Качкынбай Кадыркулов, Айыл чарба илимдеринин кандидаты, окумуштуу: «Даяр тарыхыбызды изилдебей танып, жазбай келебиз»

karta_kyrӨткөн жылдын апрель айында биздин «Кѳк асаба» гезитинин №8 санына кыргыздардын жашоо мейкиндиги бир мезгилдерде эки континентти камтыганы тууралуу окумуштуу Качкынбай Кадыркуловдун маеги чыгып, кыргыздар ээлеген жерлердин тарыхый-географиялык картасы жарыяланган. Бул макаладан кийин редакцияга болгон телефон коңгуроолору тынбай, ушул убакка чейин ал маалыматтарга кызыккандар коомчулук ичинде гезиттин ошол санын бири-биринен алып окуп, дале болсо ар кыл суроолор менен кайрылышууда. Мындан улам, биз кайрадан ошол тарыхый картаны Германиядагы окумуштуу, доктор Шольборгдун колунан алып келген Качкынбай КАДЫРКУЛОВГО кайрылып, кенен-кесири аңгеме курдук. Гезиттин бул санына жарыяланып жаткан маек биздин чоң баяныбыздын биринчи үзүндүсү болмокчу.

— Качыке, сиз 1993-жылы Германияга дыйканчылык чарба боюнча алты айлык окууга барып, анан кыргыз империясын аныктаган карталарды кандайча колуңузга алып калганыңызды былтыркы апрель айында окурмандарыбызга айтып бергенсиз. Бирок, сизде дале болсо тарыхый маалыматтар арбын болсо керек. Карталарды тапшырган доктор Шолборк кыргыздар тууралуу дагы эмнелерди айтты эле?
— Чыгыш Германиянын Люнебург шаарында жайгашкан академиянын ректору, Азия элдеринин тарыхы боюнча чоң окумуштуу доктор Герхард Шольборг “Кыргыз эли жана көчмөндөр жөнүндө” он күн бою кызыктуу дарс окуп бергени албетте бизге күтүүсүз жаңылыктарды, маалыматтарды ачкан. Г.Шольборгдун окуу дарсында, кыргыздардын жашап өткөн доору мындан 2,5 миң жыл мурда болгон деп так маалымат бергени уккандарды таңгалдырган. “Мына бул географиялык карталарды мен чийген жокмун же мен тартканым жок, бул акедемияда мындан канча кылымдардан бери сакталып келе жаткан тарыхый материалдар”деп, KIRGISEN REICH (Кыргыз империясы) картасын жана башка көп карталарды көрсөткѳн. “Академиядагы маалымат боюнча, канча деген көптөгөн элдер жок болуп кетти, аз улуттар бир чоң улутка сиңип, ассимиляция болуп, тили менен маданиятын жоготуп алышты. Силер сыймыктанышыңар керек, кыргыз эли дүйнө элдерине ушунча чоң маданиятты калтырып кеткенине. Мен, кыргыз эли ошол жоголгондордун арасында болуп кеттиби деп ойлоп жүрчү элем, көрсө бар экенсиңер, сакталып калганыңар улуу окуянын далили, мен силер менен таанышып жолукканыма өтө кубанычтамын. Дүйнө жүзүнө ушунча өчпөс маданиятты таркаткан, качандыр бир өткөн кылымдарда бүтүндөй бир чоң империя болгон — бул кыргыз империясы. Ошону силер унутпай, билип алсын деп силерди чакыртканымдын бирден-бир себеби ушул. Келечек муундар бул тарыхты биле жүрсүн, элиңерге барганда айта жүргүлө, силерге бул географиялык тарыхый картадан даярдап койдум» деп, мага 22 картанын көчүрмөсүн карматты. Менин ошондогу сүйүнгѳнүмдү айтып жеткире албайм, ичимден ыйлагым келип араң толкундап турдум, бирөө бирдеме десе ыйлап жибермекмин. Мага сунган карталарды алып, өз ырахматым менен ыраазычылыгымды айтып, аны алкадым.

— Ошентип, ал карталар менен маалыматты ал жактан сүйүнүү менен алып келдиңиз, анан эмне болду?
— Ал жактагы окуубуз ийгиликтүү аяктады, өлкөбүзгө келип дыйкан чарбаларын жеке менчикке өткөрүүнүн аракетинде болуп, билип келгенибизди дыйкан чарбага өтөбүз дегендерге окутуп, үйрөтүп жаттык. Баягы карталар менен уккан дарстар болсо оюмдан кетпейт, ойлогонум эле ушулар. 2005-жылы гана убактымды бөлүп, «чет элдиктер кыргыздар дагы деле бар турбайсыңарбы деп сүйүнүп жатышса, анда уккан маалыматтарымды кыргыз гезиттеринин жетекчилерине айтсам, карталарды кѳрсѳтсѳм, биздин кыргыз атуулдары сүйүнүч менен кабыл алып, гезит беттерине жайнатып чыгарар» деген ойдо адегенде республикалык ѳкмѳттүк гезитке алып бардым, алар карап көрүштү да, кымындай да реакция берип коюшкан жок. Андан кийин дагы бир гезитке алып бардым, алар деле кайдыгер мамиле кылышты. Бир гана түзүк мамиле Алымбай Абдырахмановдо (Баяс Турал) болду, ал: “Муну чыгартыш керек, таштап кетиңиз, аракет кылып көрөйүн” деди. Мен билбейм, ал деле аракет кылган чыгар, гезитти башкарып тургандар мага жасаган мамилени ага деле жасаган болушу керек деп ойлойм. Мунуман майнап чыкпай калгандыктан, картанын 500 көчүрмөсүн ар кимге таркатып бердим, сурагандарга бердим. Мына силерге ырахмат, кыргыз дүйнөсүн тааныган жападан-жалгыз гезит силер экенсиңер, былтыр апрель айында көрсөтсөм, дароо басып чыгардыңар.

— Шольборгдун дарстарынан кийин ѳзүңүз үчүн дагы эмнелерди ачтыңыз?
— Ал кишинин дарсын укканга чейин Москвада окуп жүргѳндѳ китепканалардан Бернштам, Аристов, Гумилёв, Валиханов жана башкалардын эмгектерин издеп таанышкам деп айтпадым беле, Шольборгдун тарыхый дарсын уккандан кийин кыргыздар ким болгону жөнүндө кызыгуум ого бетер артып, көчмөн кыргыздарга болгон мамилем таптакыр өзгөрдү. Азиядан келген көчмөн уруулар улам Батышка жылып отуруп, Батыштын элдери менен миңдеген жылдар бою ынтымакта жашаганы, кыз алышып, кыз беришип, аскердик кошуундарды түзгөндү үйрөткөнү, чачылган элдерди жыйнагандын жакшы үлгүлөрүн көрсөткѳнү — кыргыздардын качанкы бир убакта дүйнөгө маданиятты, чарба маданиятын таратканынан кабар бергени. Ошол убактатарда Евразиянын түштүк батышында деңиз жээктеринде жашап, балыкчылык, талаачылык менен оокат кылышкан элдер алгач ат минген көчмөндөрдү көрүшүп, ат денелүү кишилерди (кентаврларды) сүрөткө салышып, бүркүт салган атчан мүнүшкөрлөрдү көрүшүп, бүркүт баштуу адам-арстандарды (грифондорду) сүрөткѳ түшүрүп тартышкандары — кыргыздардын Евразияга келишип, сүрөт маданиятынын өсүшүнө бирден бир себепчи болгонунан кабар бергени айкын экенин тааныдым.

Уккан дарстарыбыздын ичиндеги маалымат — кыргыздар ошо кезде Евразиянын көптөгөн жерлерин — Тынч, Инд, Атлантика океандарынан бери жашоо мейкиндигин камтып турганы жөнүндө эле. Көрсө, мен билген Алтай менен Борбордук Азия менен эле чектелбей, кыргыздар бүтүндөй Евразияны камтыптыр. Ошентип, Германиядан уккан дарсым кыргыз дүйнөсүнүн тарыхын таанууда анык көзүмдү ачты. Буга чейин кыргыздын тарыхы ачыкка чыкпай катылып келген. Тарыхты канчалык бурмалашканы менен, анык тарыхтын өзүнүн өчпөс чындыгы бар экен. Эмне үчүн бөлөк өлкөлөр өзүлөрүнүн тарыхын ачык жазып далилдеп жатканда, биз даяр тарыхыбызды изилдегибиз келбей, танып, жазбай келебиз? Мына ушул кайдыгерлигибиз тууралуу олуттуу түрдѳ ой жүгүртүшүбүз керек.

Эгер, мен Германияга барбаганда, доктор Г.Шольборгду да, кыргыз тарыхы менен картасын да таанып билбейт элем. Маалымат ошо бойдон Линебург академиясында дагы канча жыл катылып жата берет эле белгисиз. Окурмандар мени туура түшүнөр, кыргыз эли ушундай аймакты ээлик кылыптыр, өз бийлигин жүргүзүптүр деп эле ал жерлерди кайтарып бергиле деп бөлөк өлкөлөргө айткандан алысмын, антүүгө акым да жок. Менин болгон эле оюм, биздин азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз менен кийинки муундарыбыз кыргыздар улуу элдерден экенин билип, тарыхыбызды тааный билсе, сыймыктанып жүрүшсө деген тилек.

— Германиядан башка өлкөлөргө барганда кыргыздар жөнүндө сураштырып көрдүңүзбү?
— Көп эле өлкөлөрдө болдум, Америкада болгонума токтолоюн. Ал жерден бир индеец жигит менен тааныштым, аты Жезкөй экен. “Коюлган атыңдын түшүндүрмөсүн билесиңби?” десем, башын чайкап күлдү. Жезкөй өзүн индеецмин деп тааныштырганы менен, өз тилинде сүйлөй албайт. Менин оюма кыргыздардын адам аттары келди, бизде Жезкөй деп, жездин жакшысы же мыктысын айтат да. Манаста — Көйкашка, Жезтаңдай, Жезбилек деген түшүнүктөр бар. Окшоштугун кара дедим өзүмчө. Аны мага бир америкалык аял тааныштырды, аял Жезкөйдүн мурдагы жеңеси, ал кайниси экен. Күйөсүнүн көп ичкенинен ажырашып кеткенин айтты. Мен: “Мени бул жактык өз тилин билген бөлөк индеецтер менен тааныштыр, аз да болсо баарлашып, маалымат ала кетейин, тиги кайниң эне тилин билбейт экен, мага эне тилин билгендер керек эле. Индеецтер жашаган жакка барбайлыбы” десем, бир күндөн кийин минтип жооп берди: “Силердин программаңарда андайлар каралбаптыр, уруксат жок. Резервуация жакка жөн эле келгендерди киргизе бербейт. Ал жак, жабык аймактардын катарына кирет, көрүнгөн чет элдин адамдары кое берилбейт, андайларды индеецтердин өзүлөрү да каалашпайт. Резервуация болгон 20 аймак бар, убара болбойлу” деди. Америкалык аял индеецче сүйлөйт экен, сураштыра келгенде кыргыздын сөзүнө окшош көп сөздөрдү айтып берди: ай менен күндү – «ай» дейт, энени – «эне», апаны – «апи», атаны – «ата» же «ажи», тузду – «ачуу», кескелдирик менен жылаанды – «жылаан», тоону – «таа», эжени – «ажи», сууну – «туу», миңди – «мил», башкаруучуну – «ажо» же «ага», бедени – «бити», бугуну – «бука», имаратты – «кент», аскерди – «гаскижи», бозүйдү – «бакан-кокон» деп, дагы көп сөздөрдү айтып берди эле, мен үлгүргөндөрүмдү гана жазып алдым.

Ал эми Америкадагы түрк улутундагы Али Түрк деген мырза менен болгон жолугушуум да мени таң калтырды. Окшоштук ушунда болуп жатпайбы, доктор Шольборг экѳѳ таптакыр жолугушкан эмес, бири-бирин билишпейт, бирок, кыргыздардын тарыхый-географиялык карталарына кызыгуулары артып, экѳѳнүн тең алып жүргѳн карталарындагы кыргыз ордосу менен кыргыз мамлекети ээлик кылып турган аймактар дал келип, кыргыздардын чыныгы тарыхынын жүзүн ачык-айкын далилдеп турат.

(Уландысы кийинки санда)

Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ, «Көк асаба» гезити, 31.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Качкынбай Кадыркулов, Айыл чарба илимдеринин кандидаты, окумуштуу: «Даяр тарыхыбызды изилдебей танып, жазбай келебиз»: 2 комментария

  • 28.03.2013 в 10:33
    Permalink

    Окуп атып ыйлап ыйлап ийдим.Мен да ушул учурда Россияда Красноярский крайдын жанында Ямала-Ненецкий деген автономдуу округда иштеп журом.Мынчалык тарыхты билбесем да бул жерлерге бутумду койгондо озумдун жеримде жургондой элес кала берет.Анан бироо жарым мага сен биздин жерде анте албайсын дегенде каным кайнап бул жерлер эч качан Орустун жери болгон эмес болбойт дагы уктунбу деп коп урушуп кетем.Бул жерлер Кыргыздардын жерлери ишенбесенер туура тарыхты окугула дагы анан талашкыла десем ишенишпей калышат.Бизге Кыргыз элине ушуга окшогон ДУХ бере турган маалыматтар ото керектуу.Биз кайра эле Европага чейинки аралыкты башкарабыз деп ойлоймун.Бириксек ынтымактуу болсок биздин колубуздан келбеген нерсе жок.

    Ответ
  • 27.10.2015 в 17:46
    Permalink

    Качкынбай негизи ото билимдуу окумуштуулардын катарына кирет.Анын кызыктуу китебин да окуп чыккамын .Ушундай адамдар биздин эл учун чон байлык .Убакыт болсо москвадан барганда баарлашабыз .Ото кызык фактылар м-н жазат.Ишинди уланта бер Качыке кыргыздардын тарыхын эми аран изилдеп тактап жатабыз да.Ошон учун талыкба !Элдин алкышын аласын!

    Ответ

Добавить комментарий