Эрнис Турсунов: “Ден соолук менен тирүүлүктүн өзү – бакыт”

e_tursunov3Чыгармачыл адамдардын тынч үй-бүлөлүк жагдайы да бакыт кушу сыяктанат. Бири-биринен эрте ажырап калбай, башка никеге турбай, кошкон башын түбөлүк бирге кылып, сый-урмат менен жамандык, жакшылыктардын баарын кечирип жашаган үй-бүлөлөрдүн катарында Эрнис Турсуновдун чакан шаары бар. Сөздү кыргыз эл акыны, белгилүү жазуучу жана мыкты котормочу Эрнис Турсуновдун өзүнө бердик.

ГАРМОНИЯ БОЛМОЮНЧА СҮЙҮҮДӨ ӨКСҮК КАЛА БЕРЕТ

Үй-бүлө куруу мамлекеттин негизи. Ар бир үй-бүлөнүн ынтымагы, узакка бир калыпта жашашы — мамлекеттин чыңдалышына, биримдигине, ынтымагына байланыштуу болот. Байбичем менен 57 жыл бирге жашадым. Мен быйыл 79га, байбичем 76га карады. Биздин бир калыпта жашап, башка турмуш курбай келатканыбыздын негизги себеби – мурдагы ата-бабанын, адамды адам жана эркекти аял, аялды эркек сыйлоонун үлгүсүндө тарбияланганыбыз. Анүстүнө табигат жагынан дагы махабат, ашыглык, сүйүү, Магжум болуу жубайымдын кыз чагы, келин чагы, зайып чагы, байбиче чагы биздин жигит, киши, улгайган чагыбызга этап менен шайкеш келет. Жашыбыздын мезгил менен дал келгенине байланыштуу турмушубуз ызы-чуусуз өз калыбында өтүп жатат го деп ойлойм. Шайкеш келүү деп эмнени айтабыз? Гармония болмоюнча сүйүүдө өксүк кала берет, кээ бирлеринин жашы 10-15-20 жашка айырмаланып калат, кээ биринин улуту башка болот. Мага бир доктурдун: “ар адам өз улутунан алганга жетпейт, анткени алардын ашканасы менен көрүстөнү эки бөлөк болот. Комузчу Чалагыз 90го барып өлдү, аялы орус болчу, каза болгондо экөө эки көрүстөнгө коюлду. Мурда кыргыздар чочконун этин, колбаса, ал тургай балык жечү эмес. Орустардын ашканасында окорочка, колбаса, ветчина, сало, туздалган бадыраң турса, кыргыздарда жылкынын, уйдун, койдун эти турчу. Ушул нерсе дагы гармонияда жашаганга тоскоолдук кылат”, — деп айтканы бар. Бардыгы гармонияга шайкеш келиш үчүн жашы, улуту, көз карашы, өң-түсү, келбети, сымбаты, акылы мүмкүн болушунча жакын болгону дурус. Жаш аял алган эркектер карып, тынч отургусу келген маалда аялы жаңыдан ачылып, дуулдап, шапар тепкиси, өз теңтуштары менен көңүл ачкысы келет. Ушунун баары карама-каршылыкты жаратат. Муну эске албаган үчүн айрым адамдардын турмушу моралдык, экономикалык, руханий жагынан бир топ кыйынчылыктар менен өтөт.

Энем Сабира Телтаева Москвадан окуп келген алгачкы аял болгон.

Мен интеллигент үй-бүлөдө туулгам. Энем арык тукумунун торок деген элинен экен, 1916-жылкы үркүндө жетим калган. 1917-жылы Кытайдан үркүп келгендер үчүн Совет өкмөтү Караколдо томолой жетим балдар үйүн ачкан. 1918-жылы жетим балдар-кыздарды ошол интернаттан тарбиялап өстүрүшкөн. Бул жерден Молдогазы Токобаев, Мукай Элебаев, менин энем Сабира Телтаева, Кенже Бектаева, Нурдин Серкебаев, Абылов, Түгөлбаевдер менен бирге окуп, тарбияланышкан. 1918-жылдан 1924-жылга чейин Караколдогу мектеп-интернатында Абдулла Тукай деген татардын улуу классигин, казактын классиги Алтынсаринди, Абай Кунанбаевди окутушкан. Ошолордун тилдеринде, алардын китептери менен окутуп, мандалин, гитара черттирип, бий үйрөтүп, татар тарбиячысы сабак берген. Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагима ошол интернатта тарбиячы болгон. Ал 19 жашка чыгып калган кыз экен. Кийин Төрөкул Айтматов кантомго секретарь болуп барганда Хамзабайдын үйү улутташып кетип, аны мектеп, Мустафиндердин үйүн жетим балдар үйүнүн мекемеси кылышкан. Кийин менин энем Сабира менен Нагима экөө сырдашкан дос болуптур. Ошол жерден тарбия алып, биринчи араб тамгасын жаза билген, орусча үйрөнүп, татарча сүйлөп калган, гитара ойногон жетим кыз алты жылдан кийин 15-16га чыгып калган кезинде Москвага окууга кетет. 1924-жылы Кыргыз АССРи болуп турган мезгилде Москвада кыргыз кыз-жигиттерин квота менен окутуу боюнча комиссия келип, жетим балдардын айрымдарын ошол окууларга алган. Караколдогу интернатта 9 кыз тарбияланган экен, анын көбү калыңга сатылып кетиптир. Интернаттын директору Касымбай Телтаев энемдин туугандары болгондуктан аны багып алып, интернатка киргизип, тарбиялайт. Касымбай Телтаев Жусуп Абдрахманов менен таяке-жээн болот. Ал учурда Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССРинин комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп калган маал экен. Баягы тарбияланган 9 кыздан экөөсүн окууга тартышат. Бирин Сабираны Москвага Сталин атындагы Күн Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетине, экинчисин Кенжакан Бектаеваны Ташкентке юридика окуу жайына жөнөтүшөт. Кийин ал Кыргызстандан чыккан биринчи юрист кыз болот. 1928-жылы менин энем ошол Москвадагы университетти окуп бүтүрөт. Ал окуу жайдан чыгыш элинен болгон Мавози, Манмин, жапондордун коммунисттеринен Сенхотаяма, Назым Хикмет, Төрөкул Айтматовдор бүтүшүптүр. Алардын сүрөттөрү илинип турчу эле деген. 1928-жылы энем бүтүп келген жылы Кыргызобком иштеп калып, Кыргыз АССРинде жумушчу дыйкан аялдар бөлүмү ачылган. Ал келип, ошол жерге башчы болгон. Анан дароо аялдарды азаттыкка чыгаруу, паранжыны алып таштоо, гаремдерди жоготуу маселеси козголуп, Кызыл-Кыяда Уркуя Салиеваны мууздап өлтүргөн жерлерде, Суусамырда командировкада жүрүп, үч жердин жолдомосу менен Кызыл-Кыядан партияга өткөн. Ошол жерде аялдарды азаттыкка чыгаруу боюнча көп иштерди уюштурган. Ал жерден келгенден кийин жаңыдан ачылган рабфактарга, комвуздарга, коммунисттик айыл чарбасынын жогорку окуу жайларына марксизм, ленинизм, Батыш Европанын тарыхынан сабак берген биринчи кыз болгон.

Атам райкомдун 1-катчысы, апам мектепте директор болгондуктан жетиштүү чоңойдум.

Менин энем Сабира Телтаева да, биринчи атам Нурдин Серкебаев да, кийинки атам Кененбай Турсунов да 1910-жылы туулушкан. Бул аталарымды рабфактан энем өзү окуткан. Анткени, билимдүү болгон. Нурдин Серкебаев Жусуп Абдрахмановдун туугандарынан болгон, ал да Москвага эл чарбасын пландоо институтуна окууга кеткен. Кийинки атам Кененбай Турсунов айыл чарба техникумун окуп бүткөндөн кийин энемден кыска курсту окуп калган экен. Атам Нурдин Серкебаев киргосстаттын директору болуп турганда Жусуп Абдрахмановдун куйругу деп атылып кетет. Энем экинчи турмушун курат. Ал чыныгы батрактын, кедей-дыйкандын тукумунан болгон. Анын өмүр баяны Совет өкмөтүнө жагып, кийин ал өмүр бою райондордо биринчи катчы болуп иштейт. Мисалы,Тогуз-Торонун, Чоң-Алайдын, Ысык-Көл, Тоң райондорунун биринчи секретары болгон. Ысык-Көл обкомунда бөлүм башчы болуп турду. Биздин үйдө ар түрдүү китептер толтура турчу. Маркс, Ленин, Сталиндин томдору катар тизилчү. Менин энем адабиятка жакын болгондуктан Лев Толстойдун, Пушкиндин китептерин алып келип койчу. Китеп үйдө көп болгондуктан 8 жашыман эле китеп чөйрөсүндө өстүм. Биздин үйдө эч кимдин үйүндө жок биринчи патефон, самоор, күзгү, дубал саат турчу. Менин энем кийин көп жыл мектептин директору болду. Ата-энем кызматтан кызматка көчүп жүрүшкөндүктөн, энем барган жеринде эле аялдар кеңешинин төрайымы, мектептин директору болчу экен. Биздин үйдө дайыма микроскоп, глобус, тарыхый, географиялык, экономикалык карталар, көрсөтмө куралдар, плакаттар турчу. Кааласаң-каалабасаң да жалаң ушул чөйрөдө өскөндүктөн, кийинки турмушуңа таасири тийбей койбойт экен. Бала кезим согушка чейин, согуш учурундагы мезгил болгондуктан менде биринчи велосипед, биринчи футболдук топ болду. Биздин тегеректе колунда жок, же жетим балдар көп болгондуктан баары келип менин велосипедимди, тобумду сурап тебишчү. Райкомдун баласы болгондуктан бала чагымда эч нерседен өксүгөн жокмун. Сабира энем кийинки күйөөсү Кененбай Турсуновдон Аида, Эрик, Марат, Гүлжан деген төрт балалуу болот. Алар атам согушка кеткенде 6, 4, 2, 1 жашында чарчап калышат. Атам согуштан аман-эсен келгенден кийин апам экөөнүн кыжылдашканын угуп калдым. “Эмне үчүн мурдагы күйөөңдөн туулган бала аман калат да, менин балдарым өлүп калат, мурдагы балаңа жакшыраак мамиле кылып, жакшы баккансың го” деп атам урушту. Анткени, апамдар обкомдун дүкөнүнөн паек алып турушчу. Согуш учурунда кыйынчылык болуп турду, бирок биздин үйдөн кант, конфет үзүлбөй, кийимим бүтүн, курсагым ток чоңойдум. Баары жетиштүү болуп жаткандан кийин жакшы окуш керек болду. Абдан тентек болгондуктан тарбияма кээде 4, кээде 3 коюшчу. Калган сабактардын баары 5 болчу. Ата-энем кызмат боюнча каякка көчсө, ошол мектептерде окудум – Тоңдо, Чоң-Алайда, Бишкектеги № 5 мектепте. № 5 мектепти бүткөндөн кийин МГУда бир жыл окудум, кийин Бишкектен окуп бүттүм. Жакшы окуу эрудициянын, энциклопедиялык билимдин тереңдешине, кеңейишине чоң мүмкүндүк берет экен. Ошон үчүн менин эсимде баары сакталуу. Москвада чогуу окуган өзбек, казак, түркмөн, лезгин кыздар-балдар кийин илимдин докторлору болушту. Кийинки Бишкекте окуган курсташтарым – Жалил Садыков, Жакиев, Жакыпбеков, Тойбаев, Бобулов, Жетимишов, Асанбековдор кыргыз адабиятынын салмагын көтөрүштү.

АДАБИЯТКА КЫЗМАТ КЫЛГАНЫМА СҮЙҮНӨМ

Жогорку окуу жайды бүтөөрүм менен министрликтин искусство иштери боюнча бөлүм башчынын орун басары, башкы редактор, начальник болдум. Киностудияда начальниктин орун басары болдум. Көп жерлерде орун басар болуп иштедим. Тажикстандын мектептеринде, алыскы райондун мектептеринде завуч, директор болуп жүрдүм. Ар түрдүү жактарда иштеп, көп этнографиялык билимди өзүмө сиңирип, орусча, кыргызча шайкеш жазып жүрдүм. Дипломдук ишимдин темасы – “Евгений Онегинди кыргыз элине жеткирүү маселеси” деп аталган. Акын акынга жакын болгондуктан, поэтикалык котормону жакшы көрчүмүн. Ага чейин эле 1952-жылдан, 17 жашыман тартып басма бетине жарыяланган поэтикалык чыгармаларды которо баштагам. Ошол себептен “Евгений Онегинди”, “Русь жеринде ким жыргайт?” чыгармаларын, 25ке жакын театралдык репертуарларды, спектаклдерди, “Дүйнөлүк поэзиянын антологиясын”, “Библияны” жана көптөгөн классикалык чыгармаларды которуп, кыргыз элине жеткирүүгө аракеттендим. Көркөмсүз, сабатсыз которулгандардан айырмаланыш үчүн дайыма сапатты алдыңкы планга чыгардым. Ошол себептүү котормодо профессионалдуу деңгээлге жеттим. Адабият майданында иштегеним ырас болуптур. Бала чакта сүрөтчү болгум келчү. Бирок ага берилип кетпегеним жакшы болуптур. Чоңойгондо врач болгум келчү, хирург болбогонума азыр сүйүнөм. Балким мен адабиятка кызмат кылгандай ал жактарда мынчалык жакшы кызмат кыла албай калмакмын. Айыл чарбасын да бүтпөй калганыма шүгүр, ачык адам болгондуктан кээ бир документтерге кол коюп салып, балким камалып кетмекмин. Өз каалоом боюнча окудум, өз каалоом боюнча жактырган кызыма үйлөндүм.

Жубайым Жамийланын энеси абдан көркөм, сулуу киши болгон. Атасы театрдын директору болуп, жакшы жашашкан. Ушуга да кызыккам. Ата-энеси гастролго кеткенде Чолпон-Атанын жайлоолорунда таенесинин колунда өскөн. Айран сүт ичкен жайлоо кызынын ден соолугу жакшы болот. Ден соолук менен тирүүлүктүн өзү — бакыт.

Сымбат МАКСУТОВА, “Эркин Тоо”, 19.02.2013-ж. 

Соц тармактар:

Добавить комментарий