Элмира Көчүмкулова:“Америкага комуз кучактап барып, илимдин доктору болуп кайттым”

e_kochumkulovaЭлмира Көчүмкулова АКШнын Түндүк Батышындагы Сиэтл шаарынын Вашингтон Университетин бүтүрүп, кийин андан ары окуусун улантып, илимдин артынан түшкөн. Бизден миңдеген чакырым алыс жайгашкан Тынч океандын ары жагынын абасын жутуп, тили, дили башка жерде 10 жылдан ашык окуп, жашап келди. Адатта илимдин артынан түшкөн илимпоздорубуз бир эле мезгилде илимий иши менен кошо комуз чертип, элдик ырларды созолонтуп же обон чыгаргандарын көп кезиктире бербейбиз. Өнөрлүү Элмира Америкага комузун кучактап барып, философия илимдеринин доктору болуп кайткан. Учурда Борбордук Азия Университетинде (Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы) ага илимий кызматкер болуп иштейт. Андан сырткары Борбордук Азиядагы Америка Университетинде (АУЦА) да Орто Азиянын салттуу музыкасы жана маданияты боюнча англис тилинде сабак берет. Анын чыгарган 10дон ашык обондору өзүнүн аткаруусунда Кыргыз радиосунун алтын казынасына жазылган. Белгилүү филолог, күү изилдөөчү жана чебер комузчу Асан Кайбылдаевдин 20 жылдан ашык жазган эмгектерин “Кыргыз күүлөрү” деген аталыш менен 2 томдук фундаменталдуу китеп кылып басып чыгарган. Эки уул, бир кыздын энеси.

КОМУЗУН КӨТӨРҮП ЭКЗАМЕНГЕ КИРГЕН

Элмиранын окууга тапшыруу мезгили Союз ураган мезгилге туш келет. Ошол мезгилде экономикалык кризис башталып, каатчылык күчтүү болгону баарыбызга белгилүү. Билим берүү системасында да өзгөрүүлөр болуп, абитуриенттерге бир эле мезгилде бирден ашык окуу жайына тапшырганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Элмира да ошондой мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуттук университетке жана Бишкек гуманитардык университетине тапшырып, БГУнун кыргыз филология факультетине өткөн . Документтерди тапшырып жүргөн мезгилде окуу жайдын сыртында кыргыз филологиясынын жаңыдан ачылып жаткандыгы, ошондой эле анын келечеги кең экендиги жана таланттуу, чыгармачыл абитуриенттерди кабыл ала тургандыгы жөнүндөгү илинип турган жарыяны окушат. Атасы экзаменге комузуңду ала кирип чертип, ырдап бересиңби деген сунушун кызына айтат. Экөө ээрчишип “Сайра комуз” дүкөнүнө барып, комуз сатып алышат. Ага чейин көпчүлүк абитуриенттер кошумча өнөрү катары өздөрү жазган ырларын ала кирип жатышканын байкап калат. Кийин экзаменге комузун ала кирген.

Жанына комузун коюп, алган билети боюнча даярданып жаткан. Бир убакта экзаменге даярданып олтургандарды аралап басып жүргөн Сулайман Кайыпов: –Бул комуз кимдики?– деп сурап калат. –Меники,– дейт Элмира. – Чертишесиңби?– десе, “Жок, чертишпейм. Ырдашам”,– деп жооп берет күлүп. С. Кайыпов да: “Карасаң муну,”– деп күлкүсү келип, ырдашам дегенин деп, таңыркап караптыр. Кийин семиз төрткө билет экенсиң деп баасын коюп чыгарат. Ошол мезгилде С. Кайыпов аталган факультеттин деканы болгон.

Мектепте окуп жүргөндө да комузун чертип, “Чолпонумду” созолонтуп ырдап, Аксы РайОНО жетекчиси Зеби Кутманованы таң калтырган. Аны алтын медалга көрсөтүшүп, кийин аны да алган.

Студент кезинде жатаканада жашап, студенттик жашоонун кызыгы менен кошо кыйынчылыгын да көргөн. Университетте жана окуу жайлар аралык кароо-сынактарга активдүү катышып, эл оозуна алынат.

БГУнун ошол убактагы ректору Кадыралы Коңкобаев бир жыйында: “Келечекте биздин университет чет өлкөдөгү окуу жайлар менен алака түзүп, келишимдердин негизинде биздин студенттер да ал жактарга барып окуганга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт,”– деп калды. Аны угуп жаткан Элмира: “Биздин факультеттен кимди жөнөтөт эле, барса башка факультеттерден барат да,”– деп эч нерсени көңүлүнө албайт.

Ошентип, көп өтпөй эле аталган университетке Америкадан студенттик алмашуу программасы боюнча чакыруу келет. Келишимдин программасын Ильза Циртаутас деген түрколог аял уюштуруптур. Анда кыргыз тилин, маданиятын, адабиятын жакшы билген, жакшы окуган студент керек. Эгерде өнөрү болсо андан да жакшы болот деген шарттары болгон. Англис тилин сөзсүз билүүсү жөнүндө айтылган эмес.

Ошол мезгилде Америка үчүн да Орто Азия кызыктуу аймактардын катарына кирип, алардын эли жөнүндө, тилин үйрөнүү боюнча жаңыдан кызыгуулар жаралып жаткан. Вашингтон Университетинде Борбордук Азияны изилдөө программасы түзүлүп, аны профессор И.Циртаутас жетектеп турган. Ал жактагы студенттер да аталган программага жазылып, биздин тилдерди үйрөнө башташкан.

Ошентип, Америкага жөнөтүү боюнча эч кандай сынаксыз эле Элмираны ылайык көрүшөт. Аны ректордун бөлмөсүнө чакырып айтышканда бир ишенип, бир ишенбейт. Эмесе, 1994-жылдары Америкага барып окуу деген үч уктаса түшкө кирбеген нерсе эле. Барса да “башка” кишилердин балдары барышкан. Келишимдин шарты боюнча өзү жөнүндө кыргыз тилиндеги өмүр баянын, жашоодогу максаты жана эмнеге кызыгаары тууралуу катты жазып жөнөтүшөт. Кат Америкадагы профессордун колуна тийип, андан тез эле аны кабыл ала тургандыгы жөнүндө тастыктоо каты келет. Ошентип, тез арада учак билеттери алынып, океандын ары жагына жөнөп кетет.

АМЕРИКАГА САПАР

Бишкектен азыркы Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын атасы менен Москвага чогуу учушат. Анын Гүлнара деген кызы ошол убакта Элмира бара турган Вашингтон Университетинде кыргыз тилинен сабак берчү экен. Ал киши кызын көргөнү баратыптыр. Эч жакка чыкпаган 19 жаштагы кызга ал киши алыскы жолдо өз атасынан да жакын көрүнөт. Чоң учак эмес, кичинесин да көрбөгөн кыз кайда басып, кайда тураарын билбей, тигил кишинин артынан ээрчип жүрө берет. Москванын аэропортунда Казакстандан да бир Айнура деген кыз буларга кошулат. Ал дагы Элмирага окшоп Америкага студенттик алмашуу программасы боюнча кетип жаткан студент экен. Самолетто орундары башка-башка болуп, ар кайсы жерге олтуруп калышат. Америкага чейин бир топ убакыт учат эмеспи, ошондон болсо керек, буулугуп ыйлагысы келген Элмира ордунан туруп, тигил “атасына” барып ыйлап жиберет. Ал киши да баарын түшүнүп:”Элдер Америкага жете албай жүрсө, сенин минткениң жарабайт. Окуп “чоң адам болосуң”,– деп жооткотот.

10 сааттан кийин Сиэтл шаарынын аэропортуна келип конушат. Аларды Гүлнара Жамашевалар тосуп алышкан. Сиэтл шаары жайлоого эле үйлөрдү куруп койгондой кооз. Элмира жолдо баратып, көргөн көзүнө ишенбейт. Аларды кыргызча, казакча сүйлөгөн профессор Ильза Циртаутас (өзү немец улутунан) жадырап тосуп алып, эки кызды эки чоң бөлмөгө орноштурган.

Эртеси бир нече гектардан ашык аянтты ээлеген Вашингтон Университетинин кампусуна (студенттердин шаарчасына) барышат. Илгери ал жерлерде индеецтер отурукташыптыр. Американын түндүк-батыш тарабындагы арча, карагайлуу эң кооз жер. Тынч океандын жээгинде жайгашкан. Кыш болбогондуктан, климаты абдан эле нымдуу жана жамгырлуу келет.

Алар келген университетте Орто Азия элдеринин тилин жана маданиятын окуп жаткан группаларга: Айнура казак тилин, Элмира кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттерге киришет. Андагы олтурган студенттердин жаш курактарында чек жок. Арасында 50гө чыккандары да бар. Элмира өзү жөнүндө кыргызча айтып тааныштырып, эжеси которгон. Кийин аларга ассистент катары сабак өткөн.

Вашингтон Университетинин Жакынкы чыгыш тилдери жана цивилизациясы факультетинде окуган. Түрколог И.Циртаутас анда профессор болуп иштеген. Экзамендер жалаң жазуу түрүндө болгондуктан, тил жагынан аябай кыйналган. Кошумча убакыт бергени эле болбосо, сенин кыргыз же америкалык экениңди карабайт. Талап баарына бирдей жана катуу. Бирок, окутуу методикасы өтө жеңил, жөнөкөй болгондуктан, ал тилди бир жылда өздөштүрүп кеткен. Ошол мезгилдеги казак президенти Н.Назарбаевдин “Болашак” программасы боюнча Казакстандан 7 студент барган. Кыргызстандан жалгыз Элмира болгон.

Элмирага Сиэтл шаары, жайлоодой болгон жапжашыл жаратылышы, сылык-сыпаа эли, студенттеринин окууга болгон мамилеси, баары жагып, кызык күндөр башталат. Жапон, Кытай, Корея, Тайвандан келип окуган азиат улутундагылар абдан көп. Кыргызстандан келдим десе эч ким билбейт. Уккан да эмес. Алгач түшүнбөстөн, Курдистанбы деп да айтышкан. Кыргызстанга караганда, өз өлкөсү жок күрддөрдү жакшыраак билишкени Элмираны таң калтырган. Кыскасы, Кыргызстан кайсы жерде жайгашкан, калкынын саны канча, кандай тилде сүйлөшүп, кайсы динге сыйынышаары жөнүндө айтып олтуруп, англис тилин үйрөнүп кеткен. Эң кызыктуусу, ар кандай маданий иш-чараларда, фестивалдарда, конференцияларда америкалыктарга комуз менен элдик ырларды ырдап, аларга ар бир ыры эмне жөнүндө экендигин англис тилинде айтып түшүндүрүп берчү.

 Ошентип, арадан бир жыл өтүп программанын келишими аяктайт. Профессор И.Циртаутаска, студенттерге кыргыз кызы абдан жаккан. Элмиранын өзүнө да Америка жагып калгандыктан, ал тараптын дагы бир жылга калып, окуусун улантуу сунушуна макул болгон. Көнгөнгө чейин тааныбаган бөтөн элде көз жашы көлдөп, кусалыкка малынып ыйлаган күндөрү көп эле болуптур. Элмира кайраттуулугунан, намыскөйлүгүнөн, өжөрлүгүнөн улам бардык кыйынчылыктарды жеңе билген. Эмесе, Казакстандан барган студенттердин кээ бирлери окуй албай кетип калышыптыр.

Кийин бакалаврды аяктап, ошол эле факультеттин магистратурасына тапшырган.

Ильза Циртаутас: “Эгерде сен келечекте университетте профессор мугалим болгуң келсе, сөзсүз илимий иш жакташың керек,”–деген. Өзү да көчмөн маданиятты изилдегенге, оозеки чыгармачылыкка кызыгып жүргөндүктөн, анын сунушун туура көрөт. Кайра эле Америкага кетип, докторантурага тапшырып өткөн. Ал жакта 5 жыл жүргөндөн кийин бул жакка келип, сүйлөшүп жүргөн жигити Советбекке турмушка чыккан. Көп өтпөй жолдошу да артынан калбай, Америка жергесине жөнөп кеткен.

ИЛИМ ИЙНЕ МЕНЕН КУДУК КАЗГАНДАЙ

Жакынкы чыгыш тилдери жана цивилизациясы деген интердисциплинардык докторлук программасында 2 жыл атайын курстардан окуган. Кыргызстанга келип, бир жарым жыл материал жыйнап, ошол эле убакта тун уулун төрөгөн. Докторлук диссертациясын“Кыргыз каада-салттары жана ислам дини” деген темада жактаган. Себеби, эгемендүүлүктү алгандан кийин элдин динге болгон кызыгуусу күчөгөн. СССР учурунда атеисттик идеология менен жашап келишкен эл кийин сырткы мамлекеттер менен байланышта болуп, Кыргызстанга чет өлкөлүк ар кандай диний уюмдар жана агымдар келе баштаган. Коомдогу мусулманчылык жөнүндө ар кандай түшүнбөстүктөрдөн улам биздин каада-салттарыбыз менен ислам дининин айкалышы жана карама-каршылыктарын изилдегиси келген.

Бир эле учурда үй-бүлө куруп, илимди жактоо Элмира үчүн оңой болгон жок. Кээде жазгысы келип, кээде кыйналганда таштап салгысы да келген. Ушинтип түн уйкусунан безип, баласын караган күндөрү ар кандай ойлорго келген. Жолдошу Советбек да моралдык жактан ар дайым колдоп, ага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду.

Бирок кыргыздын кыздары тырышчаак, намыстуу келет эмеспи, андыктан баштаган ишимдин аягына чыгуум керек, “саргара жортсоң кызара бөртөсүң” деген акылман ойду тутунуп, окуусун ийгиликтүү аяктап, үй-бүлөсү менен 2007-жылы Кыргызстанга кайтып, учурда Борбордук Азия Университетинде иштеп келе жатат. Борбордук Азия Университетинин колдоосу менен 2011-жылы белгилүү филолог, чебер комузчу жана музыка изилдөөчү Асан Кайбылдаевдин “Кыргыз күүлөрү” деген 2 томдук китебин чыгарган. А. Кайбылдаев көздүн карегиндей сактаган, кыргыздын аспаптык күүлөрү, анын ичинен айрыкча комуз күүлөрүнүн тарыхын изилдеген баалуу кол жазмасын Элмирага ишенип тапшырган. Анын эмгеги ага чейин каражаттын жоктугунан улам жарык көргөн эмес. Элмира китепти чыгарууга баш-оту менен киришип, өзү иштеген университеттен атайын каражат бөлдүрүп, китепти басмага даярдоого жана басып чыгарууга жеке чоң салым кошкон. Жакында англис тилинде “Орто Азиянын музыкасы” аттуу түстүү китептин пилоттук версиясы жарык көрдү. Орто Азия элдеринин салттуу музыкасына арналган китепти Элмира белгилүү окумуштуулар жана илимпоздор менен чогуу жазышкан. Китеп англис тилинде чыккан. Элмира учурда Америкалык Университетте аталган китепти колдонуп англисче сабак өтөт. Китеп жалаң эле музыкант болом дегендер үчүн эмес, жалпы эле салттуу музыка сүйүүчүлөргө арналып, музыка дүйнөсүн тереңирээк түшүнүп, ал жөнүндө билим алгысы келгендерге арналат. Ошондой эле кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгындагы байыркы жанрлардын бири болгон кошокторду топтоп, илимий изилдөө-иштерин жасап, аларды сактап калуу керек экендигин айтат. Антпесе, келечекте кыргыздын өзгөчө жана көөнө салттары бара-бара унутулуп калуу коркунучунда турат деп тынчсызданат.

Бир ирет Сулайман Кайыпов агайы Элмира Америкадан келгенде чыгарган обондорун өзүнүн аткаруусунда угуп олтуруп: “Ушул Элмираны Америкага жөнөтүп жиберип тагдырын башка жакка буруп жибердик окшойт. Америкага кетпегенде чыгармачылык жагына кетип, алигиче эл артисти болуп калат беле?” – деп айткан экен. Анын сыңары, өзү да комузунун арты менен көп ийгиликтерге жетишкенин, Америкада окуп, илимдин артынын түшүп 10 жыл аралыгында бир дагы обон жарата албагандыгына өкүнөт. Эми келечекте Кудай берген өнөрдү өксүтпөй, комузда кайрадан обон жаратып, эл алдында ырдагысы келип жүргөндүгүн жашырган жок.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА, “Эркин Тоо”, 19.02.2013-ж. 

Соц тармактар:

Добавить комментарий