Жыпар Исабаеванын эки повести кошулду

j_isabaevaЖыпар Исабаеванын өз баракчасына анын «Махабат мазары» жана «Кумайык» деген повестттери кошулду. Чыгарманын аталышын бассаңар аны pdf форматында окуй аласыздар.

Ылдыйда «Махабат мазары» повестинен үзүндү сунуштайбыз.

Махабат мазары

 

Аз жашап, чоң сүйүүгө кезиккендер,
Ээрчишип эгиз учуп кетишкендер.
Мазары МАХАБАТТЫН болоор дайым —
Экөөңдү кучагына бекиткен жер!..

(Автор)

Бир күнү иштен келсем, тун кызым китеп окуп отуруптур. Кабагы бүркөө, көздөрүндөгү каканактаган ысык жаш төгүлүп-төгүлө албай мөлтүлдөйт. Назарым дароо эле колундагы китепке урунду. Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин сыясы кургай элек сыякөк китеби – «Канат менен Зарина» экен. Андагы эки жаштын армандуу да, өлбөс-өчпөс, улуу махабаты Нурайкамдын жандүйнөсүн өкүткө салып, кайра ошончолук кызымды ак сүйүүнүн эч нерсеге теңдеши жок мөлтүр тазалыгына, ыйыктыгы, бийиктигине жетелеп, бул жашоодо анын бар экенине ишендирип атканына ынандым да, кубандым. Ушунун баарына көзүм жетип, билип туруп эле:

– Кызым, сага эмне болгон? – десем ый аралаш күлүмсүрөп келип, моюнума колдорун ороп, көпкө чейин үн-сөзү жок кучактап, бойлошуп турду. Кызымдын чыгармадан, андагы чыныгы сүйүүдөн алган таасирине кубанып, анын жандүйнө­сүндөгү балалык баёолуктун, аруулуктун кереметине ырахаттана саамай чачынан жыттагылап, жүзүнөн сүйдүм. Эне мээримине ого бетер эркелеп, эреркей түшкөн кызымдын каректериндеги каканактаган тамчылар ошондо гана тыпылдап таамп кетти.

– Апаке, – деди анан бир убакта олуттуу бир нерсе айтуучудай салмактуу үн катып. – Апаке, эгерде туура көрсөңүз, мени Канат менен Заринанын күмбөзүнө ала барыңыз?!.

Кызымдын үнүндө өтүнүч да, менин ошентүүгө милдеткер экенимди баса белгилеген өктөмдүк да бар эле.

Канат менен Заринанын күмбөзүнө барып, сыйынып келүүнү өзүм дагы көптөн бери ойлогонум менен, көртириликтин көйгөйлөрү көңүлдү да, колу-бутту да тушап, убакыт-саатым чыкпай жүргөн.

* * *

Чоң-Арык көрүстөнүндө кош бейит бар… Тирүү кездегидей бири-бирине жакын ыктап, жанаша жатышкан бу, жыйырмага али толуп-толо элек кыз-улан ушул жерди мекен тутуп жакында эле, 2003-жылдын январында келишкен. Келишкен да, ушул жерден түбөлүктүү жай таап, а бирок эчендеген жылдардан бери боздоп, муңдуу обон созгон ушул көрүстөндөрдүн арасын махабаттын мазарына айлантып, өздөрү да өлбөстүккө, керемет ырга, күүгө кубулуп, адамдардын жүрөктөрүнө сүйүү себелеп, ай ааламды чарк айланып кетишкен.

А бирок! Алар анда бул жарык дүйнөнү эрте, эң эле эрте таштап, маркумдардын шаарынан конуш алып, мекен тутуп калууну каалашкан да, шашкан да эмес! Маңдайларына жазган тагдырдын бул жазуусу болбогондо, алар ээрчишип алып көрүстөнгө эмес, ата-энелер аздектеп тиккен ак өргөөгө, ак көшөгөгө киришмек…

* * *

Күн көтөрүлө электе эле бул жерге бүтүндөй калайык-калкка кадыры сиңген, канаттуу калемсап менен кадыр-барк тапкан, канчалык башына кайгы-капачылык түшүп, небереси Канаттан, Заринадан айрылып атса дагы кайратынан кайтпай, калган бала-бакырага калдайган караан болуп, карылык нуска кеби, акыл-насааты менен, жана да эки ашык жөнүндөгү көлөмдүү, көркөм дастаны менен ким-кимге кайрат-кубат берип аткан айкөл ата, атактуу акын Сооронбай Жусуев байбичеси Шааркүл апа менен ээрчишип келет да, саал бошой түшкөн денесин, муун-жүүнүн чыйралтып, неберелерине куран окуйт. Таятанын эриндерин болор-болбос дирилдек басып, көздөрүнө ысык жаш тегеренет. А бирок, улуу адамдын улуу ойлору кайгыруудан кайра бат эле аны арачалайт. Элге улуу сезимдин бар экенин ырастап кеткен эки чүрпөсүнө Эл акыны башын ийип, жандарынын жаннатта болуусун Кудайдан тилейт…

Сооронбай агайдын кызы, Канаттын апасы Гүлнара менен атасы Дайыр, Заринанын ата-энеси Жеңиш менен Клара да канчалык өзөктөрү өрттөнүп атса дагы, улуу адамдын алдынан кыя өтпөй, бардык муң-кайгыны ичтерине жутушат. Айтмакчы, Кудайым өзү жар, Канат менен Заринадан аян болуп, Гүлнара эже жакында Аян аттуу уул төрөп алды. Бул баланын төрөлүшү өзүнчө эле жомок, терең сырлуу. Ал жөнүндө кийинчерээк сөз болоор.

Канат!.. Кандай гана карагаттай мөлтүрөгөн бала эле?.. Айрыкча, таенеси ал дегенде эт-бетинен кетип, ал дегенде эне-чыйырчыктай чыйпыйы чыгып, канаттарын калдайтып жаза коюп, ысык-сууктан калкалап туруучу! Экөөнүн жаны бир эле го, чиркин! Олда, эненин жүрөгү, ай! Канатсыз канчага чыдап түтө алар экен?…

Оо! Ал эми Заринка кыз, Зайка жөнүндө сөз кылуу, анын ысымын жөн гана көмөкөйдө кайталап айтуу – мен үчүн өзүнчө эле бир ыйык дуба сыяктуу. «Сүйүүнүн ханышасы»…– дейм мен аны өзүмчө. Ушул саптарды жазып атып, бир кездеги өзүмдүн:

Сөлөкөтүн тартпайле кой сөз менен,
Мен сүйүүнү көргүм келет көз менен.

Гүлдөй назик үлбүрөгөн немедир,
Аруулуктан бүткөн же ууз денедир?..

Оттой ысык, чоктой кызыл болсо да,
Жалынына күйсөм болот эле бир…

«Адам жинди болот дейсиң ой менен»,
А мен сени жайыма эле кой дегем…

Жүрөгүмө келет сүйүү чакыргым,
Өрттөнсөм да, өчсөм дагы макулмун…

– деп чыныгы махабаттын бар экенин билүүгө куштар болгон, качанкы бир эңсөөмдү эстедим. Андай болсо, сүйүүнүн жүзү ошол – Зарина кыздын жүзүндөй сүйкүм, сулуу, жагымдуу жана назик чыгаар? А балким, туулганда эле Зарина сүйүү болуп туулгандыр? А кийин өзүнүн ыйык мекенине кайып болуп, адам катары адамдардын арасында эмес, жандүйнөдө, жүрөктөрдө жашаш үчүн чексиздикке сиңип, кайтып кетти бекен?..

Заринаны билгендер анын бир үйдүн эч нерседен кем-карчы жок эрке, жалгыз кызы болуп туруп, ушунчалык карапайымдыгына таң кала беришет эле. Ал жаш туруп өтө терең ойлогон, көп окуп, көптү билүүгө умтулган, жароокер, күн нурундай сүйкүм кыз болчу дешет… Ага кошул-ташыл, Канатка болгон таза махабаты аны ансайын ажарына чыгарып туруучу… Ал Канатты башкача бир аруу, таза, чексиз сүйгөн экен. Атурсун бир жолу Канаты: «Кокустан көзүм жумулуп кетсе жүрөгүң канайт го, Зайка?»-дегенинде: «Анда мен сенсиз кантип жашамак элем, келесоом,– деп адатынча эркелете: – Сен эгерде бул өмүрдөн учар болсоң, мен да кошо учамын. Экөөбүз ал жакта да айрылышпай, бирге болобуз»,– дептир. Бул сөздөр армандуу да, аруу махабаттын далили сымак, Канаттын күндөлүгүндө калган экен… Балким, Канат да, Зарина да ажалдын ушунчалык жакын экенин анда аңдашпаса деле керек. Канаттын өмүрдөн ушунчалык эрте учарын тамчыдай таза кыз кайдан ойлоду дейсиң? А бирок, Зарина сүйүүгө, антка бекем эле…

Ал апасынын түшүнө кирген сайын, анын ыйлабашын суранат… А тургай бейтааныш ким бирөөлөрдүн да түшүндө аян берип, апакесине ошону айтып коюусун өтүнөт… Атүгүл дагы бирөөлөрдүн түшүндө аян берип, ыр да жаздырат дешет… Сүйүүнүн улуулугун айтат экен, ыйык кыз. Эмесе ошол ыйык кызды тапкан, жандүйнөсүнө бийик адамкерчиликти, улук сезимди түнөтүп баккан, эми да белди бекем бууп, уул-кызынын махабатын, атын аздектеп, бүгүнкү замандаштарына эле эмес, улам кийинки урпактарга уламалап айтып, аруулукка, туруктуулукка үндөш үчүн «Канат менен Зарина» аттуу коомдук фонд ачып, адабият менен маданият чөйрөлөрүнө колдоо көрсөтүп, чоң иштерди жаратып аткан Клара эжени мен өз дилимде ЫЙЫК-ЭНЕ атадым.

Эмесе, урматтуу окурман, дастан-ырга, обон-күүгө, арман менен ажайып улуулукка айланган ошол эки ашыктын аз өмүрдөн тапкан бактылуу, бактысыз да, жыргалдуу, жыластуу да махабатынын тарых, таржымалы мына мындайча болгон…

Китеп толугу менен 

Соц тармактар:

Добавить комментарий