Алтынбек Исмаилов: Өз эне тилиңен өзгө тилге ыр оодаруу оңой-олтоң иш эмес

a_ismailovАлтынбек Исмаилов – жаш болгону менен учур адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, акын жана котормочу. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мугалими. «24.kg» агенттиги мындан ары өнөр өстөнүндөгү жана адабият айдыңындагы дүбүртү жаңырган жаштарды тааныштырып турууну эп көрдүк.

– Адабият астанасын аттагандан бери бу дүйнөдө эмнени түшүндүң?
– Бул тармакка баш баккандан бери аздыр-көптүр адабиятты, анын өзөгүндө жаткан АДЕП, УЯТТЫ түшүндүм окшойт.

– Өзүң түрк адабиятынан бир далай өрнөктүү чыгармаларды кыргыз окурмандарына тартуулап келатасың. Дегеле түрк адабиятына эмне таасирден улам кирип кеттиң же Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен билим алып калганың үчүнбү?
– Буга устатыбыз Салижан Жигитов себепкер болгон. Мындайча айтка, Кыргыз-Түрк «Манас» университетин аяктап жатып дипломдук иш жазууга кириштим. Илимий жетекчим – Жигитов. Ал кишиге барып, тема издеп атканымды айтсам, XIII кылымда жашаган белгилүү түрк акыны Юнус Эмрени сунуштады. Мен дароо макул болуп, ишке кириштим. Оболу акындын айрым ырларын кыргыз тилине которуп, андан соң талдадым. Анан өмүр баяны менен чыгармачылык жолун жаздым. Айтор, бир жылдык эмгектин акыбети кайтып, диплом даяр болду. Эмгек жетекчиме жана башка комиссия мүчөлөрүнө аябай жакты. Корголгон соң китеп кылып чыгаруумду өтүнүштү. Көп өтпөй өзүнөн-өзү демөөрчү табылып, 2005-жылы «Бийиктик» басмасынан «Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре» деген аталышта 1000 нуска менен жарык көрдү. Адабий чөйрө жылуу кабыл алып, окурмандар жакшы пикирлерди айта башташты. Үч айга жетпей китеп толук сатылып кетти. Көп өтпөй Түркияга акындардын эларалык поэзия кечесине чакыруу келди. Ошол чакыруудан кийин мен үчүн түрк дүйнөсүнүн чоң каалгасы ачылды окшойт.

yu_emreАйтмакчы, окурмандардын өтүнүчү боюнча 2010-жылы аталган жыйнактын экинчи басылышы жарык көрдү. Буюрса, ушул жылдын башында үчүнчү басылышын чыгарсамбы деп турам. Анткени китеп өткөн жылы түгөнгөн, сурагандар болсо абдан көп.

– Биздин заманда жашаган түрк акын-жазуучулары менен чыгармачылык алакаң кандай?
– Учурдагы түрк акын-жазуучулары менен чыгармачылык карым-катнашым абдан жакшы. Телефон жана кат аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турам. Түркиянын Жазуучулар союзу салттуу түрдө эки жылда бир жолу «Тектеш түрк тилдүү калктардын эларалык поэзия майрамын» дүйнөнүн ар кайсы аймагында өткөрүп келүүдө. Башкача айтканда, аталган кече буга чейин Түркия, Түркмөнстан, Казакстан, Украина, Кипр, Македония, Франция, Азербайжан жана Косово өңдүү өлкөлөрдө белгиленди. Кудайдын буйругу экен, мен да ушул кечелердин көпчүлүгүнө катышып калдым. Андан сырткары, Анкарада жайгашкан Евразия Жазуучулар Союзу менен да чыгармачылык алакам дурус. Алар уюштурган түрдүү адабий, маданий иш-чараларга жигердүү катышып жүрөм. Ал эми 2006-жылы алгачкы жолу Крымга барган кезде мени Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы координатору кылып шайлашкан. Бул уюмдун башкы кеңсеси Бакуда, жетекчиси азербайжан жигит. Аталган бирикменин чакыруусу менен жакында эле бир жумага Бакуга барып келдим. Кыскасы, түрк туугандардын көзү өткөн классиктерин да, көзү тирүү азыркы мыкты калемгерлерин да окуп, көңүлүмө төп келгендерин которуп атам.

– Арийне, түрк тилинен кыргыз тилине которгон чыгармаларыңды окуп жүрөбүз, ал эми кыргыз тилинен түрк тилине которууга аракет кылып көрдүңбү? Которсоң кайсы авторлорду түрк тилине оодаргың келет?
– Учурда суфисттик-мистикалык поэзиянын ири өкүлү Мевлана Желаледдин Руминин чыгармалары менен алпурушуп жүргөн кезим. Жалпы жонунан ал акындын көлөмдүү беш жыйнагы бар. Алардын ар бири ат көтөргүс салмакка барабар. Өзгөчө даанышмандын даңкын чыгарган «Месневи» деген эмгеги 6 томдон турат. Мен ошол жыйнакка кирген ырларды иргеп, тишим өткөндөрүн кыргызчалап атам. Буюрса, жакынкы жылдары Мевлананын өмүр баяны, чыгармачылык жолу жана тандамал ырларынын кыргызча таржымасын камтыган чакан китеп чыгып калар. Ал эми кыргыз тилинен түрк тилине чыгарма которуу ишине чындыгында белсенип кирише элекмин. Себеби өз эне тилиңен өзгө тилге ыр оодаруу оңой-олтоң иш эместигин өзүңүз жакшы билесиз. Бирок буга карабастан азыр ушул кенемтени толтуруу максатында өзүмдү-өзүм бүлөп, өзүмдү-өзүм алга сүрөп, өзүмдү-өзүм казып, колумдан келишинче түркчө көркөм тексттерди жазып жүргөн кербезим. Буюрса, качандыр бир кезде калемим төшөлүп, котормочулук тажрыйба топтоп, биртике телчигип алсам, мына ошондо гана айрым кыргыз калемгерлерин түркчө сүйлөтүүгө далалат жасамакмын. Албетте, колго тийген эле чыгармаларды эмес, мезгил сынынан өткөн өрнөктүү тексттерди, мезгил сынын багындырган мыкты авторлорду гана оодаргым келет. Тилекке каршы, андай жазуучулар бизде көп эмес. Салижан агай айткандай, кыргыздын «жижиң калемгерлерин» кыргыздар өздөрү окубай атса, калган элдер кайдан окумак эле?!

yu_emre_a_ismailov– Адатта дүйнө адабиятын орус тили аркылуу окуп тааныдык (С.Жигитов Н.Хихмедди которгонун айтпаганда), ал эми соңку муундан сен баш болгон авторлор бир далай авторлорду түрк тилинен түзмө түз кыргызчага которгонуңарды жаңы саамалык десек болот. Дегеле котормо жанрынын күнгөй-тескейи туурасында эмнени баамдадың?
– Бир кезде акын Рамис Рыскулов: «Котормо, котормо, май куюп турат моторго», — деп таамай айткандай, учурда ошол котормочулук менен алпурушам деп моторума түрктөрдүн майын куюп атам. Тилекке каршы, мени менен куракташ, отузга чыгып-чыгалек калемгерлердин арасынан көркөм котормого баш оту менен кирип, өзүнүн бактысын ошол тармактан таба турган (албетте, булардын ичинде мен да бармын) жаш талапкерлердин аздыгы өкүндүрөт. Чындыгында, азыркы жазмакерлер, өзгөчө жаштар дүйнөлүк адабият тургай, кыргыз адабиятын окубай калбадыбы. Жадагалса бири-биринин жазган китептери менен тааныштыгы жок. Анан алар кайдан котормого баш багып, көркөм тексттерге каш каксын. Мен билгенден, акыркы жылдары башкаларга салыштырмалуу жигердүү иштеп, чыгыш жылдыздарын көбүрөөк кыргызча сүйлөткөн Кубанычбек Басылбеков, Кыялбек Урманбетов анан сиз болдуңуз окшойт. А калгандарыбыз шайтандын шапалагындай чакан чыгармаларды оодаруу менен чектелдик.

– Баса, жакында туңгуч ыр жыйнагың «Таш күзгүнүн» үчүнчү басылышын жарыяладың окшойт?
– Ооба. Негизи «Таш күзгү» өтүмдүү китеп болду. Алгачкы басылышы 2008-жылы басмадан чыгары менен бат эле элге тарап кеткен. Анан көп өтпөй экинчи басылышын жарыяласам, ал да сыясы кургай элегинде түгөнүп калган. Эми минтип окурмандардын өтүнүчү боюнча кайрадан чыгарганга мажбур болдум. Себеби издеп келгендер, телефон чалып сурагандар көбөйүп кетти.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 04.01.2013-ж.
Cүрөттөр  «24.kg» MA сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий