Рыспай Исаков: Транска кирген убакта өзүмдү токтото албайм

ryspaiБылтыр жыл соңунда манасчылар арасында сынак өтүп, жыйынтыгында мыктылар тандалып алынган. Конкурстун байге фонду 1 миллион сомду түзүп, анда 3 жеңүүчү аныкталды. Баш байгени жеңип алган Рыспай Исаков жеңишке жетүү оңойго турбагандыгын жашырган жок. «Манас» айтуудагы өзгөчөлүктөр, айырмачылыктар туурасында маек куруп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

— Былтыркы «Манас» айтуучулук өнөр боюнча сынак жумурай журт маалым. Сен эми ошол иш-чаранын өзгөчөлүгү эмнеде экенине токтоло кетсең.
— Биринчиден, манасчыларга убакыт, чек коюлган жок. Экинчиден, сынак ЭлТР аркылуу түз эфирде өттү. Үчүнчүдөн, манасчылар бирин-бири улап, толуктап айтышты. Биринчиси токтогон жерден экинчиси улап кетип атты. Эгер манасчы окуяны аттап кетсе же билбей калса, сөзү майдаланып, эпостун көркөм деңгээли түшүп кетер жерден ал манасчыны калыстар тобу токтотууга уруксат берилген. Алгач баштаган манасчы жомокту башынан баяндап, ал токтогон жерден кийинкилер улантуусу жободо жазылган. «Манасты» 5 күн ичинде үстүртөдөн болсо да билип алууга мүмкүн болду. Чыныгы угармандардын, көрөрмандардын моокуму канды.

— Калыстар арасында жең ичинен мамиле жасагандар болуп кетпедиби?
— Конкурс туз эфир аркылуу берилди. Кимдин кандай айтканын калың калк карап, өз баасын берип атты. Демек, мындай жерде, кол ийрисине тартып, калыстыктан таюу болду дегенге жол берилген жок. Экинчиден, убакыт мөөнөтү боюнча көп айткандардан, узак айткандардан мен болдум. Калганы калыстардын элегинен өттү. Ишенбегендер теле архивде сакталган сынакты кайра баштан көрүп, өз баасын берсе болот.

— Алган сыйлыгыңдын көлөмү канча болду?
— Баш байге 350 миң сом болду. А жалпы байге 1 млн. сом болчу.

— «Манас» айтуудагы айырмачылыкка токтоло кетсек…
— Көңүлгө жатталып калган окуялар, саптар келет. Айтып атканда өзүң образга кирип, каармандар менен аралашып, алардын күнүмдүк тиричиликтерине күбө болгондой туюмдар пайда болот. Ошого жараша жаңы жаралган саптар пайда болот. Ага удаа «Манас» эпосундагы сөз байлыгы, кылымдар арасында унутта калып, колдонулбай калган сөздөр да бул жерде чоң роль ойнойт, тирилет. Окуялар саптарды жаратат, айрым учурда саптар уйкаштыгы менен окуяларды жаратып алуу да мүмкүн болот. «Манас» айтуудагы айырмачылык мына ушуга байланыштуу деп ойлойм. Бул ар бир айтуучунун шыгына жараша болот.

— Демек, транска кирип кетүү көрүнүшү жаралат дегенден алыс эмессиң да…
— Көзгө кадимкидей көрүнөт деп айта албайм. Айрым учурда каармандардын келбети, дене мүчөлөрү, алардын мүнөзү, кыялы – мунун бардыгы айтып атканда элестеп турат. Бирок тартып кетет деп айта албайм. Алгач башталганда жаш айтуучулар транска кирип, андан чыгарыш кыйынга туруп калат. Манасчы өзүн-өзү көзөмөлдөп, чектен чыкпаганга аракет кылат. Эпосту айтуу менен транска кирип кетүүгө, тартылууга да көп жагдайлар түзүлөт. Ал айтуучунун дараметине жараша.

— Трансты кандай түшүнөсүң?
— Транска кирген убакта өзүмдү токтото албайм. Ал өнөргө жаңы баш койгон учурда болот. Бул бардык эле манасчыларда болчу көрүнүш. Такшалгандан кийин ар ким өзү тескеп калат: каалаган учурда токтоп, каалаган учурда баштап. Транс бул — сүкүт. Сүкүт — бул адамдын өзүн өзү таануу жолу. Манасчылык болсо — касиет. Бул кыргыз элдин касиети.

— Манастын образы көрүнөбү?
— Манастын образы мага көрүнбөйт. Ал акылга сыйбаган нерсе. Манасчылык касиетти жогору тутуу үчүн тунуктук, бойдун да, ойдун да тазалыгы керек. Абийирдин тазалыгы да унутта калбашы зарыл. Жаман жолго баспаш керек. Манасчы болуш кудайдын колундагы нерсе. Каалап манасчы боло албайт. Ошондой эле манасчылыктан баш тарта албайт.

— Колдогон күчтөр барбы?
— Албетте. Биринчи кезекте кудай. Андан кийин кайып нерселер. Туюк нерсенин туюк боюнча калышын каалайт элем. Ал жалгыз менин гана ички туюмумдагы сыр.

— Материалдык жактан колдоочулар пайда боло баштадыбы?
— Манасчылыкты эл колдоп келген. Болгондо да элдин атынан эл төбөлдөрү колдоп келген. Орусия курамына киргенден кийин манасчылыкка көңүл буруу башкача нукка өтүп кетти. Манасчылык бул «артист» деген маанайда каралып калган. Эгемендиктен кийин «Манаска» жана манасчылыкка көңүл бөлүнө баштады. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленди. Манасчылардын конкурстары сейрек болсо да өтүп атты. Манасчылардын өзүнө көңүл буруу маселеси келип чыкты. Манасчылык үчүн айлык албаса, бирөөлөрдөн акы сурабаса, бүтүндөй элдин жүгүн артынып жүргөндөн кийин, эл да ошого көңүл буруш керек болчу. Ушул маселелер көтөрүлө баштагандан кийин коом ойгоно баштады. Эми бул маселе мамлекеттик деңгээлде каралганы турат. Мисалы, манасчыларга бюджеттен айлык кароо маселеси көтөрүлүп атат. Бул да болсо маданиятыбыздын жетишкендиги.

— Манас айтуу пайда алып келди беле?
— Биринчиден, манасчылыкта кандайдыр бир пайданы көздөгөн болбойт. Өнөрдү аркалай берсең, ал өзү пайда алып келет. Пайданын артынан куусаң, өнөр качат. Кудайга шүгүр, манасчылык өнөрдөн жашоом токтоп калган күн болгон эмес.

— Кийинки убакта манасчылык менен төкмө манасчылык деген пайда болду. Анын өзгөчөлүктөрү эмнеде?
— Төкмөлөр төгүп айтышат, манасчылык төкмөнүн айырмасы да ушунда. Манасты жаттап айтуу мүмкүн эмес. Төкмө манасчылык термини жаңы кирген сөз. Манасчылык өнөрдү бөлүүдө ар ким ар кандай көзкарашта. Жаттама манасчы, жаратуучу, айтуучу болуп келген. Акыркы мезгилдерде аткаруучулар көбүрөк болгондуктан, аларды айырмалап көрсөтүү максаты турат. Манасчы өзү төкмөлүккө эгедер болушу керек. Ансыз манасчы манасчы эмес. Ошондо гана манас төкмөчүлүктү манасчыдан айырмалай алабыз. Муну манасчылыктын өнүгүп аткан тенденциясы катары кабылдасак болот. Бөлүнүштөрдү манасчылыкты изилдегендер, манасчылар өздөрү айтып келишет.

— Келечекте манасчылык кандай өнүгүшү мүмкүн?
— Манасчылык башкача болушу мүмкүн эмес. Улуу муундан алган мурасты кийинки муунга жеткирүү жоопкерчилиги бар. Жеткиргенде кемитпей, бөксөртпөй жеткирүү милдети жүктөлгөн. Ошондо манасчы бабалардын алдында, учурдун алдында, келечек муундун алдында жоопкер болуп калат. Ал эми аны ар кандай баскычтарга бөлүү – изилдөөчүлөрдүн иши. Заманга жараша өзгөрө бериши мүмкүн. Алсак, алгачкы учурларда манасчыларды ырчылар деп да аташкан. Мисалы, Ырамандын ырчы уулу, Токтогул ырчы ж.б. Кийинчерек бул жомокчу деген аталышка ээ болду: Тыныбек жомокчу дегендей. Кийин манасчылык өзүнчө, семетейчилик өзүнчө болуп карала баштады. Андан кийин жаттама, нукура болуп бөлүнүп кетти.

Элмира НАСКЕЕВА, «24.kg» MA, 05.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий