Филология илимдеринин кандидаты, Улуттук Илимдер академиясынын Аспирантура, магистратура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Айшат Ботобекова: «Кыргыздын таалим-тарбиясы өзү этикет»

a_botobekova1Кыргыз элинин байыркы белгилерине: эн тамгаларына, таш бетиндеги сүрөт жазмаларына, оюм-чийим белгилерине, фотосүрөтчүлүк жана андагы өң-түстөрдүн маани-маңызы, алар туюндурган ой-түшүнүктөрдү чечмелөөгө кызыгат. Илимий иши да ушул багытта. Кыргыздардын жүрүм-турумунда ымдоо-жаңсоо белгилери боюнча 2 монографиянын жана 1 сөздүктүн автору.

Тыюу салуу мамилеси менен элибиз эмнени билдиришкен? Биз бүгүн Айшат Ботобекова менен кыргыздын салт-санаа, оюм-чийимдери боюнча кыскача баарлаштык.

— Айшат айым,кыргыз эли ыйык тутуп, аяр мамиле жасаган нерселер көп. «Табу» деген түшүнүктү чечмелеп берсеңиз?
— Жакшы болот. Кыймыл-аракетке байланыштуу ар кандай тыюу-чектөөлөр менен этикет тарабынан уруксат берилген кыймыл-аракеттер бири-бири менен тыгыз байланышта. Мындай тыюу-чектөөлөр этнография илиминде «табу» деген термин менен белгилүү. Оозеки сүйлөшүүдө ымдоо-жаңсоо белгилериндеги табу түшүнүгү кеңири колдонулуп келет. Демек, «табу» деп, кандайдыр бир сөздү, көрүнүштү айтууга гана тыюу салуу эмес, кээ бир кыймыл-аракеттерге, жүрүм-турумдарга салынган тыюу-чектөөлөр деп түшүнөбүз. Алардын көпчүлүгү этикет эрежелери менен биргеликте каралат. Магиялык ишеним боюнча, адамдар кээ бир иш-аракеттердин кесири, жамандыгы тиет деген ой-пикирдин негизинде тыюу-чектөөлөрдү пайда кылган. Мисалы, кыргыз эли жаш баланын сүйлөшүп жатканда сөөмөйүн силкилдетүүсүнө, колдорун жаңсап сүйлөөсүнө, бөйрөгүн таянууга, колун аркасына алууга, далысын салууга, камчысын сүйрөп жүрүүсүнө эзелтен тыюу салган. Бул багытта белгилүү этнограф Ч.Өмүралиевдин төмөнкү сөздөрүн эскере кетүү орундуу: «Улуу сүйлөсө, башыңды салып ук дейт. Муну көңүл коюп ук, дил төшө деп түшүнөбүз. Же «улууга өйдө карап сүйлөбө» дейт. Каяша айтпа деп билебиз… Күндү тик карабагандай эле улууну качырып карабайт, ийменип карайт, ийменип сүйлөйт. Кийин отурат. Бул жапыздын бийикке урматы. Адептин эң башкы, сырткы талабы — ушул. Адамга мамилени кой, көз караштын өзүн туура тутууну талаптаган Теңирчилик. Ал, башка адамдын Жолу-Ордуна жараша. Маселен, улууну көздүн алдынан кароо- текеберчилик, көздүн кыйыгынан кароо — сынай кароо, арамзалык, төбөсүнөн тиктөө- жек көрүү ж.б.

Кыргыз эли бекеринен жаш балага «далыңды салба» деп айтпаса керек. Себеби көчмөн жашоодо «далысын салуу» түшүнүгү терең символикалык мааниге ээ болгон кыймыл-жаңсоо болуп саналган. Кыргыз элинде боз үйдүн түзүлүшү, андагы баарлашуу, уй-мүйүз тартып сүйлөшүүнүн өзү пикирлешкен адамга жүзүңдү көрсөтүп аңгемелешүүнү шарттап турган. Байыркы кыргыздардын сүйлөшүү маданиятында бетмаңдай олтуруп сүйлөшүү — бул пикирлешиңдин кыймыл-жаңсоосун, чыныгы ой-тилегин, ошондой эле колунда куралынын бар же жок экендигин билүүгө да жардам берген. Андыктан «далысын салуу» кыймыл-жаңсоосунун негизги мааниси «таптакыр кайнаса каны кошулгус болуу», «дили караруу», «жек көрүүнүн жеткен чеги» катары туюнтулган.

— Кыргыз оюмдары,анын ичинде «умай» оюму дагы балдарга жакыныраактай, себеби элибизде «Умай эне — балдардын коргоочусу» деген ишеним бар го? 
Нукура эски оюм-чийимдерге түшүрүлгөн жан-жаныбардын пирлеринен тартып, диний жана мифологиялык түшүнүктөрдү туюндурган элестерден, тотемдик белгилерден көп эле көрүүгө болот.

Мисалы, «умай» оюсу — алгач жамандыктан коргоочу белги катары жаш балдардын кийген кийимдерине түшүрүлгөн. Оюмдун бул элементи кушка окшош келип, анын сүрөтү катарында кабыл алынат. Кыргыз тилинде «умай» абадагы уяда жашаган жомоктогу зымырык куш катары белгилүү. Бул сөз фарсы тилинен алынып (хума) дүйнө дарагында жашаган кушту туюндурат. Демек, «Умай эне»- мифологиялык-культтук белги катары аял белгисин, көбөйүүнү, тукумдуулукту, түшүмдүүлүктү туюндурган. Азыркы күндө да бул оюу түпкү маанисин жоготпой сактап келгендиги менен баалуу. Мисал катары айтсак, бул оюу «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясында жана Бишкек шаарынын төрөт үйлөрүндө колдонулат. Ушул логотиптин ойлонуп чыгылышы абдан маанилүү жана өз ордун туура тапкан деп ойлойм. Себеби, эне менен баланы өз кучагына салып алган бул культтук каарман — экөөнү жаман күчтөрдөн сактап тургансыйт. Рекламада бул белгинин коюлушун — жамандыктан сактоочу элемент катары кабыл алууга болот.

Жийде Абдымамытова, «Айыл деми» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий