Айгүл Узакова

Акын Айгүл Узакова Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 1951-жылы 26-апрелде туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

1977–1980-жж. Кыргыз совет энциклопедиясында, 1981-жылдан «Мектеп» басмасында редактор болуп иштеген.

Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, ырлары «Учкун», «Темир канат» альманахтарына, республикалык гезит-журналдарда жарыя-ланган.

1977-жылы жаш акындардын «Ала-Too поэзиясы» фестивалынын лауреаты, 1978-жылы Бүткүлсоюздук жаш акындардын Полтавада өткөн X фестивалынын катышуучусу болгон.
А.Узакованын бир топ ырларына музыка жазылган. Айрым ырлары орус, украин, тажик тилдерине которулган.

1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ:

Жылдыздуу күз: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 28 б.

Кеч жарык: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 51 б.

Түнкү асман: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 64 б.

Жүрөгүм менен сүйлөшүү: Ырлар. – Б.: Айат, 2006. – 95 б.

Уикипедиядан алынды

 

Айгүл Узакова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Мамыры гүлдөгөн маалда» англисче чыкты

Айгүл Узакова: Ырлар болсо жүрөгүңдүн каалгасын черткилеп өзү келип турат

Күздү сүйүп, күздө узаган акын…

Ырлар

ЖАЗ

Көпкөк болуп асман ачылып,
Күмүш кирпик күн нуру чачылып.
Жылуулукка бербей туруштук
Бууга айланып карлар шашылып.
Жазым келди жашыл жамынып.

Жашыл сөйкө бактар тагынып,
Жашыл килем тоого салынып.
Сайма сайып талаа четине,
Эндик сүйкөп кыздар бетине,
Жазым келди жаштык сагынып.

Жаштык чертип шайыр бий күүсүн,
Асман күлөт мээрим жүгүнө.
Алмаштырып көйнөк гүлдүүсүн,
Тагынышып гүлдүн бүрдүүсүн,
Жаз келиптир кыздар жүзүнө.

Жыттаганда черим жазылып,
Аба салкын, көктө ай, жылдыз.
Көлчүктөгү сууга чагылып,
Калган өңдүү мени сагынып,
Жазым келди жаштык жамынып!

 

КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен.

Ал түндө чертер сенин терезеңди,
Сыдырым желге ийилип жаш бутактар.
Алыстан сапар тарткан каркыралар,
Сагынып көл үстүнөн жаз кучактар.

Анда сен эстей албай тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың:

Ал — үмүт бийиктикте жанып турган,
Сагыныч сени көздөй шашып турган.
Өкүнүч көңүлдөгү аяр сезип,
Сезимге бир муңайым жашынышкан.

Аны сен изде, ташып кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен…

 

ТҮНКҮ АСМАН

Түпсүз, чексиз түнкү асманды ээлеген,
Эсимде бир көз караш бар өчпөгөн.
Сагынычтай мени коштоп келаткан,
Сары оорудай көкүрөктөн кетпеген.
Көз караш бар мен өмүрдө жетпеген.

Жымжырттыкта дил шыбырын тыңшаткан,
Тирүүлүктүн тирегиндей түнкү асман.
Кебелбеген кеңдик менен мага деп,
Сан жылдыздар арасынан нур чачкан,
Сага деген сагынчымды ырдаткан.

Бейпил, тунук көк деңиздей тынч жаткан.
Төгөт мээрин түпкүрү кең түнкү асман.
Түйшүк үйгөн турмуш менен түйшөлүп,
Түгөнбөгөн кыял менен сырдашкан —
Канбай бакыт түнкү асманда ыр жазган.

 

АЗ ӨМҮР ҮЧҮН КӨП КОЙДУМ ОКШОЙТ ЖАҢЫЛЫП

Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,
Куйбагын досум, алагды кылар шарапты.
Күз түнөп кеткен көңүлдүн жайын айтайын,
Куйбагын досум, алагды кылар шарапты.

Эмне дейт элең, бушайман болбо, сооротпо,
Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.
Сагынып келдим сендеги сергек мүнөздү,
Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.

Чырагың менен отуңду бүгүн өчүрбө,
Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.
Узун түн менен түш көрүү чындап жадатты,
Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.

Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып,
Кечигип сезип бул күндүн баркын бир келген…
Кар жааган сайын эстечү болдум мен аны,
Кечигип сезип бул күндүн баркын бир келген.

Көзүмдөн учкан караанын кайра тартуулап,
Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.
А балким жазга алмашпай тосуп алмакмын,
Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.

Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,
Узун түн менен түш көрүү чындап жадаткан.
Куйбагын досум, күз түнөп калган көңүлгө,
Аз өмүр үчүн көбүрөөк ичкен шараптан.

 

АЙТЫП КОЙ ДЕЙСИҢ

Айтып кой дейсиң,
Болгон эс, акыл, күч менен.
Жаштыктын кайтпас
Жаркырак канат жылдарын.
Жылдызы кымбат
Кадыр түн тосчу ак жайык,
Канткенде кайра
Ыйгармак мага ыргагын.

Сагыныч түтөп,
Чоочундап өтүп желаргы.
Ышкылуу түнгө
Сыр бербей турса айдың көл.
Толкунун козгоп,
Ырбаткың келсе ызасын,
Тик багып карап,
Аялуу сырың айтып көр…

 

КӨП ЖЫЛ ӨТКӨН КӨҢҮЛ КУШУН ЭСТЕТИП

Көп жыл өткөн көңүл кушун эстетип,
Көздөрүбүз кайрадан бир жолукту.
Мезгил изи өчү бардай келди эзип,
Мен эч кимге болгон жокмун колукту.

Бул жолугуу — тагдырдын бир ызасы,
Көңүлүңө бүлүк салар кез күткөн.
Болсо дагы жүрөктүн бир кусасы,
Мага эми сергек көңүл көз бүткөн.

Чамам келбес, сага баарын айтууга,
Сагынычтан үмүт тамар учур жок.
Жол дагы жок эми артыма кайтууга,
Өмүр экен өчсө жанбас кызыл чок.

Жаштык калып, жашыл кыраң ыраакта,
Жалгыздыкты эчак танган түрүң бар.
Сен кайдыгер болалбайсың бирок да,
Жалгыздыкты жазга айлантар ырым бар!

 

ЭСКИ МЕШТИН ЖАНЫНДА ЖАЛГЫЗ КАЛДЫМ

Эски мештин жанында жалгыз калдым,
Эски ойлордой табы жок көңүл менен.
Жүрөк муздап турганда дүйнөң тарып,
Отуң дагы жарытып күйбөйт белем…

Ал каттарды өрттөгөм жаз алдында,
Эстебейм деп экинчи анын барын.
А көңүлүм тымызын жаттап алып,
Кайдан билдим, жан койбой шыбырарын.

Ошол сөздөр жылуу да, сырдуу эле,
Мен жаш төккөм эреркеп, жалгыз үйдө.
Түнү бою эски там сыр бөлүшүп,
Деп ырдаган: «Чырагым, жалгыз күйбө…»

Анан келген жаз чындап шайдоот эле,
Жашыл кырга чакырган ыры менен.
Мен да жүргөм ичинде көп достордун,
Ошол жаздай көрүнгөн дүйнө кенен.

 

ЫРДАБАЧЫ, СУРАНАМ УШУЛ ЫРДЫ

рдабачы, суранам ушул ырды
Эске салып жоголгон махабатты.
Көп күтүүдөн саргайып араң тапкан,
Кезигүүбүз бүгүнкү мага жакты.

Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Коштошууну туралы капарга албай.
Эки башка жол күтүп эртеңдерден,
Тагдыр бөлгөн жактарга сапар алмай.

Ырдабачы, суранам ырыңдагы,
Кеч күздөгү кайыңдай тонолууну.
Каректеги айыпсыз сезим калсын,
Кайырмасын созбочу жоголуунун…

 

ЭКӨӨБҮЗДҮ ЭЧ КИМ АЙТПАЙТ ЭКӨӨ ДЕП…

Экөөбүздү эч ким айтпайт экөө деп,
Өзүбүз да аны эсепке кошпойбуз.
Бир өмүрдө эки башка жол менен,
Бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз.

Эч ким бизди куттуктабайт гүл берип,
Ак көшөгө тартылбайт мага деле,
Жалкы тагдыр жөнүндө көп жорушар.
Биз тымызын кайылбыз ага деле.

Бирок бизди бийлеген ушул сезим,
Ыйык экен экөөбүздө бир билсек.
Өзүбүзчө өксүп, жоктоп, жомоктоор,
Жаша сүйүү, арманыңан бербе шек!

 

ОЮҢУЗГА САЛДЫ БЕКЕН ДҮРБӨЛӨҢ

Оюңузга салды бекен дүрбөлөң,
Ошондогу жашылданбай чечилүүм.
Эңсөө дагы болбой калып аралжы,
Эки келбес өмүрдөгү кечигүүм.

Сизге болгон көңүлдөгү урматтоом,
Калар дегем жакшы сырдай жабылуу.
Алаксуу да болбой калып аралжы,
Болот тура кээде минтип жабыгуу.

Булуттуу кеч берсе күздүн кабарын,
Өткөндөргө токтолуу жок жалдырап.
Калып калар сагынычты эскертип,
Дарактагы саргайган бир жалбырак.

Деңиздеги бушаймандуу толкундар,
Кайра жанып өткөн көңүл кушундай.
Айбыгуу да — коркунучу жыргалдын,
Сизде дагы болсо керек ушундай.
Каректерде ойноп өткөн шаттуулук,

Кете койбос токтоолукту айыптай.
Ишеничтен сынып калган көңүлүм,
Эстеп, эстеп, эстеп жүрөр айыкпай.

 

КҮЗ ЖӨНҮНДӨ САНАА ТАРТЫП СИЗ ДЕЛЕ

Күз жөнүндө санаа тартып сиз деле,
Жашылданат турбайсызбы алдыртан.
Бир өмүрдө эки келбес күндөргө,
Бир сырыңыз бар өңдөнөт алдырган.

Сан жалбырак сабалаган дарактын,
Сагынычын кимдер кантип сезди экен?
Узун түндө жамгыр үнүн утурлап,
Күздү тоскон сулуу караан сиз бекен?..

Кантип айтып берсем экен анда мен,
Табышмактуу ал күздүн сулуулугун.
Алда-неден айбыгып аяр каткан,
Сиз көп кирчү түштөрдүн жылуулугун.

Балким сизде болор бир аз таңдануу,
Ал жөнүндө айтып кирсем үнүм пас.
Мен да сиздей токтоо карап тагдырга,
Болуп калгам кайгы-шатты унутпас.

Жылуу-жумшак кыял менен узайсыз,
Көңүл күзгө жетелейт бак аралап.
Санаамдай сапырылган сан булуттар,
Сиз кеткен жакты көздөй сапар алат.

 

САГЫНГАН ЖАНМЫН САГА ОКШОШ

Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош.

 

ЖҮРӨГҮМӨ

Азыр эмес. Азыр — оорубагын сен,
Азабымды тартып бүтөлекмин мен.
Айгай салган ушул албуут заманда,
Жалгызыма али керектирмин мен…

Азыр эмес. Азыр — жеңилбегин сен,
Жемишиме али жетелекмин мен.
Орто жолдо болуп калсаң оорукчан.
Бул оопасыз кезде кантер экем мен.

Азыр эмес. Азыр — ыйлабагын сен,
Арманымды ырдап бүтөлекмин мен.
Ай шооласы маңдайымды жаркытып,
Анык бакыт дале күтөлекмин мен.

Азыр эмес. Азыр — кыйнабагын сен,
Балам өсүп, жыйналайын мен.
Тайыз түшкөн кайыгымды караандап,
Толкун жээктеп чыйралайын мен.
Азыр эмес. Азыр — оорубагын сен.

 

* * *

Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тапсам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс  болбосо,
Мен деле көлдү сагынган жанмын сага окшош.

 

БИР МАЙРАМДА ОКУЛБАЙ КАЛГАН ЫР

Актанбайм, алдырдым албуут сезимге,
Армандын баратып мелт-калт чегинде.

Ал күндү акылга эми сала албайм,
Эсиңде аземдүү жандай кала албайм.

Карааның көрүнбөйт эми мени издеп,
Карегиң төгүлбөйт эми кезиксек…

Арылбайм илээшкен айың сөздөрдөн,
Уулаган коркомун суук көздөрдөн.

Кезинде жалбырак болуп дирилдеп,
Кемидим санаалар кетип бириндеп.

Карааның көрүнбөйт эми мени издеп,
Карегиң төгүлбөйт эми кезиксек.

 

* * *

Өмүр бою өзүңдү ырдап келатсам,
Өктөм тагдыр өз жолунан тайган жок.
Сары оорудай саргайганым сезбестен,
Кимдер гана кеп кылышпай калган жок.

Сени мага ыраа көрбөс буйруктун,
Табышмагын жандыралбай калышты.
Карегимде өзүң турсаң тартылып,
Башка менен алмаштырып алышты.

Мейли тагдыр өз жолунан тайбасын,
Мезгил иргейт мендеги чын-жалганды.
Өзүмдөгү бир утуш деп билемин,
Өзүңө арнап ырлар жазып алганды.

 

* * *

Тосуп ал мени, баратам толкун аралап,
Томуктай кезде кеткенсиң жүрөк жаралап.
Турмуштун ушул тушунан чыккан шамалга,
Туруштук бербей, чарчатып күндөр баратат.

Өксүгөн көңүл өрүшүн бербей ыраактап,
Өргүйүн десем өмүрүм улам кыр ашат.
Ушунча көзөп, ушунча безеп сүйлөткөн,
Ушул күн үчүн улуу сөз сага ыракмат.

Өкүнгөн жокмун, өзүңсүң ката кетирген,
Өксүгөн менен өнөрлүү болуп мен келем.
Өзүңдөн башка өзүңдөй болбой койгон соң,
Өзгөнү эми өз кыла турган мен бекем…

 

* * *

Эмнесин айтмак элем эми сага,
Эрдимди кесе тиштеп узатайын.
Жаз беле, жаштык беле дейин десем,
Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

Кез келген күндөр менен тагдырыңды
Күлкүгө салып берүү кыйын дебе.
Өмүргө өкүнүчтүү из калтырып,
Өттү го сүйүү деген кызыл жебе.

Муңайым көздөр менен жазды кароо,
Өмүрдү өксүтөрүн жакшы билем.
Сен көргөн бул турмуштун гүлдүү жагы,
Көрө элек күндөрүңө болбойт ченем.

Сага жат, мага болсо үйүр алган,
Бул сезим жамгыр төккөн түндөн эмес
Булуттуу көчтүн алдын кайрый албас,
Чайыттай күнгө куштар күзгү белес.

Эмнесин айтмак элем эми сага,
Эрдимди кесе тиштеп узатайын.
Талыган үмүттөрдүн канатында
Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

 

* * *

Мен баарын өрттөп, тытып, өчүргөн соң,
Муңканып чертпей деле койсоң болмок
Кебелбес мезгил шары менен кеткен
Кейиштүү бир сезимдин эски күүсүн.

Кечкурун санаа менен алпурушсам,
Келгиндер кетип жатат жылуу жакка.
Саргайган жалбырактар себеп болбойт
Жан таштап жалынууга ушу тапта.

Көңүлгө көк үшкүрүк түнөк салып,
Өткөндү өгөйлөөгө жетпес күчүм.
Өмүрдүн таттуулугун сезип туруп,
Мен сени сагынбашым деле мүмкүн.

Баарына кайыл болгон күндөрүмөн,
Өзүңө майрам куруп кызыл-тазыл.
Дуулаган күндөр менен кете бердиң,
Бир келген бакыт болуп үзүл-кесил.

Жек көрбөйм, жалын чачып сүйбөйм деле,
Көңүлдүн өксүгү эми кайдан толмок.
Кейиштүү бир сезимдин эски күүсүн
Жаңыртып чертпей деле койсоң болмок.

 

Соц тармактар:

Айгүл Узакова: 2 комментария

Добавить комментарий