

Келсем, жеңем өзүлөрү жаткан боз үйдү ичтен илип алыптыр. Тыкылдатып кирип, бир нерсе деп соороткум келди. Бирок, жеңемдин алдында байкем үчүн уялып, кире албадым. Жеңем таң аткыча ыйлап чыкты, мен да таң аткыча ал жаткан боз үйдү тегеренип басып чыктым. Таң эрте гана эшик ачылып, жеңем чыкты.

Мени карады да:

— Жакшы кал, — деди. Таң аткыча ыйлап, көзү тоодой

болуп шишип кетиптир. Мен да канчалык анын кетпешин каалап турсам да: “Жеңе кетпеңизчи,” — деп сурана албадым. Жеңемдин бактысыз болуп, күндө ыйлап, биздин үйдө кор болуп жүрө беришин көргүм келген жок. Андан көрө кетсе, балким бактысын табат деген чолок ой келди мага. Чуркап барып атты кармап  келдим. Токуй салып жеңемди мингиздим. Жеңем да андан башка эч нерсе деген жок. Артына учкаштым да, айылды көздөй жөнөдүк. Төмөнкү айылда жеңемдин туугандары бар. Аттын башын ошол жакка салды жеңем. Түш оогончо айылга кирип бардык. Айылдын башына келгенде жеңем атты токтотуп, түштү да:

— Кош эми, — деди. – Мен мындан ары өзүм эле басып кетейин. Макул анда, балким  дагы көрүшөөрбүз.

— Кечирип коюңуз жеңе, бизди?

— Сен күнөөлүү эмессиң, байкең дагы, — деди жеңем, ызалананып турганы үнүнөн билинип турду. Мен андан башка дагы эч нерсе дей алган жокмун. Жеңем, көзүнүн жашын сүрттү да басып кетти.

Артынан карап кете албай көпкө турдум да, аттын башын кое бердим. Ат көнгөн жолу менен шашпай кетип баратты.

Үйгө келгенимде апамдар менин түрүмдү көрүшүп эле баарын түшүнүштү. Атам чаптырып барып, байкемди кубалап келди. Канчалык урушса да: “Кайра алып келбейм”, — деп болбой койду. “Кетсе кете берсин, – деди, — катын толуп атат”.

Ызамдан булакка барып ыйлап жаттым. Атам менен апам жеңемди алып келебиз деп байкемсиз эле кетишип, кечинде араң, суз кайтып келишти. Ошондон кийин жарым ай өтпөй мен шаарга, окууга тапшырганы жөнөп кеттим. Бир айдан кийин байкем Бүбүнү алып келди. Атам канчалык каршы болгонуна карабай, байкуш апам макул болуп, жоолугун салып, отургузуптур. Тойго бара алган жокмун.

***

Эми ошол күндөрдү эстесем, мен жеңемди балалык, алгачкы сүйүүм менен сүйгөн окшойм. Анткени азыркыга чейин, кандай кыз менен сүйлөшпөйүн, андагы назиктикти, коймолжуп кетчү кара көздөрдү, уялыңкы жер карап калган сыпайы мүнөздү издей берем.

Антсе да, алардын өз теңдерин тапканына сүйүнөм. Болбосо, экөө тең өмүр бою бактысыз болуп, эптеп эле күн өткөрүп жашап өтүшөт беле?

Чынтемир байкем азыр Бүбү менен жашайт. Эмнеге экенин башында түшүнбөй, Бүбүнү экөөнү тең жаман көрө берчүмүн. Эки аялын салыштырып көрүп, Бүбүнү Жаңыл жеңеме эч теңей алчу эмесмин. Бирок, байкем Бүбү менен бактылуудай. Мурдагыдай ичпей калган, малын карап, атам менен апамды экөө кор кылбай багып жатышат.

Мен эле, алигиче Бүбүнү жеңе деп айта албай кыйналып келем…

08.01.12

toktobekТ.Үсөновдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий