Чолпонбек АБЫКЕЕВ, улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, жазуучу: «Экономика ордунда эле турат. Эл башындагылар начар»

ch_abykeev— Чолпонбек мырза, жыйырма жылдан бери өлкөбүз руханий кризиске кабылып келет. Андан чыгуунун жолдорун жазуучулар айта алабы? Чыгармачыл адамдар мындайда кандай жардам бере алат? 
— Өткөөл мезгилди башынан өткөзүп жаткан биздей мамлекеттер үчүн руханий кризистин болушу бир чети мыйзамченемдүүлүк. Бизде бир коомдук формация толук талкаланып жаңысы курулуп жатпайбы. Коммунисттер бай-кедейи жок теңчилик коом курабыз деп жаратылыштын берген табигый өсүшүн талкалап салышкан. Эми кайра артка кайрылып ак сөөктөрдөн жана кара тамандардан турган коом курууга өттүк. Тилекке каршы коомдогу башаламандыкты пайдаланып ыймансыздар, ууру-кескилер, алдамчылар арам жолдор менен байышып, ак сөөктөрдүн ордун ээлеп алышты да, ыймандуу, уяттуу, чынчыл адамдар кара тамандардын ордунда калды. Ошентип биздеги коомдук өсүштүн табигый жаралуусу бузулуп, буту асманды карап башы менен туруп калды. Мына руханий кризистин түпкү сыры ушул жакта жатат. Интеллигенция, абийир-ынсабы бар адамдар коомдо төмөнкү, алсыз катмарды түзүп калды. Өмүрү жети атасы жакшылыкка жетпеген, кандай жол менен болсо да байышым керек дегенден башка акыл оюна кирбеген ыймансыз, нарксыздар саясатта болобу, бийликте болобу башаламандыкты ого бетер күчөтүшүүдө. Андайлар күнү-түнү кантип жеке байлыгымды дагы көбөйтөм дегенди гана ойлобосо, руханий кризис дегенди түшүнбөйт. Анын ордуна мамлекетте экономикалык кризис болуп жатса ким китеп окуп, театрга бармак эле. Каражат болгондо каралашабыз деген шылтоо айта салышат. Себеби өздөрү өмүрү колуна китеп кармап окуп көрбөгөн. Интеллектуалдык деңгээл деген жок. Алар бүт элди өздөрүнө теңегилери келишет. Элди таза башкаруу, Мамлекеттин, Улуттун, Мекендин кызыкчылыгын баарынан жогору коюу деген түшүнүк аларда жок. Уюшкан кайсы бир топтун (партия деген жасалма атка жамынган) кызыкчылыгына туура келбегени үчүн мыкты иштеп жаткан министрди да кызматтан алып салышат да, билими, иш тажрыйбасы туура келеби же келбейби карабай туруп өз тобундагы кишини коюшат. Муну кандай түшүнсө болот? Анан да күлкүнү келтирип коррупция менен күрөшөбүз деп коюшат. Чыныгы коррупционерлер өздөрү болуп жатпайбы. Жок деп далилдеп беришсинчи. Мындай мамлекеттик система менен биз эч убакта экономикалык да, руханий да кризистен чыга албайбыз. Себеби тигил уюшкан топ мүмкүндүк бербейт. Алар жеке кызыкчылык үчүн баарына барат. Бир жылда эки жолудан өкмөт алмашып жатканы ушундан болууда.

Минтип мыйзамсыздык чегинен ашып, мамлекеттик системабыз, коомубуз руханий кризиске батып турганда жазуучулар бир гана жол менен жардам бере алабыз. Ал — башты катпай чындыкты айтуу. Акындарыбыз коомдогу ыпластыкты каңтарган ырларды, жазуучуларыбыз ыймансыздардын, алдым-жуттумдардын абийирин төккөн чыгармаларды жаратуусу керек. Ошентип коомчулукту ойготуу, агартуу зарыл болуп турат. «Ала кушту атынан ата» дегендей, ууруну ууру, ыймансызды ыймансыз дей башташыбыз керек. Болбосо килейген үй салып, мыкты машина минсе эле ичкич-жегич акмакты «ак сөөк, азамат» дей баштадык. Бул болбойт. Биздин башкача жардам берер жолубуз жок.

— Мамлекет тарабынан Жазуучулар союзуна каралашуу барбы? 
— Кайдан. Жогоруда айткандай мамлекеттик башкаруу системабыз тескери түзүлүп калган сыяктуу эле мамлекеттин маданиятка жасаган мамилеси да теңирден тескери болууда. Далил келтирейин. Маданият деген эки катмардан турат. Булар биринчи — маданиятты жаратуучу жаратмандар. Аларга акын-жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, режиссерлор, архитектор сыяктуулар кирет. Экинчи — жайылтуучулар, булар аткаруучулар, артисттер, китепканалар, клубдар, театрлар, опера-балет сыяктуулар кирет. Бул экөө бири бирисиз жашай албайт. Куштун эки канаты, көздүн эки кареги сыяктуу биргеликте гана маданият деген бүтүндүктү түзө алышат. Бизде болсо маданиятка болгон мамилени карагыла, жаратмандарды таптакыр кароосуз калтырышты да, жайылтуучуларды эптеп багымыш болуп жатышат. Жыйынтыгында коомдо руханий кризис пайда болуп, ал жыл сайын тереңдеп баратат. Жазуучуларга көңүл бурулбагандан чыккан кризистерди эле санап берейин. Китепканаларга киши барбай калды. Себеби 20-25 жылдан бери жазуучулардан жаңы чыгармаларды сатып алышпайт. Фонддогулары моралдык жактан эскирип жарактан чыкты. Анан да жаштар китеп окубайт деп коебуз. Кайсы китепти кайдан алып окуйт? Муну баары көрмөксөн. Театрларга киши каттабай калды. Себеби жаңы учур талабына ылайык пьесалар, драмалар жазылбайт. Жазгандарга калем акы берилбегендиктен, пьесалар коюлбагандыктан театр кризисте. Жакында ал жайларды арендага түнкү клубдарга бере баштоолору мүмкүн. Опера-балеттин репертуары жаңырбаганына канча жыл болду, кызыккан ким бар? Жакшы кино тартылбай калды дейбиз. Мыкты чыгармалар чыкпай жатса жакшы кинону ким кайдан алып тартат? Тилдин кунары качып келегей тартып баратат дейбиз. Көркөм чыгармалар чыкпай турса сөздү кайдан үйрөнөбүз? Жыйынтыгында «Пейжерим бар…пейжерим бар… Сүйгөн кызым мерседестей… тракторум бар тракторум бар…» деген ырларды ырдаган деңгээлге түштүк. Дагы каякка чейин кулайбыз?!

Маданиятты сактап туура өнүктүрүш үчүн, жаратмандарга да, жайылтуучуларга да бирдей мамиле болушу керек. Ансыз бул тармак өнүкпөйт. Эгер муну бийлик түшүнгөн болсо жазуучуларга мамиле башка болмок. Жазуучуларга бекер каралашпай эле коюшсун, жөн гана эмгегибизге жараша мамиле болсун. Жазган китептерибизди китепканаларына сатып алсын. Жазган пьесаларыбызга калем акы төлөшсүн. Бекер бак деп эч ким суранбайт.

— Учурда Жазуучулар союзунун канча мүчөсү бар? 
— 550гө чукулдап калды…

— Биздин элдин саны үчүн мынча жазуучу көп эмеспи? 
— Акын-жазуучунун көп болгонунун эмнеси жаман? Биз ушундай таланттуу эл болгонубуз үчүн күнөөлүү эмеспиз да. Баланча кылмышкер бар экен дегенге караганда акын-жазуучусу бар экен деген жагымдуу сөз го…

— Сапатына кандай баа берет элеңиз? 
— Акын-жазуучу деген жашынып алып иштебейт да. Бир сөз жазса да элге көтөрүп чыгат. Кимдин канчалык таланты бар эл өзү баа берет. Мен бул орунда ар бир мүчөмдү коргоп, камкордук көрүш үчүн отурам.

— Жазуучулар союзуна мүчө болуунун шарты кандай? 
— Атайын кабыл алуу комиссиясы бар. Ал комиссияга басмадан чыгып элге тарап окулуп, таанылып калган 20 басма табактан кем эмес бир же бир нече чыгармаң, эки кыргыз эл жазуучусунан же эл акынынан алынган чыгармаларыңа пикир жана союзга өтүүгө жолдомо болушу керек. Үч нускадан кем эмес чыгармаларыңды комиссияга тапшырасың. Комиссия тарабынан жашыруун эксперттик топ түзүлгөн, ошол эксперттик топ карап чыгат да чыгармага татыктуу же татыксыз деген баа берет. Анан комиссия чечимин чыгарат. Чечим кабыл алынсын деп чыкса биздин устав менен таанышасыз. Уставдын талаптарын аткарууга макулдук берсеңиз сизди мүчөлүккө кабыл алуу буйругу чыгат. Болгону ушул.

— Өткөн жылы Жазуучулар союзу эмне иштерди жасады? 
— Мактанып жибергидей деле эч нерсе жок. Көп нерсени жасасам деп ойлойсуң бирок кендирди кескен каражат маселеси. Кандайдыр бир чоң иш-чараларды өткөргөндү кой, штаттагы беш киши маянасы жок, орой айтканда бекер иштеп жатабыз, анан эмнени айтасың. Ошондой болсо да бир катар жылыштар болду. Көп жылдардан бери катышпай мамиле үзүлүп калган Москвадагы эл аралык Жазуучулар союзунун биримдиги менен болгон мамилени кайра калыбына келтирдик. Өз каражатым менен эки жолу Москвага барып келдим. Келишимдерди жаңырттык. Буюрса февраль айында съездге расмий чакырылып барабыз. Жазуучулар союзунун астына сегиз адабий секция түздүк эле алардын ичинен эл акыны Асан Жакшылыков жетектеген » Акындар менен иш алпаруу» секциясы бир катар иштерди жүргүзүп келатат. Калган секциялар болсо жетекчилеринин жалкоолугунан иштебей турат.

Жазуучулар союзунун күчү менен бир катар чыгармачыл жолугушууларды, телеберүүлөрдү уюштурдук. 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата улуттук академиялык драмтеатрда Маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте чоң программадагы концерт өткөздүк. Мына ушулардын баарын чөнтөгүбүздө бир тыйын каражатыбыз жок туруп жасадык. Эмнени жасасак да жасалган иш эл үчүн. Өткөн жылы эки нерсеге ичим күйүп өкүнүп калдым. Биринчиси, Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгы. Экинчиси, Байдылда Сарногоевдин 80 жылдыгы. Экөө тең мен күткөндөй деңгээлде белгиленбей калды. Экөө тең кыргыз элинин маңдайына жанган жылдыздар эмес беле. Чыныгы элдин уулдары эле го. Өзгөчө Түкөмдүн 100 жылдыгы ушундай өтмөкпү? Чыркырап жүрүп да эстелигин тургуза алган жокпуз. Байдыкемдин да борборубузда эстелиги жок. Аттиң арман… Кыргызда сөз бар «Жакшынын жакшы экенин өз деңгээлиндеги жакшылар гана билет» деген. Бизде бүгүн жогорку бийликте отургандардын арасында Түкөм менен Байдыкемдин кадырын түшүнүүгө деңгээли жеткендер жок экен. Бир жолку комиссиянын жыйынында күйгөнүмдөн, «Түкөмдүн ким экенине, элге жасаган эмгегине түшүнүгүңөр жетпегенден кийин элди да кыйнап, өзүңөр да кыйналып иштебей эле койбойсуңарбы» десем жанагы Асымбекова деген вице-премьер министрибиз андан кийинки жыйындарга мени чакырбай, деги эле комиссияларга мүчө кылып кошпой да калды. Кийин өзү да түшүп калды го. Бизде ушундай, бийликке жетишсе тим эле акылдуулугунан же бир укмуштугунан ошол орунга жеткенсип асмандап калышат. Же иштеген ишинин көзүн билбеген, же жетекчилик тажрыйбалары жок адамдар кайсы бир топтун (партиянын дегенибиз) кызыкчылыгына туура келгендиги үчүн эле эл башкарып жүрүшөт. Кантип анан өсөбүз? Бир нерсе болсо эле экономикага шылтай салышат. Эмне бизде согуш болуп жатабы? Кудайга шүгүр тынчтык го. Согуш мезгилинде «Чолпон» , «Айчүрөк» сыяктуу опералар коюлуп, драмтеатрлар, филармониялар иштеп, адабий китептер чыгып турбады беле. Жаман үйрөнүп алдык, жалкоонун шылтоосу көп дегендей, экономикабыз начар деген шылтоого. Экономика ордунда эле турат. Эл башындагылар начар. «Бастыра албаган жол бузат, баштай албаган эл бузат» дегендей баарын өздөрү бузуп жатышат.

— Сиздер кандай адабий сыйлыктарды бере аласыздар? 
— Алыкул Осмонов атындагы акындарга арналган сыйлык. Тоголок Молдо атындагы балдар адабиятына арналган сыйлык. Булар да бир нече жылдан бери берилбей унутула баштаган экен, быйыл 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата кайра «тирилтип» тапшырдык. Түгөлбай ата атындагы адабий сыйлык бар экен «Түгөлбай ата» фонду ээлик кылып, бирок тапшырышпай унутулуп баратыптыр. Быйылтан баштап Жазуучулар союзуна бербейсиңерби деп ээлик кылчу кишисин таппай жатабыз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий