«Эки залкар, эгиз тагдырлар, эскирбес саптар…»

acrossingnet_arts-poets-best-584Жатарга жуук электр жарыгы жалп өчтү. Бу 15 жылдан бери мен туруктаган Бишкектин 12-кичирайонундагы өтө сейрек көрүнүш. Адам э-эй, соңку мезгилде адамзат жапырт айтып, бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, дүйнө дүрбөсө кыргыз кошо дүрбөп, аябай каалап, тилеп аткан (тилегиң ылайым таш капкыр!) «акыр заман алааматы келип калдыбы?» деп, чочуп кеткеним. Себеби, бөйрөгүнүн кайда экенин билбей жүрүп, ок жаңылганда бир билип калган, электр менен газга ишенбей, «тезек тергиле» деген Курманбек Бакиевдин заманында да, «Асанбай» тараптын түнү жарык эле да. Кайран канкор туура айткан белем, кыргызың түшкүр кыйырга кыйсыпыр салып, удаама-удаа революция жасаган сайын, улам келген жаңы бийликтин жарыгы да, жылуулугу да ушинтип азайып баратабы, атаңгөрү…

Сан миң жылдардан үзүлбөй келген улуу көчмөн кыргыз дүйнөсүнүн соңку үлгүсүнүн бири — эсил чоң атам Керим абышка ар дайым айткан сөз: «ээ балам, жараткан Алла Тааланын ар бир аткан таңы майрам. Буга каниет, миң мерте шүгүр».

«Бейишиңди өзүң ал,
Бейреним Чубак келатат…»
деп касиеттүү «Манаста» айтылгандай, түндөсү жарык же газ өчкөнгө же улуу Байдылда акын куюлуштургандай, айтылуу үч «А» (аял, акча, арак) убарасына эми акыр заман апыртмасы кошулган сансыз сарсанаалардан саргайып, үрпөйүп, үлүрөйүп отурсаң, кыштын ушунчалык узак береги түнүндө алдыңдан утурлап келаткан ажайып, кайталангыс, атыңдан айланайын аткан таңдын — улуу жарыкчылыктын барк-баасын тээ кат сабатсыз чоң тебетей, көөнө көчмөн турмуштун күбөсү болгон «жаман» абышкача аңдай алдымбы, барктай алдымбы?..

Таң го атты дечи, бирок да күн чыга электе талаага салып уруп кетчү жаным, же өкмөт башы Жантөрө аке ЖК жыйынында, «кыш келээрин го билгенбиз, бирок мынчалык суук болоорун билген эмеспиз» деп айткандай, сырттагы аяздан айбыгып, Карбалас акын досумдун ырындагыдай «…Терезеден булуттарды кайтарып» аргасыз отурсам, бир гениалдуу ой — ушул «Учурдун» башкы редактору Аслан иним менен өткөндү убадалашкан сөз эсиме келип атканы… Экөөбүз «алың, алып жибериң…» арасында поэзияга кирип кетип, Аслан мырза кашкөй акын Табылды Мукановдун «Атчан кыз» ырынан береги бир шиңгилин жатка айтып жибербеспи:
«…Этегиң желге илинүү,
Жылан боор камчы салааңда.
Кекилик болуп ким чуркап,
Келатат экен санааңда…»

Баракелде!.. Ошондо пайда болду ушул ой. Макулдаштык. Ырасында, Санчы сынчылардын акыркысы Салижан аке Жигитов айты эле: «Бүтүндөй бир ыр мыкты болушу күмөн. Ырды анын ичиндеги шаңгыраган саптар көркүнө чыгарып турат». Чын эле сулуунун чырайын ашырган ууртундагы таруудай меңи го…

Бар. Бүтүн ыр эсеби маселен, дал ошол Салижан Жигитовдун «Элегия» аттуу ажайып ыры же жана башкалардан деп, манжа менен эсептөөгө болоор. А мынабу жаркын саптарды иргөө, ырдан бөлүп кароо кызык окшобойбу. Ошентип, көрөйүн дедим. Арийне, баарыбыз окуп, эстеп суктанган дүйнөлүк афоризмдердин көпчүлүгү көсөм акындардын ырларынан алынган эмеспи. Демек, мен эле «Америка ачып» жаткан жокмун. Орустун белгилүү адабиятчысы Корней Чуковский айтылуу акын Никалай Заболоцкийдин ырларын иргеп алып, «ушул ырлардын автору нукура улуу акын экенинде эч шегим жок. Буга мен 70 жылда окуп билген бүткүл тажрыйбам менен жооп берем» деген экен. Ооба, кайран Чуковскийге жетпесек да, жооп берүүгө биздин да курак, тажрыйбабыз чамалап бараткан чыгаар…

Бирөөлөр айтмакчы, кеп анда эмес. Кеп, кайран таланттуу акын Табылды акенин бизге калтырган таберик ырларында же керемет саптарында. Негедир Муканов дегенде нукура талант Тургунбай Эргешов да эске түштү. Экөө бири-бирине ыр арнашкан, ээрчише жүргөн. Тагдыры, турмушу, курбалы, кайрылбай кеткендери окшош. Ээ-эй, Жусуп, Мидин, Байдылда, Турар, Какен, Табылды, Тургунбай, анан кечээки Алик досум… Өзүнчө «батальон», өзгөчө талант, өзгөчө ырлар. Адегенде колго тийген экөөнүн китептерин дагы бир аралап, жыргадым, ыйладым, ырдадым. Сиз да окуп көрсөңүз.

Табылды Муканов

***
Билгизбей ичтеги күйүтүн,
Туурулуп аптапка, ызгаарга.
Сүйүү үчүн, туптунук сүйүү үчүн,
Кан төккөн кыздар да, кыздар да…

***
Сүйгөнүм, сүрөтүңдү карга
тарттым,
Кар эрип — агып кеттиң.
Мен сенин сүрөтүңдү жарга
тарттым,
Жар көчүп — жексенделдиң.
Мен сенин сүрөтүңдү ташка
тарттым,
Таш сынып — талкаландың.
Мен сенин сүрөтүңдү көзгө
тарттым,
Көз ооруп — учуп кеттиң.

***
Көрүнчү, толкундардын арасында,
Калбайын өзүм жалгыз арал
болуп!

***
Оо махабат, сен болбосоң
жашоодо,
Бирин-бири алмак эле ким эске!

***
Жолуңар пейилиңердей кенен эмес,
Адам… жок, силер адам сөрөйсүңөр…

***
Эх, анда бир стакан басып алып,
Кетем мен, кеткенде да келгис
болуп.
Жаш чайган көздөрүмдү, жакама катып алып.

***
Оо жаркыным, оо айсулуу
каралдым,
Карабагын бул турмушка,
Миң көз менен тайсалдап,
Ушул гүлдөй эпкининде
шамалдын,
Жүрбөгүлө жылуу-жумшак жай
тандап.
Карагыла бул жашоого,
Бир көз менен эч өчпөс!
Миң көздүүлөр — эки жүздүү…
Өлүк-өлүк… кеп өтпөс!

***
Сен кетсең, кеттиң
үйдөн — түнөгүмдөн,
Кетпедиң жүрөгүмдөн.

***
Таңдар атып жалгыздыкта,
Жалгыздыкта кеч кирип.
Күттүм сени үстүмдөгү көйнөгүм,
Дал-далынан бөлүнгүчө эскирип.

***
Кош бол шоолам, кете бергин
зыңгырап,
Мен билгенди сен да мыкты
билесиң.
Бирок сүйүү таттырган жок,
Мага таттуу ширесин.
Таттырган жок,
«Татты» деген сөз калды.
Бул чоң айың — жүрөктөгү тикенек!

***
Кыргыз өлкө! Кызыл талдан
чабылган,
Кереге-ууктар болуп сенин
кабыргаң,
Кимдер аны быт-чыттап,
Күлүн көпкө сапырбаган, кокту-колот адырдан.

***
Сен кетип күн батышка,
Мен кетип күн чыгышка,
Окшой түштү туулган ай,
Экөөбүздү бөлө чапкан кылычка.

***
Сен мага тереңсиңби, тайызсыңбы?
Айдашты мени көптөр кайык
сындуу…

***
Күндү көздөй шуулдаган теректер,
Унчукпастар, сырга бектер.
Көрүп бүтүп жаздын, жайдын
кызыгын,
Мен өңдөнүп кайгыны,
Тарттыңарбы тымызын.

***
Алгыча жаман зайып,
Күнүнө он урушкан.
Курумай, кан майданда
салгылашып,
Ажырап калган артык
колу-буттан.

***
Ысык-Көлгө канча булак, канча
өзөн,
Куюп жатат, куюп жатат
шаркырап.
Ошондо да ашып-ташпай
мелтиреп,
Уюп жатат ал чыдап!

***
Жол бийиктеп кеткен сайын,
Коркунуч көп ошончо.
Кылт эткениң — жок болгонуң,
Алдың-артың опол тоо.

***
Ышкырат лайнерлер кулагымда,
Поезддер жүлүнүмдө шака-шака.
Күлүктөр камалышып жүрөгүмө,
Неликтен кете алышпайт башка
жакка?

***
Турмушка силер эмес,
Силерге турмуш мейман.
Көптөрдөн куру калып,
Көптөргө жетесиңер.
Силерди ааламда жок баатыр
санайт,
Силерди дүйнөдө жок гений көрөт,
Бир гана секетиңер, секетиңер.

***
Башка үйгө кирүү бул — башка бир,
Дүйнөнү ачканга барабар.

***
Кантип эле от болуп,
Кызгалдактар адыр бетин,
Каптабасын дүркүрөп,
Сезип туруп сүйүү деген
Күндү эч жанга көргөзбөй,
Толтосуна түнөткөнүн бир чүрөк,
Сезип туруп махабаттын,
Гүлдөй аймап кыз төшүн,
Жалбарганын татынакай үрпүн өөп…

(Уландысы бар)

Даярдаган Дүйшөн Керимов,
“Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий