Улуу даанышмандын «беш жылдызы»

nizami_genceviУшул күндөрү дүйнөлүк алкакта  870 жылдыгы чоң урмат-сый менен белгиленип жаткан бир боор азербайжан элинин, ошону менен бирге жалпы эле түрк тилдүү элдин улуу уулу, ойчул акыны, аалымы Ганжалык Низаминин (1141-1209) арбагына таазим этип, анын түбөлүк оттой жанып турган өчпөс мурастары менен кайрадан кездешип отурабыз.

Низаминин атактуу «Бешилтиги» – «Сыр кенчи», «Хосров менен Ширин», «Лейли менен Мажнун», «Жети сулуу», «Искендер-наме» дастандары 9 кылымдан бери куду беш жылдыз сымак күн желесиндей нурларын чар тарапка чачыратып келатат.

Өз ысымы Абу Мухаммед Ильяс ибн Юсуф болсо да, ал дүйнө жүзүнө Низами, б.а. «сөз зергери», «сөз ширеткич» деген мукамдуу ылакап ат менен белгилүү болгону да жөн жерден эместир.

Ошол «Бешилтик» Батыш менен Чыгыш элдеринин адабиятына да өзүнүн көөнөрбөс көркөм-эстетикалык нарктуулугу, гуманисттик, атуулдук бийик идеясы менен өзүнө тартуу күчүн арттырып, 13-кылымдан тарта соңку мезгилдерге чейин эле көптөгөн назираларды (адабий мелдештерди) жаратып келгендиги менен өзгөчө жаралган феномен. Низами таануучу А.Е.Бертельстин маалыматы боюнча «Сыр кенчи» дастанына фарсы тилинде  – 42, чагатай тилинде – 2, түрк тилинде – 2 назира; «Хосров менен Ширинге» фарсы, чагатай, азербайжан, (Самед Вургун, 1942), түрк (Назым Хикмет, 1948) тилдеринде – 42 назира; «Лейли менен Мажнунга» фарсы, чагатай, азербайжан, түркмөн, түрк, курд жана башка тилдерде 40 назира жазылып, алардын ичинен Низаминин үлгүсүнө татыктуу адабий жоопторду жараткандар Навои, Дехлеви, Жами, Физули ж.б. болушуптур. Ушундан улам Низами кезинде «оор салмактагы» далай даанышман акындардын чыгармачылык «моторун» от алдырган «аккумулятор» болуп бергенине бүгүн,  ХХI кылымда, кибернетика менен электрондук техниканын доорунда жашап жаткан биз да таң калып келебиз. «Бешилтикке» кыскача сыпаттама бере кетсек: «Сыр кенчи» – дидактикалык философиялык дастан катары чыгыш адабиятында дидактика жанрынын андан ары өсүп-өнүгүүсүнө өнүмдүү кыртыш болуптур. Акын бийлик башындагыларды адилет, карамагындагы калкка камкор ата болууга чакыргандыктан, дастан диний маанайда жазылса да, накта реалдуу, гуманисттик  идеяга сугарылган.

«Хосров-Ширин»  – романтикалуу, кыялый дастан. Анда Хосров шахтын ширин сулууга болгон туптунук арзуусу баяндалат да, чыгарманын баш каарманы шах эмес, Ширин сулуу болуп, анын образы аркылуу аялзаты асыл касиет-сапаттардын ээси катары чагылдырылат.

«Лайли-Мажнун» дастанынын сюжети эски араб уламышынан алынып, жаңыча кайрадан көркөмдөлүп иштелип чыккан.

«Жети сулуу» Бахрам Гур шах жөнүндөгү баянга негизделип, анда Бахрам Гурдун жеңил ойлуу шахзададан бара-бара акылдуу, нары олуттуу, чынчыл, зордук менен зулумдукка каршы күрөшкөн падышага айлангандыгы көркөм шөкөттөлгөн.

Соңку «Искендер-наме» тарыхый дастаны анын чыграмачылыгындагы туташ өнүгүп жетилген социалдык утопиянын, асыл тилектеринин көркөм панорамасы. Анткени, акын бул дастанда эл башчылары жана «кой үстүнө жумурткалачу» коомдук түзүлүш жөнүндөгү узак мезгил бою бапестеп келген үмүт-тилектерин мурастап калтырган. Акындын ал ойлору өз доорунун алдыңкы идеялары менен коомдук ой-пикирлеринен нечен кылымдар алдыга озуп кеткендигин бүгүн көптөгөн өлкөлөрдө, мамлекеттерде турмуш чындыгы өзү ырастоодо.

Аталган «Бешилтикте» бүгүнкү коомдук илимдердин соңку жетишкендиктери үчүн объект болуп берчү кызыктуу, бай мате-риалдарды табар элек. Айталы, көркөм туундулардын эстетикалык-көркөмдүк ка­сиет-сапаттарын аныктоочу формалык жана мазмундук компоненттер – идея, тематика, проблематика, образдар системасы, подтекст, көркөм каражаттар, сюжет менен композициянын элементтери, турмуш чындыгы жана көркөм чындык ж.б.у.с. «курулуш материалдарын» чебер архитектор катары кулпунта кура билген акындын зергерлигин бүгүнкү адабият илимпоздору да толук изилдеп бүтө элек сыяктуу. Анткени, анын мурастарында «көркөмдүк» деп аталган учу кыйырсыз феномендин кыйла жашыруун сырлары азыркы компьютердеги файлдардай көп катмарлуу тереңдикте катылып коюлган. Аларда бүткүл адам баласынын көйгөйүн, көксөгөн үмүт-тилектерин сыйдырган идеялар электр трансформаторуна туташтырылгандай сезим менен акылды «селт» эттирип, жамандык менен жакшылык, адалдык менен арамдык, адилеттик менен адилетсиздик эзелтен бери карсылдашып сүзүшүп келатканын, кээде жамандык менен арамдык жеңээрин, а бирок, түпкүлүгүндө адилеттик жеңээрин кан какшап келген пайгамбар акын өз учурундагы: «Бу дүйнө – жалган дүйнө», «Чыныгы жашоо – тиги дүйнөдө» деген жалган мистикалык, диний ишенимдерге каршы тикесинен тик туруп келген эмеспи. Ошон үчүн Батыштан чыккан дагы бир алп – Гёте «Батыш-Чыгыш» диваны аталган даңазалуу чыгармасында Низамини «сезимтал, терең акылдуу, таланттуу, ойчул» катары жогору баалап, эгерде Фирдоуси байыркылардын бардык баатырдык иштерин айтып бүтүп койгон болсо, Низаминин үлүшүнө Лейли менен Мажнун, Хосров менен Ширин аркылуу сүйүү сезиминин да улуулугун даңазалоо тийди. Бирок, ошол көп эле жолу ырдалып келген бул теманы да акын адеп-ахлак, адамгерчилик, абийир, ыйман маселелеринин фонунда жаңыча, кооз, мукамдуу, уккулуктуу иштеп чыккан деген ойлорун айтып, тамшанган болуу керек.

Кыргыз эли да өзүнүн океан сымал чалкыган «Манас» дастаны, Кыргыз жергесинде туулуп өсүп, айтылуу мурастарын жаратышкан Баласагындык Жусуп, Барскоондук Махмуд Кашгар менен кандай сыймыктанса, азербайжан элинин улуу уулу, «Күнчыгыштын генийи» атка конгон Низами менен да ошончолук сыймыктанып келүүдө. Барыдан да кызыгы – дүйнөлүк маданияттын алтын казынасынын эң бир ардактуу жеринен орун алган жогорудагы баа жеткис улуу мурастардын бир мезгил тегиздигинде жаралгандыгында. Мына ушул символикалуу көрүнүштүн өзү эле түрк элдери тамыры бир, бир тууган эл экендигибиздин күбөсү эмеспи. Ал эми аталган мурастарды генеалогиялык, типологиялык жактан салыштырып, комплекстүү изилдөө иши бүгүн жана келечекте жаңы илимий ачылыштардын жарала тургандыгынан да эч күмөн санатпас.

Низаминин «Бешилтиги» чыгыш элдерине ушунчалык кеңири тарагандыктан араб тамгасын таанып окуган сабаттуу кыргыздар да анын үлгүлөрүн Октябрь революциясына чейин эле эл арасына жайылтып, аңыз катары айтып келишсе, Совет мезгили тушунда таанымал акындарыбыз А.Осмонов, А.Токомбаев (ал мааракелик макалалар сериясын да жазган), Т.Үмөталиев, К.Маликов, Н.Байтемиров, А.Ашыров ж.б. дастандардан үзүндүлөрдү которуп келишкен.

Айрыкча соңку жылдары Кыргыз Эл акыны, учурда парламент депутаты Эгемберди Эрматов даанышман акындын казалдар түрмөгүн жана «Жети сулуу» дастанын которуп, кыргыз котормо адабиятынын казынасын байыткандыгын канагаттануу менен белгилеп өтүүгө туура келет.

Ал эми филология илимдеринин кандидаттары Р.Сыдыкова менен Б.Үкүбаева Низаминин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу илимий-популярдуу мүнөздөгү макалаларын жазышып, акындын мурастарын кыргыз окурмандарына жайылтууга өз салымдарын кошушту. Мындай чыгармачылык иш аракеттерден улам Низаминин мурастары учурда кыргыз элинин рухий байлыгынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калгандыгы мыйзамченемдүү көрүнүш жана бул багыттагы иштерди улам соңку муундар табигый зарылдык катары жигердүү уланта беришмекчи.

Санарбек КАРЫМШАКОВ, филология илимдеринин кандидаты, профессор,
“Кыргыз Туусу”, 18.01.2013

Соц тармактар:

Добавить комментарий